Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси

.
Талкуу жабылат: --

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САНАРИП КОДЕКСИ

1-бөлүм. Санарип чөйрөдө укуктук жөнгө салуунун негиздери 

1-глава. Жалпы жоболор 

2-глава. Санарип чөйрөдө мамлекеттик жөнгө салуу 

3-глава. Санарип чөйрөдө атайын жөнгө салуу 

4-глава. Санарип чөйрөдө өз ара аракеттенүү 

2-бөлүм. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелери 

5-глава. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин объектери 

6-глава. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъектери 

7-глава. Санарип идентификация 

8-глава. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин пайда болуу, өзгөрүү, токтотуу негиздери 

9-глава. Санарип чөйрөдө укуктарды жүзөгө ашыруу жана милдеттерди аткаруу 

3-бөлүм. Санарип дайындарды иштеп чыгуу. Санарип ресурстар 

10-глава. Санарип дайындарды иштеп чыгуу тууралуу жалпы жоболор 

11-глава. Жекече дайындарды иштеп чыгуу 

12-глава. Санарип мейкиндиктик дайындар 

13-глава. Санарип реестрлер 

4-бөлүм. Санарип тейлемелер жана экотутумдар 

14-глава. Санарип тейлемелер жөнүндө жалпы жоболор 

15-глава. Санарип бакубатчылык тейлемелери 

16-глава. Телекоммуникациялык тейлемелер 

17-глава. Ишенилген тейлемелер 

18-глава. Мамлекеттик санарип тейлемелер 

19-глава. Улуттук санарип экотутум 

5-бөлүм. Санарип технологиялык тутумдар 

20-глава. Санарип технологиялык тутумдар жөнүндө жалпы жоболор 

21-глава. Телекоммуникациялык тарамдар 

22-глава. Санарип технологиялык тутумдардын ээлеринин өз ара жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенишүүлөрү 

23-глава. Жасалма интеллект тутумдары 

6-бөлүм. Корутунду жана өткөөл жоболор 

7-бөлүм. Глоссарий

 

 

 

ЖАЛПЫ БӨЛҮК 

1-бөлүм. Санарип чөйрөдө укуктук жөнгө салуунун негиздери

1-глава. Жалпы жоболор

 

1-берене. Санарип чөйрөдөгү мамилелердин негиздери

1. Санарип дайындарды, анын ичинде Интернетти пайдалануу менен иштеп чыгуу боюнча коомдук мамилелер, аймактык чек араларга ээ эмес бирдиктүү санарип чөйрөнү түзөт. Жеке жана юридикалык жактар жана Кыргыз Республикасы санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин өз алдынча субъекти катары, санарип чөйрөдө коомдоштукту (мындан ары – санарип коомдоштук) түзүшөт жана аларга катышат, жана ошондон улам бул коомдоштуктар үчүн эрежелерди аныктоого катышууга укуктуу. 

2. Кодекс мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, жеке жана юридикалык жактар санарип чөйрөдө сактоого милдеттүү эрежелерди бекемдейт.

3. Кодекс санарип чөйрөдө өз ичине төмөнкүлөрдү камтыган мамилелер тутумун жөнгө салат: 

1) санарип дайындарды иштеп чыгуу, санарип жазмаларды (анын ичинде санарип документтер түрүндө) жана санарип ресурстарды түзүү жана пайдалануу менен байланышкан мамилелерди; 

2) санарип тейлемелерди түзүү жана пайдалануу, санарип улуттук экотутумдарды куруу жана аларга катышуу менен байланышкан мамилелерди;

3) дайындарды иштеп чыгуу борборлоу жана телекоммуникациялык санарип тарамдары сыяктуу, санарип технологиялык тутумдарты түзүү менен байланышкан мамилелерди; 

4) санарип технологиялык тутумдарынын ээлеринин жерлерге, имараттарга, курулуштарга, курулмаларга, жана башка ушуга окшош объектерге карата жеткиликтүүлүгүнө тийиштүү мамилелерди.

4. Маалыматтын айрым түрлөрүн таратуу же аларга жеткиликтүүлүк боюнча мамилелер, анын мазмунуна жараша Кыргыз республикасынын маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат.

5. Санарип чөйрөдөгү мамилелерди жөнгө салуунун алкагында, Кодекс жол берилген учурлардын төмөнкүдөй өзгөчө тизмегин караган: 

1) санарип чөйрөдөгү укук маилелеринин объектерине жеткиликтүүлүктү чектөө;

2) санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин объектерине басмырлоосуз жеткиликтүүлүктү мажбурлап белгилөө. 

2-берене. Санарип чөйрөдө мамилелерди жөнгө салуунун принциптери

1. Санарип чөйрөдө мамилелерди жөнгө салуу жалпы укуктук, максаттуу жана тармактык принциптерге негизделген.

2. Санарип чөйрөдө колдонулуучу жалпы укуктук принциптерге төмөнкүлөр кирет:

1) жөнгө салуунун адилеттүүлүгү жана тең өлчөмдүүлүгү, санарип технологиялардын жалгыз аяккы пайдалануучусу катары адам кызыкчылыктарынын артыкчылыгы (адилеттүүлүк принциби);

2) жөнгө салуунун укукка жана аны каалагандай колдонууга жол берүүгө карата ишеним жаратуучу укуктук аныктыгы, жеткиликтүүлүгү, түшүнүктүүлүгү жана алдын ала белгилүүлүгү (белгилүүлүк принциби) 

3) эрежелер тикелей же өкүлдөрү аркылуу таралуучу бардык жактардын санарип чөйрө үчүн эрежелерди иштеп чыгууга катышуусу (катышуу принциби).

3. Санарип чөйрө мамилелерди жөнгө салууга багытталган максаттуу принциптерге төмөнкүлөр кирет:

1) санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъектеринин, эгерде аларды пайдаланууда, Кодекс жана мыйзамдарда белгиленген талаптар аткарылса, өз каалоолору боюнча кандай болбосун маалыматтык технологияларды пайдалануу мүмкүнчүлүгү (технологиялык бейтараптуулук принциби); 

2) алар иштеп чыгуучу санарип дайындардын сапатына, суралып талап кылынуу жана башка мазмундук мүнөздөмөлөрүнө көз карандысыз, санарип чөйрөдөгү мамилелердин бардык субъекттерине карата Кодекстин ченемдеринин кандайдыр бир басмырлоосуз колдонулушу (контенттик бейтараптуулук принциби);

3) Кодексте аныкталган эрежелердин жана укук мамилелеринин узак убакытуу туруктуулугу, Кыргыз Республикасынын бакубатчылыгынын, өнүгүүсүнүн жана ийгиликтүү санарип трансформациялануусунун негизин түзүүчү тейлемелердин жана иш-тажырыйбалардын үзгүлтүксүздүгү, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын көз карандысыздыгы жана алардын иштерине мыйзамсыз таасир тийгизүүдөн алардын корголгондугу, санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин объекттеринин зарыл деңгээлде корголгондугу (санарип туруктуулук принциби);

4) санарип рыноктордо атаандаштыкты кызыктыруу, дайындардын жана жазмалардын форматтарынын ачыктыгы жана сыйышуучулугу, анын ичинде жалпы таанылган эл аралык иш-тажырыйбанын негизинде аларды ар кыл санарип тейлемелердин жана ар кыл санарип технологиялык тутумдардын ортосунда ташуу мүмкүнчүлүгү менен, санарип дайындардын жеткиликтүүлүгү жана алардын негизинде чечимдерди кабыл алуу, анын ичинде аларды кайра кайталап пайдаланууда (ачыктык принциби); 

5) алардын сыйышуучулугун жана санарип чөйрөдө каталарды жана укук бузууларды издеп табуу жана оңдоо үчүн негиз катары эскирүүсүнө жараша жаңы форматтарга кайра түзүүнү камсыз кылуу менен санарип жазмалардын зарыл минимумун топтоо, анын ичинде коопсуздук жөнүндө жоболорго ылайык технологиялардын бүтүндөй иштөө түрмөгү боюу дайындардын зарыл минимумун топтоо (отчеттуулук принциби). 

4. Айрым чөйрөлөрдө мамилелерди жөнгө салуунун негиздерин түзүүчү тармактык принциптер Кодекстин тиешелүү главаларында бекемделген. 

3-берене. Санарип кодекс жана башка ченемдик укуктук актылар 

1. Кодекс санарип чөйрөдө мамилелерди жөнгө салууда, санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин объекттерине карата жеткиликтүүлүктү белгилөө же чектөө мыйзамдар жөнгө салган бөлүктө артыкчылыктарга ээ болот. Башка мыйзамдардын жана аларга ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын, санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин объекттерине карата жеткиликтүүлүктү белгилөө же чектөө эрежелерин аныктоочу ченемдери Кодекстин жоболоруна карама-каршы келиши мүмкүн эмес. Ушул Кодекстин жана башка ченемдик укуктук актылардын ортосунда коллизиялар пайда болгон учурда, ушул Кодекстин ченемдери колдонулат жана пайдаланылат. 

2. Санарип чөйрөдөгү укуктук жөнгө салуу маселелери боюнча ченемдик укуктук актылар Кодексте тикелей каралган учурларда гана колдонулушу мүмкүн. 

4-берене. Санарип кодекс жана санарип коомдоштуктардын эрежелери 

1. Санарип коомдоштук санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекттери тарабынан, алардын демилгеси боюнча жана ыктыярдуу башталыштарда түзүлөт. Санарип коомдоштуктар колдонулуучу мыйзамдарда тыюу салынбаган кандай болбосун уюштуруу формасына жана башкаруу тартибине ээ болушу мүмкүн. Санарип коомдоштуктардын катышуучусу болуп саналган укук мамилелеринин субъекттери мындай коомдоштуктардын эрежелерин өз көз караштары боюнча аныкташат. Кыргыз Республикасында мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, жеке жана юридикалык жактар өздөрү катышкан санарип коомдоштуктардын эрежелерин аныктоодо, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кодексти жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алышууга милдеттүү. 

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана кызмат адамдары санарип коомдоштуктардын эрежелерин колдонууда, мындай эрежелерди колдонгон жак, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү жана аны сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат. 

5-берене. Жалпы таанылган эл аралык практика 

1. Эл аралык уюмдар, эксперттик коомдоштуктар жана чет өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары тарабынан жарыяланган жана санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекттери тарабынан жигердүү колдонулуп келе жаткан калыптардын жоболору жана сунуштамалар жалпы таанылган эл арылык практиканы түзөт. 

2. Жалпы таанылган эл аралык практика санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекттери үчүн милдеттүү болуп саналбайт. Кодексте каралган учурларда, санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекеттери, санарип чөйрөдө өздөрүнүн укуктарын жүзөгө ашыруунун жана милдеттерин аткаруунун технологияларын жана ыкмаларын тандоодо, жалпы таанылган эл аралык практиканы эсепке алууга милдеттүү жана тандап алышкан технологияларынын же ыкмаларынын жалпы таанылган эл аралык практикага шайкештигин көрсөтүшүүгө милдеттүү. 

6-берене. Санарип мыйзамдарды өнүктүрүү

1. Кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү, сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү иштеп чыгууга жана талкуулоого бардык кызыкдар тараптардын катышуусу камсыз кылыган шарттарда гана жүзөгө ашырылат. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген Кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоорун даярдоонун, талкуулоонун жана кабыл алуунун тартибине карата талаптар Кодексте белгиленген өзгөчөлүктөр менен колдонулат. 

2. Кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору, колдонуудагы мыйзамдарда каралган экспертизалар менен бир катарда, санарип чөйрөдөгү мамилелердин жөнгө салуу принциптерине шайкештигине милдеттүү илимий-укуктук экспертизадан өткөрүлүүсү тийиш. Эксперттердин курамына жогорку илимий квалификацияга ээ болгон жана санарип укуктар чөйрөсүндө адистешкен адамдар тартылат. Экспертизанын натыйжалары боюнча корутунду ага карата тиркелүүчү документтердин ажырагыс бөлүгү катары тийешелүү мыйзам долбоору менен бирге ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун Бирдиктүү порталына жарыялануусу тийиш. 

3. Кодекеске өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору, анын координациялоочу орган менен макулдашылганы жөнүндө документ болгондо гана, мыйзам чыгаруу демилгеси катары андан ары жылдырылуу менен кароого кабыл алынышы мүмкүн. Мыйзам долбоорун макулдашуу жөнүндө маселени чечүүдө, координациялоочу орган демилгечи тарабынан төмөнкү талаптардын сакталганын текшерет: 

1) долбоор санарип чөйрөдөгү мамилелерди жөнгө салуу принциптерине шайкеш келет; 

2) долбоор Кодекстин түзүмүн бузбайт жана Кодекстин башка ченемдерине карама-каршылыктарды пайда кылбайт;

3) долбоор ишке ашырылышы санарип чөйрөнүн бирдиктүүлүгүн бузууга же анын туруктуу иштөөсүнүн бузулушуна алып келүүчү ченемдерди камтыбайт. 

4. Кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүүчү мыйзамдардын долбоорлорун коомдук талкуулоо координациялоочу орган тарабынан уюштурулат жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун Бирдиктүү порталында жүзөгө ашырылат. Талкуунун катышуучуларына чечмелеп-түшүндүрүү жана талкууланып жаткан мыйзам долбооруна түзөтүүлөрдү сунуш кылуу мүмкүнчүлүгү берилет. Коомдук талкуулоонун натыйжалары боюнча координациялоочу орган, ченемдик укуктук актынын долбооруна аларды киргизүүнүн же болбосо киргизбөөнүн себептеринин негиздемелери менен, келип түшкөн сунуштар жөнүндө жыйынтыктоочу маалыматты даярдоого жана жарыялоого милдеттүү. Коомдук талкуулоо жолжобосу өткөрүлгөндөн кийин мыйзам долбоорунун иштелип чыккан редакциясы ошол эле санарип ресурска жарыяланат. 

5. Кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мыйзам чыгаруу демилгеси тартибинде, коомдук талкуулоонун натыйжалары боюнча даярдалган редакциясында гана, координациялоочу орган тарабынан киргизилиши мүмкүн.

 

2-глава. Санарип чөйрөдө мамлекеттик жөнгө салуу

 

7-берене. Мамлекеттик жөнгө салуунун максаттары жана формалары

1. Санарип чөйрөдө мамлекеттик жөнгө салуунун максаттары төмөнкүлөр болуп саналат: 

1) санарип технологиялардын негизинде жарандардын жашоолорунун сапатын жогорулатуу; 

2) санарип чөйрөдө мамилелерди жөнгө салуу принциптерин ишке ашыруу;

3) санарип экономиканын техникалык негиздерин өнүктүрүү;

4) санарип жаңычылдыктарды киргизүү; 

5) мамлекеттик жана муниципалдык санарип тейлемелердин жеткиликтүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу; 

6) санарип чөйрөдө мамилелердин жөнгө салуу механизмдерин жакшыртуу. 

2. Кыргыз Республикасында санарип чөйрөдө мамилелердин мамлекеттик жөнгө салуу төмөнкү формаларда жүзөгө ашырылат: 

1) Кыргыз Республикасында санарип трансформация процессинде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын иштерин тармактар аралык жана ведомстволор аралык координациялоо; 

2) тармактык жөнгө салуу жана көзөмөлгө алуу. 

8-берене. Кыргыз Республикасында санарип трансформация процессинде иштерди координациялоо 

1. Кыргыз Республикасында санарип трансформация процессинде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын иштерин тармактар аралык жана ведомстволор аралык координациялоо төмөнкүлөрдү билдирет: 

1) Кыргыз Республикасын санарип трансформациялоонун жалпы мамлекеттик максатарын жана милдеттерин, программаларын жана пландарын аныктоону; 

2) санарип трансформациялоо боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштеринин бюджеттерин пландоону жана мониторингдөөнү; 

3) санарип реформаларга жана программаларга стратегиялык жетекчилик кылууну, санарип трансформацияга бөлүнгөн аймактык жана эл аралык жардамдарды координациялоону; 

4) бардык кызыкдар тараптардын иштерин тармактар аралык жана ведомстволор аралык, анын ичинде санарип чөйрөдөгү мамилелердин субъектеринин бирикмелеринин жана ассоциацияларынын Кыргыз Республикасындагы санарип трансформациялоо боюнча максаттарды жана милдеттерди, жалпы улуттук демилгелерди, пландарды, программаларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну координациялоону; 

5) санарип трансформациялоонун максаттарын жана программаларын ишке ашырууда тармактар аралык кызматташууну камсыз кылууну; 

6) мамлекеттик санарип экотутумдун архитектурасын, жалпы санарип платформаларды жана тейлемелерди түзүү, жаңычыл чечимдерди сынактоо боюнча иштерди координациялоону; 

7) санарип чөйрөдөгү мамлекеттик башкаруунун максаттарын жетишүү үчүн укук мамилелеринин бардык субъектеринин ишинде үзгүлтүксүздүктү, интеграцияны жана макулдашылгандыкты камсыз кылууну. 

2. Кыргыз Республикасын санарип трансформациялоо процессинде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын ишин тармактар аралык жана ведомстволор аралык координациялоону жүзөгө ашыруучу Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (координациялоочу орган) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. 

3. Координациялоочу орган ага жүктөлгөн иш-милдеттерди аткаруу максатында, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын өкүлдөрүнөн, ошондой эле санарип трансформациялоонун айрым багыттары боюнча эксперттерден турган жумушчу топторду түзөт жана мындай жумушчу топтордун иштөө тартибин аныктайт. 

9-берене. Тармактык жөнгө салуу жана көзөмөлгө алуу 

1. Санарип чөйрөдө жөнгө салуу жана көзөмөлгө алуу текшерүүлөрдү жүргүзүүдө, уруксаттарды берүүдө жана Кодексте каралган учурларда санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекттери үчүн милдеттүү чечимдерди кабыл алууда турат. 

2. Кодекс жөнгө салууну жана көзөмөлгө алууну (тармактык жөндөөчү) жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын төмөнкү чөйрөлөрдөгү ыйгарым укуктарын белгилейт: 

1) жекече дайындар; 

2) улуттук санарип экотутум; 

3) телекоммуникация. 

3. Тармактык жөндөөчүлөр тууралуу Жоболор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. 

4. Тармактык жөндөөчүлдөрдүн жетекчилери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин сунуштамасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен беш жылдык мөөнөткө дайындалышат. Тармактык жөндөөчүнүн жетекчисинин ыйгарым укуктары тармактык жөндөөчүнүн жеткечисинин өзүнүн гана демилгеси боюнча же ал каза болгондо же ден соолугунун абалы боюнча өз милдеттерин аткарууга туруктуу жөндөмсүздүгү учурунда, мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн. 

5. Координациялоочу орган тармактык жөндөөчүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга укуксуз. Ошол эле бир тармактык жөндөөчү Кодексте каралган бир нече чөйрөлөрдө тармактык жөндөөчүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга укуксуз. 

6. Ар бир тармактык жөндөөчү Кыргыз Республикасынын Пезидентине жана Министрлер Кабинетине анын иш-билгилигине кирген чөйрөдөгү мамилелердин абалы жөнүндө, өзүнүн чечимдери жөнүндө, кадрдык жана финансылык ресурстар, алардын көлөмдөрү жана пайдаланылышы жөнүндө, пландалган иш-аракеттер жана чаралар жөнүндө ар жыл сайын отчет берип турууга милдеттүү. Отчет тармактык жөндөөчүнүн сайтына жарыялануусу тийиш. 

10-берене. Эксперттик кеңештер 

1. Ар бир тарматык жөндөөчү 15 эксперттен турган, төмөнкү уюмдардын түрлөрүнөн 3төн эксперт болгон эксперттик кеңеш түзөт: 

1) аткаруучу бийлик органдарынан; 

2) Республикасынын Жогорку Кеңешинен; 

3) тиешелүү чөйрөдөгү кесиптик ассоциациялардан; 

4) илимий-изилдөө жана билим берүү уюмдарынан; 

5) жарандык коом уюмдарынан жана бирикмелеринен. 

2. Эсперттикке талапкерлер уюмдардын жеткечилери тарабынан тармактык жөндөөчүнүн жетекчисине киргизилет. Эксперттерди кеңешке кошуу чүчүкулак боюнча, эки календардык жыл мөөнөтүнө, ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган пропорционалдуу өкүлчүлүктү сактоо менен, жүзөгө ашырылат. 

3. Эксперттик кеңеш төмөнкүлөрдү карайт: 

1) текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн, уруксаттарды берүүнүн жана санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъектери үчүн милдеттүү чечимдерди кабыл алуунун типтүү учурлары үчүн усулдук сунуштамаларды; 

2) тармактык жөндөөчүнүн ар жылдык отчетторунун долбоорлорун;

3) тармактык жөндөөчүнүн түшүндүрмөлөрүнүн жана чечмелөөлөрүнүн долбоорлорун; 

4) тармактык жөндөөчүнүн пландарынын жана программаларынын долбоорлорун; 

5) атайын жөнгө салуу киргизүү жөнүндө билдирүүлөрдү;

6) Кодекстин тиешелүү главаларында же тармактык жөндөөчү тууралуу жоболордо көрсөтүлгөн башка маселелерди. 

4. Эксперттик кеңештин иш-билгилигине киргизилген маселелерди кароонун натыйжалары боюнча эксперттик кеңештин корутундусу тармактык жөндөөчүнүн сайтына жарыяланат. Тармактык жөндөөчү өз ишинде эксперттик кеңештин корутундусун эске алууга милдеттүү. 

5. Эксперттик кеңеш ушул беренеде көрсөтүлгөндөн тышкары, кандай болбосун башка маселени кароого кабыл алууга укуктуу. Эксперттик кеңеш тарабынан каралган мындай маселелердин натыйжалары тармактык жөндөөчүнүн сайтына жарыяланат жана сунуштамалык мүнөздү алып жүрөт. 

6. Эксперттик кеңештин ишинин регламенти, аны түзүү жолжоболорун кошуп алганда, тиешелүү тармактык жөндөөчү жөнүндө жобо менен аныкталат.

 

3-глава. Санарип чөйрөдө атайын жөнгө салуу

 

11-берене. Атыйын жөнгө салуунун максаттары жана принциптери 

1. Санарип чөйрөдө атайын жөнгө салуу санарип чөйрөдөгү иштердин айрым түрлөрүнүн субъектерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген айрым милдеттерден убактылуу бошотууну билдирет.  

2. Санарип чөйрөдө атайын жөнгө салуу Кодекстин ушул главасында белгиленген тартипте гана киргизилиши мүмкүн. Ушул Кодекс күчүнө киргенге чейин киргизилген атайын жөндөөчү шарттамдарга карата Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптары, санарип чөйрөдөгү мамилелерге карата ушул Кодекске карама-каршы келбеген бөлүктөрүндө колдонулат. 

3. Атайын жөнгө салуунун максаттары төмөнкүлөр болуп саналат: 

1) экономикалык социалдык ишетри жүзөгө ашыруунун алдыңкы формаларын, усулдарын жана ыктарын иштеп чыгуу; 

2) айкын шарттарда санарип жаңычылдыктарды коопсуз тестирлөө; 

3) санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин объекттеринин сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу; 

4) ак ниеттүү атаандаштыкка демөөр берүү; 

5) санарип экономикага инвестицияларды тартуу; 

6) мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу. 

4. Атайын жөнгө салуу төмөнкү принциптерге негизденет: 

1) киргизилген атайын эрежелердин убактылуу мүнөзү; 

2) атайын эрежелердин аларды киргизүү максаттарына так шайкештиги; 

3) атайын эрежелер менен жарандарды алардын укуктарынан жана эркиндиктеринен ажыратууга тыюу салуу; 

4) санарип туруктуулукту сактоо; 

5) атайын жөнгө салуу субъектеринин тең укуктуулугу; 

6) атайын жөнгө салуугу ыктыярдуу катышуу; 

7) атайын эрежелердин жана алардын максаттарынын мазмундарынын транспаренттүүлүгү. 

5. Атайын жөнгө салуу санарип чөйрө менен байланышпаган мамилелер үчүн киргизилиши мүмкүн эмес, ошого тете салыктарды төлөө же келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча милдеттерден бошотушу мүмкүн эмес. 

12-берене. Атайын жөнгө салууну киргизүү 

1. Атайын жөнгө салуу атайын жөнгө салуу киргизилип жаткан иш чөйрөсүндөгү тармактык жөндөөчүнүн эксперттик кеңешинин корутундусу менен жактырылган санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъектинин демилгеси боюнча, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен киргизилет. 

2. Атайын жөнгө салууну киргизүү демилгеси менен чыккан санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекти (демилгечи), тармактык жөндөөчүгө атайын жөнгө салууну киргизүү жөнүндө, төмөнкү дайындарды камтыган арыз менен кайрылат: 

1) санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъектеринин белгилүү иш-аракекттерди жасоосу, белгилүү жолжоболорду, тыюу салууларды же чектөөлөрдү сактоосу түрүндөгү милдеттерди белгилөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын же башка ченемдик укуктук актыларынын жоболоруна көрсөтмөнү; 

2) атайын жөнгө салуу менен кызыкчылыктары козголуучу субъекттердин чөйрөсүнө көрсөтмөнү; 

3) сунушталган атайын жөнгө салуунун максаттарынын жана милдеттеринин сыпаттамасын, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн атайын жөнгө салуу киргизилип жаткан мамилелердин маанилүүлүгү, атайын жөнгө салуудан пайдалардын негиздемесин; 

4) демилгечини жана ушундай иштер менен алектенген башка субъектерди саналган милдеттерден бошотуу, Кдексте белгиленген атайын жөнгө салуунун бир же бир нече максаттарына жетишүүгө өбөлгө болорунун негиздемесин; 

5) атайын жөнгө салууну киргизүүдөн мүмкүн болуучу терс кесепеттердин жана аларды азайтуу үчүн кабыл алынуусу талап кылынуучу чаралардын сыпаттамасын. 

3. Атайын жөнгө салууну киргизүү жөнүндө арызды алган тармактык жөнгө салуучу аны өзүнүн сайтына жарыялайт жана эксперттик кеңештин кароосуна киргизет. Арызды сайтка жарыялоонун мөөнөтү, арызды алган учурдан тартып беш жумушчу күндөн ашышы мүмкүн эмес. Эксперттик кеңештин арызды кароо жөнүндө отуруму, арыз тармактык жөндөөчүнүн сайтына жарыяланган учурдан тартып отуз күндөн эрте эмес жана алтымыш календардык күндөн кечиктирилбестен өткөрүлүшү керек. 

4. Атайын жөнгө салууну киргизүү жөнүндө арызды жарыялоо менен бир эле убакта, тармактык жөндөөчү сайтта сын-пикирлерди жөнөтүү үчүн байланыш маалыматтарын жарыялайт. Алынган сын пикирлер, атайын жөнгө салууну киргизүү жөнүндө арыз менен бирге эксперттик кеңештин кароосуна киргизилет. 

5. Эксперттик кеңеш атайын жөнгө салууну киргизүү жөнүндө арызды жана ага карата сын-пикирлерди кароонун натыйжалары боюнча, төмөнкү чечимдердин бирин камтыган корутунду чыгарат: 

1) атайын жөнгө салууну киргизүү жактырылсын; 

2) атайын жөнгө салууну киргизүү жөнүндө арыз, эксперттик кеңештин корутундусунда саналган сын-пикирлерди эске алуу менен, кайра кайтарылып берилсин; 

3) атайын жөнгө салууну киргизүү жөнүндө арыз четке кагылсын. 

6. Эксперттик кеңештин корутундусу арыздын атайын жөнгө салуунун максаттарына жана ушул беренеде белгиленген талаптарга шайкештиги жөнүндө тыянактарды камтышы керек. 

7. Тармактык жөндөөчү он күндүк мөөнөттө эксперттик кеңеш тарабынан колдоого алынган атайын жөнгө салууну киргизүү жөнүндө арызды, тийиштүү Жарлыктын долбоору менен бириге, атайын жөнгө салууну киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуусу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине жөнөтөт. 

8. Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын жөнгө салуу киргизүү жөнүндө Жарлыгы төмөнкүлөрдү камтышы керек: 

1) атайын жөнгө салуунун Кодекесте көрсөтүлгөн максатына (максаттарына) көрсөтүүнү; 

2) колдонулуусуна жараша атайын жөнгө салуу киргизилип жаткан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын конкреттүү жоболоруна көрсөтүүнү; 

3) белгилүү иш-аракеттерди жасоодон, белгилүү жолжоболорду, тыюу салууларды же чектөөлөрдү сактоо милдеттеринен бошотууда турган, киргизилип жаткан атайын эрежелердин сыпаттамасын; 

4) аларга карата атайын жөнгө салуу киргизилген, санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъектеринин чөйрөсүнө көрсөтмөнү; 

5) аларга карата атайын жөнгө салуу киргизилген иштин түрлөрүнүн сыпаттамасын; 

6) атайын жөнгө салууну киргизүүдөн мүмкүн болуучу терс кесепеттерди төмөндөтүү максаттарында, санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъектери кабыл алууга милдеттүү чаралардын тизмегин. 

9. Атайын жөнгө салуу киргизүү жөнүндө Жарлык, эгерде жарлыкта чоң мөөнөт белгиленбесе, аны расмий жарыялаган күндөн кийин отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Атайын жөнгө салуу жарлык күчүнө кирген учурдан тартып үч жылдык мөөнөткө киргизилет. Атайын жөнгө салууну жаңы мөөнөткө узартуу, атайын жөнгө салуу үчүн ушул беренеде каралган тартипте жүзөгө ашырылат, мында демилгечи катары тармактык жөндөөчү чыга алат. 

13-берене. Атайын жөнгө салууну колдонуу 

1. Атайын жөнгө салууну колдонгон санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекти, бул тууралуу ал санарип чөйрөдө укук мамилелеринде болгон башка субъекттерди, буга өзүнүн сайтына, тиркемелерде, келишимдердин тексттеринде жана башка ушуга окшош жолдор менен алдын ала эскертүүгө милдеттүү. 

2. Атайын жөнгө салууну колдонгон санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекти, тармактык жөндөөчүнүн талабы боюнча, атайын жөнгө салууну колдонуунун натыйжалары жөнүндө дайындарды көрсөтүүгө 

милдеттүү. Мындай дайындар ээсиздендирилген формада көрсөтүлүшү керек, ал эми аларды иштеп чыгуу санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекти үчүн кошумча чыгымдарды алып келбөөсү тийиш. 

3. Тармактык жөндөөчү өз иш-билгилигинин чектеринде атайын жөнгө салууну колдонуунун натыйжасында санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъектеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузуу фактыларын, анын ичинде субъектерден келип түшкөн даттануулардын негизинде табат жана жалпылаштырат. 

4. Эгерде ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган иштердин натыйжалары боюнча, тармактык жөндөөчү атайын жөнгө салууну колдонуунун Кодексте каралган принциптерге шайкеш эместигин, ага тете, атайын жөнгө салууну киргизүүдөн мүмкүн болгон терс кесепеттерди төмөндөтүү максатында, санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъектери кабыл алууга милдеттүү болгон чаралардын жетишсиздигин тапса, тармактык жөндөөчү Кыргыз Республикасынын Президентине атай ын жөнгө салууну бүтүрүү же өзгөртүү боюнча сунуш жөнөтөт. 

5. Атайын жөнгө салууну колдонуу жөнүндө жалпыланган дайындар тармактык жөндөөчүнүн ар жылдык отчетуна киргизилет. 

14-берене. Атайын жөнгө салууну өзгөртүү жана бүтүрүү 

1. Атайын жөнгө салууну өзгөртүү, тиешелүү жарлыкка өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жоду менен, анын колдонуу мөөнөтүнүн чектеринде жүзөгө ашырылат. 

2. Атайын жөнгө салуу төмөнкү учурларда бүтөт: 

1) анын мөөнөтү аяктаганда;

2) тиешелүү мыйзамдан же башка ченемдик укуктук актыдан аларга карата атайын жөнгө салуу киргизилген милдеттер алып салынгандан кийин; 

3) Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын жөнгө салууну киргизиген жарлыгы жокко чыгарылган учурда. 

3. Кыргыз Республикасынын Президенти атайын жөнгө салууну андан ары колдонуунун Кодексте белгиленген принциптерге жана атайын жөнгө салууну киргизүүнүн максаттарына шайкеш эместиктерди тапкан, ошого тете атайын жөнгө салууну киргизүүдөн болгон терс кесепеттерди төмөндөтүү боюнча чаралардан натыйжа болбогон учурда, атайын жөнгө салуу киргизүү жөнүндө жарлыгын жокко чыгарат. 

4. Эгерде атайын жөнгө салуу анын мөөнөтү аяктаганда бүтсө, тармактык жөндөөчү, анын мөөнөтү аяктаганга чейин үч ай калгандан кечиктирбестен, атайын жөнгө салууну киргизүүнүн предмети болгон милдеттерден бошотууну алып салуу максатында мыйзамдарга өзгөрөтүүлөрдү киргизүү боюнча сунушту, же болбосо колдонуудагы жөнгө салууну сактап калуу жөнүндө сунушту камтыган атайын жөнгө салуунун натыйжалары жөнүндө отчетту озүнүн сайтына жарыялайт жана Кыргыз Республикасынын Президентине жөнөтөт.

 

4-глава. Санарип чөйрөдөгү өз ара аракеттенүү

 

15-берене. Санарип чөйрөдө өз ара аракеттенүүнүн укуктук негиздери 

1. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекттери, алар ээлери (берүүчүлөрү) болуп саналышкан санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин объекттерин пайдалануу менен өз ара аракеттенүүгө укуктуу. Мыйзамдарда белгиленген учурларда, санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекттери Кодексте, Кодекске ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда же тийиштүү санарип коомдоштуктун эрежелеринде белгиленген тартипте өз ара аракеттенүүгө милдеттүү. 

2. Санарип чөйрөдө өз ара аракеттенүү жалпылык, жекелик-жалпылык же жекелик болуп саналышы мүмкүн. 

3. Эгерде катышуучулардын бири өз ара аракеттенүүнүн башка катышуучуларынын аткаруулары үчүн милдеттүү чечимдерди кабыл ала алса же дайындарды иштеп чыгуу тууралуу талаптарды коё алса, өз ара аракеттенүү жалпылык болуп саналат. Жалпылык өз ара аракеттенүүнүн тартиби, анын ичинде жалпылык өз ара аракеттенүүнүн жүрүшүндө дайындарды иштеп чыгуунун тартиби мыйзамда аныкталат. 

4. Өз ара аракеттенүү төмөнкү учурларда жекелик-жалпылык болуп саналат: 

1) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү жүзөгө ашырууда; 

2) улуттук экотутумга катышууда; 

3) телекоммуникациялардын операторлору, монополияга каршы мыйзамдарга ылайык, үстүмдүк кылуучу абалды ээлешкени таанылган телекоммуникациялардын оператору менен алардын телекоммуникациялык тарамдарын пайдалануу менен өз ара аракеттенүүлөрдө; 

4) өзгөчө шарттарда Кодекске ылайык телекоммуникациялык тейлемелерди берүүдө. 

5. Ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө көрсөтүлбөгөн учурлардагы өз ара аракеттенүү жекелик болуп саналат. Жекелик өз ара аракеттенүү санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъектеринин ортосундагы макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырылат, аны түзүүнүн тартиби алар тарабынан өз көз караштары боюнча аныкталат. 

6. Жекелик-жалпылык өз ара аракеттенүү, Кодкстин ушул главасында белгиленген тартипте, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдардын жоболорун (мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү жүзөгө ашыруудагы өз ара аракеттениүү үчүн) жана санарип чөйрөдөгү мамилелердин тийиштүү чөйрөлөрүндөгү өз ара аракеттенүүлөр жөнүндө Кодекстин главаларынын жоболорун эске алуу менен түзүлгөн макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырылат. 

7. Өз ара аракеттенүүнүн бир катышуучусунун башкасынан товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, интеллектуалдык менчик же санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин объектерин сатып алуусу жарандык мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, фонддор жана башка мамлекеттик каражаттардын, мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын эсебинен түзүлгөн юридикалык жактардын (өз ара аракеттенишүүнүн жалпылык катышуучуларынын) сатып алуулары мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзам менен жөнгө салынат. 

16-берене. Өз ара аракеттенүүнү жөнгө салуу принциптери 

1. Санарип чөйрөдөгү өз ара аракетенүү күн мурунтан аныкталган жана түшүнүктүү эрежелерге таянуусу тийиш (мамилелердин аныкталгандыгы принциби). 

2. Санарип чөйрөдөгү өз ара аракеттенүү мөөнөтү өз ара аракеттенүүнүн ар бир катышуучусуна башка катышуучулар менен өз ара аракеттенүүнүн негизинде өзүнүн максаттарына жана милдеттерине жетишүүгө мүмкүнчүлүк бериши керек (өз ара аракеттенишүүнүн узак мөөнөттүү мүнөзү принциби). 

3. Санарип чөйрөдөгү өз ара аракеттенүү анын бардык катышуучулары үчүн, анын ичинде өз ара аракеттенүү милдеттүү болуп саналгандар үчүн дагы пайдалуу болушу керек (өз ара пайдалуулук принциби). 

4. Санарип чөйрөдөгү өз ара аракеттенишүү жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин чектөө максатын көздөбөөсү же иш жүзүндө чектөөлөргө алып келүүсү тийиш эмес (укуктарды жана эркиндиктерди чектөөлөрдүн жол берилбестиги принциби). 

5. Санарип чөйрөдөгү өз ара аракеттенүү санарип чөйрөдөгү атаандаштыкты чектөө максатын көздөбөөсү же иш жүзүндө чектөөлөргө алып келүүсү тийиш эмес (атаандаштыкты чектөөлөрдүн жол берилбестиги принциби). 

6. Башка катышуучулар менен өз ара аракеттенүү алардын ар бири үчүн санарип туруктуулуктун төмөндөөсүнө алып келүүсү тийиш эмес (санарип туруктуулукту сактоо принциби). 

7. Санарип чөйрөдөгү өз ара аракеттенүүнүн мүнөзү, эрежелери жана максаттары санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин калган субъектери үчүн транспаренттүү болушу керек (өз ара аракеттенүүнүн транспаренттүүлүк принциби). 

17-берене. Өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу 

1. Өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун предмети тараптардын төмөнкү жааттарда кызматташуусу болуп саналат: 

1) санарип дайындарды, жазмаларды жана документтерди иштеп чыгуу; 

2) санарип ресурстарды, сайттарды жана тиркемелерди түзүү, ошондой эле аларга карата жеткиликтүүлүк берүү; 

3) санарип тейлемелерди, анын ичинде ишенилген тейлемелерди түзүү жана берүү;

4) телекоммуникациялык тарамдарды бириктирүү жана башка технологиялык тутумдарды пайдалануу менен өз ара аракетенишүү. 

2. Эгерде Кодекс же өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуулар менен башкасы белгиленбесе, тараптардын өз ара аракеттенүү натыйжаларына жетүүдөгү салымдары бирдей деп таанылат. 

3. Эгерде өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууда тараптардын интеллектуалдык менчикти пайдалануу укугун берүүдөгү милдеттенмелери каралса, өз ара аракеттенишүү келишиминин шарттары жана аны түзүүнүн формасы өзгөчө укукту тескөө жөнүндө келишимдерге карата коюлуучу жарандык мыйзамдардын талаптарына шейкеш келүүсү тийиш. 

4. Тараптарга белгилүү бир иш-аракеттерден кармануу милдеттенмесин коюучу өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун шарттары атаандаштыкты коргоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарына карама-каршы келиши мүмкүн эмес. 

18-берене. Жекелик-жалпылык өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу түзүү 

1. Макулдашуу түзүү төмөнкүлөр үчүн милдеттүү болуп саналат: 

1) мамлекеттик жана муниципалдык санарип технологиялык тутумдардын ээлери үчүн – улуттук экотутумдун алкагында өз ара аракеттенүүдө; 

2) монополияга каршы мыйзамдарга ылайык үстүмдүк кылуучу абалды ээлеген деп таанылган телекоммуникациялардын оператору үчүн – телекоммуникациялык тарамдарды пайдалануу менен, телекоммуникациялардын операторлору менен өз ара аракеттенүүдө; 

3) телекоммуникациялардын оператору үчүн – Кодекске ылайык өзгөчө шарттарда телекоммуникациялык тейлемелерди берүүдө. 

2. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагындагы санарип чөйрөдө өз ара аракеттенишүү жөнүндө макулдашуу, мыйзамдарда каралган тартипте түзүлүүчү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун бир бөлүгү катары түзүлөт. 

3. Өз ара аракеттенишүү жөнүндө макулдашуу түзүү тууралуу сунуш мындай макулдашууну түзүүгө укугу бар санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекти (ыйгарым укук берилген тарап) тарабынан мындай макулдашууну түзүү милдеттүү болгон субъектин дарегине (милдеттүү тарапка) жөнөтүлүшү мүмкүн. 

4. Милдеттүү тарап өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууларды түзүү тууралуу алынган бардык сунуштарды, мындай сунуштар алынгандан кийин бир жумушчу күндөн кечиктирбестен өзүнүн сайтына жарыялайт. 

5. Милдеттүү тарап жекелик-жалпылык өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууларды, кандай болбосун ыйгарым укугу бар тараптар менен, анын ичинде өзүнүн аффилирленген жактары менен, тең укуктуу шарттарда түзөт. 

6. Эгерде өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу, милдеттүү тарап ыйгарым укугу бар тараптан сунушту алган күндөн тартып 3 айдын ичинде түзүлбөсө, тараптардын кимиси болбосун тармактык жөндөөчүгө өз ара аракеттенишүү жөнүндө талаш-тартышты чечүү үчүн кайрылууга укуктуу. 

7. Эгерде эле ыйгарым укугу бар тараптын сунушунда макулдашууну түзүүнүн конкреттүү мөөнөтү сунушталбаса, өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун мөөнөтү чектелбестен түзүлөт. 

19-берене. Өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууну өзгөртүү жана токтотуу 

1. Өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу, анын тараптарынын макулдашуулары боюнча, ал эми эгерде тараптар макулдашууга жетише алышпаса – тармактык жөндөөчүнүн же соттун чечими боюнча өзгөртүлөт же токтотулат. 

2. Тараптардын макулдашуусу же өз ара аракеттенүүнү токтотуу жөнүндө чечими төмөнкүлөрдү камтышы керек: 

1) өз ара аракеттенүүнүн натыйжасында түзүлгөн же өзгөртүлгөн санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин объекттерине укуктардын (анын ичинде санарип укуктардын) таандыктыгына көрсөтмөнү; 

2) тараптардын бири бирине өз ара аракеттенүүнүн натыйжасында түзүлгөн же өзгөртүлгөн санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин объекттерине техникалык документтерди жана башка коштоочу материалдарды өткөрүп берүү боюнча милдеттерин; 

3) өз ара аракеттенүүнү токтотуунун натыйжасында кызыкчылыктары козголгон пайдалануучулар менен мамилелердеги укуктун улануучулук тартибин. 

3. Белгилүү мөөнөткө түзүлгөн өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу, ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган шарттарды камтуусу тийиш. 

4. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин объектерине санарип укук, ошондой эле өз ара аракеттенишүү жөнүндө макулдашууну аткаруунун жүрүшүндө түзүлгөн же өзгөртүлгөн интеллектуалдык менчикке укуктар өнөктөштөргө биргеликте таандык болот. Өз ара аракеттенүү токтогондон кийин тараптардын ар кимиси мындай объектерди өздөрү каалагандай пайдаланууга укуктуу. 

5. Өз ара аракеттенишүү токтогондон кийин тараптар, өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу аларды иштеп чыгуу үчүн негиз болуп саналган бөлүгүндө, дайындарды иштеп чыгууну токтотушууга милдеттүү. 

 

2-бөлүм. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелери

5-глава. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин объектери

 

20-берене. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин объектеринин түрлөрү

1. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин объектерине төмөнкүлөр кирет: 

1) санарип дайындар, санарип жазмалар (анын ичинде санарип документтер түрүндөгү) жана санарип ресурстар; 

2) санарип тейлемелер жана санарип экотутумдар; 

3) санарип технологиялык тутумдар, анын ичинде дайындарды иштеп чыгуу борборлору жана телекоммуникациялык тарамдар; 

4) жерлер, имараттар, курулуштар, курулмалар жана башка ушуга окшош объектер санарип технологиялык тутумдардын ээлеринин аларга карата жеткиликтүүлүк бөлүктөрүндө. 

2. Кодексте каралган учурларда санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин объектерине, өзүнө санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин объектине карата жеткиликтүүлүк укугун жана ага карата жеткиликтүүлүк шарттарын белгилөө укугун камтыган санарип укук белгиленет. Санарип укук ажыратылуучу болуп саналат жана келишимдин негизинде санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин бир объектисинен башкасына өткөрүлүшү мүмкүн. Санарип укук мыйзам менен корголот. 

3. Бир эле ошол объектке санарип укук санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин бир нече субъектерине биргеликте таандык болушу мүмкүн. Бул учурда санарип укуктарды жүзөгө ашыруунун же аларды тескөөнүн тартиби, алар таандык болгон бардык субъектердин ортосундагы өз ара аракеттенишүү жөнүндө макулдашуу менен аныкталат. 

4. Санарип укуктар дайындардын принципалдарынын укуктарын жана тийиштүү санарип жазмаларга карата белгиленген чектөөлөр сакталган шарттарда жүзөгө ашырылат. 

5. Санарип укуктарды, анын ичинде санарип укуктардын объектерине карата эркин жеткиликтүүлүк укугун чектөө, санарип чөйрөдөгү мамилелерди жөнгө салуу принциптерин ишке ашыруу максатында, объектердин айрым түрлөрүнө карата Кодекс менен белгиленет. 

6. Конкреттүү объектке карата санарип укуктарды мажбурлап ажыратууга же чектөөгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тикелей каралган учурларда, соттун чечими менен гана жол берилет. 

21-берене. Санарип дайындар жана санарип жазмалар 

1. Санарип дайындарга, формасына жана аларды сактоонун жана өткөрүп берүүнүн ыкмаларына көз карандысыз, санарип түзүлмөлөрдү пайдалануу менен, иштеп чыгууга жарактуу дайындар кирет. Метадайындарды пайдалануу менен, идентификацияланышы мүмкүн болгон санарип дайындар санарип жазмалары болуп саналат. Адамдын кабыл алуусу үчүн түздөн-түз жеткиликтүү болгон санарип дайындардын (санарип жазмалардын) мазмуну маалымат болуп саналат. 

2. Санарип дайындар кандай болбосун жактардын ортосунда эркин өткөрүлүп берилет жана ушул максаттарда чектөөлөрсүз иштеп чыгылат жана өздөрүнөн өзү эле санарип укуктардын объекти болушу мүмкүн эмес. Санарип жекече дайындар Кодексте белгиленген эрежелер боюнча иштеп чыгылат. Санарип жазмалар, эгерде Кодекс менен же санарип чөйрөдөгү мамилелердин ортосундагы келишим менен башкача белгиленбесе, алардын ээлеринин санарип укуктарынын объекти болуп саналат. 

3. Өзгөрүлбөстүгү санарип колтамганын же идентификациялоо тутумунун эрежелерине ылайык идентификатордун жардамы менен камсыз кылынуучу санарип жазма санарип документ болуп саналат. Санарип колтамгасы же идентификатору санарип документке кирген жак анын автору болуп эсептелет. 

4. Санарип жазмаларга карата алардын ээсине төмөнкү санарип укуктар таандык болот: 

1) өз көз карашы боюнча санарип жазмаларга карата жеткиликтүүлүккө уруксат берүү же чектөө, мындай жеткиликтүүлүктүн тартибин жана шарттарын аныктоо;

2) өз көз карашы боюнча санарип жазмаларды пайдалануу, анын ичинде аларды таратуу; 

3) санарип жазмаларды келишим боюнча же мыйзам менен белгиленген башкача негиздерде башка жактарга берүү; 

4) санарип жазмаларга мыйзамсыз жеткиликтүүлүк алган же аларды башка жактар мыйзамсыз пайдаланган учурда, мыйзамда белгиленген ыкмалар менен өзүнүн укуктарын коргоо. 

5. Виртуалдык активдер болуп саналган санарип жазмаларга укук, виртуалдык активдер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат. Интеллектуалдык менчик болуп саналган санарип жазмаларга укук, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен аныкталат. 

6. Санарип дайындардын же метадайындардын, же болбосо санарип жазмалардын курамына карата же берилүүсүнө тийиштүү талаптар, тиешелүүлүгүнө жараша дайындардын форматын же жазмалардын форматын түзөт. Дайындардын форматы же жазмалардын форматы мыйзамдар, аларга ылайык колдонулуучу ченемдик укуктук актылар менен же санарип чөйрөдөгү мамилелердин субъектеринин макулдашуулары менен каралышы мүмкүн. 

7. Дайындардын форматына жана санарип документтердин жазмаларынын форматына карата талаптар санарип документтин автору тарабынан аныкталат. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дайындарынын форматына жана санарип документтеринин жазмаларына, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын какйрылуулары болуп саналган санарип документтерге карата талаптар Кодекске ылайык белгиленет. 

22-берене. Санарип ресурстар 

1. Санарип жазмалардын ирээтке келтирилген жыйындысы, анын ичинде санарип дайындарды жана аларга карата жеткиликтүүлүктү таратуу үчүн арналган дайындардын базасы санарип ресурс болуп саналат. 

2. Санарип ресурска карата анын ээсине төмөнкү санарип укуктар таандык болот: 

1) өз көз карашы боюнча санарип ресурска карата жеткиликтүүлүккө уруксат берүү же чектөө, мындай жеткиликтүүлүктүн тартибин жана шарттарын аныктоо;

2) өз көз карашы боюнча санарип ресурстан санарип дайындарды таратуу; 

3) санарип ресурсту идентификациялоо үчүн мыйзамдарда тыюу салынбаган кандай болбосун белгилөөнү пайдалануу; 

4) санарип ресурска мыйзамсыз жеткиликтүүлүк алган же аны мыйзамсыз пайдаланган учурда, мыйзамда белгиленген ыкмалар менен өзүнүн укуктарын коргоо. 

3. Мамлекеттик же муниципалдык иш-милдеттерди ишке ашыруу, же болбосо мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн түзүлгөн санарип ресурс, тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик же муниципалдык санарип ресурс болуп саналат. Мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын санарип эмес жазмалар түрүндө берилген (мамлекеттик же муниципалдык маалыматтык ресурстар) маалыматтык ресурстары, тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик же муниципалдык санарип ресурстарына кайра курулууга жатат. Мамлекеттик жана муниципалдык маалыматтык ресурстарды санариптештирүү бүткөрүлгөнгө чейин алардан маалыматтар, мамлекеттик жана муниципалдык санарип ресурстардан алынчу маалыматтарга тийиштүү негиздерде жана ошондой эле чектөөлөр менен пайдаланылат. 

4. Домендик атты же Интернеттеги даректи пайдалануу менен, идентифицирленүүчү санарип ресурс сайт болуп саналат. 

5. Электрондук эсептөө машиналары жана санарип дайындарга жеткиликтүүлүк үчүн пайдаланылуучу башка санарип түзүлмөлөр үчүн программа, санарип ресурс – тиркеме (анын ичинде уюлдук тиркеме) болуп саналат, жана ага Кодекс менен санарип ресурстар үчүн белгиленген эрежелер жайылтылат. 

6. Мейкиндикте бөлүштүрүлгөн жана мындай ресурстун ар кыл пайдалануучуларына таандык болгон, эки же андан ашуун техникалык каражаттарды пайдалануу менен, жалпы эрежелер боюнча санарип жазмаларды түзүү жана иштеп чыгуу жүзөгө ашырылуучу санарип ресурс, бөлүштүрүлгөн санарип ресурс болуп саналат. 

23-берене. Санарип тейлемелер 

1. Санарип тейлемелерге (электрондук билдирүүлөр тейлемелери, хостинг, укма-көрмөлүк жана издеп тапма тейлемелери сыяктуу) пайдалануучуларга технологиялык тутумдарды төмөнкү максаттарда пайдалануу мүмкүнчүлүгү жеткиликтүүлөр кирет: 

1) санарип дайындарды түзүү, иштеп чыгуу, сактоо же аларга карата жеткиликтүүлүк; 

2) санарип дайындарды башка пайдалануучулар менен алмашуу, анын ичинде башка пайдалануучулар тарабынан жүктөлгөн же түзүлгөн санарип дайындарга карата жеткиликтүүлүк жолу менен. 

2. Санарип тейлемелерди берүү жана аларды пайдалануу, санарип тейлеменин берүүчүсү тарабынан бекитилген эрежелерге ылайык жүзөгө ашырылат. 

3. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жана мамлекеттик жана муниципалдык иш-милдеттерди ишке ашыруу (мамтейлемелер) үчүн пайдаланылуучу санарип тейлмелерге карата талаптар Кодекс менен белгиленет. 

24-берене. Санарип экотутумдар 

1. Санарип чөйрөдөгү мамилелердин субъектеринин өз ара аракеттенүүлөрүн бирдиктүү эрежелер боюнча камсыз кылуу үчүн пайдаланылуучу жалпы жеткиликтүүлүктөгү санарип технологиялык тутумдардын, санарип ресурстардын жана санарип тейлемелердин жыйындысы санарип экотутумду (алып айтканда, социалдык тарам же санарип соода аянтын) жана ага ылайыктуу санарип коомдоштукту түзөт. Санарип экотутумдун ээси, санарип ресурстардын ээлери, санарип тейлемелердин берүүчүлөрү жана пайдалануучулары (керектөочүлөр) санарип экотутумдун жана ага шайкеш санарип коомдун катышуучулары болуп саналышат. 

2. Санарип экотутумдун катышуучулары Кодекс жана санарип экотутумдун эрежелери менен аныкталган тартипте, санарип экотутумдун эрежелерин аныктоого катышуу укугуна ээ болушат. 

3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары Кодекске жана атаандаштыкты коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, санарип экотутумдун ээлеринин атаандаштыкка каршы иш-аракеттерин ашкерелөөгө жана болтурбоого багытталган натыйжалуу чараларды кабыл алышат, анын ичинде төмөнкүдөй жолдор менен: 

1) санарип экотутумдардагы атаандаштыктын абалын баалоонун усулдуктарын иштеп чыгуу жана жарыялоо; 

2) санарип экотутумдардын ээлери өздөрүнүн үстөмдүк кылуучу абалдарын кыянаттык менен пайдалануулары атаандаштыкты өнүктүрүү үчүн тоскоолдуктарды түзүүчү экономика тармактарында атаандаштыктын жалпы эрежелерин колдонуунун өзгөчөлүктөрүн аныктоо; 

3) санарип экотутумдарга карата атаандаштыкты коргоо боюнча чараларды колдонуунун критерийлерин аныктоо. 

25-берене. Санарип технологиялык тутумдар

1. Санарип технологиялык тутумдарга санарип дайындарды иштеп чыгуу тутумдары (анын ичинде дайындарды иштеп чыгуу борборлору жана жасалма интеллект тутумдары) жана телекоммуникациялык тарамдар кирет. Санарип технологиялык тутумдарды түзүү, куруу, жайгаштыруу, эксплуатациялоо боюнча мамилелер Кодекс менен жөнгө салынат, Кодекс ошондой эле технологиялык тутумдарга кирген (санарип технологиялык тутумдардын элементтерин) техникалык каражаттарды жайгаштыруу жана пайдалануу боюнча мамилелерге карата да, жана санарип технологиялык тутумдарды пайдалануу менен берилүүчү тейлемелерди жөнгө салууга карата да колдонулат. 

2. Санарип технологиялык тутумдар алардын арналыштарына жараша мамлекеттик, муниципалдык же жеке менчик тутумдар болуп саналышат. Мамлекеттик тутумдар мамлекеттик иш-милдеттерди ишке ашыруу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн түзүлөт. Муниципалдык тутумдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өзүнүн иш-милдеттерин ишке ашыруу жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн түзүлөт. Башка макесаттарда түзүлгөн санарип технологиялык тутумдар жеке менчик тутумдар болуп саналышат. 

3. Санарип технологиялык тутумдар алардын ээси (ээлери) тарабынан же болбосо пайдалануучулар тарабынан алар биргелешип макулдашкан эрежелердин негизинде түзүлөт жана эксплуатацияланат. Белгилүү ээси же белгилүү ээлеринин топтору жок жана пайдалануучулар тарабынан биргеликте эксплуатацияланган санарип технологиялык тутумдар бөлүштүрүлгөн тутумдар болуп саналышат. 

4. Эгерде Кодексте башкача белгиленбесе, санарип технологиялык тутумдарга карата милдеттүү талаптарды белгилөө боюнча, ошондой эле белгиленген талаптарга шайкештикти бышыктоо боюнча мамилелер техникалык жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат. 

5. Санарип технологиялык тутумдарды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо боюнча, ошондой эле аларды пайдалануу менен тейлемелерди берүү боюнча мамилелер, ушул Кодексте белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алып, жарандык мыйзамдар менен жөнгө салынат.

 

6-глава. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъектери

26-берене. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъектеринин укуктук статусу 

1. Жеке жана юридикалык жактар, Кыргыз Республикасыжана башка мамлекеттер, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъектери болуунун ажыратылгыс укугуна ээ болушат, ошондой эле Кодексте жана санарип коомдоштуктардын эрежелеринде каралган башка укуктарга ээ болушат, жана ушуга байланыштуу милдеттерди тартышат. Ушундай санарип чөйрөнү түзүүчү санарип чөйрөнүн алкактарындагы субъекетердин туруктуу укуктук байланышы санарип жарандык болуп саналат. 

2. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъектери төмөнкүлөргө ээ болушат: 

1) алар принципалдары болуп саналган санарип дайындарга жеткиликтүүлүк укугуна; 

2) санарип дайындарды түзүү, таратуу жана пайдалануу укугуна, аларды мыйзамдарда тыюу салынбаган кандай болбосун ыкма менен иштеп чыгуу укугуна, түзүлгөн же башка ыңгайда алынган санарип чөйрөдөгү мамилелердин объектерине санарип укуктарга; 

3) санарип коомдоштуктарды түзүү жана алар үчүн эрежелерди аныктоого катышуу укугуна; 

4) санарип коомдоштуктун алкактарында өзүнүн иденттүүлүгүн (анын ичинде атын, аталышын, жана башка идентификаторлорду көрсөтүү жолу менен) аныктоо укугуна; 

5) санарип коомдоштуктун алкактарында алардын иденттүүлүгүнө тийиштүү кандай болбосун дайындарды алып салуу мүмкүнчүлүгү менен, кандай болбосун санарип коомдоштуктардан чыгуу укугуна;

6) мыйзамдарда каралган башка укуктарга. 

3. Санарип чөйрөдөгү өз ишине байланыштуу субъектер санарип жазмалардын, санарип ресурстардын, санарип технологиялык тутумдардын же экотутумдардын, санарип тейлемелердин берүүчүлөрүнүн, дайындардын принципалдарынын, пайдалануучулардын, иштеп чыгуучулардын ээлери катары же Кодексте, санарип коомдоштуктардын эрежелеринде же санарип чөйрөдөгү мамилелердин субъекетеринин келишимдеринде каралган башка сапаттарда чыга алышат. 

4. Санарип чөйрөдөгү бардык субъектер Кодексте каралган өздөрүнүн укуктарын коргоо укугуна ээ болушат. 

5. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъектерине санарип чөйрөдөгү укук мам илелеринин башка субъектерин мыйзамсыз басмырлоого жана санарип чөйрөдөгү атаандаштыкты мыйзамсыз чектөөгө тыюу салынат. 

27-берене. Санарип жазмалардын ээси 

1. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекти, эгерде ал мындай жазмаларды (өз алдынча же башка жактар менен биргеликте) түзгөн же мыйзамдын же келишимдин негизинде санарип жазмаларга карата жеткиликтүүлүккө уруксат берүү же чектөө укугун алган учурда, санарип жазмалардын ээсинин статусуна ээ болот. 

2. Санарип жазмалардын ээси санарип жазмалардын толуктугун, ишенимдүүлүгүн жана актуалдуулугун аларды пайдалануу максаттары үчүн зарыл болгон деңгээлде камсыз кылууга милдеттүү. 

3. Санарип жазмалардын ээсине Кодексте каралган анын санарип жазмаларына санарип укугу таандык болот. 

4. Санарип жазмалардын ээси төмөнкүлөргө милдеттүү: 

1) башка жактарга аларга таандык болгон санарип дайындарга карата жеткиликтүүлүк укугун жүзөгө ашырууга көмөктөшүү; 

2) санарип жазмаларга карата жеткиликтүүлүктү чектөө, эгерде мындай милдеттүүлүк мыйзам, башка ченемдик укуктук акты же тараптардын макулдашуусу менен белгиленсе; 

3) Кодексте каралган учурларда, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан материалдык алып жүрүүчүлөргө санарип жазмаларды жайгаштыруу. 

5. Санарип жазмалардын ээси, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, башка жакка санарип жазмаларга карата жеткиликтүүлүк берүүнү, бул жактын мындай санарип жазмалардын мазмунун үчүнчү жактарга ачыктабоо жана аларды таратпоо (купуялуулукту сактоо жөнүндө талап) милдеттенмеси менен шарттоого укуктуу. Купуялуулукту сактоо жөнүндө талапты бузган пайдалануучу санарип жазмалардын ээсине, мындай бузуу менен келтирилген зыяндардын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү, төмөнкү учурларды кошпогондо, качан: 

1) санарип жазмаларда камтылган маалымат жалпы жеткиликтүүлүктө болуп саналса же ал пайдалануучунун өз милдеттерин бузуусунун кесепетинен улам ушундай болуп калса; 

2) санарип жазмаларда камтылган маалымат мурун пайдалануучу тарабынан өз алдынча иштеп чыгылса же анын купуялуулугун сактоо жөнүндө талаптары жок үчүнчү жактардан алынса. 

28-берене. Санарип ресурстун ээси 

1. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекти, эгерде ал мындай ресурсту (өз алдынча же башка жактар менен биргеликте) түзгөн же мыйзамдын же келишимдин негизинде санарип ресурска карата жеткиликтүүлүккө уруксат берүү же чектөө укугун алган учурда, санарип жазмалардын ээсинин статусуна ээ болот. 

2. Санарип ресурстун ээсине, Кодексте каралган санарип ресурсуна санарип укук таандык болот. 

3. Санарип ресурстун ээси, өзүнө санарип ресурска карата жеткиликтүүлүк эрежесин камтыган, санарип ресурсту пайдалануу эрежелерин аныктайт. 

4. Санарип ресурстун ээси, Кодексте белгиленген санарип дайындарга же ресурстарга карата жеткиликтүүлүктү чектөөлөрдү сактоого милдеттүү. 

5. Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык ресурстарды пайдалануунун эрежелери ченемдик укуктук актылар менен белгиленет. Эгерде конкреттүү мамлекеттик же муниципалдык санарип ресурсту пайдалануу эрежелерин белгилөөчү мыйзам менен башкача белгиленбесе, ага карата жеткиликтүүлүк чектелбейт. 

29-берене. Санарип тейлеменин берүүчүсү 

1. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекти, эгерде ал өз алдынча же башка жактар менен биргеликте пайдалануучуларга санарип тейлеме берген учурда, санарип тейлеменин берүүчүсүнүн статусуна ээ болот. 

2. Санарип тейлеменин берүүчүсү, эгерде Кодексте башкача белгиленбесе, санарип тейлемени пайдалануунун шарттарын өз алдынча аныктайт. 

3. Санарип тейлеменин берүүчүсү өзүнүн сайтында же тиркемеде санарип тейлеме жөнүндө төмөнкү метадайындарды жалпы жеткиликтүү кылууга милдеттүү: 

1) берүүчүнүн аталышын; 

2) берүүчүнүн юридикалык дарегин; 

3) берүүчүгө карата тикелей жана натыйжалуу кайрылууга мүмкүнчүлүк түзүүчү, берүүчүнүн байланыш маалыматтарын; 

4) берүүчүнүн мамлекеттик же ушундай жалпылык реестрде катталганы жөнүндө маалыматтарды, анын катталган номерин, же бул реестрдеги эквиваленттүү идентификациялык каражатты; 

5) санарип тейлемеге карата талаптарды белгилөөчү колдонулуучу мыйзамдарга шилтемени; 

6) санарип тейлемеге кошулуу үчүн заралы болгон чараларды; 

7) санарип тейлемени колдонууга болгон чектөөлөрдү. 

30-берене. Санарип экотутумдун ээси 

1. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекти, ал өз алдынча же санарип экотутумдун эрежелерин аныктоочу башка жактар менен биргеликте санарип экотутумдун ээсинин статусуна ээ болот. 

2. Санарип экотутумдун ээси төмөнкүлөргө милдеттүү: 

1) санарип экотутумдун катышуучуларынын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын, анын ичинде Кодексте белгиленген санарип укуктардын жана дайындардын принципалдарынын укуктарынын сакталышын камсыз кылууга; 

2) санарип экотутумдун бардык катышуучуларынын санарип экотутумдун эрежелерин аныктоого катышуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылууга; 

3) санарип экотутумга карата эркин кошулуу жана санарип экотутумдан чыгып кетип жаткандын, катышуучуга тийиштүү бардык дайындарды алып салуу мүмкүнчүлүгү менен, санарип экотутумдан эркин чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга; 

4) санарип экотутумдан чыгып кетип жаткан катышуучуга, анын каалоосу боюнча ага тийиштүү дайындардын көчүрмөлөрүн алуу, же санарип экотутумдун операторунда мындай техникалык мүмкүнчүлүк болгондо, аларды мындай катышуучу көрсөткөн башка санарип ресурска которуп берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга; 

5) санарип экотутумдун алкактарында, экотутумдун бардык катышуучулары үчүн санарип жазмаларга, санарип тейлемелерге жана санарип технологиялык тутумдарга карата тең укуктуу жана басмырлоосуз жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга; 

6) санарип экотутумдун ичинде атаандаштыкты коргоого жана санарип чөйрөдөгү мамилелердин башка субъектерине карата жекебасарлык ишти жүргүзбөөгө; 

7) санарип экотутумдун катышуучуларынын ортосундагы талаш-тартыштарды бардык катышуучулар үчүн тең укуктуу эрежелер боюнча кароо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга жана мындай талаш-тартыштар боюнча кабыл алынган чечимдердин аткарылышын камсыз кылууга. 

31-берене. Санарип технологиялык тутумдун ээси 

1. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекти эгерде ал мындай тутумду (өз алдынча же башка жактар менен биргеликте) түзгөн, же болбосо ченемдик укуктук актыга же келишимге ылайык аны эксплуатациялоого укук алган учурда, санарип технологиялык тутумдун ээсинин статусуна ээ болот. 

2. Санарип технологиялык тутумдун ээсинин укуктары жана милдеттери, санарип технологиялык тутумдун түрүнө жараша, Кодекс менен белгиленет. 

3. Санарип технологиялык тутумга ээлик кылуу жана аны эксплуатациялоо үчүн, Кодексте белгиленген учурларды кошпогондо, уруксат (лицензия) алуу талап кылынбайт. 

32-берене. Пайдалануучу 

1. Санарип жазмаларга, санарип ресурстарга, санарип тейлемелерге же технологиялык тутумдарга карата жеткиликтүүлүктү суроочу же жүзөгө ашыруучу санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекти, мындай санарип дайындардын, жазмалардын, тейлемелердин же технологиялык тутумдардын пайдалануучусу болуп саналат. 

2. Пайдалануучунун укугу укуктук актылардын же санарип жазмалардын, санарип ресурстардын, санарип технологиялык тутумдардын ээлери, санарип тейлемелердин берүүчүлөрү менен келишимдердин негизинде келип чыгат. 

3. Пайдалануучу мыйзамдарда, санарип жазмалардын, санарип ресурстун, санарип технологиялык тутумдардын ээси, санарип тейлеменин берүүчүсү тарабынан белгиленген пайдалануу эрежелерин, анын ичинде жеткиликтүүлүккө чектөөлөрдү сактоого милдеттүү. 

33-берене. Дайындардын пирнципалы 

1. Санарип дайындар тийиштүү болгон санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекти мындай санарип дайындардын принципалы болуп саналат. 

2. Дайындарды принципалы өзү жөнүндө санарип жазмаларга карата жеткиликтүүлүккө укуктуу болот, ошондой эле мындай жазмаларга карата жеткиликтүүлүк эрежелерин аныктоого катышууга жана санарип чөйрөдөгү мамилелердин башка объектеринин курамында аларды пайдаланууга укуктуу. Дайындардын принципалынын укуктары санарип жазмаларга санарип укуктардан көз карандысыз жүзөгө ашырылат жана корголот. Дайындардын принципалынын укуктары ажырыталгыс жана башка жактарга өткөрүп берилиши мүмкүн эмес. Дайындардын принципалынын укуктары мыйзамдын негизинде гана жана санарип чөйрөдөгү мамилелерди жөнгө салуунун принциптерин эске алуу менен гана чектилиши мүмкүн. 

3. Дайындардын принципалы Кодексте каралган өз укуктарын ишке ашыруу максатында, тиешелүү жазмалар ага гана тийиштүү экенин бышыктоочу маалыматтарды көрсөтүүгө милдеттүү. 

34-берене. Иштеп чыгуучу 

1. Башка субъекттер келишимдин же укуктук актынын негизинде санарип жазмаларды иштеп чыгуунун жүзөгө ашыруу, санарип технологиялык тутумдарды эксплуатациялоо же санарип тейлемелерди берүү, ага тете санарип чөйрөдөгү мамилелердин объектерине карата жеткиликтүүлүктү жүзөгө ашыруу тапшырылган (мындан ары – иштеп чыгууга тапшырма) санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекти иштеп чыгуучу болуп саналат. Иштеп чыгуучу иштеп чыгууга тапшырма берген жактын кызыкчылыктарында аракеттенет. 

2. Иштеп чыгуучуга өзүнүн кызыкчылыктарында иш-аракеттерди жүзөгө ашыруунун тапшырган санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекти иштеп чыгуучунун иш-аракеттери үчүн өзүнүн иш-аракеттериндей жоопкерчилик тартат. 

3. Иштеп чыгууга тапшырмада санарип жазмалар менен иш-аракеттердин (аткарымдардын) тизмеги, иштеп чыгуунун максаттары аныкталышы керек, иштеп чыгуучунун санарип жазмаларга, санарип технологиялык тутумдарга же санарип тейлемелерге карата белгиленген жеткиликтүүлүккө чектөөлөрдү сактоого милдеттүүлүгү белгиленүүсү тийиш, ошондой эле иштеп чыгуу процессинде Кодекске ылайык санарип туруктуулукту камсыз кылууга карата талаптар көрсөтүлүшү керек. 

 

7-глава. Санарип идентификациялоо 

 

35-берене. Иденттүүлүк укугу 

1. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекеттери, анын ичинде, идентифиткаторду тандоо жолу менен, өзүнүн окшоштугун аныктоонун ажыратылгыс (өзүн идентификациялоо же идентификациялабоо) укугуна ээ болушат. 

2. Мыйзам менен белгиленген учурларда, санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекеттери Кодексте, Кодекске ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда же тиешелүү санарип коомдоштуктун эрежелеринде белгиленген тартипте өздөрүн идентификациялоого милдеттүү.

36-берене. Иденттүүлүк укугун коргоо 

1. Эч ким, мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары (анын ичинде, дайындуу идентификаторду (далдаштыргычты) көрсөтүү жолу менен), идентификациялоого мажбурланышы мүмкүн эмес. 

2. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекттери, санарип чөйрөдөгү ошол эле укук мамилелеринин башка катышуучулары укуктарын жүзөгө ашыруу жана милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгондон көпкө бул иденттүүлүктү сактоого милдеттүү эмес. 

3. Идентификаторлорду камтыган санарип жазмаларды бириктирүүгө жол берилбейт, эгерде мындай бириктирүү субъекттердин иденттүүлүккө укугун бузса же субъекттерди мындай укукту коргоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратса. 

4. Кыргыз Республикасы өзүнүн ар бир жаранына бүтүндөй өмүр боюу кайталангыс коомдук идентификациялык энчи берет, ошондой эле өзүнүн эл аралык милдеттенмелерине ылайык башка мамлекеттердин жарандары, жарандыгы жок адамдар жана уюмдар үчүн идентификациялоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.  

37-берене. Санарип идентификациялоонун тармактык принциптери 

1. Кыргыз Республикасынын санарип идентификациялоо жаатындагы мамлекеттик саясаты санарип идентификациялоону пайдалануу үчүн административдик бөгөттөрдү табууга жана четтетүүгө, жеке жана юридикалык жактарга санарип идентификациялоого жеткиликтүүлүк үчүн шарттарды түзүүгө багытталган. Санарип идентификациялоо мүмкүнчүлүгүнүн болгону же болбогону, санарип чөйрөдө укуктарды жүзөгө ашыруу жана милдеттерди аткаруу үчүн шарт болушу мүмкүн эмес (басмырлабоо принциби). 

2. Санарип идентификациялоо ар кимге акылга сыярлык шарттарда жеткиликтүү болуусу тийиш, ал эми санарип идентификациялоо менен байланышкан коромжулар анын натыйжасында алынуучу убайларга жараша болуусу тийиш (жеткиликтүүлүк принциби). 

3. Идентификациялоо тутумдары ачык стандарттардын (калыптардын) негизинде, санарип идентификациялоонун максаттары үчүн зарыл болгон санарип дайындарды гана иштеп чыгуу менен, дайындардын сыйышуучулук, өтмөлүүлүк жана узак убакыттуу туруктуулук принциптерине ылайык курулуусу тийиш (жетиштүүлүк принциби). 

4. Санарип идентификациялоо санарип чөйрөдөгү укуктук мамилелердин субъекеттери ортосундагы ишенимдин жана отчеттуулуктун негизинде жүзөгө ашырылат. Санарип чөйрөдөгү укуктук мамилелердин субъекттери өздөрүнүн дайындарынын пайдаланылышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуулары тийиш, ошондой эле талаш-тартыштарды көз карандысыз көзөмөлдөө жана адилеттүү кароо кепилдигине ээ болуулары керек (ишеним принциби). 

38-берене. Санарип дайындардын идентификаторлору жана булактары 

1. Идентификаторлор жана аларды камтыган санарип жазмалар, Кодекстин ушул главасында каралган өзгөчөлүктөр менен, жекече дайындар үчүн Кодексте белгиленген эрежелер боюнча иштелип чыгат. 

2. Кыргыз Республикасында төмөнкүлөр кайталангыс коомдук идентификаторлор болуп саналат: 

1) жеке жактар үчүн – жекече идентификациялык номери;

2) юридикалык жактар үчүн – салык төлөөчүнүн идентификациялык номери.

3. Кайталангыс коомдук идентификаторлор, Кодекске ылайык иштелип чыгуучу, жалпыга жеткиликтүү дайындар болуп саналат. 

4. Мамлекеттик санарип ресурстарда пайдаланылуучу идентификаторлор, ошондой эле ар түрдүү ээлик кылуучулардын санарип ресурстарынын ортосунда санарип жазмаларды алмашуу үчүн пайдаланылуучу башка идентификаторлор коомдук идентификаторлор болуп саналат. 

5. Санарип жазмага кошуу үчүн идентификаторду тандоо төмөнкүлөр менен жүзөгө ашырылат: 

1) дайындардын принципалы менен – ал жөнүндө дайындарды жазмалардын ээси жыйнаганда;

2) жазмалардын ээси менен – дайындарды жазмалардын ээси өзү түзгөндө, анын ичинде идентификаторлорду түзүүдө же өздөштүрүүдө;

3) үчүнчү жак менен – дайындарды жазмалардын ээси дайындардын принципалынан алганда. 

6. Жазмалардын ээси санарип жазмаларда пайдаланылуучу идентификатордун кайталангыстыгын камсыз кылууга милдеттүү. 

39-берене. Идентификаторлорду санарип жазмаларда пайдалануу 

1. Идентификациялоо тутумунун эрежелерине ылайык идентификатор пайдаланылган санарип жазма, төмөнкү шарттардын бири аткарылганда, өз колу менен колтамга коюлган кагаз алып жүрүүчүдөгү документке окшош санарип документ болуп эсептелет: 

1) идентификатор санарип жазманын өзүндө камтылганда жана идентификатор тийиштүү болгон жактын макулдугун так көрсөткөн идентификациялоо тутумунун эрежелерине ылайык, санарип жазманы камтуу менен же ошондой жактын санарип жазманын мазмуну менен таанышканын так көрсөткөндө; 

2) идентификациялоо тутумунун эрежелерине ылайык, индификаторду көрсөтүү идентификациялоо тутумун пайдалануу менен санарип жазмасын түзүүнүн зарыл шарты болгон, жана санарип жазмасынын метадайындарында санарип жазмасы атынан түзүлгөн жакты так көрсөтүүнү камтыйт. 

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу үчүн, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу, тейлемелерди пайдалануу үчүн идентификаторлор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Бирдиктүү идентификациялоо тутумунун эрежелерине ылайык пайдаланылышы керек. 

3. Кайрылуу жана ага карата тиркелген санарип документти түзүүчү матрериалдар, эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында санарип жазма формасында мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тыюу салуу коюлган учурларды кошпогондо, кайрылууга жана өз колу менен колтамга коюлган жана кагаз алып жүрүүчүдө берилген башка материалдарга тең маанилеш болуп таанылат. 

40-берене. Байланыш маалыматтары 

1. Байланыш маалыматы болуп саналган идентификатор, ушундай идентификатор тийиштүү болгон жактын алдын ала макулдугу менен гана, укук мамилелерин пайда кылуу, өзгөртүү, токтотуу максаттарындагы кабарламаларды жиберүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн. 

2. Санарип аутенттештирүү, Кодекске ылайык идентификациялоо тутумунун эрежелеринде каралган учурларда жана тартипте гана, байланыш маалыматы тийиштүү болгон жак менен байланышуу жолу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 

41-берене. Санарип коомдоштуктардагы идентификациялоо 

1. Санарип коомдоштуктарда идентификациялоо коомдоштуктун эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат. 

2. Идентификаторлорду жана аларды камтыган санарип жазмаларын, мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, коомдоштуктун катышуучулары болуп саналбаган жактарга өткөрүп берүүгө жол берлбейт. 

42-берене. Санарип идетификациялоо тутумдары

1. Санарип идетификациялоо санарип аутенттештирүү мүмкүнчүлүгү каралуусу тийиш болгон, идентификациялоо тутумунун эрежелери боюнча жүзөгө ашырылат.  

2. Идентификациялоо тутумунун эрежелери төмөнкү жоболорду камтышы керек: 

1) идентификациялоо тутумунун катышуучуларынын түрлөрүн;  

2) ушул идентификациялоо тутумуна ылайык жүзөгө ашырылуучу санарип идентификациялоо жүзөгө ашыврылуучу мамилелердин түрлөрүн; 

3) идентификациялоо тутумунда пайдаланылуучу идентификаторлорду жана аларды алуунун ыкмаларын;

4) идентификаторлорду жана идентификациялоо жана аутенттештирүү натыйжалары жөнүндө дайындарды камтыган санарип жазмалардын ээсине (ээлерине) көрсөтмөнү, же болбосо мындай жазмалар бөлүштүрүлгөн санарип ресурсу экенине көрсөтмөнү; 

5) аутенттештирүү ыкмаларын (ачкычты алуу же көрсөтүү ыкмаларын) жана аутенттештирүү жолжобосун;

6) санарип идентификациялоо натыйжаларын эсепке алуунун тартибин жана санарип идентификациялоо фактылары жөнүндө маалыматтардын бүтүндүгүн камсыз кылуунун тартибин;

7) идентификациялоо тутумуна карата жарыяламаларды же башка чектелбеген сунуштамаларды жарыялоонун ыкмаларын жана тартибин; 

8) мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, идентификациялоо тутумунун катышуучулары болуп саналбаган жактарга санарип жазмаларды берүүгө тыюу салууну; 

3. Идентификациялоо тутумунун эрежелерине ылайык, санарип идентификацмялоо жана аутенттештирүү, укук мамилелеринин келип чыгуусу, өзгөрүүсү үчүн, анын ичинде далилдөө максаттары үчүн дагы негиз болуп саналат. 

4. Идентификациялоонун тиешелүү тутумдарын пайдалануу мыйзамдарда же тараптардын келишиминде каралган учурларда, санарип аутенттештирүү жеке адамдын инсандыгын бышыктоочу болуп эсептелет. Санарип мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн кайрылганда же бүтүмдөрдү жасаганда санарип аутенттештирүү жактын кызмат көрсөтүүлөрдү алууга же бүтүмдөрдү жасоого талаптагыдай эркин билдирүүсү катары таанылат. 

5. Санарип идентификациялоо же санарип аутенттештирүү жөнүндө санарип жазмалар, алар санарип дайындар түрүндө берилгени үчүн гана юридикалык күч жок деп таанылышы мүмкүн эмес. 

43-берене. Санарип аутенттештирүү тейлемеси 

1. Санарип аутенттештирүү идентификациялоо тутумунун катышуучусу тарабынан идентификациялоо тутумунун эрежелерине ылайык, өздүк муктаждыктар үчүн жүзөгө ашырылат же болбосо санарип аутенттештирүү тейлемесинин алкагында башка жактардын тапшырмасы боюнча жүргүзүлөт. 

2. Санарип аутенттештирүү тейлемеси тейлемени берүүчүнүн жана пайдалануучунун ортосунда түзүлгөн макулдашуунун негизинде берилет. Мында макулдашууда төмөнкүлөр каралышы керек: 

1) пайдаланылуучу идентификаторлордун тизмеги;

2) санарип аутенттештирүүнү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон санарип жазмаларга жеткиликтүүлүктүн тартиби;

3) санарип аутенттештирүүнүн натыйжалары жөнүндө дайындарды камтыган санарип жазмаларга карата жеткиликтүүлүктүн тартиби; 

4) алардын негизинде санарип аутенттештирүү жүзөгө ашырылган санарип жазмаларды жаңылоонун тартиби; 

5) санарип аутенттештирүү тейлемеси пайдаланылуучу колдонуу чөйрөлөрү жана мамилелердин түрлөрү (эгерде ал чектелүү чөйрөлөрдө же мамилелердин айрым түрлөрүндө пайдаланылышы мүмкүн болсо); 

6) тейлеменин дайындуу иштеринде сактоо зарыл болгон жана анын натыйжаларын пайдалануу шарттары;

7) тейлемени жаңылалуу жана өзгөрүү тартиби; 

8) тейлеменин иштеши үчүн зарыл идентификаторлорго, ачкычтарга же башка дайындарга карата санкцияланбаган жеткиликтүүлүк жөнүндө кабарламалоонун тартиби; 

9) тейлеменин санарип туруктуулукту камсыз кылууга карата талаптар; 

10) тейлемени берчүүгө сыйакынын өлчөмүн же тартибин аныктоо жөнүндө шарт, же болбосо тейлемени пайдалануунун акысыздыгы жөнүндө шарт; 

11) макулдашуунун шарттарын бузгандык үчүн жоопкерчилик. 

3. Санарип аутенттештирүү тейлемелери ар жыл сайын санарип туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чараларды көз карандысыз текшерүүдөн өтүүлөрү тийиш. Текшерүүнүн натыйжалары боюнча корутунду тейлемени берүүчүнүн сайтында жарыяланышы керек. 

44-берене. Биометрикалык идентификациялоонун мамлекеттик тутуму 

1. Кыргыз Республикасынын ар бир жараны, Кодекске ылайык, санарип идентификакциялоо жана аутенттештирүү максаттарында биометрикалык каттоо укугуна ээ. 

2. Биометрикалык идентификациялоонун мамлекеттик тутуму шайлоолорду жана референдумду өткөрүүдө, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алууда Кыргыз Республикасынын жарандарын аутенттештирүү үчүн түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында түздөн-түз каралган учурларда гана башка максаттар үчүн пайдаланылышы мүмкүн. Көрсөтүлгөн учурларда биометрикалык дайындарды иштеп чыгууга, дайындар базасында сакталып турган анын биометрикалык дайындары менен салыштыруу жолу менен, жаранды аутенттештирүү максатында гана жол берилет. Идентификациялоо максатында, аларды дайындар базаларында болгон бардык биометрикалык дайындарга салыштыруу жолу менен жарандын биометрикалык дайындарын иштеп чыгууга тыюу салынат. 

3. Кыргыз Республикасынын жаранынын төмөнкү биометрикалык дайындары иштеп чыгууга жатат: 

1) жүзүнүн санарип графикалык сүрөттөмөлөнүшү; 

2) эки колунун папиллярдык оюуларынын графикалык курулушу; 

3) өз колу менен койгон колтамгасы. 

4. Биометрикалык дайындардан тышкары, Биометрикалык идентификациялоонун мамлекеттик тутумунда төмөнкү жекече дайындар иштеп чыгылат: 

1) жекече идентификациялык номер;

2) фамилиясы, аты, атасынын аты;

3) улуту (этностук таандыктуулугу);

4) паспортунун сериясы жана номери; 

5) туулгандыгы тууралуу күбөлүк (мурун Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун албаган жактар үчүн);

6) жынысы; 

7) туулган күну, айы, жылы; 

8) жашаган жери.

5. Кыргыз Республикасынын жарандарынын Биометрикалык идентификациялоонун мамлекеттик тутумундагы жекече дайындары биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсун түзөт. Биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресурсунун ээси Кыргыз Республикасы болуп саналат. Биометрикалык дайындардын мамлекеттик тутумун пайдалануу менен, Биометрикалык каттоонун жана санарип идентификациялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн максаттарда биометрикалык дайындарды иштеп чыгууга жол берилбейт. 

6. Биометрикалык дайындардын мамлекеттик тутумунда аларды иштеп чыгууда биометрикалык дайындардын коопсуздугун камсыз кылуунун тартиби, биометрикалык дайындардын материалдык алып жүрүүчүлөрүнө жана мындай дайындарды биометрикалык дайындардын мамлекеттик санарип ресусунан тышкары сактоонун технологияларына карата талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. 

45-берене. Кыргыз Республикасынын бирдиктүү идентификациялык тутуму 

1. Кыргыз Республикасынын бирдиктүү идентификациялык тутумду кызмат адамдарын, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучуларды идентификациялоо жана аутенттештирүү үчүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары пайдаланышат. Санарип аутенттештирүү тейлемеси Кыргыз Республикасынын бирдиктүү идентификациялык тутумдун негизинде, кандай болбосун юридикалык жактар тарабынан пайдаланылышы мүмкүн. 

2. Бирдиктүү идентификациялык тутумунда төмөнкү идентификаторлор пайдаланылат: 

1) жарандар үчүн: фамилиясы, аты, атасынын аты (болсо), туулган датасы, жекече идентификацилык номери, квалифицирленген санарип колтамгасы, байланыш маалыматтары (электрондщук почтасынын дареги, жеке адамдын көчмө радиотелефон байланыш ресурсунан абоненттик номери);

2) юридикалык жак үчүн: аталышы, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, негизги мамлекеттик каттоо номери же чет өлкөлүк уюмдун коду, квалифицирленген санарип колтамга.

3. Идентификаторлор Бирдиктүү идентификациялык тутумга аларды жыйноо процессинде, алар тийиштүү болгон жактар тарабынан киргизилет, ал эми алар болбосо – мыйзамда белгиленген тартипте ошондой жакка ыйгарылып берилет. 

4. Бирдиктүү идентификациялык тутумдун санарип ресурсунун ээси Кыргыз Республикасы болуп саналат, анын атынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик уюм аракеттенет. 

5. Бирдиктүү идентификациялык тутумду пайдалануу менен идентификациялоонун жана аутенттештирүүнүн тартиби жана жолжобосу, санарип идентификациялоонун натыйжаларын эсепке алуунун тартиби жана санарип идентификациялоонун фактылары жөнүндө маалыматтардын бүтүндүгүн камсыз кылуунун тартиби, Бирдиктүү идентификациялык тутумдун негизинде санарип аутенттештирүү тейлемесин пайдалануунун тартиби, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Бирдиктүү идентификациялоо тутуму жөнүндө жобо менен аныкталат. 

6. Бирдиктүү идентификациялоо тутумунда идентификациялоо үчүн зарыл болгон же болбосо бирдиктүү идентификациялоо тутумун пайдалануу менен аутенттештирүүнүн натыйжаларын камтыган санарип жазмаларын алмашуу ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тартибинде жүзөгө ашырылат. Бирдиктүү идентификациялоо тутумун пайдалануу менен санарип аутенттештирүүдө Биометрикалык идентификациялоонун мамлекеттик тутумунан санарип жазмалар пайдаланылышы мүмкүн. 

46-берене. Жекече жазмаларды ээсиздендирүү 

1. Идентификаторлорду камтыбаган санарип жазмалар ээсиздендирилген болуп эсептелет жана илимий, статистикалык жана башка изилдөөчүлүк максаттарда, аларды иштеп чыгууга дайындардын принципалынын макулдугун алуусуз иштеп чыгылышы мүмкүн. 

2. Аларды илимий, статистикалык жана башка изилдөөчүлүк максаттарда иштеп чыгуучу, ээсиздендирилген жекече дайындарды ээси өзүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарында аракеттенген болуп эсептелет жана Кодекстин жекече жазмаларды иштеп чыгууга тиешелүү талаптарын сакташы керек. 

3. Дайындардын принципалы Кодексте каралган өзүнүн укуктарын ишке ашыруу максатында, жазмалардын ээсине тиешелүү ээсиздендирилген санарип жазмалар өзүнө гана тийиштүү экенин бышыктоочу маалыматтарды көрсөтүүгө милдеттүү. 

47-берене. Иденттүүлүккө укукту бузгандык үчүн жоопкерчилик 

1. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекттери алардын иденттүүлүккө укугу бузулган же мындай укукту коргоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган учурда, анын ичинде аларды укук ченемсиз идентификациялоо (аутенттештирүү) же идентификациялоодон (аутенттештирүүдөн) баш тарткан учурда, зыяндын (анын ичинде жеке жактарга келтирилген моралдык зыяндын) ордун толтуруп алуу укугуна ээ болушат. Моралдык зыяндын ордун толтуруу санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъектти тарткан мүлктүк зыяндын жана чыгымдардын ордун толтурууга көз карандысыз жүзөгө ашырылат. 

2. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекти анын иденттүүлүккө укугун бузганы үчүн бузуучудан компенсация төлөп берүүнү талап кылууга укуктуу. Эгерде санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекти компенсация төлөтүү үчүн сотко кайрылса, анда ал зыяндын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруунун ордуна колдонулуучу жападан-жалгыз жоопкерчилик чарасы болуп саналат. Мында укугун коргоо үчүн кайрылган санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекти ага келтирилген чыгашанын көлөмүн жана (же) моралдык зыяндын көлөмүн далилдөөдөн бошотулат. Жазмалардын ээси жасаган бузуулардын далилденгенде, компенсация өндүрүлүүгө жатат. 

3. Компенсациянын көлөмү жүз эсептик көрсөткүчтөн кемди түзүшү мүмкүн эмес жана иденттүүлүккө укуктун бузулушунун мүнөзүнө жана узактыгына жараша сот тарабынан көбөйтүлүшү мүмкүн. 

 

8-глава. Санарип чөйрөдө укук мамилелеринин пайда болушунун, өзгөрүшүнүн, токтолушунун негиздери

48-берене. Санарип жазмалар санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин пайда болушунун, өзгөрүшүнүн, токтолушунун негизи катары 

Санарип чөйрөдөгү жазмаларда көрүнүп турган, анын ичинде санарпи документтер түрүндө же санарип ресурстардын курамында берилген юридикалык фактылар санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин пайда болушунун, өзгөрүшүнүн, токтолушунун негизи болуп саналат. 

49-берене. Санарип укуктардын пайда болушу, өзгөрүшү, токтолушу 

1. Санарип укуктар Кодексте каралган учурларда, санарип чөйрөдө мамилелердин тиешелүү объекти түзүлгөнүнөн же алынганынан улам пайда болот. Санарип укуктардын пайда болушу үчүн башка иш-аракеттерди, алып айтканда каттоо же кабарландыруу жасоо талап кылынбайт. 

2. Санарип чөйрөдө өз алдынча мамилелердин бирдей же окшош объекттерин түзүшкөн бул субъекттердин санарип укуктары, түзүлгөн объекттердин ар бирине тиешелүү болот. Ар кыл субъекеттерге таандык санарип укуктардын объекттеринин бирдейлиги же окшоштугу, өзүнөн өзү башка субъекттин санарип укуктарын бузуу болуп саналбайт. 

3. Санарип укуктардын таандыктыгы метадайындар менен, анын ичинде бөлүштүрүлгөн санарип ресурстардын курамында камтылгандар менен бышыкталышы мүмкүн. Санарип жазмаларга же санарип ресурстарга санарип укуктардын таандыктыгы жөнүндө талаш-тартыш учурунда, санарип укуктардын болгонун далилдөө милдети тиешелүүлүгүнө ылайык санарип дайындардын же санарип ресурстардын ээсине жүктөлөт. 

4. Санарип укуктарды ажыратууда, анын ичинде соттун чечиминин негизинде, алар токтотулбайт, а жаңы ээлик кылуучуга өтөт. 

50-берене. Дайындар принципалынын укуктарынын пайда болушу, өзгөрүшү, токтолушу 

1. Дайындар принципалынын укуктары аны менен ага тийиштүү дайындардын ортосунда байланыш болгонунан улам пайда болот. 

2. Дайындар принципалынын укуктарынын пайда болушу жана жүзөгө ашырылышы үчүн кабарландыруу, каттоо же башка иш-аракеттер талап кылынбайт, бирок санарип жазмалардын ээси дайындардын принципалынан мындай санарип жазмалар ушул принципалга тийиштүү экенине далилдерди талап кылууга укуктуу. 

3. Дайындар принципалынын укуктары төмөнкү учурларда токтойт: 

1) ушул принципалга таандык болгон санарип жазмалар жок кылынганда; 

2) санарип жазмалар ушул санарип жазмалар менен ушул дайындардын принципалынын ортосундагы байланыш жок кылынгандай ээсиздендирилгенде. 

51- берене. Ишенилген санарип тейлемелер 

1. Санарип чөйрөдө укук мамилелеринин пайда болуусун, өзгөрүүсүн, токтолуусун ырастоого жиберлген санарип тейлемелер ишенилген санарип тейлемелер болуп саналат. 

2. Ишенилген санарип тейлемелерге төмөнкүлөр кирет: 

1) санарип аутенттештирүү тейлемелери;

2) санарип колтамгалар жана мөөрлөр тейлемелери;

3) санарип ахивдер тейлемелери; 

4) билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү тейлемелери; 

5) сайттарды аутенттештирүү тейлемелери.

3. Ишенилген санарип тейлемелерге карата талаптар Кодекс менен белгиленет. 

52-берене. Чет өлкөлүк ишенилген санарип тейлемелерин таануу 

1. Башка мамлекеттерде белгиленген талаптарга шайкеш келген ишенилген санарип тейлемелер (мындан ары – чет өлкөлүк ишенилген тейлемелер) Кодекске ылайык, төмөнкү учурларда ишенилген тейлемелер деп таанылат: 

1) улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчү тарабынан түзүлгөн жана алып барылган, Чет өлкөлүк ишенилген тейлемелдердин реестрине кошулган; 

2) сот тарабынан санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекттери пайдаланган санарип тейлеме, Кодексте каралган талаптарга ылайык, ушуга эквиваленттүү ишенимдүүлүк деңгээлин камсыз кылары белгиленген. 

2. Чет өлкөлүк ишенилген санарип тейлемени таануу жөнүндө же таануудан баш тартуу тууралуу чечимде мындай чечимдин негиздемелери көрсөтүлүшү керек. Чет өлкөлүк санарип тейлемени ишенилген деп таануудан негизсиз баш тартууга тыюу салынат жана сотко даттанылышы мүмкүн. 

3. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекттери пайдаланган санарип тейлеменин эквиваленттүү ишенимдүүлүгү тууралуу соттун чечими, улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүнүн чет өлкөлүк ишенилген тейлемелердин тизмесине кошуу жөнүндө чечими үчүн, чет өлкөлүк санарип тейлеменин эч болбогондо төмөнкү критерийлеринин бирине шайкештиги негиз болуп саналат: 

1) чет өлкөлүк ишенилген тейлеменин Кодекстин талаптарына иш жүзүндөгү, анын ичинде жүргүзүлгөн экспертизанын натыйжалары боюнча шайкештиги; 

2) санарип тейлеменин ишенилген тейлемелерге тийиштүү Кодекстин талаптарына караганда эквиваленттүү же бир кыйла бийик талаптарды камтыган, баарыдан мурда, маалыматтарды ачып көрсөтүү; документтештирүү; санарип туруктуулук; техникалык көзөмөлдөө жана көзөмөлгө алуу бөлүгүндө, ишенилген тейлемелерге тийиштүү эл аралык практикага шайкештиги; 

3) башка мамлекеттер же уюмдар тарабынан берилген шайкештик жөнүндө сетификаттардын жана корутундулардын болгону; 

4) санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекттеринин ортосунда чет өлкөлүк ишенилген тейлемени пайдаланууну жана мындай пайдалануунун жыйынтыктарын караган макулдашуунун болгону. 

53-берене. Санарип дайындардын негизинде чечимдерди автоматтык түрдө кабыл алуу өзгөчөлүктөрү

1. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекеттери, санарип дайындарды иштеп чыгуунун натыйжалары, укук мамилелеринин пайда болушу, өзгөрүшү, токтошу кишинин катышуусу жок (автоматтык чечим) түзүлгөндөй жана пайдаланылгандай кылып, санарип дайындардын негизинде чечимдерди кабыл алууну автоматташтырууга укуктуу. 

2. Автоматтык түрдө кабыл алынган чечимдер кызыкчылыктарын козгогон дайындар принципалдары автоматтык чечимдерди пайдалануучу субъекттен төмөнкүлөрдү талап кылууга укуктуу: 

1) ушул дайындар принципалына карата чечимдерди автоматтык түрдө кабыл алууну токтотууну; 

2) ушул дайындар принципалына карата мурда автоматтык түрдө кабыл алынган чечимдерди, кишинин катышуусу менен кайра карап чыгууну. 

3. Автоматтык турдө кабыл алынган чечимдерди пайдалануучу санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекти, ишмердиктин тиешелүү чөйрөлөрүндө чечимдерди автоматтык түрдө кабыл алууга карата Кодексте белгиленген талаптарды аткарууга милдеттүү. 

54-берене. Смарт-контракт 

1. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекттери келишимдин негизинде, бул келишимдин шарттарынын бардыгын же бөлүгүн програмалоонун атайын тилинде код түрүндө баяндоого укуктуу, ал кийин тараптар караган санарип дайындар келишими (смарт-контракт) келип түшкөндө, келишимдин тараптарынын катышууларына көз карандысыз аткарылат, бул тараптардын ортосунда мамилелердин пайда болушуна, өзгөрүшүнө же токтошуна алып келет. 

2. Смарт-контрактты пайдалануу каралган келишим, киши менен талаш-тартыш боюнча чечим кабыл алуу каралган, тараптардын ортосундагы талаш-тартыштарды чечүүнүн эрежелерин камтышы керек. 

3. Ишмердиктин айрым чөйрөлөрүндө смарт-контракттарды пайдаланууга карата талаптар Кодексте жана виртуалдык активдер жөнүндө мыйзамдарда белгиленет.

 

9-глава. Санарип чөйрөдө укуктарды жүзөгө ашыруу жана милдеттерди аткаруу

 

55-берене. Жалпы жеткиликтүү жана ачык дайындар 

1. Санарип дайындар интеллектуалдык менчик объекттерине өзгөчө укуктар, ошондой эле дайындардын айрым түрлөрүн таратууга, берүүгө, пайдаланууга, башка иштеп чыгууга же аларга карата жеткиликтүүлүккө мыйзам менен белгилен чектөөлөр сакталган шарттарда, кандай болбосун жактар тарабынан, алардын каалоосу боюнча пайдаланылышы мүмкүн. 

2. Санарип жазмалар, эгерде алардын метадайындарында мыйзам, келишим же ээлик кылуучунун чечими менен аларга карата жеткиликтүүлүктү чектөөгө көрсөтмө камтылбаса, жалпы жеткиликтүү болуп саналат. 

3. Санарип жазмалардын ээси, муну санарип жазмалардын метадайындарында көрсөтүү менен, санарип жазмаларды андан ары таратууну өзүн дайындардын булагы катары көрсөтүү милдетти менен шарттамалоого укуктуу. 

4. Интернеттин издеп табуу тутумдары менен эркин индексирленген, аны кайра пайдалануу максаттарында, кишинин алдын ала өзгөртүүлөрүсүз автоматташтырылган иштеп чыгууга жол берилген, машина менен окуу форматында жеткиликтүү санарип дайындар ачык дайындар болуп саналат. 

56-берене. Санарип жазмаларды таратуу жана аларга карата жеткиликтүүлүк 

1. Санарип жазмаларды таратуу алардын ээсинин же санарип ресурстун ээсинин демилгеси боюнча жүзөгө ашырылат. Санарип жазмаларга карата жеткиликтүүлүк пайдалануучунун демилгеси боюнча жүзөгө ашырылат. 

2. Санарип жазмаларды таратуу Кодексте белгиленген талаптарды сактоодо эркин жүзөгө ашырылат. Санарип жазмаларга жеткиликтүүлүк тиешелүү санарип жазмаларынын ээси же санарип ресурсунун ээси тарабынан аныкталган шарттарда жүзөгө ашырылат. 

3. Таратылуучу же жеткиликтүүлүк жүзөгө ашырылуучу санарип жазмалардын метадайындары, өзүнө алардын ээси тууралуу мындай жакты идентификациялоо үчүн же аны менен санарип чөйрөдө байланышуу үчүн жетиштүү формадагы жана көлөмдөгү маалыматтары камтышы керек. 

4. Эгерде мыйзамда башкасы белгиленбесе, санарип жазманы таратуучу жак, пайдалануучуга санарип жазмаларды алуу мүмкүнчүлүнгүнөн баш тартуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү. 

5. Санарип жазмаларды милдеттүү таратуу же аларга карата жеткиликтүүлүк учурлары жана шарттары мыйзам менен белгиленет. 

57-берене. Санарип жазмаларды таратууну жана санарип жазмаларга карата жеткиликтүүлүктү чектөөлөр 

1. Санарип жазмаларга карата жеткиликтүүлүк же аларды таратуу, мындай жазмалардын метадайындарына ылайык, мыйзамдын негизинде гана, төмөнкү учурларда эле чектелиши мүмкүн: 

1) эгерде жеткиликтүүлүктү чектөөнүн өзү санарип укуктарды жүзөгө ашыруу болуп саналса; 

2) эгерде санарип жазмалардын матадайындары, алардын мыйзам менен корголуучу сырларга кирерин көрсөтсө; 

3) эгерде санарип жазмаларды таратууга же аларга жеткиликтүүлүккө, мыйзамга ылайык соттун чечими менен тыюу салынса. 

2. Киргизилген чектөөлөр санарип чөйрөдөгү мамилелерди жөнгө салуу принциптерине шайкеш келиши керек. Санарип жазмаларга жеткиликтүүлүккө жана аларды таратууга карата кеаалагандай чектөөлөргө жол берилбейт. 

3. Мыйзамга же жазмалардын ээсинин чечимине ылайык белгиленген жазмаларга карата жеткиликтүүлүктү бузган жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. 

58-берене. Мамлекеттик санарип ресурстарга, тейлемелерге жана экотутумдарга карата жеткиликтүүлүк 

1. Эгерде аларга карата жеткиликтүүлүк мыйзам менен чектелбесе, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттин үлүштүк катышы бар юридикалык жактар, ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланган юридикалык жактар өздөрүнүн санарип ресурстарына, санарип тейлемелерине жана санарип экотутумдарга карата жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга милдеттүү. Мындай объекттерге карата жеткиликтүүлүк алууну каалган жак, аны алуунун зарылдыгын негиздемелөөгө милдеттүү эмес. 

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн санарип ресурстарга, санарип тейлемелерге жана санарип экотутумдарга карата жеткиликтүүлүк, эгерде мыйзапмда башкача белгиленбесе, пайдалануучуларга акысыз бкерилет. 

59-берене. Санарип туруктуулук 

1. Кыргыз Республикасы санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин объектеринин баалуулугун, санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъектеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын тааныйт жана аларды укуктук коргоону камсыз кылат. 

2. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъектери Кодексте белгиленген учурларда – санарип туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чараларды кабалы алууга милдеттүү. 

3. Санарип туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чаралар төмөнкүлөргө багытталган: 

1) санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин объектеринин бүтүндүгүн жана жеткиликтүүлүгүн, иштелип чыгылган санарип дайындардын купуялуулугун камсыз кылууга; 

2) тобокелдиктерди башкаруу тутумунун негизинде санарип чөйрөдөгү тобокелдиктерди башкарууга; 

3) санарип чөйрөдөгү инциденттердин мониторингине жана алар жөнүндө дайындарды алмашууга; 

4) санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъектеринин ишинин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу үчүн зарыл ресурстарды башкарууга. 

4. Санарип туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чаралар, санарип туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чараларды колдонуу жөнүндө дайындардын топтолушуна жана талдоосуна жараша кайра каралып турушу керек. 

5. Санарип туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чаралардын курамы, эгерде Кодексте башкасы белгиленбесе, тийиштүү объектердин ээлери (берүүчүлөрү) тарабынан өз алдынча аныкталат. Кыйчалыш объектерди (кыйчалыш инфратүзүмдөрдүн объектерин) пайдалануу менен, санарип тейлемелерди берүүдө санарип туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чаралардын курамы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кыйчалыш объектерди категориялаштыруу жөнүндө токтомуна ылайык, кыйчалыш объектин категорясын эсепке алуу менен аныкталат. Кыйчалыш объектин категориясы, эгерде кыйчалыш объекти пайдалануу менен санарип тейлемени берүүдө кыйчалыш объектин иштешине таасирин тийгизбесе, санарип туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чараларды аныктоодо эске алынбайт. 

6. Санарип туруктуулук, анын ичинде санарип чөйрөдөгү инциденттерден толук коргоонун иш жүзүндө мүмкүн эмсетигин эске алганда, мамлекеттик жөнгө салуунун артыкчылыктуу иши болуп саналат. 

7. Санарип туруктуулукту камсыз кылуу боюнча зарыл чаралар жөнүндө чечимдерди кабыл алууда, төмөнкү факторлор көңүлгө алынат: 

1) илимдин жана техниканын өнүгүү деңгээли; 

2) тийиштүү объектерди түзүүгө жана пайдаланууга катышуучу адамдардын илим-билимдеринин жана көндүмдөрүнүн деңгээли; 

3) санарип дайындарды иштеп чыгуунун, санарип тейлемелерди берүүнүн же санарип технологиялык тутумдарды эксплуатациялоонун мүнөзү, көлөмү жана максаттары; 

4) санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин объектеринин тийиштүү объекти долбоорлдоо этабынан баштап бүтүндөй иштөө түрмөгү; 

5) тийиштүү объектин ээлери, пайдалануучулары же керектөөчүлөрү болуп саналган санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъектеринин укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары. 

60-берене. Санарип чөйрөдөгү тобокелдиктерди башкаруу тутуму 

1. Санарип чөйрөдөгү тобокелдиктерди башкаруу тутуму, ал жайылтылуучу санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин ар бир объекти үчүн төмөнкүлөрдү аныктоосу тийиш: 

1) терс кесепеттердин мүмкүнчүлүгүн жана масштабын баалоону камтыган тобокелдиктердин тизмегин; 

2) тобокелдиктерди башкаруу боюнча, башкача айтканда ар бир табылган тобокелдикке карата терс кесепеттердин мүмкүнчүлүгүн жана масштабын төмөндөтүү боюнча чараларды; 

3) тобокелдиктерди башкаруунун иштеп жаткан тутумунун натыйжалуулугун баалоонун жана аны ишке ашыруу жөнүндө жыйналган дайындардын негизинде ага өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартибин. 

2. Тобокелдиктерди башкаруу тутуму санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин объектинин ээси (берүүчүсү) тарабынан, жалпы таанылган дүйнөлүк практиканы эске алуу менен, ал өз алдынча аныктаган усулдук боюнча иштеп чыгылат жана ишке ашырылат. 

3. Кыйчалыш объектердин ээлери (берүүчүлөрү) аларды жарандык жүгүртүмгө же эксплуатациялоого киргизгенге чейин жана зарыл болгондо, тобокелдиктерди башкаруу боюнча кыйла туура келүүчү чараларды аныктоо үчүн сыноолорду кайталап жүргүзүүгө милдеттүү. Сыноолор, эгерде алардын натыйжалары боюнча кыйчалыш объект арналышы боюнча пайдаланылышы мүмкүн болсо жана ага карата коюлуучу талаптарга шайкеш келсе, ийгиликтүү деп таанылат. 

4. Кыйчалыш объектердин ээлери (берүүчүлөрү) тобокелдиктерди башкаруу тутумун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон нускамаларды иштеп чыгууга жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча чараларды ишке ашыруу үчүн жоопкерчиликтүү бардык жактардын нускамалардын жоболорун билүүлөрүн жана аткарууларын камсыз кылууга милдеттүү. 

5. Тобокелдиктерди башкаруу тутуму, аларды киргизүү усулдугу жана жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарын сыноолордун натыйжалары жөнүндө бардык дайындар санарип жазмалар түрүндө берилиши керек. Мыйзам менен мамлекеттик жашыруун сырларга киргизилбеген бөлүгүндө, мындай маалыматтар жалпы жеткиликтүүлүктөгү санарип дайындарга кирет жана кыйчалыш объектин ээсинин (берүүчүсүнүн) сайтына жарыяланышы керек.  

61-берене. Инциденттердин мониторинги жана алар жөнүндө дайындарды алмашуу 

1. Санарип чөйрөдөгү инциденттердин мониторинги өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: 

1) санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин объектеринин абалын көзөмөлдөөнү; 

2) санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин объектерине карата жеткиликтүүлүккө ээ жактардын иш-аракеттерин эсепке алууну; 

3) санарип чөйрөдөгү инциденттерди өз убагында табууну; 

4) санарип чөйрөдөгү инциденттер тууралуу санарип жазмаларды жүргүзүүнү жана алардын бүтүндүгүн камсыз кылууну. 

2. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъектери жана алардын бирикмелери санарип чөйрөдөгү инциденттер тууралуу дайындарды алмашуу борборлорун түзүүгө укуктуу. Санарип чөйрөдөгү инциденттер тууралуу дайындарды алмашуу борборлору төмөнкү иш-милдеттерди жүзөгө ашырышат: 

1) санарип чөйрөдө болуп өткөн инциденттер жөнүндө дайындарды топтошот; 

2) санарип чөйрөдөгү инциденттерди классификациялоону жана талдоону жүзөгө ашырышат; 

3) иштеп чыгышат жана зарыл болгондо санарип чөйрөдөгү инциденттерди жоюу боюнча чараларды колдонушат. 

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы, инциденттер тууралуу дайындарды алмашуу милдеттүү болуп саналган субъектердин ортосунда санарип чөйрөдөгү инциденттер тууралуу дайындарды алмашуу борборлорун түзөт. 

4. Алмашуу борборлору менен санарип чөйрөдөгү инциденттер тууралуу дайындар менен алмашуучу санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъектери тобокелдиктерди башкаруу боюнча чараларга байланыштуу мындай борборлордун сунушиамаларын суратып алууга укуктуу. 

62-берене. Санарип чөйрөдөгү мамилелердин субъектеринин укуктарын коргоо ыкмалары 

1. Санарип чөйрөдөгү мамилелердин субъектеринин укуктарын коргоо төмөнкү жол менен жүзөгө ашырылат: 

1) санарип туруктуулукту камсыз кылууга багытталган техникалык, уюштуруучулук жана укуктук чараларды пайдалануу; 

2) укук бузууга чейин болгон абалды калыбына келтирүү, жана укук бузуучу же аны бузуу коркунучун келтирген иш-аракеттерди болтурбоо; 

3) пайдалануучуну өзүнүн милдеттерин же ээлик кылуучунун мыйзамдуу талаптарын аткарууга мажбурлоо; 

4) чыгымдардын, анын ичинде санарип жазмаларга карата жеткиликтүүлүккө карата мыйзамдуу белгиленген чектөөлөрдү, ошондой эле маалыматтардын купуялуулугун сактоо жөнүндө жана санарип дайындардын булагын көрсөтүү тууралуу талаптарды бузуу менен келтирилгендердин ордун толтуруу; 

5) моралдык зыянды компенсациялоо;

6) мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мыйзамга карама-каршы актысын сот тарабынан колдонбоо; 

7) Кодексте каралган башка ыкмалар менен.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4 жана 5-пункттарында каралган чаралар төмөнкүлөрдө турган санарип тейлемелерди берүүчүлөргө карата колдонулбайт: 

1) башка жак тарабынан берилген санарип дайындарды, аларды өзгөртүүсүз жана оңдоосуз берген шартта; 

2) бул берүүчү иштелип жаткан маалыматтын мыйзамсыздыгы жөнүндө билбегенде, санарип дайындарды сактоодо жана аларга карата жеткиликтүүлүктү камсыз кылган шартта. 

63-берене. Санарип чөйрөдөгү талаш-тартыштарды кароо 

1. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекттеринин укуктарын бузуучу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимине жана аракеттерине (аракетсиздигине) жогору турган органга же сотко даттанылышы мүмкүн. 

2. Санарип коомдоштуктардын эрежелерин бузуу менен байланышкан талаш-тартыштар, санарип коомдоштуктардын эрежелери боюнча каралат, аларда төмөнкүлөр каралышы керек: 

1) талаш-тартыш тийиштүү жактардын бардыгын кабарландыруу милдети, анан аларга жана талаш-тартыштын маани-маңызына тийиштүү бардык санарип жазмаларга жеткиликтүүлүк берүү милдети; 

2) талаш-тартыш тийиштүү кандай болбосун жакка, ага коюлган дооматтардын маңызына карата өзүнүн каршы пикирин айтуу же башка жолдор менен өз жүйөлөрүн келтирүү жана талаш-тартыштын маңызына байланыштуу далилдерди берүү мүмкүнчүлүгү; 

3) талаш-тартышты маңызы боюнча, талаш-тартыштын тигиндей же мындай жыйынтыгына кызыкдар болбогон жактын (көз карандысыз арбитр) кароосу, же болбосо эгерде санарип коомдоштуктардын эрежелеринде башкасы каралбаса, талаш-тартыш боюнча чечимди санарип коомдоштуктун бардык катышуучуларынын добуш берүү жолу менен кабыл алуусу. 

3. Санарип коомдоштуктун алкагында, бул санарип коомдоштуктун эрежелерине ылайык чыгарылган чечим санарип коомдоштуктун бардык катышуучулары үчүн милдеттүү. Санарип экотутумдун катышуучуларынын коомдоштугу чечимдерди аткарууну санарип экотутумдун базасында камсыз кылат. 

64-берене. Санарип чөйрөдөгү укук бузуу үчүн жоопкерчилик 

1. Санарип чөйрөдө укук бузууларды жасоо колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке алып келет. Кодекстин айрым главаларында санарип чөйрөдөгү ишмердиктин тиешелүү чөйрөлөрүндөгү укук бузуулар үчүн жоопкерчиликтин өзгөчөлүктөрү белгиленет. 

2. Эгерде санарип чөйрөдөгү мамилелердин объекттерине карата жеткиликтүүлүктөн укук ченемсиз баш тартуунун, жеткиликтүүлүктү өз убагында бербөөнүн, алдын ала билип туруп толук эмес, анык эмес же актуалдуу эмес санарип жазмаларды берүүнүн натыйжасында, Кодексте же келишимде белгиленген санарип тейлемелердин жана санарип технологиялык тутумдардын жеткиликтүүлүгү жана ишенимдүүлүгү боюнча талаптар бузулган, санарип укуктарын бузуудан чыгымдар келтирилген учурда, мындай чыгымдардын орду жарандык мыйзамдарга ылайык толтурулуусу тийиш. 

3. Жеке жакка ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бузуулар менен келтирилген моралдык зыяндын ордун толтуруу, мүлктүк зыяндын жана тарткан чыгымдардын орду толтурулганына көз карандысыз жүзөгө ашырылат.

 

ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮК 

3-бөлүм. Санарип дайындарды иштеп чыгуу. Санарип ресурстар

10-глава. Санарип дайындарды иштеп чыгуу тууралуу жалпы жоболор

 

65-берене. Санарип дайындарды иштеп чыгууну жөнгө салуунун укуктук негиздери 

1. Кыргыз Республикасында санарип дайындарды иштеп чыгуу боюнча мамилелерди жөнгө салуунун тармактык принциптери төмөнкүлөр болуп саналат: 

1) иштеп чыгуучу санарип дайындардын курамын, аларды иштеп чыгуунун максаттарын жана ыкмаларын жана дайындар принципалдарынын өздөрүнүн дайындарына карата жеткиликтүүлүк укуктарын, ал эми Кодексте белгиленген учурларда, дайындарды иштеп чыгууга жана алып салууга каршы укуктарын өз каалоосу боюнча аныктоочу жазмалардын ээлеринин укуктарын айкалыштырууга негизделген иштеп чыгууга катышуунун ыктыярдуулугу (катышуунун ыйтыярдуулугу принциби); 

2) алардын иштеп чыгуучу санарип дайындардын көлөмдөрүн аныктоодо жана алардын дайындарды иштеп чыгуунун максаттарын жана ыкмаларын тандоодо, санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекттеринин ак нитеттүүлүгү (ак ниеттүүлүк принциби); 

3) белгилүү максаттар үчүн түзүлгөн санарип дайындарды иштеп чыгуу, башка максаттарда иштеп чыгуунун жаңы максаттарынын адепки иштеп чыгуунун максаттары менен сыйышуусунун шарттарында иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү (кайталап пайдалануу принциби); 

4) санарип дайындарды ар кыл булактардан пайдалануу жана дайындардын принципалынын каалоосу боюнча, жалпы таанылган эл аралык практикага шайкеш келген дайындардын форматтарын жана жазмалардын форматтарын пайдалануудан улам жазмалардын ээлеринин ортосунан санарип жазмаларды ташуу мүмкүнчүлүгү (сыйышуучулук жана ташылуучулук принциби). 

2. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин айрым түрлөрүндө санарип дайындарды иштеп чыгуу боюнча мамилелерди жөнгө салуу, Кодекстин тиешелүү главаларында белгиленген кошумча талаптарды жана чектөөлөрдү эске алуу менен, ушул главанын эрежелери боюнча жүзөгө ашырылат. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин бардык түрлөрүнүн субъектери ушул главада каралган бардык укуктардан пайдаланышат жана алар менен байланыштуу милдеттерди алып жүрүшөт. 

66-берене. Чоң дайындар технологияларын жана интернет буюмдарын пайдалануу менен санарип дайындарды иштеп чыгуу 

1. Кыргыз Республикасында мындай дайындардын (чоң дайындар технологиялары) ортосундагы байланышты талдоо максатында, өз ара байланышпаган жана дайым жаңыланып туруучу көп сандагы санарип дайындарды иштеп чыгууну талаптаган технологияларды пайдаланууга, Кодексте белгиленген принциптерди жана дайындар принципалдарынын укуктарын сакталган шартта гана жол берилет. 

2. Санарип түзүлмөлөр кишинин катышуусу жок (интернет буюмдарынын түзүлмөлөрү) автоматтык режимде түзгөн санарип жазмаларга санарип укук, эгерде түзүлмөнүн ээсинин санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин башка субъекттери менен макулдашуусунда башкача белгиленбесе, ушундай санарип түзүлмөлөрдүн ээлерине таандык. 

3. Чоң дайындар технологиясын жана интернет буюмдарын колдонуучу жактар, мындай технологияларды пайдаланууда жазмалардын форматтарын тандоодо жалпы таанылган эл аралык практиканы эске алышууга милдеттүү. 

67-берене. Ак ниет эмес иштеп чыгууга тыюу салуу 

1. Санарип дайындарды ак ниеттүү эмес иштеп чыгууга жол берилбейт. 

2. Санарип дайындарды иштеп чыгуу ак ниеттүү эмес иштеп чыгуу болуп саналат, эгерде: 

1) алардын негизинде кабыл алынган чечимдер дайындардын принципалы үчүн мыйзамсыз же адилетсиз болуп калуучу толук эмес, так эмес жана (же) актуалдуу эмес санарип дайындарды иштеп чыгуу жүзөгө ашырылса; 

2) иденттүүлүккө укукту бузган жана (же) жыныс, раса, тил, майыптуулук, этностук таандыктык, дин тутуу, жаш-курактык, саясий жана башка ынанымдар, билим, теги, мүлктүк жана башка абалдарынын критерийлери боюнча дайындардын принципалдарын тең эмес абалга коюучу санарип дайындарды иштеп чыгуу жүзөгө ашырылса; 

3) санарип дайындарды иштеп чыгуу өз ыктыярдуулук принцибин бузса жана алып айтканда, алар менен келишим түзүүдө же санарип тейлемеге карата жеткиликтүүлүктү берүүдө принципал жөнүндө дайындарды ашыкча иштеп чыгууга алып келсе; 

4) пайдалануучу үчүн иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү мындай жеткиликтүүлүктүн максаттары жана милдеттери менен байланышпаган иш-аракеттер менен шартталса, анын ичинде кызмат көрсөтүүлөр же дайындарды иштеп чыгуунун көрсөткүчтөрү таңууланган учурда; 

5) дайындардын принципалдары жана (же) пайдалануучулар мындай иштеп чыгуу башталганга чейин, аны жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон иштеп чыгуу жана иш аракеттер тууралуу толук, ишенимдүү жана актуалдуу маалыматтарга ээ болушпаса. 

3. Чарбакер субъекттердин санарип дайындарды ак ниет эмес иштеп чыгуулары атаандаштыктын ак ниет эмес формасы болуп саналат жана атаандаштыкты коргоо жөнүндө мыйзамдар боюнча жоопкерчиликке алып келет. 

68-берене. Санарип коомдоштуктарда санарип дайындарды иштеп чыгуу 

1. Санарип коомдоштуктарда санарип дайындарды иштеп чыгуу санарип коомдоштуктун эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат. 

2. Санарип коомдоштукта санарип дайындарды иштеп чыгууну уюмштуруу максатында, санарип жазмалардын иштеп чыгуучусу аныкталышы мүмкүн. Эгерде санарип коомдоштук колдонуудагы мыйзамдарга ылайык юридикалык жактын статусуна ээ кылынбаса, иштеп чыгуучунун иштери Кодексте каралган жоболорду камтыган жана санарип коомдоштуктун бардык катышуучулары үчүн жеткиликтүү коомдоштуктун укуктук актысы менен жөнгө салынат. Мындай укуктук актыны бекитүү тартиби жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби санарип коомдоштуктун эрежелери менен аныкталат. 

69-берене. Иштеп чыгуу тууралуу маалымат жана дайындарга карата жеткиликтүүлүк 

1. Дайындардын принципалы жазмалардын ээсинен өзү жөнүндө төмөнкү маалыматтарды (мындан ары – иштеп чыгуу тууралуу маалыматтар) алуу укугуна ээ болот: 

1) бул принципалга тийиштүү санарип дайындарды иштеп чыгуу фактысын бышыктоо;

2) санарип дайындарды иштеп чыгуунун укуктук негиздери жана максаттары; 

3) жазмалардын ээсинин аталышы жана жайгашкан орду;

4) орун же санарип дайындарды иштеп чыгуу орду;

5) жекече дайындарды иштеп чыгуу үчүн жооптуунун байланыш маалыматтары (эгерде ал жазмалардын ээси болуп дайындалса); 

6) бул принципалга тийиштүү санарип дайындарга карата жеткиликтүүлүккө ээ же мындай дайындар өткөрүлүп берилүүчү жактар жөнүндө (жазмалардын ээсинин жумушчуларынан тышкары); 

7) бул принципалга тийиштүү санарип дайындарды иштеп чыгуунун мөөнөттөрү же аларды аныктоонун тартиби жөнүндө;

8) дайындардын принципалынын, анын ичинде жекече дайындардын субъекти болуп саналгандын укуктары жөнүндө; 

9) принципалдын ага тийиштүү болгон санарип дайындарды иштеп чыгуудан баш тартуусунун кесепеттери жөнүндө; 

10) алгоритм тууралуу, жана дайындардын принципалы үчүн чечимдердин маанилүүлүгү жана болжолдуу кесепеттери жөнүндө маалыматтарды кошуп алганда, санарип дайындардын негизинде кабыл алынган чечимдерди автоматтык түрдө кабыл алуу жөнүндө. 

2. Иштеп чыгуу жөнүндө маалыматтар төмөнкү учурларда жана төмөнкү мөөнөттөрдө жазмалардын ээси тарабынан дайындардын принципалына берилиши керек: 

1) жекече дайындардын субъектинен жекече дайындарды жыйноодо –жекече дайындарды алган учурга чейин; 

2) санарип дайындарды башка булактардан алганда – жазмалардын ээси дайындарды алган күндөн тартып жети жумушчу күндүн ичинде; 

3) иштеп чыгуу тууралуу маалыматтарды берүү жөнүндө дайындардын принципалынын суроо-талабын алганда – суроо-талапты алган күндөн тартып жети жумушчу күндүн ичинде. 

3. Иштеп чыгуу тууралуу маалымат жазмалардын ээси тарабынан дайындар принципалына жеткиликтүү формада берилиши керек. Иштеп чыгуу тууралуу маалымат, дайындар принципалынын мындай дайындарга жеткиликтүүлүгү үчүн негиздер болгон учурларды кошпогондо, башка жактардын жекече дайындарын камтышы мүмкүн эмес. 

4. Дайындар принципалы жазмалардын ээси тарабынан иштеп чыгылып жаткан, өзүнө тийиштүү бардык санарип дайындарга карата жеткиликтүүлүк сурап алуу укугуна ээ, ал эми жазмалардын ээси дайындар принципалынан суроо-талап алган күндөн тартып жети жумушчу күндүн ичинде мындай жеткиликтүүлүктү берүүгө милдеттүү. Жазмалардын ээсинин тандоосу боюнча, көрсөтүлгөн мөөнөттө, дайындар принципалына санарип жазмаларга жеткиликтүүлүк берүүнүн ордуна, ага тийиштүү бардык санарип жазмалардын көчүрмөлөрү берилиши мүмкүн. 

5. Жазмаларды ээси, эгерде алар дайындардын принципалында бар экенин далилдей алса, дайындардын принципалына иштеп чыгуу тууралуу же ага тийиштүү санарип жазмаларга жеткиликтүүлүк берүүгө милдеттүү эмес. 

70-берене. Дайындар принципалынын укуктарын чектөө 

1. Иштеп чыгуу тууралуу маалыматтарды жана өзү жөнүндө дайындарга карата жеткиликтүүлүк алууга дайындар принципалынын укуктарын чектөөлөр төмөнкүлөргө карата мыйзам менен белгиленет: 

1) бул иштер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен жүргүзүлгөн учурларды кошпогондо, ыкчам-издөө, тышкы чалгындоо жана контрчалгындоо иштеринин натыйжасында алынган санарип дайындарга; 

2) иштеп чыгуу кылмыш-жаза процесстик мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылган санарип дайындарга;

3) иштеп чыгуу мамлекеттик жашыруун сырларды коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылган санарип дайындарга. 

2. Дайындар принципалынын ушул берененин 1-бөлүгүндө каралбаган, иштеп чыгуу тууралуу маалыматтарды жана өзү жөнүндө дайындарга карата жеткиликтүүлүк алууга укуктарын чектөөгө жол берилбейт. 

71-берене. Санарип жазмаларды оңдоо жана толуктоо 

1. Жазмалардын ээси санарип жазмаларга оңдоолорду киргизүүгө, жана аларды иштеп чыгуунун максаттарын эске алуу менен, төмөнкү учурларда аларды толуктоого милдеттүү: 

1) дайындар принципалынын ага тийиштүү санарип жазмаларды оңдоо же толуктоо суроо-талабын алган учурда; 

2) санарип жазмаларды оңдоонун же толуктоонун зарылдыгы көрсөтүлүү менен, ыйгарым укуктуу органдын талаптарын алган учурда; 

3) жазмалардын ээси санарип жазмаларынын толук эместигин, анык эместигин, алардын актуалдуулугун жоготконун көрсөткөн жаңы дайындарды алган учурда. 

2. Жазмалардын ээси, эгерде анда камтылган дайындар жазмалардын ээсинин аларды иштеп чыгуу көз карашынан алганда, толук, анык жана актуалдуу болуп саналса, санарип жазмаларга оңдоолорду жана толуктоолорду киргизбей коюуга укуктуу. 

3. Жазмалардын ээси дайындар принципалынын суроо-талабын алган же башка негиздер боюнча дайындарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген күндөн тартып, жети жумушчу күндүн ичинде дайындар принципалына ага тийиштүү санарип жазмаларга оңдоолор жана толуктоолор тууралуу маалыматтарды көрсөтүүгө милдеттүү. 

72-берене. Санарип жазмаларды которуу 

1. Санарип жазмалардын ээси дайындар принципалынын ага тийиштүү жазмаларды башка ээлик кылуучуга которуу жөнүндө талабын алган учурда, төмөнкү иш-аракеттердин бирин жасоого милдеттүү: 

1) мындай санарип жазмаларды талапта көрсөтүлгөн жаңы ээлик кылуучуга өткөрүп берүүгө; 

2) дайындар принципалына ага тийиштүү санарип жазмаларды аларды жаңы ээлик кылуучуга ташууга жол берүүчү форматта өткөрүп берүүгө. 

2. Жазмалардын ээси өткөрүп берүү үчүн форматты тандоодо, санарип жазмалардын сунуштамаланган калыптарын, жаңы ээлик кылуучу пайдаланган форматтар жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле аларды которуу үчүн пайдаланылуучу дайындардын форматы жөнүндө дайындар ээсине жеткиликтүү форматтар жөнүндө, анын ичинде дайындар принципалынын суроо-талабында көрсөтүлгөн маалыматтарды эске алуусу тийиш. 

3. Жазмаларды башка ээлик кылуучуга которуу жөнүндө суроо-талап дайындардын принципалы менен келишимдин негизинде жана дайындар принципалынын ага тийиштүү дайындарды иштеп чыгууга макулдугунун негизинде иштеп чыгылуучу жазмаларга гана тийиштүү болушу мүмкүн. 

4. Улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчү санарип жазмалардын жана алардын метадайындарынын сунуштамаланган форматтарын, санарип жазылмалардын которулуучулугун камсыз кылууга багытталган, сунуштамаланган техникалык жана (же) уюштуруучулук чечимдерди иштеп чыгат жана өзүнүн сайтына жарыялайт. 

73-берене. Санарип жазмаларды жайгаштыруу

1. Санарип жазмалардын ээси, санарип жазмаларды иштеп чыгуу орду же санарип ресурстун жайгашчу орду мыйзамда түздөн-түз каралган учурларды кошпогондо, өз тандоосу боюнча аларды иштеп чыгуу ордун аныктайт. 

2. Мамлекеттик жашыруун сырларга тийиштүү санарип жазмаларды иштеп чыгуу орду, мамлекеттик жашыруун сырлар жөнүндө мыйзамдарга ылайык аныкталат.

 

11-глава. Жекече дайындарды иштеп чыгуу

74-берене. Жекече дайындарды иштеп чыгууну укуктук жөнгө салуу 

1. Кодекс жекече дайындарды иштеп чыгуу боюнча кандай болбосун мамилелерге карата, анын ичинде санарип жазмалардын жана санарип ресурстардын курамында колдонулат. Жекече дайын болуп саналбаган жекече мүнөздөгү маалыматтар, Кодекстин жоболоруна, Кодексте белгиленген өзгөчөлүктөргө ылайык иштеп чыгылат. 

2. Кодекс анын жеке же үй-бүлөлүк иштерине байланыштуу гана, жеке адам тарабынан жекече дайындарды иштеп чыгуу боюнча мамилелерге карата колдонулбайт. 

75-берене. Жекече дайындарды иштеп чыгуунун тармактык принциптери 

1. Жекече дайындар мыйзамдуу негиздерде, жекече дайындардын субъектине карата адилеттүү жана ачык-айкын ыңгайда иштеп чыгылышы керек. 

2. Жекече дайындарды иштеп чыгуу конкреттүү, күн мурунтан аныкталган жана мыйзамдуу максаттарга жетишүү менен чектелиши керек. Жазмарадын ээсинин, мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, субъекттин макулдугусуз, жекече дайындарды иштеп чыгуу максаттарын өзгөртүүсүнө же кеңейтүүсүнө жол берилбейт. 

3. Иштеп чыгылып жаткан жекече дайындардын мазмуну жана көлөмү иштеп чыгуунун билдирилген максаттарына шайкеш келиши керек. Иштеп чыгылып жаткан жекече дайындар, аларды иштеп чыгуунун билдирилген максаттарына карата ашыкча болбоосу тийиш. 

4. Жекече дайындарды иштеп чыгууда, жекече дайындардын тактыгы, алардын жетиштүүлүгү, ал эми зарыл учурларда жекече дайындарды иштеп чыгуунун максаттарына карата актуалдуулугу камсыз кылынышы керек. Жазмалардын ээси толук эмес же так эмес жекече дайындарды алып салуу же жок кылуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүшү керек. 

5. Жекече дайындарды сактоо, муну жекече дайындарды иштеп чыгуунун максаттары талап кылгандан ашыкча эмес, жекече дайындардын субъекттин аныктоого мүмкүнчүлүк берүүчү формада жүзөгө ашырылышы керек, эгерде жекече дайындарды сактоонун мөөнөтү мыйзам менен же субъект үчүн милдеттүү келишим менен белгиленбесе. Иштеп чыгылган жекече дайындар, иштеп чыгуунун максаттарына жетишилгенден кийин же бул максаттарга жетишүүнүн зарылдыгы болбой калганда, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, жок кылынууга же болбосо ээсиздендирилүүгө тийиш. 

6. Жекече дайындарды иштеп чыгуу коркунучсуз ыңгайда, башкача айтканда жекече дайындарды мыйзамга каршы иштеп чыгууну, аларды кокусунан же атайылап жок кылууну же өзгөртүүнү болтурбоочу уюштуруучулук жана техникалык чараларды милдеттүү кабыл алуу менен жүзөгө ашырылуусу тийиш. 

7. Жазмалардын ээси ушул беренеде каралган принциптердин сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат жана алардын аткарылышын бышыктоого жөндөмдүү болушу керек. 

76-берене. Жекече дайындары иштеп чыгуунун негиздери

1. Жекече дайындарды иштеп чыгууга иштеп чыгуунун төмөнкү негиздеринин эч болбогондо бири болгондо жол берилет: 

1) иштеп чыгуу жекече дайындардын субъекти келишим боюнча тарап, өкүл же тараптын атынан аракеттенүүчү башка жак, же пайда алуучу, же болбосо келишим түзүлгөнгө чейин субъектин талабы боюнча чараларды кабыл алуучу болуп саналган, келишимди түзүү же аткаруу үчүн зарыл болсо; 

2) иштеп чыгуу жазмалардын ээси мыйзамда, же алага ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда, анын ичинде улуттук санарип экотутумдун эрежелеринде белгиленген милдеттерди (ыйгарым укуктарды) аткаруу үчүн зарыл болсо; 

3) иштеп чыгуу жекече дайындар субъектинин же болбосо башка жеке жактын турмуштук маанилүү кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл болсо; 

4) иштеп чыгуу жазмалардын ээсинин коомдук кызыкчылыктарды, милдеттерди же жазмалардын ээсине берилген тапшырмаларды ишке ашыруу үчүн зарыл болсо;

5) иштеп чыгуу жазмалардын ээсинин же үчунчү жактын кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн зарыл болсо, жана мында жекече дайындардын субъектинин мыйзамдуу кызыкчылыктары, укуктары жана эркиндиктери бузулбаса. 

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган негиздер болбогондо, жекече дайындардын субъектинин макулдугун алган шартта гана жана жекече дайындардын субъектинин макулдугу алынган иштеп чыгуунун максаттары үчүн гана иштеп чыгууга жол берилет. 

3. Макулдук жараксыз, эгерде ал төмөнкүдөй суроо-талаптарга жооп катары алынса: 

1) субъектке карата башка суроо-талаптардан бөлүнүп берилбесе, алып айтканда, бул суроо-талап макулдукка суроо-талап болуп саналары тикелей көрсөтүлбөсө; 

2) субъектке түшүнүксүз жана жеткиликсиз болсо, татаал тил менен баяндалса; 

3) субъектке макулдук суралган максаттарда жекече дайындарды иштеп чыгуунун башка негиздери болгондо жиберилсе. 

4. Жекече дайындарды иштеп чыгууга макулдук ыктыярдуу, конкреттүү, маалыматтуу жана аң-сезимдүү болушу керек. Жекече дайындарды иштеп чыгууга макулдук, жекече дайындардын субъекти же эгерде мыйзамдарда башкача белгиленбесе, анын өкүлү тарабынан, анын алынганын бышыктоого мүмкүндүк түзүүчү кандай болбосун формада берилиши мүмкүн. 

5. Жекече дайындардын субъекти аракетке жөндөмсүз болгон учурда, анын жекече дайындарын иштеп чыгуу макулдукту жекече дайындардын субъектинин мыйзамдуу өкүлү берет. Жекече дайындардын субъекти өлгөн учурда, анын жекече дайындарын иштеп чыгуу макулдукту жекече дайындардын субъектинин мурасчылары беришет. 

6. Жекече дайындарды иштеп чыгууга макулдук жекече дайындардын субъекти же анын өкүлү тарабынан чакырып алынышы мумкүн. Чакырып алуу жолжобосу макулдук берүү жолжобосуна караганда, бир кыйла түйшүктүү болбошу керек. 

77-берене. Жекече дайындардын атайын категорияларын иштеп чыгуу 

1. Расалык же этностук текти, саясий көз караштарды, диний же философиялык ой-пикирди, же болбосо кесиптик бирликке мүчөлүктү ачып көрсөтүүчү жекече дайындарды иштеп чыгуу, ошондой эле жеке адамды идентификациялоо үчүн генетикалык маалыматты же биометрикалык дайындарды камтыган, жеке адамдын ден соолугуна, жыныстык жашоосуна же сексуалдык багытталмасына тийиштүү дайындарды иштеп чыгууга тыюу салынган. 

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жекече дайындарды иштеп чыгууга тыюу салуу, төмөнкү саналган учурларда колдонулбайт, эгерде мында дайындарды ак ниет эмес иштеп чыгуудан коргоо чаралары мыйзамда бекемделсе, жана жекече дайындардын субъектине зыян келтирүүнү болтурбоо чаралары колдонулса: 

1) иштеп чыгуу мындай жекече дайындарды иштеп чыгуунун зарылдыгын тикелей каралган, жана аларды иштеп чыгуунун максаттарын аныктоочу Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде жүзөгө ашырылса; 

2) иштеп чыгуу жекече дайындардын субъектинин же башка жеке жактын же жактардын тобунун турмуштук кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл болуп саналса; 

3) дайындардын субъекти ачык эле жалпыга жеткиликтүү кылып койгон жекече жазмаларды иштеп чыгуу жүзөгө ашырылып жатса; 

4) иштеп чыгуу медициналык-профилактикалык максаттарда, медициналык дартты аныктоо, жекече дайындарды иштеп чыгуу медициналык иш менен кесипкөй алектенген жана мыйзамдарга ылайык дарыгерликтин сырларын сактоого милдеттүү адам тарабынан жүзөгө ашырылган шартта, медициналык жана медициналык-социалдык кызматтарды көрсөтүү максаттарында жүзөгө ашырылып жатса; 

5) иштеп чыгуу коомдук саламаттыкты сактоо жаатындагы олуттуу кызыкчылыктарды коргоо үчүн, анын ичинде мониторинг жана өмүр үчүн коркунучтуу эпидемиядан жана анын таралышынан коргоо, же гуманитардык жардам максаттарында жүзөгө ашырылып жатса; 

6) коомдук бирикменин же диний уюмдун мүчөлөрүнүн (катышуучуларынын) жекече жазмаларын иштеп чыгуу, мыйзамдарга ылайык аракеттенүүчү, алардын уюмдаштыруучу документтеринде каралган мыйзамдуу максаттарга жетишүү үчүн, тиешелүү коомдук бирикме же диний уюм тарабынан жүзөгө ашырылса; 

7) иштеп чыгуу сот адилеттигин, анын ичинде бейтарап өндүрүштүн алкактарында жүзөгө ашырууга байланыштуу зарыл болсо; 

8) иштеп чыгуу улуттук коопсуздукту коргоо, коргонуу, коомдук коопсуздукту коргоо, же кылмыш-жаза кылмыштарын болтурбоо, териштирүү жана соттук куугунтуктоо жана кылмыш-жаза жазаларын аткаруу үчүн жүзөгө ашырылып жатса; 

9) иштеп чыгуу жекече жазмалар ээсиздендирилген шарттарда, илимий, статистикалык же башка изилдөөчүлүк максаттарда жүзөгө ашырылып жатса. 

78-берене. Балдардын жекече дайындарын иштеп чыгуунун өзгөчөлүктөрү 

1. Балдардын жекече дайындарын иштеп чыгууга ушул берененин 2-бөлүгүндө саналган учурларда гана жана төмөнкү шарттарда гана жол берилет: 

1) иштеп чыгуу баланын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырылса; 

2) иштеп чыгууга карата балдардын мыйзамда белгиленген негизги укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун кепилдиктери колдонулса. 

2. Балдардын жекече дайындарын иштеп чыгууга төмөнкү учурларда гана жол берилет, эгерде: 

1) иштеп чыгуу балдардын жекече дайындарын иштеп чыгуунун зарылдыгы тикелей каралган жана аларды иштеп чыгуунун максаттары аныкталган Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде жүзөгө ашырылып жатса; 

2) иштеп чыгуу баланын (жекече дайындардын субъектинин) же башка жеке жактын же жактардын тобунун турмуштук кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл болуп саналса; 

3) иштеп чыгуу медициналык-профилактикалык максаттарда, медициналык дартты аныктоо, жекече дайындарды иштеп чыгуу медициналык иш менен кесипкөй алектенген жана мыйзамдарга ылайык дарыгерликтин сырларын сактоого милдеттүү адам тарабынан жүзөгө ашырылган шартта, медициналык жана медициналык-социалдык кызматтарды көрсөтүү максаттарында жүзөгө ашырылып жатса; 

4) иштеп чыгуу коомдук саламаттыкты сактоо жаатындагы олуттуу кызыкчылыктарды коргоо үчүн, мисалы, мониторинг жана өмүр үчүн коркунучтуу эпидемиядан жана анын таралышынан коргоо, же гуманитардык жардам максаттарында жүзөгө ашырылып жатса; 

5) иштеп чыгуу сот адилеттигин, анын ичинде бейтарап өндүрүштүн алкактарында жүзөгө ашырууга байланыштуу зарыл болсо; 

6) иштеп чыгуу улуттук коопсуздукту коргоо, коргонуу, коомдук коопсуздукту коргоо, же кылмыш-жаза кылмыштарын болтурбоо, териштирүү жана соттук куугунтуктоо жана кылмыш-жаза жазаларын аткаруу үчүн жүзөгө ашырылып жатса; 

7) иштеп чыгуу түздөн-түз балага сунушталган профилактикалык же консультациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн жүзөгө ашырылып жатса. 

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган негиздер болбогондо, баланын жекече дайындарын иштеп чыгууга, баланын жекече дайындарын иштеп чыгууга баланын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу алынган шартта гана жана иштеп чыгуунун макулдук алынган максаттары үчүн жол берилет. Он төрт жашка чыккан балдар, аладын жаш-курактык кыцзыкчылыктарына шайкеш максаттарда, өздөрүнүн жекече дайындарын иштеп чыгууга өз алдыларынча макулдук берүүгө укуктуу. 

4. Балдардын жекече дайындарын иштеп чыгууга макулдук берүүгө суроо-талап жана балдардын жекече дайындарын иштеп чыгуу менен байланышкан кандай болбосун маалыматтар, бала түшүнө алгыдай, так жана жөнөкөй тил менен баяндалышы керек. 

5. Дайындардын ээлери балдардын жекече дайындарын мыйзамсыз иштеп чыгууну болтурбоо үчүн бардык зарыл чараларды кабыл алууга милдеттүү. 

79-берене. Жекече жазмаларды алып салуу 

1. Жазмалардын ээси, анын ичинде жекече дайындардын субъектинин суроо-талабынын негизинде, төмөнкү негиздердин бири эле болгондо, жекече жазмаларды токтоосуз алып салууга милдеттүү: 

1) жекече жазмалар аларды иштеп чыгуунун максаттары үчүн мындан ары кереги жок болсо; 

2) жекече дайындарды иштеп чыгуу үчүн негиздер иштөөсүн токтотсо (анын ичинде, эгерде жекече дайындардын субъекти өзүнүн макулдугун чакырып алса жана мында иштеп чыгуунун башка негиздери болбосо); 

3) жекече дайындардын субъекти өзү жөнүндө санарип дайындарды бардык ыкмалар менен жана иштеп чыгуу жүзөгө ашырылуучу бардык максаттарда иштеп чыгууга каршы болсо.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурларда, жазмалардын ээси жекече дайындарды алып салбай коюуга жана аларды төмөнкү максаттарда сактоого укуктуу: 

1) өзүнө таандык сөз эркиндиги укугун жүзөгө ашыруу; 

2) илимий, анын ичинде тарыхый же статистикалык изилдөөлөр жана архивдик максаттарда; 

3) дооматтарды жана талаптарды келтирүү, аларды аткаруу же алардан коргонуу. 

80-берене. Иштеп чыгууга каршы болуу 

1. Жекече дайындардын субъекти жазмалардын ээсине өзү жөнүндө жекече дайындарды белгилүү ыкмалар менен же белгилүү максаттарда иштеп чыгууга каршылыгын жөнөтүүгө укуктуу, жана жазмалардын ээси төмөнкү негиздердин бири эле болгондо, жекече дайындарды көрсөтүлгөн ыкмалар менен же көрсөтүлгөн максаттарда иштеп чыгууну токтоосуз токтотууга милдеттүү: 

1) иштеп чыгуу жекече дайындардын субъектине карата автоматтык чечимдерди кабыл алуу максатында жүзөгө ашырылып жатса; 

2) иштеп чыгуу жекече дайындардын субъектине карата адилетсиз болсо, алып айтканда, эгерде ал расалык, улуттук, жыныстык, жаш-курактык, диний, саясий белгилер боюнча басмырлоого алып келсе; 

3) иштеп чыгууга каршылык жекече дайындардын субъекти санарип жазмаларды алуудан баш тартуу укугун жүзөгө ашырууда билдирилсе; 

4) иштеп чыгууга каршылык жекече дайындардын субъекти санарип коомдоштуктан чыгуу укугун жүзөгө ашырууда билдирилсе; 

5) иштеп чыгуу жекече дайындардын субъектинин санарип коомдоштуктун алкагында өзүнүн иденттүүлүгүн аныктоо укугун бузса. 

2. Жазмалардын ээси иштеп чыгууга каршылыкты кароого жана аны алган күндөн тартып жети жумушчу күндүн ичинде жекече дайындардын субъектине жүйөлөнгөн чечим жөнөтүүгө милдеттүү. 

3. Жекече дайындардын субъекти жазмалардын ээсинин чечимине жекече дайындар чөйрөсүндөгү тармактык жөндөөчүгө же сотко даттанууга укуктуу. 

81-берене. Иштеп чыгууну чектөө 

1. Жазмалардын ээси төмөнкү учурларда жекече дайындардын субъектине карата санарип жазмаларды иштеп чыгууну чектөөгө милдеттүү: 

1) иштеп чыгууга каршы пикир алганда – каршы пикирди кароо убактысына; 

2) жекече дайындар чойрөсүндөгү тармактык жөндөөчүдөн иштеп чыгууну чектөө тууралуу талапты алганда – талапта көрсөтүлгөн мөөнөткө; 

3) жекече жазмаларды оңдоо же алып салуу үчүн негиздер келип чыкканда – аларды оңдоого же алып салууга чейин. 

2. Жазмалардын ээси андагы байланыш маалыматтарын пайдалануу менен, жекече дайындардын субъектин жекече жазмаларды иштеп чыгууга чектөөлөр белгиленген же алынган күндөн кийинки бир жумушчу күндөн кечиктирбестен, жекече жазмаларды иштеп чыгууга чектөөлөр белгиленгени же алынганы тууралуу кабарландырууга милдеттүү. 

82-берене. Иштеп чыгуучунун катышуусу 

1. Иштеп чыгуучу жекече жазмаларды иштеп чыгууну, укуктук актыга же алардын ээси менен келишимге ылайык, жекече жазмалардын ээсиндей эле, Кодексте каралган ошондой эле негиздерде жекече жазмаларды иштеп чыгууну жүзөгө ашырат. 

2. Жазмалардын ээси иштеп чыгуучу тарабынан Кодекстин талаптарынын сакталуусун камсыз кылууга милдеттүү. 

3. Иштеп чыгуучу жазмалардын ээсинин алдын ала жазуу жүзүндөгү уруксатысыз башка иштеп чыгуучуну тартууга укуксуз. Иштеп чыгуучу жазмалардын ээсин иштеп чыгуучуну тартууга же алмаштырууга тийиштүү кандай болбосун өзгөрүүлөр жөнүндө беш жумушчу күн калгандан кечиктирбестен кабарландырууга милдеттүү. 

4. Иштеп чыгуучунун жазмалардын ээси менен келишими же ага ылайык иштеп чыгуучу тартылуучу укуктук акты, төмөнкү жоболорду камтуусу тийиш: 

1) ичинде иштеп чыгуу жүзөгө ашырылуучу мезгил; 

2) иштеп чыгуунун мүнөзү жана максаты; 

3) жекече дайындардын тиби жана жекече дайындардын субъекттеринин категориялары;

4) жекече жазмаларды жазмалардын ээсинин жазуу жүзүндөгү тескемелеринин негизинде гана иштеп чыгуу милдети; 

5) жекече жазмаларга карата жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу милдети, анын ичинде, жеткиликтүүлүктү чектөө боюнча милдеттенмелерди иштеп чыгуучунун жумушчуларына жана иштеп чыгуучунун санарип технологиялык тутумдарына карата жеткиликтүүлүккө ээ үчүнчү жактарга жүктөө жолу менен; 

6) жазмалардын ээсинин жана иштеп чыгуучунун жекече дайындарды оңдоонун, толуктоонун, алып салуунун жана аларды иштеп чыгууну чектөонүн алкактарында өз ара аракеттенүүлөрүнүн жолжоболору; 

7) Кодексте белгиленген милдеттердин аткарылышын бышыктоочу жекече жазмалар менен аткарылган аткарымдарды эсепке алуунун тартиби. 

5. Жекече дайындар чөйрөсүндөгү тармактык жөндөөчү иштеп чыгуучунун жазмалардын ээси менен типтүү (сунуштамаланган) келишиминин жана ага ылайык иштеп чыгуучу тартылуучу укуктук актынын формасын иштеп чыгат жана өзүнүн сайтына жарыялайт.

83-берене. Жазмалардын биргелешкен ээлери 

1. Ошол эле бир жекече жазмаларга (жекече ресурстарга) санарип укугу биргеликте таандык болгон жана иштеп чыгуунун максаттарын жана каражаттарын биргеликте аныктаган жазмалар ээлери жазмалардын бирлгелешкен ээлери болуп эсептелишет. 

2. Биргелешкен ээлер ачык (транспаренттүү) ыңгайда, анын ичинде келишим түзүү же укуктук акты чыгаруу жолу менен, биргеликте жазмалардын ээлерине карата Кодексте каралган өздөрүнүн укуктарын жүзөгө ашыруунун жана милдеттерин аткаруунун тартибин аныктоолору жана жарыялоолору тийиш. Биргеликте укуктарды жүзөгө ашыруунун жана милдеттерди аткаруунун тартибин жарыялоо менен бир эле убакта, санарип чөйрөдө жазмалардын ээлери менен байланышуу үчүн жетиштүү байланыш маалыматтары жарыяланышы керек. 

3. Санарип коомдоштуктарда дайындарды иштеп чыгуу коомдоштуктун эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат, аларда санарип коомдо жекече дайындарды иштеп чыгуу үчүн жоопкерчиликтүү жак аныкталышы керек. 

4. Санарип экотутумдарда дайындарды иштеп чыгуу санарип экотутумдун эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат. Санарип экотутумдун ээси экотутумдагы жекече дайындарды иштетүүгө карата Кодекстин талаптарынын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү, алардын сакталышын бышыктоого жөндөмдүү болушу керек жана алардын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат. 

5. Жекече дайындардын субъекти өзүнүн тандоосу боюнча, жазмалардын биргелешкен ээлеринин ортосундагы макулдашууларга көз карандысыз, жазмалардын ээлеринин кимисине карата болбосун өзүнүн укуктарын жүзөгө ашыра алат. 

84-берене. Жекече дайындарды коргоо 

1. Жазмалардын ээси жекече дайындарды, жекече жазмаларды, жекече ресурстарды коргоону жүзөгө ашырууга милдеттүү. 

2. Жазмалардын ээси жекече дайындар чөйрөсүндөгү тармактык жөндөөчү менен инциденттер тууралуу дайындарды жекече дайындар менен алмашууну жүзөгө ашырууга жана жекече дайындар менен инциденттердин терс кесепеттерин төмөндөтүү максатында, көрсөтүлгөн жөндөөчү менен чараларды ишке ашырууга милдеттүү. 

3. Жекече дайындарды иштеп чыгуунун жүрүшүндө санарип туруктуулукту камсыз кылуу максатында, жазмаларды ээси: 

1) тобокелдиктерди башкарууга негизделген жана жекече дайындарды субъектери сыяктуу эле алардын пайдалануучуларынын кызыкчылыктарына багытталган ошондой эле жекече жазмалардын жашоо түрөгүн эске алуучу технологиялык тутумдарды долбоорлого карата мамилени билдирүүчү дайындарды конструктивдүү коргоону ишке ашырат; 

2) жекече дайындар чөйрөсүндөгү тармактык жөндөөчүнүн сунуштамаларына ылайык жекече жазмалар менен аткарымдардын эсебин жүргүзөт; 

3) уюмдагы жекече дайындарды иштеп чыгуу үчүн жоопкерчиликтүү адамды дайындайт (саны ондон ашуун кызматчылуу уюмдар үчүн); 

4) жекече дайындар чөйрөсүндөгү эрежелерин жана сунуштамаларын жана аларды натыйжалуу колдонуу факторлорун окутууну уюштурат.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети санарип технологиялык тутумдарды пайдалануу менен, иштеп чыгууда жекече дайындардын корголуу деңгээлдерин, аларды санарип технологиялык тутумдарда иштеп чыгууда, жекече дайындарды коргоого карата талаптарды белгилейт, алардын аткарылышы жекече дайындардын корголуу деңгээлин камсыз кылат. 

85-берене. Трансчекаралык берүү 

1. Жекече дайындар чөйрөсүндөгү тармактык жөндөөчү жекече дайындар субъекттеринин укуктарын адекваттуу коргоону камсыз кылуучу чет өлкөлүк мамлекеттердин тизмегин бектитет. Анда иштеп чыгуунун туруктуулугун камсыз кылуу боюнча колдонуудагы укук ченемдери жана колдонулуучу чаралар Кодекстин жоболоруна шайкеш келген шартта, чет өлкөлүк мамлекет көрсөтүлгөн тизмекке киргизилиш мүмкүн. 

2. Жекече дайындар субъекттеринин укуктарын адекваттуу коргоону камсыз кылуучу чет өлкөлүк мамлекеттердин тизмегине кирген чет өлкөлүк мамлекеттердин аймактарына жекече дайындарды трансчекаралык берүү Кодекске ылайык жүзөгө ашырылат жана тыюу салынышы жана чектелиши мүмкүн эмес. 

3. Жазмалардын ээси жекече дайындарды трансчекаралык берүү жүзөгө ашыруу башталганга чейин, аймагына жекече дайындарды берүү жүзөгө ашырылуучу чет өлкөлүк мамлекет ушул беренеде каралган тизмекке кошулганына жетип, ынанууга милдеттүү. 

4. Жекече дайындардын субъекттеринин укуктарын адекваттуу коргоону камсыз кылбаган чет өлкөлүк мамлекеттердин аймактарына жекече дайындарды трансчекаралык берүү төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылышы мүмкүн: 

1) анын жекече дайындарын трансчекаралык берүүгө, жекече дайындар субъектинин макулдугу болгондо; 

2) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралганда; 

3) эгерде бул Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнүн негиздерин коргоо, өлкөнү коргоону жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу максаттарында зарыл болсо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралганда;

4) тарап, өкүл же келишим боюнча тараптын атынан чыгуучу жак, же ал боюнча пайда табуучу болуп саналган жекече дайындардын субъекти тарабынан келишим түзүлгөндө жана (же) аткарылганда; 

5) жекече дайындардын макулдугун алуу мүмкүн болбогондо, жекече дайындардын субъектинин же башка жактардын өмүрүн, саламаттыгын, башка турмуштук маанилүү кызыкчылыктарын коргоодо; 

6) жазмалардын ээлери же жазмалардын ээси менен иштеп чыгуучунун ортосунда түзүлгөн келишимдин шарттары менен жекече дайындардын субъектеринин укуктарын адекваттуу коргоону камсыз кылууда. Жекече дайындардын субъектеринин укуктарын адекваттуу коргоону камсыз кылуучу зарыл шарттар жекече дайындар чөйрөсүндөгү тармактык жөндөөчү тарабынан аныкталат. 

5. Адегенде Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп чыгылган жекече дайындарды Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары турган жазмалардын ээсине берген учурда, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары турган жазмалардын ээси мындай жекече дайындарды өзүнүн турган жериндеги өлкөнүн жекече дайындар жаатындагы мыйзамдарына ылайык иштеп чыгат. 

86-берене. Жекече дайындар чөйрөсүндөгү тармактык жөндөөчү

1. Жекече дайындар чөйрөсүндөгү жөнгө салуу жана көзөмөлгө алуу, ушул Кодекстин 9-беренесинде белгиленген тартипте түзүлүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (жекече дайындар чөйрөсүндөгү тармактык жөндөөчү) тарабынан жүзөгө ашырылат. Жекече дайындар чөйрөсүндөгү тармактык жөндөөчү, аларга карата өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу жактардан көз карандысыз. 

2. Жекече дайындар чөйрөсүндөгү тармактык жөндөөчүнүн жетекчиси тиешелүү квалификацияга, тажырыйбага жана илим-билимге, анын ичинде милдеттерди аткаруу жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн талап кылынуучу жекече дайындарды коргоо чөйрөсүндө ээ болушу керек. 

3. Жекече дайындар чөйрөсүндөгү тармактык жөндөөчү төмөнкү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат: 

1) ушул Кодекстин колдонулушун жана анын колдонулушун көзөмөлгө алууну камсыз кылуу; 

2) жекече дайындарды, анын ичинде балдардын жекече дайындарын тиешелүү иштеп чыгууга тийиштүү тобокелдиктерге, ченемдерге, кепилдиктерге жана укуктарга байланыштуу жекече дайындардын субъекттеринин кабардарлыктарын жогорулатуу;  

3) жекече дайындардын ээлеринин жана иштеп чыгуучуларынын ушул Кодекске ылайык алардын милдеттенмелери тууралуу кабардарлыктарын жогорулатуу; 

4) мамлекеттик органдарды жана уюмдарды жекече дайындарды коргоого тийиштүү мыйзамдык жана административдик чаралар боюнча консультация берүү; 

5) дайындардын субъекттерин, анын ичинде, эгерде бул ушул максаттарда башка мамлекеттердин көзөмөлгө алуу органдары менен кызматташууну талап кылса, алардын Кодексте каралган укуктарын жүзөгө ашыруу маселелери боюнча кабарландыруу; 

6) Кодексти колдонуунун жүрүшүндө даттанууларды кароо жана териштирүүлөрдү жүргүзүү, анын ичинде өзүнүн демилгеси боюнча жана башка көзөмөлгө алуу органынан же башка мамлекеттик органдан алынган маалдыматтардын негизинде; 

7) Кодекске ылайык жекече дайындарды иштеп чыгуу принциптерин жана эрежелерин, укуктарды жана милдеттерди бузууга каршы, алдын алуу, түзөтүү жана мажбурлоо чараларын пайдалануу; 

8) коопсуздуктун тиешелүү чаралары жана Кодексти сактоо боюнча колдонмолорду жана сунуштамаларды басып чыгаруу. 

4. Тармактык жөндөөчү өзүнүн жекече дайындар чөйрөсүндөгү жөнгө салуучу иш-милдеттеринин максималдуу ачык-айкындыгына жетишүү үчүн иши жана өзүнүн териштирүүлөрүнүн натыйжалыр жөнүндө өзүнүн сайтында жылдык отчетун жарыялашы керек. 

5. Жекече дайындар чөйрөсүндөгү тармактык жөндөөчүнүн төмөнкүлөргө укугу бар: 

1) жеке жактардан жана уюмдардан, анын ичинде мамлекеттик жашыруун сырларга же башка мыйзам менен корголуучу сырларга тийиштүү, өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды суратууга жана мындай маалыматтарды акысыз алууга; 

2) алдын ала уруксатсыз жана макулдашуусуз бардык орун жайларга, документтерге, жабдууларга, кызматкерлерге жана жекече жазмалдардын ээсинин аларды иштеп чыгууга тиешеси бар контрагенттерине жеткиликтүүлүктү жүзөгө ашырууга; 

3) жазмалардын ээсинен анык эмес же болбосо мыйзамсыз жол менен алынган жекече дайындарды тактоону, бөгөттөөнү же алып салууну талап кылууга; 

4) ушул Кодекстин талаптарын бузуу менен жүзөгө ашырылып жаткан жекече дайындарды иштеп чыгууну токтото турууну талап кылууга; 

5) жекече дайындардын субъекттеринин укуктарын, анын ичинде жактардын белгисиз чөйрөсүнүн укуктарын коргоо менен сотко доо арыз менен кайрылууга, жана сотто жекече дайындардын субъекттеринин кызыкчылыктарын жактоого; 

6) жекече дайындардын субъекттеринин укуктарын бузуу менен байланышкан кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш-жаза ишин козгоо маселесин чечүү үчүн, ведомстволук баш ийүүчүлүгүнө ылайык, укук коргоо органдарына материалдарды жөнөтүүгө; 

7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жеке дайындар чөйрөсүндө ченемдик укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө; 

8) Кодексти бузууга күнөөлүү жактарды административдик жоопкерчиликке тартууга. 

6. Жекече дайындар чөйрөсүндөгү тармактык жөндөөчү ал өзүнүн ишин жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө иштеп чыгуучу жекече жазмаларга мыйзамсыз жеткиликтүүлүктү таптакыр болтурбоого милдеттүү. 

7. Жекече дайындар чөйрөсүндөгү тармактык жөндөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү: 

1) Кодекстин жоболоруна ылайык жекече дайындардын субъекттеринин укуктарын коргоону уюштурууга; 

2) жазмалардын ээлеринин жана иштеп чыгуучулардын Кодекстин жоболорун сактоолорун үзгүлтүксүз текшерүүнү жүзөгө ашырууга жана текшерүүлөрдүн натыйжалары боюнча аткаруу үчүн милдеттүү чечимдерди чыгарууга; 

3) жекече дайындарды иштеп чыгуу менен байланышкан жеке жана юридикалык жактардын даттанууларын жана кайрылууларын кароого, ошондой эле көрсөтүлгөн даттанууларды жана кайрылууларды кароонун натыйжалары боюнча, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде, аткаруу үчүн милдеттүү чечимдерди кабыл алууга; 

4) жеке жактардын жана уюмдардын суроо-талаптары боюнча, мындай чечмелөөлөрдү өзүнүн сайтында жарыялоо менен, жекече дайындар чөйрөсүндө мыйзамдарды колдонуу маселелери боюнча чечмелөөлөрдү берүүгө; 

5) жекече дайындарды иштеп чыгуу боюнча аткарымдарды эсепке алуу, жекече дайындар чөйрөсүндө окутуучу жана агартуучу иш-чараларды өткөрүү маселелери боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууга жана жарыялоого, жекече дайындар чөйрөсүндөгү келишимдердин, укуктук актылардын жана башка документтердин болжолдуу формаларын иштеп чыгууга жана жарыялоого; 

8. Жекече дайындар чөйрөсүндөгү тармактык жөндөөчү чет өлкөлүк мамлекеттердеги окшош органдар менен кызматташууну жүзөгө ашырат, жекече дайындардын субъекттеринин укуктарын коргоону адекваттуу камсыз кылуучу чет өлкөлүк мамлекеттердин тизмегин бекитет. 

87-берене. Жекече дайындар болуп саналбаган, жекече мүнөздөгү маалыматтарды иштеп чыгуунун өзгөчөлүктөрү 

1. Санарип түзүлмөлөрдү пайдалануусуз иштеп чыгылганынан улам, жекече дайындар болуп саналбаган жекече мүнөздөгү маалыматтар, иштеп чыгуунун Кодексте белгиленген принциптерин сактоо менен, жана иштеп чыгуунун Кодексте каралган негиздери болгондо гана иштеп чыгылышы керек. 

2. Эгерде жекече дайындардын субъекти тарабынан коюлган талаптарды ишке ашыруу үчүн, жекече мүнөздөгү маалыматтардын көчүрмөлөрүн кагаз алып жүрүүчүдө даярдоо талап кылынса, жекече дайындардын субъекти мындай көчүрмөлөрдү даярдоонун наркын төлөп берүүгө милдеттүү. 

3. Жекече мүнөздөгү маалыматтарды камтыган материалдык алып жүрүүчүлөрдүн менчик ээси, иштеп чыгуунун туруктуулугун камсыз кылуу боюнча Кодекстин талаптарын сактоого милдеттүү эмес, бирок мындай алып жүрүүчүлөргө карата жеткиликтүүлүктү чектөөгө жана мындай алып жүрүүчүлөрдүн жана аларга жеткиликтүүлүккө ээ жактардын эсебин алууга милдеттүү.

 

12-глава. Санарип мейкиндиктик дайындар

 

88-берене. Санарип чөйрөдөгү мейкиндиктик дайындар 

1. Санарип мейкиндиктик дайындар санарип чөйрөдө инфратүзүм менен башкача айтканда жер участоктору, имараттар, түзүлмөлөр, курулмалар менен укуктук мамилелерди камсыз кылат. 

2. Санарип мейкиндиктик дайындар санарип дайындардын төмөнкү түрлөрүнөн турат: 

1) санарип геодезиялык, башкача айтканда геодезиялык иштин натыйжаларынын санарип түзүлмөлөрүн пайдалануу менен иштеп чыгуу үчүн жарактуу дайындардан; 

2) санарип катрографиялык, башкача айтканда картографиялык иштин натыйжаларынын санарип түзүлмөлөрүн пайдалануу менен иштеп чыгуу үчүн жарактуу дайындардан; 

3) орун алган жери жөнүндө санарип дайындардан, башкача айтканда өзүнө субъекттердин координаттарын же укук мамилелеринин объекттерин камтыган, дайындардын санарип түзүлмөлөрүн пайдалануу менен иштеп чыгуу үчүн жарактуу дайындардан. 

3. Кодекс санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин алкактарында санарип мейкиндиктик дайындарды иштеп чыгууну жөнгө салат. Геодезия жана картография жаатындагы иштер, геодезия жана картография жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын иштөө жана өз ара аракеттенүү тартибин кошуп алганда, геодезия жана картография жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат. 

4. Мамлекеттик жашыруун сырларга кирген, геодезиялык жана картографиялык иштерди түзүүнүн жана натыйжаларын пайдалануунун тартиби, мамлекеттик жашыруун сырларды коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет. 

89-берене. Санарип мейкиндиктик дайындарды иштеп чыгуу боюнча мамилелерди жөнгө салуунун тармактык принциптери 

1. Геодезиялык жана картографиялык иштин натыйжалары жана мейкиндиктик дайындардын орун алган жерлери жөнүндө башка дайындар, алар санариптештирилген учурда гана, башкача айтканда санарип түзүлмөлөрдү пайдалануу менен иштеп чыгуу үчүн жарактуу формага келтирилгенде (санариптештирүү принциби), санарип чөйрөдөгү мамилелердин субъекттери тарабынан натыйжалуу пайдаланылышы мүмкүн. 

2. Санарип мейкиндиктик дайындар Кыргыз Республикасынын инфратүзүмдөрүн өнүктүрүү, жараталыш ресурстарын сактоо, толуктоо жана аярлык менен пайдалануу, курчап турган айлана чөйрөнү коргоо үчүн негиз болуп саналат, бул толук, актуалдуу жана ишенимдүү мейкиндиктик дайындарды иштеп чыгууну (сапат принциби) талап кылат. 

3. Санарип мейкиндиктик дайындар санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин ар кыл субъектеринин иштеринде иштеп чыгылат жана бардык кызыкдар жактардын санарип мейкиндиктик дайындарга жеткиликтүүлүгүнүн негизинде кызматташуу үчүн зарыл (иштеп чыгууга биргеликте катышуу принциби). 

4. Санарип мейкиндиктик дайындарды иштеп чыгуу жеке жашоонун, турак-жайдын кол тийбестигин бузуусу, адамдын ары-бери жүрүүсүн чектөөсү мүмкүн эмес (жеке кол тийбестик принциби). 

90-берене. Мейкиндиктик метадайындар 

1. Мейкиндиктик жазмаларды иштеп чыгуу, аларга карата жеткиликтүүлүктү жана аларды таратууну кошуп алганда, мейкиндиктик дайындар (мейкиндиктик метадайындар) жөнүндө дайындардын негизинде жүзөгө ашырылат. 

2. Мейкиндиктик метадайындарга жеткиликтүүлүк, эгерде мыйзамдарда башкача белгиленбесе, чектелүүсү мүмкүн эмес. 

3. Кыргыз Республикасында картографиялык-геодезиялык фонддордун ээлери мейкиндиктик метадайындарды түзүүгө жана өздөрүнө таандык фонддор жөнүндө ачык дайындар форматында жарыялоого, ошондой эле мейкиндиктик метадайындарды Кыргыз Республикасынын санарип мейкиндиктик метадайындар ресурсуна киргизүү үчүн өткөрүп берүүгө милдеттүү. 

4. Мейкиндиктик метадайындарга карата талаптар геодезия жана картография чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча иш-милдеттерди жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет. 

91-берене. Мейкиндиктик дайындардын улуттук ресурсу 

1. Кыргыз Республикасынын санарип мейкиндиктик дайындар ресурсу (георесурс) Кыргыз Республикасынын аймагы жана мейкиндиктик дайындары жөнүндө санарип мейкиндиктик дайындардын базасы болуп саналат. 

2. Георесурс мамлекеттик жашыруун сырларга кирген дайындарды камтыбайт. 

3. Георесурска санарип укук Кыргыз Республикасына таандык. Кыргыз Республикасынын атынан георесурс ээсинин укугун геодезия жана картография чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча иш-милдеттерди жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат. 

4. Георесурс ээси георесурстагы дайындардын толуктугун, ишенимдүүлүгүн жана актуалдуулугун камсыз кылат жана ушул максаттарда башка мамлекеттик санарип ресурстардын ээлери менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат. 

5. Георесурс өзүнө санарип дайындардын төмөнкү түрлөрүн камтыйт: 

1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик картографиялык-геодезиялык фондунун санарип мейкиндиктик дайындары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын картографиялык-геодезиялык фондунун материалдарын санариптештирүүнүн жүрүшүндө алынгандар; 

2) георесурсту пайдалануу тууралуу лицензиялык келишимдерди аткаруунун натыйжасында алынган санарип мейкиндиктик дайындар; 

3) башка мамлекеттик санарип ресурстардан алынган санарип мейкиндиктик дайындар; 

4) мейкиндиктик метадайындар; 

5) санарип мейкиндиктик дайындардын иштеп чыгуу стандарттары жана форматтары. 

6. Георесурска карата жеткиликтүүлүк, жарандык мыйзамдарга ылайык георесурстун ээсинин пайдалануучулар менен түзүлгөн георесурсту пайдалануу тууралуу лицензиялык келишимдин негизинде, төмөнкү шарттарда берилет: 

1) георесурска карата жеткиликтүүлүк берилгени үчүн төлөм алынбайт; 

2) пайдалануучуга георесурстан санарип дайындарды пайдаланууга укук пайдалануучунун георесурстун ээсине георесурстан алган кандай болбосун туунду мейкиндиктик дайындарды (туунду мейкиндиктик дайындар) пайдалануу укуктарын берүүсүнүн шарттарында берилет; 

3) пайдалануучу георесурстун ээсине туунду мейкиндиктик дайындарды, пайдалануучу аларды түзгөн учурдан тартып бир жылдан ашпаган мөөнөттө, геодезия жана картография чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча иш-милдеттерди жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форматта өткөрүп берүүгө милдеттүү; 

4) пайдалануучу георесурстун ээсине мейкиндиктик дайындардын туунду метадайындарын туунду мейкиндиктик дайындардын өзүн өткөрүп берүү менен бир убакта өткөрүп берүүгө милдеттүү. 

92-берене Геосайт 

1. Кыргыз Республикасынын санарип мейкиндиктик жазмаларына жеткиликтүүлүк жана аларды таратуу ал аркылуу жүзөгө ашырылуучу сайт (геосайт) төмөнкү иш-милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн арналган: 

1) мейкиндиктик метадайындарды пайдалануу менен, мейкиндиктик дайындарды издеп т абуу; 

2) алган орду жөнүндө дайындарды ачык дайындар форматында алуу; 

3) геодезия жана картография чөйрөсүндөгү форматтарга, калыптарга жана башка ченемдик-техникалык дайындарга жеткиликтүүлүк алуу. 

2. Геосайтты пайдалануу менен, жеткиликтүүлүк ачык дайындар форматында берилүүчү алган орун жөнүндө дайындардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. 

3. Геосайтка жеткиликтүүлүк бекер берилет.

4. Геосайтка санарип укук Кыргыз Республикасына таандык. Кыргыз Республикасынын атынан геосайт ээсинин укугун геодезия жана картография чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча иш-милдеттерди жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат. 

93-берене Санарип мейкиндиктик жазмаларды иштеп чыгуу 

1. Санарип мейкиндиктик жазмаларды иштеп чыгууда алардын ээлери дайындардын принципалдарынын укуктарын сактоолору тийиш, алып айтканда: 

1) принципалдын дайындардын мындай принципалы менен байланыштуу санарип мейкиндиктик дайындарга тийиштүү, мейкиндиктик метадайындарды алууга укугун; 

2) принципалдын санарип мейкиндиктик дайындарга, дайындардын мындай принципалына тийиштүү бөлүгүндө же ага таандык мейкиндиктик объекттерге же санарип түзүлмөлөргө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укугун; 

3) санарип мейкиндиктик дайындардын ээсинен дайындардын мындай принципалына тийиштүү бөлүгүндө санарип жазмаларды алып салууну же болбосо мындай дайындардын принципалы менен байланыштуу кандай болбосун идентификаторлорду алып салууну талап кылуу укугун. 

2. Туунду мейкиндиктик дайындарды түзүү, мейкиндиктик жазмалардын ээсинин санарип жана аларды пайдалануу менен туунду мейкиндиктик дайындар түзүлгөн башка укуктарын сактоонун шартында жүзөгө ашырылат. 

3. Санарип мейкиндиктик жазмаларды иштеп чыгуу, санарип мейкиндиктик дайындар тийиштүү инфратүзүмгө укукка көз карандысыз жүзөгө ашырылат. 

94-берене. Санарип мейкиндиктик жазмалардын сыйышуучулугун жана которумдуулугун камсыз кылуу

1. Санарип мейкиндиктик жазмалардын сыйышуучулугун жана которумдуулугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасында санарип мейкиндиктик жазмаларды иштеп чыгууну жөнгө салуу жалпы таанылган эл аралык практикага ылайык жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарын, чарбакер уюмдарды жана жарандык коомду кошуп алганда, бардык кызыкдар тараптардын ой-пикирлерин эске алуу менен жүзөгө ашырылат. 

2. Мамтейлемелердин алкагында санарип мейкиндиктик жазмаларды иштеп чыгуу георесурста камтылган стандарттарга жана форматтарга ылайык жүзөгө ашырылат. 

3. Геодезия жана картография чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча иш-милдеттерди жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Кыргыз Республикасында санарип мейкиндиктик жазмаларды иштеп чыгууда пайдаланылуучу стандарттардын тизмегин алып барат жана мындай ченемдик-укуктук актыларда камтылган иштеп чыгуу стандарттары жана форматтары жөнүндө санарип дайындарды санарип мейкиндиктик георесурста жайгаштырууну камсыз кылат.

 

13-глава. Санарип реестрлер

95-берене. Санарип реестрлерди жөнгө салуу 

1. Санарип реестрлер өзү радиожыштык спектри, номерлөө, Интернетти даректөө жана улуттук экотутумдун элементтери сыяктуу эсепке алуу объектерин пайдаланууга укуктардын таандыктыгын бышыктоочу жазмалардан турган санарип ресурстарды билдирет. 

2. Кыргыз Республикасы төмөнкүлөрдүн ээси болуп саналат: 

- санарип радиожыштык реестринин; 

- номрелөө санарип реестринин;

- улуттук экотутумдун санарип реестринин. 

3. Кыргыз Республикасынын атынан санарип радиожыштык реестринин жана номрелөө санарип реестринин ээсинин укугун телекоммуиникациялардын тармактык жөндөөчүсү, улуттук экотутумдун санарип реестринин ээсинин укугун – улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсү жүзөгө ашырат. 

4. Кыргыз Республикасы ээси болуп саналган санарип реестрлерге жазмаларды киргизүүнүн жана өзгөртүүнүн тартиби, эл аралык келишимдердин жоболорун жана жалпы таанылган эл аралык практиканы эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет. 

5. Интернетти даректөө реестри, коомдоштуктардын эрежелерине жана жалпы таанылган эл аралык практикага ылайык, тарамдык даректерди жана Интернеттин домендик аттарын пайдаланууга укукту бышыктоочу санарип жазмаларды камтыйт. 

6. Ражиожыштык спектринин, номерлөөнүн, Интернетти даректөөнүн пайдалануучулары, улуттук экотутумдун ээлери (берүүчүлөрү) санарип реестрлердеги жазмалардын принципалдары болуп саналышат. 

96-берене. Санарип реестрлерди жүргүзүүнүн тармактык принциптери 

1. Санарип реестрлердеги жазмалар жалпы жеткиликтүү болуп саналат (мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик жашыруун сырларга киризилгенден жазмалардан башка), мыйзамда белгиленген эрежелердин негизинде түзүлөт жана өзгөртүлөт, жана санарип чөйрөдө укук мамилелеринин пайда болушу, өзгөрүшү, токтотулушу үчүн негиз болуп саналат (жалпылык принциби). 

2. Санарип реестрлердеги жазмалар мындай жазмалардын принципалдарынын эрки боюнча гана түзүлөт жана өзгөртүлөт, анын принципалынын эркинен тышкары санарип реестрлердеги жазмаларды өзгөртүү соттун чечиминин негизинде гана мүмкүн (ажыратылгыстык принциби). 

3. Бир аймактагы эсепке алуунун бир объектине карата бир гана жазма түзүлүшү мүмкүн (уникалдуулук принциби). 

4. Эгерде укуктардын максаттуу мүнөзү санарип реестрде жазмаларды түзүүдө жазылып катталбаган болсо, жазма менен бышыкталуучу укукту кандай болбосун максаттарда жана кандай болбосун технологияларды пайдалануу менен жүзөгө ашырууга болот (максаттуулук принциби). 

5. Санарип реестрлердеги жазмалар, бир принципалдардын укуктарын жүзөгө ашыруу жазмалардын башка принципалдарынын укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылбагандай түзүлөт (ыңгайлаштыруу принциби). 

6. Санарип реестрлер алардагы жазмалар менен бышыкталуучу укуктарды бир кыйла адилеттүү жана натыйжалуу бөлүштүрүүнү камсыз кылышы керек (натыйжалуулук принциби). 

97-берене. Радиожыштык реестри 

1. Кыргыз Республикасында радиожыштык спектрин бөлүштүрүүнүн, радиожыштыктарды бөлүп берүүнүн жана ыйгаруунун өзгөчө укугу Кыргыз Республикаксына таандык. Кыргыз Республикасы электр байланыштары жаатындагы эл аралык келишимдердин катышуучусу болуп саналат жана аларда каралган радиожыштыктарды бөлүштүрүү, бөлүп берүү жана ыйгаруу маселелериндеги милдеттенмелерди аткарат. Радиожыштык спектрин бөлүштүрүүнүн натыйжалары радиожыштыктарды бөлүштүрүүнүн Улуттук таблицасында бекемделет, радиожыштыктарды бөлүп берүүнүн жана ыйгаруунун натыйжасында алынган радиожыштыкты пайдаланууга укуктардын таандыктуулугу жөнүндө санарип жазмалар радиожыштык реестрин түзөт. 

2. Радиожыштык спектрин пайдаланууга укук телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсүнүн, Кодексте каралган тартипте кабыл алынган радиожыштыктарды бөлүп берүү жана ыйгаруу жөнүндө чечимдеринин негизинде берилет, жана радиожыштык реестриндеги жазма менен бышыкталат. Реестрдеги радиожыштык спектрин пайдаланууга укук жөнүндө жазма телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсүнүн тийиштүү чечиминде көрсөтүлгөн жана зарыл болгондо Кодексте белгиленген тартипте жаңылануучу дайындардан түзүлөт. Жазмага радиоэлектрондук каражаттын жана жогорку жыштыктуу түзүлмөнүн турган ордунун координаттары жөнүндө, ага тете анын техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө дайындар кошулбайт. 

3. Радиожыштык спектрин пайдаланууга укук, Кодексте каралган тартипте тиешелүү жазмага өзгөртүүлөр киргизилген учурдан тартып өзгөртүлөт же токтотулат. 

4. Радиожыштык реестринин ээси андагы дайындардын толуктугун, аныктыгын жана актуалдуулугун камсыз кылат жана ушул максаттарда башка мамлекеттик санарип ресурстардын ээлери жана радиожыштык реестриндеги жазмалардын принципалдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат. 

5. Радиожыштык реестриндеги санарип жазмалар жалпы жеткиликтүү болуп саналат. Телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсү, санарип өзара аракеттенүү тутуму, ошондой эле тиркеме жана мамтейлемелердин сайттары аркылуу радиожыштык реестрине карата жеткиликтүүлүктү камсыз кылат. 

98-берене. Радиожыштык спектрин бөлүштүрүү

1. Радиожыштык спектрин радио кызматтардын ортосунда бөлүштүрүү Эл аралык электрбайланыштар бирлигинин радиобайланыштар Регламентине ылайык жүзөгө ашырылат. Бөлүштүрүүнүн натыйжалары радиобайланыштар Регламентинин бөлүгү катары, радиожыштыктарды бөлүштүрүүнүн Эл аралык таблицасы менен шайкештелген Кыргыз Республикасынын радиокызматтарынын ортосунда радиожыштыктарды бөлүштүрүүнүн Улуттук таблицасында (радиожыштыктарды бөлүштүрүүнүн Улуттук таблицасы) чагылдырылат. Радиожыштыктардын кандай болбосун тилкесинде, же болбосо анын бөлүгүндө, радиожыштыктарды бөлүштүрүүнүн Улуттук таблицасында жыштыктын ушул тилкеси үчүн көрсөтүлгөн радиокызматтар гана иштей алышат. 

2. Радиожыштыктарды бөлүштүрүүнүн Улуттук таблицасын өзгөртүүлөр Радиожыштыктар боюнча Улуттук комиссиянын чечими менен жүргүзүлөт. Радиожыштыктарды бөлүштүрүүнүн Улуттук таблицасына өзгөртүүлөр Радиожыштыктар боюнча Улуттук комиссиянын оң чечими чыккан күндөн тартып эки жыл өткөндөн кийин, 1-январдан тартып күчүнө кирет. 

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык, Радиожыштыктарды бөлүштүрүүнүн Улуттук таблицасында аныкталган радиожыштыктардын тилкелери же алардын бөлүктөрү төмөнкү үч категориялардын бирине ылайык пайдаланылышы мүмкүн: 

1) өкмөттүк пайдалануу үчүн гана;

2) жарандык пайдалануу үчүн гана; 

3) биргеликте өкмөттүк жана жарандык пайдалануу үчүн. 

4. Кодекс өкмөттүк пайдалануу үчүн радиожыштыктардын тилкесинде бөлүп берүүнү жана ыйгарууну жөнгө салбайт. Биргеликте пайдалануу үчүн радиожыштыктардын тилкелеринде радиожыштыктарды бөлүп берүү жана ыйгаруу, ведомстволор аралык макулдашуунун натыйжалары боюнча телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсүнүн чечими менен жүзөгө ашырылат. Жарандык пайдалануу үчүн радиожыштыктар тилкелеринде радиожыштыктарды бөлүп берүү жана ыйгаруу телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсүнүн чечими менен жүзөгө ашырылат. 

5. Радиожыштыктар боюнча Улуттук комиссия, зарыл болгондо бул процессти коштоочу административдик, экономикалык же техникалык мүнөздөгү чараларды аныктоо менен, радиожыштыктарды конверсиялоону жүзөгө ашырат.

99-берене. Электромагниттик сыйышуучулукту камсыз кылуу 

1. Электромагниттик сыйышуучулукту камсыз кылуу телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсүнүн, өзүнө төмөнкүлөрдү камтыган мамлекеттик кызмат көрсөтүүсү болуп саналат: 

1) санарип радиожыштык реестрин, жана зарыл болгондо Радиожыштыктардын Улуттук таблицасын пайдалануу менен, радиоэлектрондук каражаттардын электромагниттик сыйышуучулугун талдоону жүргүзүүнү; 

2) биргеликте өкмөттүк жана жарандык пайдалануу радиожыштыктарынын тилкелери (номиналдары) үчүн ведомстволор аралык макулдашууну; 

3) радиожыштыктар же радиожыштык ыйгаруу тилкелерин (номиналдарын), Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган учурларда эл аралык координациялоону; 

4) радиожыштык номиналдарына же тилкелерине колдонулмалуу жолтоолор менен иш жүзүндөгү кырдаалдарды табууну. 

2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалары боюнча радиожыштыктардын тилкелерин жана номиналдарын жана алар пайдаланылышы мүмкүн болгон аймактарды көрсөтүү менен, телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсүнүн корутундусу түзүлөт. Корутунду 180 календердык күндүн ичинде жарактуу болуп саналат. 

3. Радиожыштык спектерин пайдаланууну башкаруунун радиомониторингин жүргүзүү, электромагниттик сыйышуучулукту камсыз кылуу үчүн төлөмдүн көбөйүүсүнө алып келиши мүмкүн эмес. 

4. Электромагниттик сыйышуучулукту камсыз кылуу радиожыштыктарды бөлүп берүүдө жана жеке ыйгарууда бир жолу жүргүзүлөт. Радиожыштыктарды жалпы ыйгарууда электромагниттик сыйышуучулукту камсыз кылуу ар квартал сайын жүзөгө ашырылат. 

5. Радиожыштыктардын номиналдары жана (же) тилкелери, электромагниттик сыйышпоочулук, ведомстволор аралык макулдашуудан жана (же) эл аралык координациядан баш тартуу учурларында, тийиштүү аймактарда пайдаланылышы мүмкүн эмес. 

6. Электромагниттик сыйышуучулукту камсыз кылуу үчүн төлөөлөрдүн көлөмүн аныктоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. 

7. Радиожыштык спектрин жалпылык милдеттенмелерди аткаруу үчүн пайдалануучу же болбосо радиожыштык спектрин пайдаланууну радио сүйүүчүлөрдүн кызматтары жана радиосүйүүчүлөрдүн спутниктик кызматтары үчүн жүзөгө ашыруучу жазмалардын принципалдары электромагниттик сыйышуучулукту камсыз кылуу үчүн төлөөлөрдөн бошотулушат. 

100-берене. Радиожыштыктарды бөлүп берүү

1. Белгилүү аймактарда радиожыштыктарды же радиожыштыктар тилкелерин пайдалануу укугу аларды бөлүп берүү тууралуу телекоммуникакциялардын тармактык жөндөөчүсүнүн чечими менен берилет. 

2. Бөлүп берүү жөнүндө чечим төмөнкүлөрдү камтышы керек: 

1) аларга карата радиожыштык спектрин пайдалануу укугу берилген радиожыштык номиналдарын же тилкелерин; 

2) радиожыштык спектрин пайдалануу укугу берилип жаткан аймакты биротоло аныктоочу мейкиндиктик дайындарды; 

3) радиожыштыктарды бөлүштүрүүнүн Улуттук таблицасына ылайык, радиокызматына көрсөтмөнү. 

3. Эгерде суралып жаткан радиожыштыктар, телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсүнүн чечимине ылайык, коммерциялык жактан жагымдууларга киргизилсе, радиожыштыктрады бөлүп берүү тооруктардын натыйжалары боюнча жүзөгө ашырылат. 

4. Телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсү радиожыштыктарды коммерциялык жактан жагымдуу деп таануу жөнүндө чечимди төмөнкү учурларда кабыл алат, эгерде: 

1) радиожыштыктар жарандык арналыштагы категорияга тийиштүү болсо; 

2) радиожыштыктар иштеп жаткан радиоэлектрондук каражаттар тарабынан пайдаланылбаса; 

3) радиожыштыктарды пайдалануу укугу толук же жарым-жартылай башка жактарга таандык болбосо; 

4) радиожыштыктарды пайдалануу укугу талашылып жатпаса же аларга карата аларды арналыштарына ылайык пайдаланууга тоскоол болуучу чектөөлөр жана жүктөөлөр белгиленбесе; 

5) радиожыштыктар Кодексте каралган тартипте кайра бөлүштүрүлбөсө; 

6) радиожыштыктар мамлекеттик телерадиоберүүлөрдү алып берүү үчүн арбалбаса; 

7) радиожыштыктар боюнча Улуттук комиссиянын чечимине ылайык, радиожыштыктар тооруктарды өткөрүүсүз бөлүнүп берилиши мүмкүн болсо; 

8) радиожыштыктар телекоммуникациялык тарамдарга карата пайдалануучулардын чектелбеген санына жеткиликтүүлүк каралган технологиялардын алкактарында пайдалануу үчүн бөлүп берилет.

5. Радиожыштыктар узартуу мүмкүнчүлүгү менен, 10 жылдык мөөнөткө бөлүнүп берилет. Радиожыштыктар телекоммуникациялык тейлемелерди берүү менен байланышпаган максаттар үчүн, узартуу мүмкүнчүлүгү менен, 5 жылдан ашуун мөөнөткө бөлүнүп берилет. 

6. Радиожыштыктарды пайдалануу укугу, Кодексте каралган тартиптен башкача, жазмалардын принципалы тарабынан ажыратылышы мүмкүн эмес. 

101-берене Радиожыштыктарды ыйгаруу

1. Радиоэлектрондук каражаттарды же жогорку жыштыктагы түзүлмөлөрдү эксплуатациялоого телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсүнүн радиожыштыкты ыйгаруу жөнүндө чечим болгондо гана жол берилет. Ыйгаруу жөнүндө чечим радиожыштыктарды бөлүштүрүүнүн Улуттук таблицасына ылайык бөлүштүрүлгөн радиожыштыктарга карата кабыл алынат. 

2. Радиоэлектрондук каражаттарга жана жогорку жыштыктуу түзүлмөлөргө радиожыштыктарды ыйгаруу телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсүнүн чечими менен жүзөгө ашырылат жана жеке менчик же жалпы болуп саналат. 

3. Тармактык жөндөөчү алар бир убакта иштегенде (уюлдук тарамдар, кеңири тилкелүү жеткиликтүүлүктөгү тарамдар жана башка окшош санарип түзүлмөлөр) зыяндуу тоскоолдордун алдын алуучу технологияларга негизденген радиоэлектрондук каражаттарга радиожыштыктарды жалпы ыйгаруу тууралуу чечимди кабыл алат. Бардык калган учурларда тармактык жөндөөчү жеке ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алат. Мындай каражаттарды эл аралык таануу талап кылынган учурларда, радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу бардык учурларда жеке ыйгаруунун негизинде жүзөгө ашырылат, аны колдонуу мөөнөтү радиожыштыктардын тиешелүү тилкесин бөлүп берүү жөнүндө чечимдин колдонулуу мөөнөтүнөн ашуусу мүмкүн эмес. 

4. Радиожыштыктарды ыйгаруу жөнүндө чечим, радиоэлектрондук каражаттардын (жогорку жыштыктуу түзүлмөлөрдүн) ээси көрсөткөн шарттарды бекемдейт, аларда радиоэлектрондук каражаттарды же жогорку жыштыктуу түзүлмөлөрдү пайдаланууга жол берилген: 

1) берүү үчүн радиоэлектрондук каражаттар пайдаланылуучу телекоммуникациялык тейлемелер; 

2) координаттарын (жеке ыйгаруу үчүн) же аймакты (жалпы ыйгаруу үчүн) көрсөтүү жолу менен, радиоэлектрондук каражаттардын жол берилген жайгашкан орду жөнүндө дайындар; 

3) радиоэлектрондук каражаттардын (жогорку жфыштыктуу түзүлмөлөрдүн) техникалык параметрлери. 

5. Аларды жалпы ыйгарууга ылайык эксплуатациялап жаткан радиоэлектрондук каражаттарды ээси, телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсү менен, радиоэлектрондук каражаттардын айланасындагы электромагниттик жагдайды баалоо үчүн мааниси бар төмөнкү санарип дайындарды алмашуу жолу менен өз ара аракеттенет: 

1) колдонулуучу технологиялар жөнүндө дайындар менен; 

2) радиоэлектрондук каражаттарды орнотуунун координатары менен;

3) жумушчу жыштыктар жөнүндө дайындар менен; 

4) антенанын нурлануу кубаттуулугу жана параметрлери жөнүндө дайындар менен. 

6. Радиожыштыктарды ыйгаруу, коммерциялык жактан жагымдууларга киргизилген радиожыштыктарды кошпогондо, узартуу мүмкүнчүлүгү менен, 5 жылдан кем эмес мөөнөткө жүзөгө ашырылат, аларда радиожыштыктарды ыйгаруу аларды бөлүп берүү тууралуу чечимге ылайык радиожыштыктарды пайдалануу укугун колдонуу мөөнөтүнө жүзөгө ашырылат. 

102-берене. Радиожыштык спектрин пайдалануу үчүн төлөм 

1. Радиожыштык спектрин пайдалануу үчүн жазмалардын принципалдары ар жыл сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген усулдук боюнча эсептелип чыгылуучу төлөмдү төгүшү керек. Радиожыштык спектрин пайдалануу үчүн төлөм, жазмалардын принципалдарын төмөнкүлөргө кызыктыруусу тийиш: 

1) радиожыштык спектрин натыйжалуу жана үнөмдүү пайдаланууга; 

2) жаңы санарип технологияларды киргизүүгө. 

2. Төлөмдөрдү эсептөө усулдугу төмөнкү факторлорду тикелей же кыйыр эсепке алат: 

1) радиоэлектрондук каражаттын жайгашкан ордун же пайдалануунун билдирилген аймагын; 

2) калктын жыштыгын;

3) пайдаланылган радиожыштыктын тилкесинин же радиожыштыктын номиналынын пайдаланылуучу кеңдигин;

4) өзүнө коммерциялык бааны жана социалдык факторду камтыган салмактык коэффициентин; 

5) эсептик көрсөткүчтү; 

6) радиожыштыктын номиналын же тилкесин пайдалануунун натыйжалуулук коэффициентин. 

3. Тарамда эксплуатацияланып жаткан радиостанцияларды жаңыларына алмаштырууну талап кылган, жыштыктардын жаңы тилкелери бөлүнүп берилген же бөлүнүп берилген жыштыктар тилкелеринин чектеринде жаңы радиотехнологиялар колдонулган учурларда, ар жылдык төлөмдү эсептөөдө, телекоммуникациялык тарамдарды өнүктүрүү же модернизациялоо үчүн зарыл болгон убакытты (үч жылдан көп эмес) эсепке алуучу кошумча төмөндөтүүчү коэффициент колдонулат. 

4. Радиожыштык спектрин пайдалануу үчүн төлөм республикалык бюджетке жиберилет жана телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсүнүн ишин каржылоонун көлөмүн аныктоодо көңүлгө алынат. 

5. Жазмалардын принципалдары, алар радиожыштык спектрин төмөнкүлөр үчүн пайдаланышканда, төлөмдү төгүүдөн бошотулат: 

1) радиосүйүүчүлөр кызматы жана радиосүйүүчүлөрдүн спутниктик кызматы; 

2) мыйзамдарга ылайык аларга жүктөлгөн жалпы милдеттенмелерди аткаруу. 

5. Бөлүп берилген радиожыштыктар алкагында жеке ыйгарууларды пайдалангандык үчүн төлөм алынбайт. 

103-берене. Радиожыштык спектрин пайдалануу 

1. Кыргыз Республикасында радиожыштык спектрин жана жеке ыйгарууларды пайдалануу санарип радиожыштык реестриндеги жазмалардын параметрлерине ылайык, жазмалардын принципалдары тарабынан жүзөгө ашырылат. 

2. Жазмалардын принципалдары жыштыктардын санын жана пайдаланылуучу радиожыштык спектринин кеңдигин, радиожыштык спектрин пайдалануу максаттарына жетишүү үчүн талап кылынуучу минимумга чейин чектөөгө милдеттүү. 

3. Кырсыктар жөнүндө билдирүүлөргө, алар кайдан чыкканына карабастан, абсолюттук артыкчылык берилүүсү тийиш, мындай дайындардын бардыгына токтоосуз жооп берилиши жана талап кылынган чаралар көрүлүшү керек. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъектери жалган жана жаңылыштыктарга алып келүүчү кырсыктарды, шашылыштыкты, коопсуздукту же таанууну болтурбоо боюнча чараларды көрүүлөрү, жана зарыл болгондо мындай билдирүүлөрдүн орун алган жерлерин аныктоодо санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин башка субъектери менен кызматташуулары тийиш. 

4. Коргонуу жана коопсуздук максаттарында радиожыштык спектрин пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат. Радиожыштык спектрин көрсөтүлгөн максаттарда пайдаланууда, төмөнкүлөр сакталуусу тийиш: 

1) кырсыктар жөнүндө билдирүүлөргө жана тоскоолдорду болтурбоо үчүн чараларды көрүүгө байланыштуу ушул берененин 3-бөлүгүнүн жоболору; 

2) Эл аралык электр байланыштар бирлигинин радиобайланыштар Регламентинин жоболору. 

104-берене. Радиожыштыктар боюнча улуттук улуттук комиссия 

1. Радиожыштыктар боюнча Улуттук комиссия, радиожыштык спектрин бөлүштүрүү процессинде ведомстволор аралык макулдашууну жүзөгө ашыруучу коллегиалдуу орган болуп саналат. Радиожыштыктар боюнча Улуттук комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат, телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсүнүн жетекчиси анын төрагасы болуп саналат. 

2. Радиожыштыктар боюнча Улуттук комиссия, радиожыштыктарды бөлүштүрүүнүн Улуттук таблицасын жүргүзүүнү төмөнкү милдеттерди аткаруу жолу менен жүзөгө ашырат: 

1) өлкө үчүн бирдей мааниге ээ, радиожыштык спектрин жарандык жана өкмөттүк пайдалануунун ортосундагы акыл-эстүү теңдеминин негизинде радиожыштыктарды бөлүштүрүү; 

2) радиожыштыктарды бөлүштүрүүнүн Улуттук таблицасын жыштыктарды бөлүштүрүүнүн Эл аралык таблицасы менен шайкештөө;

3) радиожыштыктарды конверсиялоо; 

4) Кыргыз Республикасынын аймагында радиожыштык ресурстарын пайдалануунун жалпы эрежелерин жана принциптерин калыптандыруу. 

3. Радиожыштыктар боюнча Улуттук комиссия Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине радиожыштыктар боюнча Улуттук комиссияга жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн, ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды даярдайт. 

4. Радиожыштык спектерин пайдаланууну козгоочу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору радиожыштыктар боюнча Улуттук комиссияда талкуулануусу тийиш. 

5. Радиожыштыктар боюнча Улуттук комиссия чечимдерди кабыл алууда төмөнкүлөрдү жеткечиликке алат: 

1) Кодекстин жоболорун жана радиожыштыктар спектрин пайдаланууну козгоочу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын; 

2) радиожыштыктар спектрин пайдаланууну козгоочу өкмөттөр аралык жана аймактык макулдашууларды; 

3) радиобайланыштарынын бүткүл дүйнөлүк жана аймактык конференцияларынын чечимдерин; 

4) жалпыга маалымдоо каражаттарынын операторлорунун жана башка радиожыштык спектрин пайдалануучулардын учурдагы жана келечектеги керектөолөрүн. 

6. Радиожыштыктар боюнча Улуттук комиссиянын иши акысыз негизде жүзөгө ашырылат. Радиожыштыктар боюнча Улуттук комиссиянын зарыл документтерин даярдоо, уюштуруучулук, усулдук жана башка жардамдарын көрсөтүү телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсү тарабынан жүзөгө ашырылат. 

7. Радиожыштыктар боюнча Улуттук комиссиянын чечимдери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик органдын актысы менен жол-жоболоштурулат, жана телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсүнүн сайтына, аларды кабыл алгандан кийин үч жумушчу күндөн кечиктирилбестен жарыяланат. 

105-берене. Номерлөөнүн санарип реестри

1. Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык, номерлөөнү бөлүштүрүүгө өзгөчө укук, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү номерлөөнүн Улуттук планына кошулган, Кыргыз Республикасына таандык. Номерлөө диапазондорун бөлүп берүүнүн натыйжасында алынган, номерлөөнү пайдаланууга укуктун таандыктыгы жөнүндө санарип жазмалар номерлөөнүн реестрин түзөт. 

2. Номерлөөнү пайдаланууга укук номерлөө реестринде тиешелүү жазма түзүлгөн же ага Кодексте каралган тартипте өзгөртүүлөр киргизилген учурдан тартып пайда болот, өзгөртүлөт же токтотулат. 

3. Санарип номерлөө реестринин ээси санарип номерлөө реестриндеги дайындардын толуктугун, ишенимдүүлүгүн жана актуалдуулугун камсыз кылат жана бул максаттарда башка мамлекеттик санарип ресурстардын ээлери менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат. 

4. Номерлөөнүн санарип реестриндеги санарип жазмалар жалпы жетикликтүү болуп саналат. Телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсү санарип өз ара аракеттенүү, ошондой эле тиркеме жана мамтейлемелердин сайы аркылуу номерлөөнүн санарип реестрине карата жеткиликтүүлүктү камсыз кылат. 

106-берене. Номерлөөнү пайдалануу

1. Номерлөөнү пайдалангандык үчүн жазмалардын принципалдары ар жыл сайын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген өлчөмдө төлөм төгүп туруулары тийиш. Экстрендик ыкчам кызматтар тарабынан кыска номрелерди пайдаланганда төлөм алынбайт. 

2. Номерлөөнүн санарип реестрине киргизилбеген номерлөөнү пайдаланууга, же болбосо жазмалардын принципалдары болуп саналбаган жактын номерлөөнү пайдалануусуна тыюу салынат. Номерлөөнү бөлүп берүү, өзгөртүү, кайра жол-жоболоштуруу же алып коюу жөнүндө маалыматтар коммерциялык сырга киргизилиши мүмкүн эмес. 

3. Номерлөөнү пайдалануу укугу толук же жарым-жартылай токтотулган учурда, номерлөөнү пайдалануу үчүн төлөм кайтарылып берилбейт. 

4. Номердин же коддун түзүмүнүн же форматынын жапырт өзгөрүүсүнө алып келген номерлөөнүн улуттук планынын өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алынган учурда, мындай чечим пландалган өзгөртүүлөр киргизилүүчү датага чейин 2 жыл калгандан кечиктирилбестен жарыяланышы керек, ал эми телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсү чечим менен кызыкчылыктары козголуучу бардык принципалдарга номерлөөнү бөлүп берүү жөнүндө тиешелүү чечимдерди кайра жол-жоболоштуруунун тартиби тууралуу, мындай чечим кабыл алынгандан кийин 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен билдирүүгө милдеттүү. 

5. Ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чечимдердин кабыл алынышы, алардын макулдугусуз, сайт же телекоммуникациялардын операторунун (виртуалдык операторунун) тиркемеси аркылуу, ошондой эле билдирүүлөрдү таратып жиберүү жолу менен, аларды мындай өзгөртүүлөрдүн мөөнөттөрү жана себеби жөнүндө кабарландыруу менен, телекоммуникациялык тейлеменин пайдалануучуларынын номерлерин өзгөртүү үчүн негиз болуп саналат. Кабарландыруу пландалган пайдалануучулардын номерлерин өзгөтүүлөргө чейин 6 ай калгандан кечиктирилбестен жасалышы керек. 

107-берене. Интернетти даректөөнүн санарип реестри 

1. Интернетти даректөөнүн санарип реестри бөлүштүрүлгөн санарип ресурс болуп саналат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Интернетти даректөөнүн санарип реестрине байланыштуу мамилелерди жөнгө салбайт. Интернетти даректөөнүн санарип реестрин киргизүү, тарамдык даректерди жана Интернеттин домендик атын пайдалануу укугу жөнүндө жазмаларды түзүү жана өзгөртүү жалпы таанылган эл аралык практиканын негизинде жүзөгө ашырылат. 

2. Эгерде жалпы таанылган эл аралык практикага же Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык, ага Интернетти даректөөнү жөнгө салуу менен байланышкан милдеттер жүктөлсө, тийиштүү иш-милдеттерди Кыргыз Республикасынын атынан телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсү жүзөгө ашырат. 

108-берене. Улуттук экотутумдун санарип реестри

1. Улуттук экотутумдун санарип реестри улуттук экотутумдун элементтерин пайдалануу мүмкүнчүлүгүн, алардын өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле алардын сыйышуучулугун камсыз кылат. 

2. Улуттук экотутумдун санарип реестри улуттук экотутумдун элементтери тууралуу санарип жазмалардан турат, алардын ар бир төмөнкү дайындарды камтыйт: 

1) улуттук экотутумдун элементинин ээси (берүүчүсү) жөнүндө; 

2) улуттук экотутумдун элементинин пайдалануучулары (керектөөчүлөрү) жөнүндө;

3) улуттук экотутумдун элементи алардын алкагында пайдаланылуучу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жана иш-милдеттер жөнүндө; 

4) улуттук экотутумдун ушул элементи өз ара аракеттенүүчү (өз ара аракеттенишүүчү элементтер) улуттук экотутумдун башка элементтери жөнүндө; 

5) улуттук экотутумдун элементин пайдалануунун ыкмалары жөнүндө; 

6) улуттук экотутумдун элементин пайдалануунун, анын ичинде өз ара аракеттенүүчү элементтердеги натыйжалар жөнүндө; 

7) улуттук экотутумдун элементинин санарип туруктуулугун камсыз кылуу үчүн жооптуу адамдар, алардын байланыш маалыматтары жөнүндө; 

8) улуттук экотутумдун элементинин жеткиликтүүлүгүн мүнөздөмөлөөчү көрсөткүчтөр жөнүндө (жыл ичиндеги жеткиликтүүлүктүн чектик мезгили, үзгүлтүк болгон учурдагы жеткиликтүүлүктү калыбына келтирүүнүн мөөнөттөрү, көрсөткүчтөрдүн бир убактагы саны); 

9) дайындардын пайдаланылган форматтары жана дайындарды алмашуу интерфейстери. 

3. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин объектин улуттук экотутумдун санарип реестрине кошуу ыктыярдуу негизде жана төлөм алуусуз жүзөгө ашырылат. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин объектинин ээси (берүүчүсү), ага таандык эсептөө объектиси улуттук экотутумдун санарип реестрине кошулган күндөн тартып жана аны улуттук экотутумдун элементтеринин катарынан чыгаруу жөнүндө улуттук экотутумдун тиешелүү элементи жөнүндө жазма киргизилгенге чейин улуттук экотутумдун катышуучусунун укуктарына жана милдеттерине ээ болот. 

4. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин объектин улуттук экотутумдун реестрине кошуунун шарттары төмөнкүлөр болуп саналат: 

1) санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин объектинин улуттук экотутумдун башка элементтери менен сыйышуучулугун жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу; 

2) мамтейлемелердин фабрикаларын пайдалануу менен, санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин объектинин иштешин тестирлөөнүн оң натыйжаларын жана санарип туруктуулугун көрсөтүү; 

3) ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн дайындарды жана улуттук экотутумдун элементи тууралуу санарип жазманы түзүү үчүн үчүн зарыл болгон дайындарды берүү. 

5. Улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсү улуттук экотутумдун санарип реестринде, санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин объектинин ээсинен санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин объектин улуттук экотутумдун санарип реестрине кошуунун шарттарын аткарганын бышыктоочу дайындарды алган учурдан тартып 5 жумушчу күндүн ичинде жаңы элемент жөнүндө санарип жазманы түзөт. 

6. Улуттук экотутумдун санарип реестриндеги санарип жазманы өзгөртүү улуттук экотутумдун тийиштүү элементинин ээсинин (берүүчүсүнүн) кайрылуусу боюнча улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсү тарабынан жүзөгө ашырылат. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин объектин улуттук экотутумдун элементтеринин катарынан чыгарган учурда, тиешелүү дайындар бул элемен тууралуу жазмага киргизилет. 

7. Улуттук экотутумдун санарип реестриндеги санарип жазмалар жалпы жеткиликтүү болуп саналат. Улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсү, санарип өз ара аракеттенүү тутуму, ошондой эле тиркеме жана мамтейлемелердин сайты аркылуу улуттук экотутумдун санарип реестрине карата жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.

 

4-бөлүм. Санарип тейлемелер жана экотутумдар

14-глава. Санарип тейлемелер жөнүндө жалпы жоболор 

 

109-берене. Санарип тейлемелерди укуктук жөнгө салуу 

1. Санарип тейлемелер пайдалануучуларга мындай тейлемелердин берүүчүлөрү тарабынан белгиленген эрежелер боюнча, Кодексте каралган милдеттүү талаптарды сактоо менен берилет.  

2. Алардын берүүчүлөрү тарабынан белгиленген санарип тейлемелердин эрежелери, технологияларды же пайдалануучуларды идентификациялоо жана аутенттештирүү жана алардын өз дайындарына карата жеткиликтүүлүк ыкмаларын тандоодо жалпы таанылган эл аралык тажырыйбаны эске алууга милдеттүү. 

3. Санарип бакубатчылык тейлемелердин, телекоммуникациялык тейлемелердин, ишенилген тейлемелердин жана мамтейлемелердин сунуштамалары боюнча мамилелерди жөнгө салуу Кодекстин тиешелүү главаларында белгиленген кошумча талаптарды жана чектөөлөрдү эске алуу менен, ушул главанын эрежелери боюнча жүзөгө ашырылат. Мындай мамилелердин субъекттери ушул главада каралган бардык укуктардан пайдаланышат жана алар менен байланыштуу милдеттерди тартышат. 

110-берене. Санарип тейлемелерди жөнгө салуунун тармактык принциптери 

1. Санарип тейлемелерди укуктук жөнгө салуу мындай тейлемелердин берүүчүлөрүнүн жана пайдалануучуларынын санарип дайындарды иштеп чыгуудан убайларды алуудагы өз ара байланыштуу кызыкчылыктарын коргойт (эки жакты тең коргоо принциби). 

2. Санарип тейлемелерди берүүчүлөрдүн иштери лицензияларды же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен башка алдын ала макулдашууну талап кылышы мүмкүн эмес. (алдын алар уруксат алуунун жоктугу принциби). 

3. Санарип тейлемелерден пайдалануу мүмкүнчүлүгү тейлеменин берүүчүсүнөн санарип түзүлмөлөрдү сатып алуу менен шартталышы мүмкүн эмес (пайдалануучулук түзүлмөлөрүнүн эркиндиги принциби). 

4. Санарип тейлемелерин пайдалануу мүмкүнчүлүгү пайдалануучунун же пайдалануучулук дайындарынын орун алган жери менен шартталышы мүмкүн эмес (жайгаштырууга тыюу салуу принциби). 

5. Тейлемени пайдалануу эрежелери пайдалануучуларды жыныстык, расалык, тилдик, майыптуулук, этностук таандыктуулук, дин тутуучулук, жаш-курактык белгилери, саясий же башка ынанымдары, билими, келип чыгуу теги, мүлктүк же башка абалдары, башка жагдайлар, ошондой эле пайдалануучулардын же пайдалануучулук дайындардын, пайдалануучулар пайдалануучу санарип түзүлмөлөрдүн алган орду боюнча басмырлашы мүмкүн эмес (пайдалануучуларды басмырлабоо принциби). 

6. Санарип тейлеменин санарип туруктуулугун камсыз кылуу санарип тейлемелерди берүүчүлөрдүн жана аларды пайдалануучулардын би ргелешкен милдеттери болуп саналат (өз ара биргелик принциби). 

111-берене. Пайдалануучулук макулдашуусу 

1. Санарип тейлемени пайдалануу тейлемени берүүчүнүн жана пайдалануучунун макулдашуусу (пайдалануучулук макулдашуу) боюнча жүзөгө ашырылат, анын алкагында пайдалануучу санарип тейлемени пайдалануу эрежелерин сактоого милдеттенет. Тейлемени пайдалануу эрежелери мыйзам менен же ага ылайык кабыл алынган ченемдик укукту акты менен тикелей белгиленген учурларды кошпогондо, пайдалануучулук макулдашуусу жок санарип тейлемени пайдаланууга жол берилбейт. 

2. Санарип тейлеменин берүүчүсү, мыйзамдарга ылайык пайдалануучуга берүүсү милдеттүү болгон бардык маалыматтар, пайдалануучулук макулдашуусун түзгөнгө чейин жеткиликтүү болушу керек. 

3. Пайдалануучулук макулдашуусу колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, пайдалануучуну идентификациялоого мүмкүнчүлүк берген, ошондой эле макулдашуунун түзүлгөн фактысын жана ал кандай шарттарда түзүлгөнүн бышыктоого мүмкүнчүлүк берүүчү кандай болбосун формада түзүлүшү мүмкүн. 

4. Санарип тейлеменин берүүчүсү конкреттүү пайдалануучуга карата пайдалануучулук макулдашуусунун шарттарын жана тараптардын пайдалануучулук макулдашууну аткарган фактысын бышыктоого мүмкүнчүлүк берүүчү санарип жазмаларды сактоого милдеттүү. Пайдалануучулук макулдашуусунун түзүлүшүнө жана аткарылышына тийиштүү пайдалануучулук макулдашуусунун шарттары жана башка санарип жазмалар, пайдалануучу аларды сактай алгыдай жана көбөйткүдөй ыңгайда жеткиликтүү болушу керек. 

5. Пайдалануучулук макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болгондо, берүүчү киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жөнүндө пайдалануучуну кабарландырууга жана бир айдан кем эмес мөөнөт белгилөөгө милдеттүү. Ал учурга чейин пайдалануучудан пайдалануучулук макулдашуусун өзгөртүүгө баш тартуу алган учурду кошпогондо, пайдалануучулук макулдашуусу кабармаламда көрсөтүлгөн күндөн тартып өзгөртүлгөн болуп эсептелет. Эгерде пайдалануучу көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин сунушталган өзгөртүүлөр менен өзүнүн макул эместиги жөнүндө билдирсе, пайдалануучулук макулдашуу токтотулат, ал эми санарип тейлеменин берүүчүсү пайдалануучунун киргизилип жаткан өзгөртүүлөр менен макул эместиги жөнүндө билдирүүсүн алган учурга чейинки санарип тейлеменин наркын эсептен чыгарып салуу менен, пайдалануучу төлөгөн акча каражаттарын кайтарып берүүгө милдеттүү. 

6. Санарип тейлеменин берүүчүсү, эгерде эле бул маалыматтар мамлекеттик жана расмий тилдерде эбак берилген болбосо, бул жазмаларда камтылгандарды автоматтык түрдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилине которууга болбогондой ыңгайда кылып, пайдалануучулук макулдашуусуна тийиштүү санарип жазмаларга же аны тараптардын аткаруусуна карата жеткиликтүүлүктү чектөөгө укуксуз. 

112-берене. Санарип тейлемелердин берүүчүлөрү 

1. Санарип тейлемени берүүчү жана мындай тейлемени пайдалануунун эрежелерин аныктоочу, санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекти өзүн бир беткей жана пайдалануучуга түшүнүктүү формада санарип тейлеменин берүүчүсү катары идентификациялоого жана Кодексте каралган санарип тейлеме жөнүндө маалыматты жалпыга жеткиликтүү кылууга милдеттүү. 

2. Эгерде санарип тейлемени берүүдө же аны пайдалануунун эрежелерин аныктоодо бир нече субъект катышса, алар өздөрүнүн ичинен кимиси пайдалануучулук макулдашуусун түзүүгө ыйгарым укуктуу экенин аныктоого милдеттүү. Эгерде пайдалануучулук макулдашуусунда башкача белгиленбесе, санарип тейлеме берүүчү жана мындай тейлемени пайдалануу эрежелерин аныктоочу санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин бардык субъекттери пайдалануучунун алдында бирдей жооп беришет. 

3. Санарип тейлеменин берүүчүсүнө төмөнкүлөргө тыюу салынат: 

1) колдонулуучу мыйзамдарда белгиленген учурларды кошпогондо, пайдалануучулардын санарип дайындарын пайдалануучулук макулдашуусунда каралбаган максаттарда иштеп чыгууну жүзөгө ашырууга; 

2) ак ниеттүү эмес атаандаштык менен алектенүүгө, атаандаштыкты чектөөчү иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга; 

3) пайдалануучулардын ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган укуктарын чектөөгө, анын ичинде пайдалануучулар үчүн өзүнүн укуктарын жүзөгө ашыруу жана коргоо үчүн зарыл болгон санарип дайындарга карата жеткиликтүүтү кыйындатуучу техникалык чараларды кабыл алуу жолу менен. 

113-берене. Санарип тейлемелердин пайдалануучулары жана керектөөчүлөрү 

1. Жекечелештирилген санарип тейлемени пайдаланууда (анын ичинде, санарип тейлеменин алкагында ушул пайдалануучунун санарип ресурсун түзүүдө) пайдалануучу пайдалануучулук макулдашуусунун колдонулуу убактысы ичинде өзүнүн иденттүүлүгүн сактоого милдеттүү. Пайдалануучуну идентификациялоо жана аутенттештирүү, ушул Кодекске ылайык тейлеменин берүүчүсү тарабынан пайдаланылуучу идентификациялоо тутумунун эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат. 

2. Санарип тейлемесин пайдаланууда пайдалануучу тарабынан түзүлүүчү санарип жазмаларга санарип укуктар, эгерде пайдалануучулук макулдашуусунда башкача каралбаса, пайдалануучуга таандык болот. 

3. Пайдалануучулар санарип тейлемелерди пайдаланууда башка жактардын интеллектуалдык менчик укуктарын сактоого милдеттүү жана аларды сактабагандык үчүн жоопкерчилик тартышат. 

4. Керектөөчүлөргө төмөнкүдөй кошумча укуктар берилет: 

1) керектөөчүнүн баш тартуусуна чейинки санарип тейлеменин наркын эсептеп чыгарып салуу менен, бардык төлөнгөн акча каражаттарын кайтарып алуу укугу менен, керектөөчүнүн каалоосу боюнча кандай болбосун учурда санарип тейлемеден баш тартуу укугу; 

2) санарип тейлемени алуу жана керектөөчүнүн санарип түзүлмөсүн күүлөөдөн улам пайда болгон оң эместиктерди четтетүү максатында, керектөөчүнүн санарип түзүлмөсүн күүлөө үчүн жетиштүү маалыматтарды бекер алуу укугу (керектөөчүлүк колдоо); 

3) берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сактоого милдеттүү санарип жазмаларды кошпогондо, санарип тейлемеден баш таруудан кийин керектөөчүгө тийиштүү бардык санарип жазмаларды алып салуу укугу. 

114-берене. Санарип тейлемелердеги атаандаштыкты коргоо 

1. Санарип тейлемелерди берүүдө, Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарында көрсөтүлгөндөрдөн тышкары, ак ниет эмес атаандаштыкка жана иш-аракеттерге, ошондой эле төмөнкүлөр кирет: 

1) издеп табуу берүүлөрүнүн алгоритимин манипуляциялоо; 

2) ушул берүүчүнүн өздүк тейлемелери же товарлары, кызмат көрсөтүүлөрү, жумуштары үчүн артыкчылыктарды түзүү; 

3) берүүчүнүн же башка жактардын белгилүү товарларын (санарип түзүлмөлөрүн), жумуштарын, кызмат көрсөтүүлөрүн же санарип тейлемелерин сатып алган шарттарда гана санарип тейлемени алуу мүмкүнчүлүгү; 

4) санарип тейлемени пайдалануунун шарты катары интеллектуалдык менчикке укуктарды өткөрүп берүү талабы; 

5) башка санарип тейлемелерди пайдалануу же пайдалануучунун санарип жазмаларын башка санарип тейлемелерге ташып өтүү мүмкүнчүктөрүн чектөө; 

6) санарип тейлемелерин берүүчүнүн же башка жактардын маркетинг акцияларына же ушуга окшош жигердүүлүктөрүнө милдеттүү түрдө катышуу талабы; 

7) пайдалануучунун же анын санарип дайындарынын орун алуу критерийлери боюнча четөөлөрдү колдонуу; 

8) мыйзамдарда таратууга тыюу салуу маалыматтары камтылбаган билдирүүлөрдү, комментарийлерди алып с алуу; 

9) демпинг же кайчылыш субсидирлөө. 

2. Санарип тейлеменин берүүчүсү пайдалануучуларга таандык болгон санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин объекттерине санарип же интеллектуалдык укуктарды сатып албайт. Мындай объекттерди пайдаланууга, Кодексте же жарандык мыйзамдарда аларды пайдаланууга келишим түзүлгөн шарттарда гана жол берелет. Берүүчү тиешелүү объекттерди пайдаланууга жана аларды пайдалануу шарттарына келишим түзүлгөн фактыны бышыктоочу санарип жазмаларды сактоого милдеттүү. 

115-берене. Тейлемеден баш тарууга укук 

1. Эгерде пайдалануучу, пайдалануучулук макулдашуусуна, Кодекске же колдонулуучу мыйзамдарга ылайык, санарип тейлемеден өзүнүн баш тартуусу жөнүндө билдирсе, санарип тейлеменин берүүчүсү төмөнкүлөргө милдеттүү: 

1) пайдалануучулук макулдашуусу боюнча алынган төлөмдөрдү эсептөөнү, баш тартуу тууралуу билдирүүнү алган учурга чейинки санарип тейлеменин наркы эсептөөнү жүргүзүүгө жана пайдалануучуга кайтарып берилүүгө жаткан сумманы аныктоого; 

2) санарип тейлеменин берүүчүсүндө болгон пайдалануучунун санарип жазмалары жөнүндө дайындарды пайдаланычууга берүүгө; 

3) санарип тейлеменин берүүчүсүндө болгон пайдалануучунун бардык санарип жазмаларынын көчүрмөлөрүн алуунун мүмкүн болуучу варианттары жөнүндө, ошондой эле санарип жазмаларды башка санарип тейлемелерге ташып которуунун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө пайдалануучуга билдирүүгө; 

4) пайдалануучуга анын санарип жазмаларын алып салуу мүмкүнчүлүгүн берүүгөжана мындай алып салууну кепилдөөгө; 

5) пайдалануучунун санарип жазмаларына байланыштуу анын чечимин алган учурга чейин – пайдалануучунун бардык санарип жазмаларын өзгөрүүсүз түрдө сактоого.

2. Эгерде санарип тейлеменин берүүчүсү пайдалануучу баш тарткандан кийин, анын санарип жазмаларына байланыштуу пайдалануучунун чечимин албаса, санарип тейлеменин берүүчү, пайдалануучу санарип тейлемеден баш тарткандан кийинки бир календардык жыл өткөндөн кийин, пайдалануучунун бардык жазмаларын алып салууга милдеттүү. 

3. Берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, берүүчү сактоого милдеттүү болгон маалыматтарды камтыган пайдалануучулардын санарип жазмаларын алып салууга укуксуз. Берүүчү сакталуусу улантыла бере турган санарип жазмалардын курамы жөнүндө пайдалануучуну кабарландырууга милдеттүү. 

116-берене. Талаш-тартыштарды кароо 

1. Cанарип тейлеменин берүүчүсү өзүнүн сайтын же тиркемесин пайдалануу менен, төмөнкү даттанууларды жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү: 

1) санарип тейлеменин сапатына байланыштуу; 

2) интеллектуалдык менчик укуктарын же санарип укуктарды бузууга; 

3) тейлемени пайдалануу эрежелерин бузууга; 

4) санарип жазмаларды таратууга же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, аларга карата жеткиликтүүлүктү чектелөөгө тийиштүү; 

5) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын башка бузууларга. 

2. Эгерде даттануу санарип тейлеменин пайдалануучуларынын иш-аракеттерине тийиштүү болсо, тейлеменин берүүчүсү алардын ар бирин даттануулардын алынганы жөнүндө кабарландырууга жана алынган даттанууга тийиштүү бардык дайындарды көрсөтүүгө милдеттүү. 

3. Санарип тейлеменин берүүчүсү даттанууда көрсөтүлгөн бузууларды, беш жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө четтетүү үчүн зарыл болгон чараларды көрүүгө милдеттүү. Эгерде даттанууда көрсөтүлгөн чараларды четтетүү үчүн чоң мөөнөт талап кылынса, берүүчү ага бузууларды четтетүү үчүн талап кылынуучу мөөнөттү негиздемелөө менен, беш жумушчу күндүн ичинде бул тууралуу пайдалануучуга билдирет. Көрүлгөн чаралар жөнүндө санарип тейлеменин берүүчүсү, эгерде арыздануучу кабарландыруунун башка формасын талап кылбаса, арыздануучуга даттануу кандай ыкма менен жөнөтүлгөн болсо, ошондой эле ыкма менен кабарландырат. 

4. Пайдалануучуларга башка пайдалануучулар менен санарип дайындарды алмашуу мүмкүнчүлүгүн берген санарип тейлеменин берүүчүсү, пайдалануучулардын ортосундагы талаш-тартыштарды пайдалануучулук макулдашуусунда көрсөтүлгөн жана\же сайтта же берүүчүнүн тиркемесинде жарыяланган тейлемени пайдалануу эрежелери боюнча кароону камсыз кылууга милдеттүү. 

5. Санарип тейлеменин берүүчүсүнүн даттануу же талаш-тартыш боюнча чечимине тармактык жөндөөчүгө же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же колдонулуучу мыйзамдардын негизиндеги тараптардын макулдашууларына ылайык сотко даттанылышы мүмкүн. Тармактык жөндөөчү даттанууларды жана суроо-талаптарды кароонун алкагында, тараптардын иш-аракеттеринин пайдалануучулук макулдашууга шайкештигин жана пайдалануучулук макулдашуусунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкештигин текшерет. Тармактык жөндөөчү даттануу же талаш-тартыш боюнча чечим чыгарууда, пайдалануучулук макулдашуусунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген жоболорун жетекчиликке алууга укуксуз. 

117-берене. Жоопкерчилик 

1. Санарип тейлеменин берүүчүсү пайдалануучулук макулдашууну бузушкан пайдалануучулардын бузууларды четтетүүгө чейин тейлемени пайдалануу мүмкүнчүлүгүн токтото турууга укуктуу. 

2. Эгерде пайдалануучулук макулдашуусунда башкача белгиленбесе, санарип тейлеменин берүүчүсү, санарип тейлемени пайдалануу мүмкүнчүлүгү болбогону үчүн пайдалануучунун алдында санарип тейлеменин пайдалануучуга жеткиликтүү эмес болгон ар бир толук саат үчүн эсептелген тейлеменин эки эселенген баасы өлчөмүндө жоопкерчилик тартат. Берүүчүнүн жоопкерчилигинин өлчөмүн аныктоодо, пайдалануучулук макулдашуусунда каралган көлөмдө жана тартипте, оңдоо-профилактикалык жумуштарды жүргүзүү убактысы эсепке алынбайт. 

3. Санарип тейлемени берүү кечиктирилгенде же талаптагыдай эмес санарип тейлеме берилгенде, санарип тейлеменин берүүчүсү пайдалануучунун алдында кечиктирүү же санарип тейлеменин сапаты начарлаган мезгилге өлчөмдөш жоопкерчилик тартат, бирок ошол мезгил үчүн тиешелүү санарип тейлеменин баасынын өлчөмүнөн көп эмес. 

4. Пайдалануучуга тиешелүү мезгилдеги санарип тейлеме үчүн эсептөөлөр үчүн зарыл болгон дайындарды бербеген учурда, берүүчү пайдалануучунун алдында ошол мезгил үчүн санарип тейлеменин баасынын өлчөмүндө жоопкерчилик тартат. 

5. Пайдалануучуга Кодексте каралган маалыматтын жеткиликтүү эместигинин натыйжасында, пайдалануучуга келтирилген зыян, ошондой эле талаптагыдай эмес сапаттагы санарип тейлемени берүүдөн, анын ичинде пайдалануучунун санарип жазмаларынын жоготулушуна алып келген зыян, санарип тейлеменин берүүчүсү тарабынан соттук чечимдин негизинде, толук көлөмдө орду толтурулуусу тийиш.

 

15-глава. Санарип бакубатчылык тейлемелери 

 

118-берене. Санарип бакубатчылык тейлемелерин укуктук жөнгө салуу 

1. Кыргыз Республикасы анын физиологиялык өзгөчөлүктөрү жөнүндө санарип дайындарды иштеп чыгуунун негизинде, жеке адамдын жашоосунун сапатын жакшыртууга багытталган санарип тейлемелердин жеткиликтүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылат (санарип бакубатчылык тейлемелери). 

2. Медициналык уюмдардын жана жеке менчик иш алып баруучу медициналык кызматчылардын санарип бакубатчылык тейлемелерин пайдалануусу Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо тууралуу мыйзамдар менен жөнгө салынат. Медициналык иштин алкагында санарип бакубатчылык тейлемелерин пайдалануу жеке жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кемсинтүүгө алып келиши мүмкүн эмес. 

3. Медициналык иштин алкагында санарип бакубатчылык тейлемелерин пайдалануу өзүнчө макулдугун алууну талап кылбайт. 

4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө качан жеке адамдын инсандыгы аныкталган шартта гана жол берилген учурларда, тейлеменин керектөөчүсүн аутенттештирүү ушул Кодекске ылайык, санарип аутенттештирүү тейлемелерин пайдалануу менен жүзөгө ашырылат. 

5. Алардын берүүчүлөрүнүн жайгашкан ордунун же санарип жазмаларды иштеп чыгуу орундарынын критерийи боюнча санарип бакубатчылык тейлемелерин пайдаланууну чектөөгө жол берилбейт. 

119-берене. Санарип бакубатчылык тейлемелерин жөнгө салуунун тармактык принциптери 

1. Жеке адамдын саламаттыгына тийиштүү, анын ичинде дарт аныктоо жөнүндө чечимдер адам тарабынан гана кабыл алынышы мүмкүн (адам тарабынан чечим кабыл алуу принциби). 

2. Санарип бакубатчылык тейлемесинин керектөөчүсү тейлеменин мүмкүнчүлүктөрү жана чектөөлөрү жөнүндө, ошондой эле тейлемени пайдаланууга чейин анын пайдалануунун шарттары тууралуу толук дайындарга ээ болушу керек (керектөөчүнүн маалыматтуулук принциби). 

3. Санарип бакубатчылык тейлеменин, анын ичинде автоматтык түрдө ишке ашырылуучу иштеринин натыйжалары керектөөчү үчүн жеткиликтүү тейлеменин иштеринин натыйжаларын ар бирин пайдалануунун же пайдаланбай коюунун кесепеттери жөнүндө дайындар менен коштолушу керек (натыйжаны алдын ала айтуу принциби). 

4. Санарип бакубатчылык тейлемеси жөнүндө таратылган дайындар, керектөөчүнүн жашоосунун сапатын жана саламаттыгын жакшыртып ийери тууралуу негизсиз кепилдиктерди жана күбөлөндүрүүнү камтышы мүмкүн эмес (натыйжанын негиздүүлүк принциби). 

5. Санарип бакубатчылык тейлемесинин конкреттүү керектөөчүгө карата иши жөнүндө дайындар керектөөчү үчүн санарип жазмалар түрүндө жеткиликтүү болуш керек (отчеттуулук принциби). 

120-берене. Санарип тейлемелерди медициналык-санитардык жардам көрсөтүү максаттары үчүн пайдалануу 

1. Бул мыйзамдарда тикелей тыюу салынган учурларды кошпогондо, санарип тейлемелер медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн алкактарында, төмөнкү максаттарда пайдаланылышы мүмкүн: 

1) консультацияларды өткөрүү; 

2) кардардын абалына мониторинг;

3) медициналык кызматчылардын ортосунда тажырыйба алмашуу жана өз ара консультациялар; 

4) медициналык кызматчыларды окутууларды жүргүзүү; 

5) санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы шарттамдарды сактоо. 

2. Санарип жазмалар санитардык-медициналык жардамдарды көрсөтүүдө, алардын санарип тейлемелердин алкагында түзүлгөнүнүн негизинде гана эсепке алынбашы мүмкүн эмес. 

121-берене. Санарип бакубатчылык тейлемелеринин алкактарында дайындарды иштеп чыгуу 

1. Кыргыз Республикасы улуттук экотутумдун алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын саламаттыгынын абалы жөнүндө санарип дайындарды иштеп чыгууну камсыз кылат. 

2. Санарип бакубатчылык тейлемесинин керектөөчүлөрүнүн санарип дайындары анын бардык керектөөчүлөрү үчүн бул тейлемени жакшыртуу максатында пайдаланылышы мүмкүн. 

3. Санарип бакубатчылык тейлемесинин берүүчүсүнүн бул тейлеменин керектөөчүлөрүнүн санарип дайындарын башка санарип тейлемелердин максаттары үчүн иштеп чыгуусу, ошондой эле санарип бакубатчылык тейлемесинин берүүчүсүнүн мындай дайындарды башка жактарга (иштеп чыгуучудан тышкары) өткөрүп берүүсүнө, иштеп чыгуу үчүн ушул Кодексте каралган негиздер болгондо гана, ал эми эгерде мындай негиз катары мыйзамдуу кызыкчылык чыкса – дайындар ээсиздендирилген шарттарда гана жол берилет. 

4. Санарип бакубатчылык тейлемесинин берүүчүсү өзү бекиткен, төмөнкүлөрдү камтыган усулдуктун негизинде, дайындардын сапатын камсыз кылууга милдеттүү: 

1) аларды пайдаланууга карата даярдоо максатында, санарип дайындарды иштеп чыгуу ыкмаларынын сыпаттамасын; 

2) санарип дайындар алкактарында пайдаланылуучу моделдердин жана гипотезалардын сыпаттамасын; 

3) зарыл санарип дайындарынын жеткиликтүүлүгүнүн жана жарактуулугунун алдын ала баасын; 

4) күн мурунтан натыйжаларды тандоону текшерүү ыкмаларын (иргөөнүн таюусун жана тандоодон жаңылууну); 

5) дайындардын саны жана сапаты боюнча кемчиликтерди табуу усулун, ошондой эле бул кемчиликтерди четтетүү ыкмаларын. 

5. Санарип бакубатчылык тейлемелери үчүн санарип дайындар каталыктардан релеванттуу, репрезентативдүү, эркин жана толук болушу керек. Алар жактардын жана тейлеменин керектөөчүлөр тобунун статистикалык мүнөздөмөлөрүн кошуп алганда, санарип тейлеменин жана аны пайдалануунун болжолдолгон шарттарын зарыл өлчөмдө эсепке алуулары тийиш. 

6. Тейлеменин берүүчүсү алар аркылуу санарип тейлемеге карата жеткиликтүүлүк жүзөгө ашырылуучу өзүнүн сайтында же тиркемесинде дайындардын сапатын камсыз кылуунун усулдугун жалпыга жеткиликтүү кылууга милдеттүү. 

122-берене. Санарип бакубатчылык түзүлмөсү 

1. Санарип бакубатчылык тейлемелеринин алкактарында пайдаланылуучу санарип технологиялык тутумдарга жана алардын элементтерине карата (санарип бакубатчылык түзүлмөлөрүнө) талаптар, ошондой эле шайкештикти бышыктоочу формалар техникалык жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет. 

2. Пайдалануу организмдин табигый сырткы бөгөттөрү аркылуу кирүү менен байланышпаган санарип бакубатчылык түзүлмөлөрү (инвазивдик эмес санарип түзүлмөлөр) керектөөчүлөр тарабынан алдын ала жактыруусуз жана шайкештигин бышыктоосуз пайдаланылышы мүмкүн. 

3. Санарип бакубатчылык тейлемесинин берүүчүсү өзүнүн сайтында же тиркемесинде санарип бакубатчылык түзүлмөлөрү тууралуу төмөнкү дайындарды жалпыга жеткиликтүү кылууга милдеттүү: 

1) тейлеменин алкагында пайдаланылышы мүмкүн болуучу санарип түзүлмөлөрдүн же мындай түзүлмөлөргө карата талаптардын тизмегин; 

2) тейлеменин алкагында санарип бакубатчылык түзүлмөлөрүн пайдалануу эрежелерин; 

3) түшүлмө шайкеш келген калыптарга шилтемелерди, спецификацияларды же башка окшош документтерди жана түзүлмөлөрдүн ушундай документтердин жоболоруна ылайыктуулугун бышыктоочу маалыматтарды. 

4. Санарип бакубатчылык тейлемесинин берүүчүсү, алардын өндүрчүсүнө же моделине байланыштуу эч кандай басмырлоосуз, берүүчү тарабынан жарыяланган талаптарга ылайык керектөөчүлөрдүн кандай болбосун түзүлмөлөрдү пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү. 

5. Санарип бакубатчылык тейлемесинин берүүчүсү, түзүлмөлөргө, форматтарга жана түзүлмөлөр менен дайындарды алмашуу интерфейстерге карата талаптарды аныктоодо, жалпы таанылган эл аралык тажырыйбаны эске алууга милдеттүү. 

123-берене. Санарип бакубатчылыкты камсыз кылуу үчүн жасалма интеллект тутумдарын пайдалануу 

Санарип бакубатчылыкты камсыз кылуу үчүн пайдаланылуучу жасалма интеллект тутумдары жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдары болуп саналат. Тейлеменин алкагында жасалма интеллект тутумдарын пайдалануучу санарип бакубатчылык тейлемесинин берүүчүсү, ушул Кодексте белгиленген жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарына карата талаптарды сактоого милдеттүү. 

124-берене. Санарип бакубатчылык тейлемелеринин керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо 

1. Санарип бакубатчылык тейлемесинин керектөөчүсү санарип бакубатчылык тейлемесин пайдалануунун натыйжасында, ага тете Кодекске ылайык керектөөчүлөргө жеткиликтүү болуусу тийиш болгон дайындардын жеткиликсиздигинин кесепетинен ага келтирилген зыяндын (анын ичинде моралдык зыяндын) ордун толтуруп алууга укуктуу. Моралдык зыяндын ордун толтуруу мүлктүк зыяндын жана керектөөчү тарткан чыгымдардын ордун толтурууга көз карандысыз жүзөгө ашырылат. 

2. Санарип бакубатчылык тейлемесинин керектөөчүсү зыяндын ордун толтуруунун жана (же) моралдык зыяндын компенсациясынын ордуна, берүүчүдөн эсептик көрсөткүчтөрдүн жүздөн төрт жүзгө чейинки өлчөмүндө компенсация төлөп берүүнү талап кылууга укуктуу. Компенсация берүүчү жасаган бузуулардын фактысы далилденгенде жана керектөөчүдө зыяндын пайда болуусу менен өндүрүлүүгө жатат. Компенсациянын көлөмү соттун көз карашы боюнча, бузуулардын жана башка жагдайлардын мүнөзүнөн улам, акылга сыйымдуу жана адилеттүү болушу керек. 

3. Санарип бакубатчылык тейлемесинин берүүчүсү, эгерде анын санарип тейлемесин пайдалануу менен керектөөчүдө зыяндын пайда болуусунун ортосунда себептик-кесепеттик байланыш жок экенин далилдесе, зыяндын ордун толтуруудан бошотулат.

 

16-глава. Телекоммуникуациялык тейлемелер

125-берене. Телекоммуникациялык тейлемелерди укуктук жөнгө салуу 

1. Кыргыз Республикасы телекоммуникациялык тейлемелерди эл аралык келишимдердин жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү эл аралык уюмдардын чечимдеринин негизинде жөнгө салат. Телекоммуникациялык тейлемелерге тийиштүү терминдер, эгерде Кодексте башкача белгиленбесе, Эл аралык электр байланыштар бирлигинин документтеринде белгиленген маанилеринде пайдаланылат. 

2. Телекоммуникациялык тейлемелерди берүү жана аларды жөнгө салуу, телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү жалпы таанылган практиканы эске алуу менен жүзөгө ашырылуусу тийиш. 

3. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кодексте белгиленген талаптарга ылайыктуулукту бышыктоо талап кылынса, бул үчүн чет өлкөлүк мамлекеттин мыйзамдарына ылайык алынган жалпы таанылган эл аралык практиканын талаптарына шайкештикти бышыктоо жөнүндө документтер пайдаланылышы мүмкүн. 

126-берене. Телекоммуникациялык тейлемелерди укуктук жөнгө салуунун тармактык принциптери 

1. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъектери Кыргыз Республикасында телекоммуникациялык тейлемелерди эркин берүүгө жана аларды пайдаланууга укуктуу (телекоммуникациялардын эркиндиги принциби). 

2. Телекоммуникациялык тейлемелерди жөнгө салуу, аларды берүүчүлөр жана пайдалануучулар үчүн берүүнүн үзгүлтүксүздүгүн жана телекоммуникациялык тейлемелерди каалагандай токтотуунун жол берилбестигин камсыз кылат (үзгүлтүксүздүк принциби). 

3. Телекоммуникациялык тейлемелерди берүү жана аларды пайдалануу боюнча иштерди жөнгө салуу алардын туруктуу өнүгүүсүн жана келечектүү технологияларды киргизүүнү, аларды жалпы таанылган эл аралык практикаг ылайык берүүнү камсыз кылат (өнүгүү принциби). 

4. Телекоммуникациялык тейлемелер жана аларды жөнгө салуу, телекоммуникациялык тейлемелерди пайдалануу менен өз ич ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон пайдалануучулардын санын көбөйткүдөй ыйгайда уюштурулушу керек (өз ара аракеттенүү принциби). 

5. Телекоммуникациялык тейлемелердин туруктуу өнүгүүсү жана аларды жөнгө салуу принциптерин ишке ашыруу, тейлемелерди берүү жана аларды пайдалануу үчүн пайдаланылуучу тейлемелердин жана санарип түзүлмөлөрдүн сыйышуучулугун камсыз кылган шарттарда гана мүмкүн (сыйышуучулук принциби). 

6. Телекоммуникациялык тейлемелерди берүүдө жана аларды пайдаланууда берилүүчү дайындардын бүтүндүгү жана кол тийгистиги камсыз кылынат, ал эми телекоммуникациялык тейлемелердин берүүчүлөрү берилүүчү дайындардын мазмунун көзөмөлдөбөшү жана алардын мазмунуна байланыштуу жоопкерчилик тартуулары тийиш (кол тийгистик принциби). 

127-берене. Телекоммуникациялык сыр 

1. Кат алышуу, телефондо жана башка сүйлөшүүлөр, телекоммуникациялык тейлеменин жардамы менен берилүүчү кандай болбосун билдирүүлөр, телекоммуникациялык сырларга кирет. 

2. Телекоммуникациялык сырларды түзүүчү дайындарга же үн менен билдирүүлөрүнүн мазмунуна жеткиликтүүлүк, мындай дайындарды (билдирүулөрдү) жөнөтүүчүлөр жана алуучулар жана телекоммуникациялык тейлемелерди берүүгө катышуучу жактар тарабынан гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Телекоммуникациялык сырды түзүүчү маалыматтарга карата башка жактардын жеткиликтүүлүгүнө мыйзамга ылайык жана соттук чечимдин негизинде гана жол берилет. 

3. Аларды пайдалануу менен берилген маалыматтарды алуу, өзгөртүү же башкача иштеп чыгуу максатында, телекоммуникациялык тейлемелерге санкцияланбаган кошулууга жана башка кийлигишүүгө тыюу салынат. 

4. Телекоммуникациялык метадайындар (дайындарды берүүнүн убактысы же орду жана бул үчүн пайдаланылган жабдуулар жөнүндө, номерлөө же даректөө сыяктуу маалыматтар) телекоммуникациялык сырга кирбейт жана Кодексте белгиленген мындай метадайындардын принципалдарынын укуктарын сактоо менен иштеп чыгылат. 

5. Эгерде телекоммуникациялык тейлеме дайындарга (алып айтканда, сайтта алып берүдө же жайгаштырууда) карата жалпы жеткиликтүүлүктү берүү максатында пайдаланылса, мындай дайындар телекоммуникациялык сырга кирбейт. 

128-берене. Телекоммуникациялык тейлемелерди берүү 

1. Телекоммуникациялык тейлемелер, эгерде пайдалануучулук макулдашуусунда башкасы тикелей көрсөтүлбөсө, күнү-түнү берилет. Телекоммуникациялык тейлемелеринин берүүчүлөрү телекоммуникациялык тейлемелердин санарип туруктуулугун камсыз кылуу, ошондой эле аларды берүүдөгү үзгүлтүктөрдү өз убагында табуу жана четтетүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү. 

2. Телекоммуникациялык тейлемелердин берүүчүлөрү телекоммуникациялык тейлемелерди берүүдөгү үзгүлтүктөргө алып келүүсү мүмкүн болгон кандай болбосун оңдоо-профилактикалык жумуштар жөнүндө, аларды жүргүзүү учуруна чейин 3 жумушчу күн калгандан мурун, өзүнүн сайтында же тиркемеде, пайдалануучуларды кабарландырууга милдеттүү. 

3. Телекоммуникациялык тейлемелерди берүүгө таасирин тийгизүүчү кырсыктар же башка инциденттер пайда болгондо, тейлеменин берүүчүсү өзүнүн сайтында же тиркемеде инцидент тууралуу, анын тейлемеге таасири жана аны четтетүүнүн пландалган мөөнөттөрү жөнүндө пайдалануучуларды кабарландыруусу тийиш. 

4. Телекоммуникациялык тейлемелердин пайдалануучуларына күнү-түнү техникалык колдоо көрсөтүлөт. Берүүчү өзүнүн сайтына же тиркемеде техникалык колдоо көрсөтүү кызматынын байланыш маалыматтарын жайгаштырууга милдеттүү. 

5. Эгерде телекоммуникациялык тейлеменин наркы аны пайдалануунун көлөмүнө жараша эсептелип чыга турган болсо, берүүчү эсептөө үчүн эсептик тутумдарга карата талаптарга шайкештигине бышыктоо алган эсептик тутумдун наркын пайдаланууга милдеттүү. 

6. Эгерде эл аралык келишим менен башкача белгиленбесе, Кыргыз Республикасынын аймактарында телекоммуникациялык тейлемелерди берүүдө бишкектин эсептик-отчеттук убактысы колдонулат. 

129-берене. Телекоммуникациялык тейлемелерди пайдалануунун максаттары 

1. Пайдалануучу телекоммуникациялык тейлемелерди, эгерде ушул берене же пайдалануучулук макулдашуусу менен, телекоммуникациялык тейлемелерди белгилүү максаттарда пайдалануу тейлеменин берүүчүсүнүн тикелей макулдугу менен гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн экендиги каралбаса, кандай болбосун максаттарда пайдаланууга укугу бар. 

2. Пайдалануучу тейлеменин берүүчүсүнүн тейлемени төмөнкү максаттардын кайсынысы үчүн болбосун пайдаланууга макулдугун бышыктоочу санарип жазманы сактоого милдеттүү: 

1) лотереяларды, добуш берүүлөрдү, конкурстарды, викториналарды, ушул телекоммуникациялык тейлеменин башка пайдалануучуларын сурамжылоолорду жүргүзүү; 

2) ушул телекоммуникациялык тейлеменин пайдалануучулары арасында жарнамаларды таратуу же аларга санарип жазмаларды жапырт жиберүү;

3) ар түрдүү ушул телекоммуникациялык тейлемелердин ортосунда шлюздарды орнотуу; 

4) телекоммуникациялык тейлемени, анын ичинде анын санарип туруктуулугун тестирлөө жолу менен изилдөө. 

3. Аны ушул телекоммуникациялык тейлеменин пайдалануучулары арасында жарнама таратуу үчүн пайдалануучу телекоммуникациялык тейлеменин берүүчүсү же пайдалануучусу, ага алдын ала пайдалануучулардын макулдугун алууга жана пайдалануучулардын жарнаманы алууга макулдугун бышыктоого мүмкүндүк берүүчү санарип жазмаларды сактоого милдеттүү. 

130-берене. Алып берүүчү тейлемелер 

1. Алып берүүчү тейлемелер Кыргыз Республикасында төмөнкүлөрдү таратуу үчүн пайдаланылат: 

1) Кыргыз Республикасынын аймагында жалпыга маалымдоо каражаттары катары катталган жана телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө мыйзамдарга ылайык берилген, анологдук алып берүүдө жана (же) алып берүүнүн санарип пакаетинде жайгаштырууга тиешелүү урукс аты бар телерадиоканалдарды;

2) чет өлкөлүк телерадиоканалдарды. 

2. Телерадиоканалдарды түзүү Кыргыз Республикасынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө мыйзамдарына жана жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырылат. 

3. Алып берүүчү тейлемелердин берүүчүлөрү алынган телеродиоканалдарды өзгөртүүсүз түрдө таратууга милдеттүү. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө мыйзамдарга ылайык алып берүүчү уюм катары катталган шартта гана телерадиоканалдарга өзгөртүүлөдү киргизүү мүмкүн. 

131-берене. Телекоммуникациялык тейлемелерди өзгөчө шарттарда берүү 

1. Телекоммуникациялык тейлемелер артыкчылыктуу тартипте төмөнкүлөргө тийиштүү дайындарды берүү үчүн пайдаланылат: 

1) адамдардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч келтирүү;

2) өзгөчө кырдаалдар жана кырсыктардан куткаруу жумуштары; 

3) коргонуу, улуттук коопсуздук жана укук тартибин коргоо бөлүктөрүндөгү кечиктирилгис иш чараларды жүргүзүү. 

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган билдирүүлөрдү берүү телекоммуникациялардын операторлору тарабынан акысыз негизде жүзөгө ашырылат. 

3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, чет өлкөлүк мамлекеттирдин дипломаттык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнүн кызмат адамдарынын айрым категориялары, ошондой эле жеке адамдардын айрым топтору үчүн телекоммуникациялык тейлемелерди пайдаланууда, кезектүүлүк, пайдалануу тартиби жана телекоммуникациялык тейлемелерге төлөөнүн өлчөмү бөлүктөрүндө артыкчылыктар жана жеңилдиктер белгилденет. Мындай артыкчылыктарга жана жеңилдиктерге укугу бар адамдардын категорияларынын тизмеги Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана эл аралык келишимдери менен аныкталат. 

 

17-глава. Ишенилген тейлемелер

132-берене. Ишенилген тейлемелерди укуктук жөнгө салуу 

1. Санарип колтамгаларды, санарип мөөрлөрдү жана санарип архивдерди пайдалануу боюнча мамилелер Кодекс жана ага ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченеемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат. 

2. Санарип экотутумда санарип колтамганы пайдалануунун тартиби ушул тутумдун ээси тарабынан же андагы санарип өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын макулдашуусу менен белгиленет. 

3. Аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары пайдалануучу санарип колтамганын түрөрү, ошондой эле мындай санарип колтамгалардын сыйышуучулуктарын камсыз кылуу боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. 

4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында мамилелердин төмөнкү түрлөрүндө ишенилген тейлемелерди пайдалануунун өзгөчөлүктөрү белгилениши мүмкүн: 

1) шайлоолорду даярдоодо жана өткөрүүдө; 

2) жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасоодо; 

3)мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүдө; 

4) банктык аткарымдарды жүзөгө ашырууда; 

5) бухгалтердик жана салыктык эсептерди жүргүзүүдө. 

 

133-берене. Санарип колтамгалардын жана санарип мөөрлөрдүн тейлемелери, санарип архивдердин тейлемелери 

1. Санарип колтамгалардын жана санарип мөөрлөрдүн тейлемелери, санарип архивдердин тейлемелери, санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин пайда болуусун, өзгөрүүсүн, токтоосун ырастоого багытталган ишенилген санарип тейлемелерине кирет. 

2. Санарип колтамгалар жана мөөрлөр менен иштөө үчүн санарип колтамгалар жана мөөрлөр тейлемелеринин берүүчүлөрү жана пайдалануучулары шифрлөөчү (криптографиялык) санарип технологиялык тутум болуп саналган санарип колтамга каражаттарын пайдаланышат. 

3. Санарип архивдер ушундай колтамгалар жана мөөрлөр менен иштөө үчүн зарыл болгон санарип колтамга каражаттары менен бирге санарип колтамганы же мөөрдү камтыган санарип жазмаларды сактайт. 

134-берене. Ишенилген тейлемелерди пайдалануу боюнча мамилелерди жөнгө салуунун тармактык принциптери 

1. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекттери, эгерде аларды пайдалануунун максаттарына ылайык, анын конкреттүү түрүн пайдалануу тууралуу талаптар мыйзамдарда же болбосо санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекттеринин макулдашуусунда каралбаса, өз көз караштары боюнча кандай болбосун ишенилген тейлемени пайдаланууга укуктуу. 

2. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекттери, Кодекстин санарип колтамгаларга, мөөрлөргө, архивдерге же башка ишенилген тейлемелерге карата колдонулмалуу талаптарын аткарууга мүмкүнчүлүк берүүчү кандай болбосун технологияны жана (же) технологиялык тутумду пайдаланууга укуктуу. 

3. Мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген санарип колтамганын, санарип мөөрдүн же санарип архивдин конкреттүү түрүн пайдаланууга карата талаптар аларды пайдалануунун максаттарына шайкеш келиши керек. 

4. Өзгөрүлгүстүгү санарип колтамга жана (же) санарип мөөр менен камсыз кылынган санарип колтамга, санарип мөөр жана (же) санарип жазма, санарип колтамга өз колу менен коюлган колтамга болуп саналбаганын, санарип мөөр кагаз алып жүрүүчүдөгү документте мөөрдүн өзүнүн тагы болуп саналбаганын же документ санарип архивде сакталганынын негизинде гана юридикалык күчкө ээ эмес катары таанылышы мүмкүн эмес. 

135-берене. Санарип колтамгалардын жана санарип мөөрлөрдүн түрлөрү 

1. Квалифицирленбеген санарип колтамга (мындан ары – квалифицирленбеген колтамга) жана квалифицирленген санарип колтамга (мындан ары – квалифицирленген колтамга) санарип колтамганын түрлөрү болуп саналат. 

2. Төмөнкү белгилерге шайкеш келген санарип колтамга квалифицирленбеген колтамга болуп саналат: 

1) санарип колтамганын ачкычын пайдалануу менен санарип дайындарды криптографиялык кайра түзүүнүн натыйжасында алынган; 

2) кайталангыс ыңгайда колтамга коюучу менен байланышкан; 

3) санарип жазмага колтамга койгон адамды айныксыз аныктоого мүмкүнчүлүк берген; 

4) ага колтамга коюлгандан кийин, санарип жазмага өзгөртүүлөрдү киргизүү фактысын ашкерелөөгө мүмкүнчүлүк берген; 

5) санарип колтамга каражаттарын пайдалануу менен түзүлөт, аны санарип жазмага колтамга койгон жак, өзүнүн көзөмөлү алдында сактоого жөндөмдүү. 

3. Квалифицирленбеген колтамганы пайдаланууда, эгерде санарип колтамганын квалифицирленбеген колтамганын белгилерине шайкештиги колтамганы текшерүү ачкычынын сетификатын пайдалануусуз камсыз кылынышы мүмкүн болсо, колтамганы текшерүү ачкычынын сетификаты түзүлбөй калышы мүмкүн. 

4. Квалифицирленбеген колтамганын бардык белгилерине жана төмөнкү кошумча белгилерге шайкеш келген санарип колтамга квалифицирленген колтамга болуп саналат: 

1) санарип колтамганы текшерүү ачкычы квалифицирленген колтамганын сертификатында көрсөтүлгөн; 

2) санарип колтамганы түзүү жана текшерүү үчүн, Кодекске ылайык белгиленген талаптарга шайкештигине бышыктоо алган санарип колтамга каражаттары пайдаланылган. 

5. Санарип мөөр санарип жазманын, анын атынан аракеттенүүчү жеке жакты көрстүүсүз, юридикалык жактын атынан чыкканын бышыктоого кызмат кылат, жана санарип мөөр түзүлгөндөн кийин документтин өзгөрүлгүстүгүнүн далили катары кызмат кылат. Түзүү жана пайдалануу, тийиштүүлүгүнө жараша квалифицирленбеген жана квалифицирленген санарип колтамгалар үчүн Кодексте каралган эрежелер боюнча жүзөгө ашырылуучу квалифицирленбеген жана квалифицирленген мөөрлөр санарип мөөрлөрдүн түрлөрү болуп саналат. 

136-берене. Санарип колтамга коюлган санарип жазмаларды өз колу менен колтамга коюлган кагаз алып жүрүүчүдөгү документтер менен бирдей таануу шарттары 

1. Квлифицирленген колтамга коюлган же квалифицирленген мөөрдү камтылган санарип жазма, мыйзамдарда мындай документти санарип формада түзүүгө тыюу салынган учурларды кошпогондо, өз колу менен колтамга коюлган кагаз алып жүрүүчүдөгү документке бирдей маанидеги санарип документ деп таанылат. 

2. Квлифицирленбеген колтамга коюлган же квалифицирленбеген мөөрдү камтылган санарип жазма, төмөнкүлөр менен белгиленген учурларда, өз колу менен колтамга коюлган кагаз алып жүрүүчүдөгү документке бирдей маанидеги санарип документ деп таанылат: 

1) ченемдик укукту актылар; 

2) эгерде ченемдик укуктук актылар менен мындай документти санарип формада түзүүгө тыюу салынбаса, санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин бубъекттеринин макулдашуусу. 

Көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыларда жана санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекттеринин макулдашууларында санарип колтамганы текшерүүнүн тартиби каралуусу тийиш. 

3. Эгерде ченемдик укуктук актыларга же документтердин иштиктүү жүгүртүмүнүн адаттарына ылайык, кагаз алып жүрүүчүдөгү документ мөөр менен, санарип документ коюлган санарип колтамга менен күбөлөндүрүлүшү керек болсо, өз колу менен колтамга коюлган жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн кагаз алып жүрүүчүдөгү документке бирдей маанидеги санарип документ деп таанылат. Ченемдик укуктук актылар же санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекттеринин макулдашуусу менен, аны мөөр менен күбөлөндүрүлгөн кагаз алып жүрүүчүдөгү документке бирдей маанидеги документ деп таануу максатында, санарип документке карата кошумча талаптар, алып айтканда санарип мөөр менен күбөлөндүрүү жөнүндө талап каралышы мүмкүн. 

4. Бир санарип колтамга менен санарип документтерди пакетине, башкача айтканда өз ара байланыштагы бир нече санарип документтерге колтамга коюлушу мүмкүн. Санарип документтердин пакетине санарип колтамга коюлганда, бул пакетке кирген документтердин ар бирине, санарип документтердин пакетине коюлган колтамга түрүндөгү санарип колтамга коюлган болуп эсептелет. 

5. Эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык, катуу отчеттуулуктагы бланктарды пайдалануу менен, кагаз алып жүрүүчүдөгү документтерди жол-жоболоштурууга карата өзгөчө талаптар коюлат, анда квалифицирленген санарип колтамга коюлган санарип документ, бул талаптарга шайкеш келет деп эсептелет. 

137-берене. Трансчекаралык таануу 

1. Кыргыз Республикасында Кодексте белгиленген талаптарга, ошондой эле чет өлкөлүк жана санарип колтамгалар, санарип мөөрлөр, санарип архивдер чөйрөсүндөгү эл аралык калыптарга шайкеш келген санарип колтамагаларды, санарип мөөрлөрдү, санарип архивдерди түзүүнүн кандай болбосун усулдары таанылат. 

2. Чет өлкөлүк мамлекеттин укук ченемдерине ылайык түзүлгөн санарип колтамгалар, Кыргыз Республикасында Кодекске ылайык алар кандай белгилерге жооп берсе, ошол түрдөгү санарип колтамгалар деп таанылат. 

3. Санарип колтамга жана ал коюлган санарип документ, колтамганы текшерүү ачкычынын сертификаты чет өлкөлүк мамлекеттин укук ченемдерине ылайык берилгенинин жана мындай колтамга санарип колтамганын ушул Кодексте белгиленген талаптарына шайкеш келбегенинин негизинде гана юридикалык күчкө ээ эмес деп эсептелиши мүмкүн эмес. 

4. Чет өлкөлүк санарип колтамгалар, санарип мөөрлөр, санарип архивдер тейлемелерин таануу, Кодексте белгиленген чет өлкөлүк ишенилген санарип тейлемелерди таану тартибинде жүргүзүлөт. 

138-берене. Санарип колтамгаларды пайдаланууда санарип чөйрөдөгү укук мамилелери субъекттеринин милдеттери 

Санарип колтамганы пайдаланууда санарип чөйрөдөгү укук мамилелери субъекттери төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) санарип колтамга ачкычынын купуялуулугун камсыз кылууга, алып айтканда, өздөрүнө таандык санарип колтамга ачкычтарынын алардын макулдугусуз пайдалануусуна жол бербөөгө; 

2) санарип колтамганын же аны түзүү үчүн зарыл болгон дайындардын санкцияланбаган пайдаланылуусуна жол бербөө үчүн акыл-эстүү сактыкты көрсөтүүгө;

3) колтамга ачкычынын купуялуулугу бузулганы жөнүндө маалымат алынган учурдан тартып, токтоосуз, бирок кандай болбосун учурда бир жумушчу күндөн көп эмес убакыттын ичинде, мындай бузулуу жөнүндө колтамганы текшерүү ачкычынын сертификатын берген ырастоочу борборду, жана укук мамилелеринин башка катышуучуларын кабарландырууга; 

4) санарип колтамга ачкычынын купуялуулугу бузулду деп болжоого негиздер болгондо, бул ачкычты пайдаланбоого; 

5) квалифицирленген колтамга коюлган санарип документтери менен алмашууну жүзөгө ашыруу үчүн, Кодексте белгиленген талаптарга шайкештигинин бышыктамасы алынган санарип колтамга каражаттарын пайдаланууга; 

6) санарип колтамганы текшерүү ачкычынын сертификатын пайдалануу үчүн зарыл болгон дайындардын тактыгын жана өз убагында актуалдашуусун камсыз кылууга; 

7) санарип колтамганын имшенимдүүлүгүн текшерүү үчүн акыл-эстүү чараларды көрүүгө. 

139-берене. Квалифицирленген колтамганын жана мөөрдүн аныктыгын таануу 

Соттун чечими менен башкасы белгеленгенге чейин, квалифицирленген колтамга (квалифицирленген мөөр), бир эле убакта төмөнкү шарттарды сактоо менен, анык деп таанылат: 

1) колтамганы текшерүү ачкычын камтыган квалифицирленген сертификат, аккредиттелүүсү көрсөтүлгөн сертификат берилген күнгө анык (токтотулуп турбаган, токтотулбаган, жокко чыгарылбаган) аккредиттелген ырастоочу борбор тарабынан түзүлсө жана берилсе; 

2) колтамганы текшерүү ачкычын камтыган квалифицирленген сертификат, санарип документке колтамга коюлган күнгө (өз колдонулуусун токтотпосо, жокко чыгарылбаса) же текшерүү күнүнө – эгерде колтамга коюлган учур аныкталбаса (санарип документке колтамга коюлган учур жөнүндө ишенимдүү маалымат болгондо) жарактуу болсо; 

3) анын жардамы менен ушул санарип документке колтамга коюлган, көрсөтүлгөн санарип колтамганын квалифицирленген сертификатынын ээсине таандыктыгын текшерүүнүн оң натыйжасы болсо, жана ага колтамга коюлгандан кийин бул документке киргизилген өзгөртүүлөр болбосо; мында текшерүү, Кодекске ылайык белгиленген талаптарга шайкештигин бышыктоо алынган санарип колтамга каражаттарын колдонуу менен, жана анын атынан документке колтамга коюлган жактын квалифицирленген сертификатын пайдалануу менен жүзөгө ашырылат; 

4) квалифицирленген колтамга, ушул документке анын атынан колтамга коюлган жактын квалифицирленген сертификатында камтылган чектөөлөргө ылайык (эгерде чектөөлөр белгиленсе) пайдаланылат. 

140-берене. Санарип колтамга каражаттары 

1. Санарип колтамга түзүү жана текшерүү, колтамга ачкычтарын жана колтамганы текшерүү ачкычтарын түзүү үчүн санарип колтамга каражаттары пайдаланылат, алар: 

1) ага колтамга коюлгандан кийин колтамга коюлган санарип документти өзгөртүү фактысын аныктоого мүмкүнчүлүк беришет; 

2) санарип колтамгалардан же аны текшерүү ачкычтарынан колтамга ачкычын иш жүзүндө эсептеп чыгаруунун мүмкүн эместигин камсыз кылышат. 

2. Санарип колтамганы түзүүдө санарип колтамга каражаты: 

1) санарип жазмага колтамга койгон адамга анын мазмунун көрсөтүшү керек; 

2) маалыматка колтамга койгон адам бышыктагандан кийин гана санарип колтамганы, санарип колтамга түзүү боюнча аткарымды түзүшү керек; 

3) санарип колтамга түзүлгөнүн так жана ачык көрсөтүшү керек. 

3. Санарип колтамганы текшерүүдө санарип колтамга каражаты: 

1) санарип колтамга коюлган санарип документтин мазмунун көрсөтүшү керек; 

2) санарип колтамга коюлган санарип документке өзгөртүүлөр киргизилген-киргизилбегенин көрсөтүшү керек; 

3) колтамга ачкычын пайдалануу менен, санарип документтерге колтамга койгон жакты көрсөтүүсү тийиш. 

4. Мамлекеттик жашыруун сырларды түзүүчү маалыматтарды камтыган санарип документтерде санарип колтамганы түзүү үчүн арналган, же мамлекеттик жашыруун сырларды камтыган маалыматтык тутумда пайдалануу үчүн арналган санарип колтамга каражаттары, тиешелүү жашыруундук деңгээлдеги маалыматтарды коргоо боюнча талаптарга милдеттүү ылайыктуулук сертификациялоодон өтүүсү тийиш. 

5. Купуя маалыматтарды камтыган санарип документтерде санарип колтамгаларды түзүү үчүн арналган санарип колтамга каражаттары, мындай маалыматтардын купуялуулугун бузбашы керек. 

6. Ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүнүн талаптары, автоматтык түрдө (адамдын катышуусу жок) санарип колтамгаларды түзүү же текшерүү үчүн пайдаланылуучу санарип колтамга каражаттарына карата колдонулбайт. 

141-берене. Ырастоочу борбор 

1. Ырастоочу борбор: 

1) санарип колтамга ачкычын текшерүү сертификатын түзөт жана аны мындай ачкычты алуу үчүн кайрылган адамга (мындан ары – арыз ээсинин) берет; 

2) санарип колтамга ачкычын текшерүү сертификатынын колдонуу мөөнөтүн белгилейт; 

3) өзү берген санарип колтамга ачкычын текшерүү сертификатын жокко чыгарат; 

4) арыз ээсинин кайрылуусу боюнча санарип колтамга ачкычын жана санарип колтамганы текшерүү ачкычын камтыган, же болбосо арыз ээсинин санарип колтамга ачкычын жана санарип колтамганы текшерүү ачкычын түзүүнү камсыз кылуучу, санарип колтамга каражатын (анын ичинде ырастоочу борбор түзгөн) берет; 

5) өзү берген жана жокко чыгарылган колтамгаларды текшерүү ачкычынын сертификаттарынын реестрин (мындан ары – сертификаттар реестрин), анын ичинде өзү берген санарип колтамганы текшерүү ачкычынын сертификаттарында камтылган маалыматтарды, ошондой эле санарип колтамганы текшерүү ачкычынын сертификатынын колдонуу токтогон (жокко чыгарылган) дата жана анын негиздери жөнүндө маалыматтарды жүргүзөт; 

6) квалифицирленген болуп саналбаган сертификаттардын реестрин жүргүзүү тартибин, ага карата жеткиликтүүлүк тартибин белгилейт, ошондой эле жактардын сертификаттардын реестринде камтылган маалыматтарга карата жеткиликтүүлүгүн, анын ичинде Интернет тарамын пайдалануу менен камсыз кылат; 

7) арыз ээлеринин кайрылуусу боюнча санарип колтамга ачкычын жана санарип колтамганы текшерүү ачкычын түзөт; 

8) санарип колтамга ачкычтарынын купуялуулугун камсыз кылат (мындай ачкычтарды түзгөн учурда); 

9) ушул ырастоочу борбордун санарип колтамганы текшерүү ачкычтарынын кайталангыстыгын текшерет; 

10) санарип өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын кайрылуулары боюнча санарип колтмаганы текшерүүнү жүзөгө ашырат; 

11) санарип колтамганы пайдалануу менен байланышкан бишка иштерди жүзөгө ашырат. 

2. Ырастоочу борбор төмөнкүлөргө милдеттүү: 

1) арыз ээлерин жазуу жүзүндө санарип колтамганы жана санарип колтамга каражаттарын пайдалануунун шарттары жана тартиби тууралуу, санарип колтамганы пайдалануу менен байланыштуу тобокелдиктер, жана санарип колтамгалардын жана аларды текшерүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл чаралар жөнүндө кабарландырууга; 

2) сертификаттардын реестринде камтылган санарип дайындардын актуалдуулугун, жана аларды укук ченемсиз жеткиликтүүлүктөн, жок кылуудан, модификациялоодон, бөгөттөөдөн, ошондой эле мындай маалыматтарга карата жана башка укук ченемсиз иш-аракеттерден коргоону камсыз кылууга; 

3) анын кайрылуусу боюнча кандай болбосун жакка, сертификаттар реестрине карата жеткиликтүүлүктүн белгиленген тартибине ылайык, ырастоочу борбордун сертификаттар реестринде камтылган санарип дайындарга, анын ичинде санарип колтамгаларды текшерүү ачкычынын сертификатын жокко чыгаруу тууралуу дайындарды акысыз берүүгө. 

3. Ырастоочу борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, төмөнкүлөрдүн натыйжасында башка жактарга келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартат: 

1) ырастоочу борбор тарабынан келишимден келип чыгуучу тейлемени берүү милдеттенмелерин аткарбаганынын же талаптагыдай эмес аткарганынын; 

2) ушул берененин 1-бөлүгүнүн 10-пунктунда, 2-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарында каралган милдеттерди аткарбаганынын же талаптагыдай эмес аткарганынын. 

4. Ырастоочу борбор башка жактарды (мындан ары – ишенимдүү адамдар) ырастоочу борбордун атынан санарип колтамга коюлган, мындай ишенимдүү адамга ушул ырастоочу борбор тарабынан берилген санарип колтамганы текшерүү ачкычынын сертификатына негизделген, санарип колтамганы текшерүү ачкычынын сертификатын түзүү жана берүү боюнча ыйгарым укук берүүгө укуктуу. 

5. Ишенимдүү адамдарга ыйгарым укук берген ырастоочу борбор, мындай ишенимдүү адамдарга карата түпкү ырастоочу борбор болуп саналат жана аларга карата төмөнкү иш-милдеттерди аткарат: 

1) ишенимдүү адамдар тарабынан берилген, санарип колтамгаларды текшерүү сертификаттарында көрсөтүлгөн санарип колтамгаларды, санарип колтамгаларды текшерүү ачкычтарын текшерүүнү жүзөгө ашырат; 

2) ишенимдүү адамдардын ортосундагы жана ишенимдүү адамдардын ырастоочу борбор менен санарип өз ара аракеттенүүлөрүн камсыз кылат. 

6. Сертификаттардын реестрине киргизилген санарип жазмалар, эгерде ченемдик укуктук актыларда кыйла кыска мөөнөт белгиленбесе, ырастоочу борбордун ишинин бардык мөөнөтү ичинде сакталуусу тийиш. Анын иш-милдеттери башка жактарга өтпөстөн, ырастоочу борбордун иши токтогон учурда, ал күн мурунтан, бирок иши токтогон датага чейин бир айдан кем эмес мурун бул тууралуу жазуу жүзүндө, колдонуу мөөнөтү бүткөн, өзү берген санарип колтамганы текшерүү ачкычынын сертификаттарынын ээлерин кабарландырышы керек. Көрсөтүлгөн учурда ырастоочу борбордун иши аяктагандан кийин, сертификаттардын реестрине киргизилген санарип жазмалар алып салынышы керек. 

Анын иш-милдеттери башка жактарга өтүү менен, ырастоочу борбордун иши токтогон учурда, ал күн мурунтан, бирок өзүнүн иш-милдеттерин өткөрүп берген датага чейин бир айдан кем эмес мурун бул тууралуу жазуу жүзүндө, колдонуу мөөнөтү бүтпөгөн, өзү берген санарип колтамганы текшерүү ачкычынын сертификаттарынын ээлерин кабарландырышы керек. Көрсөтүлгөн учурда ырастоочу борбордун иши аяктагандан кийин, сертификаттардын реестрине киргизилген санарип жазмалар, өз ишин токтоткон ырастоочу борбордун иш-милдеттери өткөн жакка өткөрүлүп берилиши керек. 

7. Ырастоочу борбордун иш-милдеттерин ишке ашыруунун, ушул беренеде белгиленген анын укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруунун тартиби, эгерде ченемдик укуктук актыда же санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекттеринин макулдашуусунда башкача белгиленбесе, ырастоочу борбор тарабынан өз алдынча аныкталат. 

8. Жактардын чектелбеген чөйрөсүнө карата өз иштеринр жүзөгө ашырган ырастоочу борбордун тейлемени берүүгө келишими, жалпы айкын келишим болуп саналат. 

142-берене. Санарип колтамганы текшерүү ачкычынын сетификаты 

1. Ырастоочу борбор санарип колтамганы текшерүү ачкычынын сертификатын түзүүнү жана берүүнү ырастоочу борбор менен арыз берүүчүнүн ортосундагы макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырат. 

2. Санарип колтамганы текшерүү ачкычынын сертификаты төмөнкү маалыматтарды камтышы керек: 

1) анын колдонуу мөөнөтү башталган жана аяктаган даталарды; 

2) жеке адамдар үчүн – фамилиясын, атын, атасынын атын (эгерде болсо), (аталышын – юридикалык жактар үчүн) же санарип колтамганы текшерүү ачкычынын ээсинин башка идентификаторун; 

3) санарип колтамганы текшерүү ачкычын; 

4) талаптарына санарип колтамга ачкычы жана санарип колтамганы текшерүү ачкычы шайкеш келген, пайдаланылуучу санарип колтамга каражаттарынын жана (же) калыптарынын аталышын; 

5) сертификатты берген ырастоочу борбордун аталышын. 

3. Санарип колтамганы текшерүү ачкычынын сертификатын юридикалык жакка берген учурда, мындай сертификаттын ээси катары, көрсөтүлгөн юридикалык жак менен бир катарда, уюмдаштыруучу документтердин же ишеним каттын негизинде, анын атынан аракеттенүүчү жеке жак көрсөтүлөт. 

4. Ырастоочу борбор санарип колтамганы текшерүү ачкычынын сертификатын санарип документ формасында дагы, ошондой эле кагаз алып жүрүүчүдөгү документ формасында да берүүгө укуктуу. Санарип документ формасында берилген санарип колтамганы текшерүү ачкычынын сертификатынын ээси, ошондой эле санарип колтамганы текшерүү ачкычынын сертификатын ырастоочу борбор тарабынан колтамга коюлган кагаз алып жүрүүчүдө да алууга укуктуу. 

5. Санарип колтамганы текшерүү ачкычынын сертификаты, эгерде санарип колтамганы текшерүү ачкычынын сертификатынын өзүндө санарип колтамганы текшерүү ачкычынын сертификатын колдонуунун башталашынын башка датасы көрсөтүлбөсө, аны берген учурдан тартып колдонулат. 

Санарип колтамганы текшерүү ачкычынын сертификаты жөнүндө маалыматтар ырастоочу борбор тарабынан, сертификаттардын реестрине, анын өзүндө көрсөтүлгөн санарип колтамганы текшерүү ачкычынын сертификатын колдонуунун датасы башталган датадан кечиктирилбестен киргизилиши керек. 

6. Санарип колтамганы текшерүү ачкычынын сертификаты өзүнүн колдонулуусун төмөнкү учурларда токтотот: 

1) анда белгиленген аны колдонуу мөөнөтү аяктаганда; 

2) санарип колтамганы текшерүү ачкычынын сертификатынын ээсинин кагаз алып жүрүүчүдө документ формасында же болбосо санарип формасында берилүүчү арызы боюнча; 

3) анын иш-милдеттери башка жактарга өтпөстөн, ырастоочу борбордун иши токтогон учурда;

4) мыйзамда же ырастоочу борбордун санарип колтамганы текшерүү ачкычынын сертификатынын ээси менен макулдашуусунда белгиленген башка учурларда. 

7. Санарип колтамганы текшерүү ачкычынын сертификатын колдонуу токтогону жөнүндө дайындар, сертификаттардын реестрине, качан ырастоочу борборго санарип колтамганы текшерүү ачкычынын сертификатын колдонуунун токтоосуна алып келген жагдайлар келип чыкканы жөнүндө белгилүү болуп калган учурдан тартып, бир жумушчу күндүн ичинде ырастоочу борбор тарабынан киргизилиши керек. Бул тууралуу жазма сертификаттардын реестрине киргизилген учурдан тартып санарип колтамганы текшерүү ачкычынын сертификаты өзүнүн колдонуусун токтотот. 

8. Ырастоочу борбор токтоосуз, бир жумушчу күндөн көп эмес убакыттын ичинде, мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими боюнча, алып айтканда, эгерде соттун чечими менен, санарип колтамганы текшерүү ачкычынын сертификаты анык эмес дайындарды камтыганы аныкталган учурда, сертификаттардын реестрине жокко чыгаруу тууралуу жазманы киргизүү жолу менен, санарип колтамганы текшерүү ачкычынын сертификатын жокко чыгарат.  

9. Жокко чыгарылган санарип колтамганы текшерүү ачкычынын сертификатын пайдалануу, аны жокко чыгаруу менен байланышкандарды кошпогондо, юридикалык кесепеттерге алып келбейт. 

Ырастоочу борбор, сертификаттардын реестрине санарип колтамганы текшерүү ачкычынын сертификатын жокко чыгаруу тууралуу маалыматтарды киргизгенге чейин, санарип колтамганы текшерүү ачкычынын сертификатынын ээсин жазуу жүзүндө, анын санарип колтамганы текшерүү ачкычынын сертификаты жокко чыгарылганы тууралуу кабарландырууга милдеттүү. 

143-берене. Аккредиттелген ырастоочу борбор 

1. Аккредитация алган ырастоочу борбор аккредиттелген ырастоочу борбор болуп саналат. 

2. Аккредиттелген ырастоочу борбор төмөнкү маалыматтарды сактоого милдеттүү: 

1) квалифицирленген сертификаттын ээсинин – жеке адамдын өздүгүн ырастоочу негизги документтин дайын-даректерин; 

2) арыз берүүчүнүн – квалифицирленген сертификат алуу үчүн кайрылган юридикалык жактын атынан чыгуучу жактын укугун бышыктоочу документтин аталышы, номери жана берилген датасы жөнүндө маалыматтарды; 

3) эгерде үчүнчү жактын тапшырмасы боюнча аракеттенүүчү квалифицирленген сертификаттын ээсинин ыйгарым укуктары жөнүндө маалыматтар квалифицирленген сертификатка киргизилсе, квалифицирленген сертификаттын ээсинин үчүнчү жактын тапшырмасы боюнча аракеттенүүгө ыйгарым укуктарын бышыктоочу документтерди аталышы, номери жана берилген даталары жөнүндө маалыматтарды. 

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн дайындар, эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында кыйла кыска мөөнөт каралбаса, аккредиттелген ырастоочу борбор тарабынан анын иштөө мөөнөтү ичинде сакталышы керек. 

Санарип дайындар алардын бүтүндүгүн жана ишенимдүүлүгүн текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү формада сакталышы керек. 

Ырастоочу борбор квалифицирленген сертификат ээсине, квалифицирленген сертификат ээсине тийиштүү жана аккредиттелген ырастоочу борбордо сакталган санарип жазмаларга карата жеткиликтүүлүктү камсыз кылышы керек. 

4. Аккредиттелген ырастоочу борбор ишин токтоткон учурда, ал төмөнкүлөргө милдеттүү: 

1) ырастоочу борбордун ишин токтоткон датага чейин бир айдан кеч эмес мурда, бул тууралуу улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсүнө билдирүүгө; 

2) улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсүнө, белгиленген тартипте сертификаттардын реестрин өткөрүп берүүгө; 

3) аккредиттелген ырастоочу борбордо сакталууга жаткан санарип жазмаларды, белгиленген тартипте улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсүнө сактоого өткөрүп берүүгө. 

144-берене. Ырастоочу борборду аккредитациялоо 

1. Юридикалык жактар болуп саналган ырастоочу борборлорго карата ырастоочу борборду аккредитациялоо улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсү тарабынан жүзөгө ашырылат. 

2. Ырастоочу борборду аккредитациялоо ыктыярдуу негизде жүзөго ашырылат. 

Ырастоочу борборду аккредитациялоо, эгерде ырастоочу борбордун арызында аз мөөнөт көрсөтүлбөсө, беш жылдык мөөнөткө жүзөгө ашырылат. 

3. Ырастоочу борбор тарабынан төмөнкү талаптар аткарылган шартта аккредитация берилет: 

1) ырастоочу борбордун таза активдеринин наркы бир миллион сомдон кем эмести түзсө; 

2) мындай ырастоочу борбор тарабынан берилген санарип колтамганы текшерүү ачкычынын сертификатында көрсөтүлгөн маалыматтарга же ушул ырастоочу борбордун сертификаттарынын реестринде камтылган дайындарга алардын ишенүүлөрүнүн кесепетинен, башка жактарга келтирилген чыгымдар үчүн жоопкерчиликти бир жарым миллион сом суммасынан кем эмес финансылык камсыз кылуу болгондо; 

3) улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсү тарабынан белгиленген талаптарга ылайык бышыктоо алган санарип колтамга каражаттары жана ырастоочу борбордун каражаттары болгондо; 

4) ырастоочу борбордун штатында санарип колтамганы текшерүү ачкычын түзүү жана берүү боюнча ишти түздөн-түз жүзөгө ашыруучу, маалыматтык технологиялар же маалыматтык коопсуздук жаатында жогорку кесиптик билимге, же болбосо жогорку же орто кесиптик билимге ээ жана санарип колтамганы пайдалануу маселелери боюнча кайра даярдоодон же квалификациясын жогорулатуудан өткөн 2ден кем эмес кызматкер болгондо. 

4. Ырастоочу борборду аккредитациялоо улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсүнө берилүүчү анын арызы боюнча жүзөгө ашырылат. 

Арызга ырастоочу борбордун ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген талаптарга ылайыктуулугун бышыктоочу документтер тиркелет. 

5. Улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсү берилген документтердин негизинде, аларды алган күндөн тартып 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө, ырастоочу борборду аккредитациялоо тууралуу же аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. 

Ырастоочу борборду аккредитациялоо тууралуу чечим кабыл алынган учурда, улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсү, аккредитациялоо тууралуу чечим кабыл алынган учурдан тартып 10 күндөн ашпаган мөөнөттө, ырастоочу борборду кабыл алынган чечим жөнүндө кабарландырат жана белгиленген форма боюнча аккредитациялоо тууралуу күбөлүк берет. Аккредитацияланган ырастоочу борборго аккредитациялоо тууралуу күбөлүктү берүү менен бир эле убакта, көрсөтүлгөн түпкү ырастоочу борбордун каражаттарын пайдалануу менен түзүлгөн квалифицирленген сертификат берилет. 

Ырастоочу борборду аккредитациялоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган учурда, улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсү, аккредитациялоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган учурдан тартып 10 күндөн ашпаган мөөнөттө, баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен кабыл алынган чечим жөнүндө ырастоочу борборго жазуу жүзүндө кабарлама жөнөтөт же тапшырат. 

6. Ырастоочу борбордун ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген талаптарга шайкеш эместиги же болбосо берилген документтерде анык эмес маалыматтардын болгону аккредитациялоодон баш тартуу үчүн негиз болуп саналат. 

7. Аккредитацияланган ырастоочу борбор, анын аккредитациясынын бардык убактысы ичинде, ал аккредиттелген талаптарга шайкештигин сактоосу тийиш. Аларды сактоону мүмкүн эмес кылган жагдайлар пайда болгон учурда, ырастоочу борбор бул тууралуу жазуу жүзүндө улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсүн токтоосуз кабарландыруусу тийиш. 

Аккредитацияланган ырастоочу борбор өзүнүн иш-милдеттерин жүзөгө ашырууда жана алган милдеттенмелерин аткарууда ырастоочу борборлор үчүн Кодексте белгиленген талаптарды сакташы керек. 

Улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсү аккредитациялоонун бардык мөөнөтү ичинде, аккредитацияланган ырастоочу борборлор тарабынан Кодексте белгиленген талаптардын сакталышын текшерүүлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү. 

Аккредитацияланган ырастоочу борбор тарабынан көрсөтүлгөн талаптардын сакталбаганы табылган учурда, улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсү аларды четтетүүнүн мөөнөттөрүн белгилөө менен ырастоочу борборго базууларды четтетүү тууралуу жазма эскертүү берүүгө жана көрсөтүлгөн мөөнөткө аккредитацияны колдонууну токтото турууга милдеттүү. Аккредитацияланган ырастоочу борбор, анын аккредитациясын токтото туруу үчүн негиз катары кызмат кылган бузуулардын четтетилгени тууралуу улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсүнө жазуу жүзүндө кабарландырат. Улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсү бузуулардын иш жүзүндө четтетилишин текшерүүгө укуктуу, андан кийин аккредитацияны колдонууну кайрадан жаңылоо жөнүндө чечим кабыл алат, ал эми алар жазма эскертүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттө четтетилбесе – ырастоочу борбордун аккредитациясын жокко чыгарат. 

8. Ырастоочу борбордун иш-милдеттерин жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге ушул берененин3-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында белгиленген талаптар жайылтылбайт. 

9. Иш-милдеттерин улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсү жүзөгө ашыруучу түпкү ырастоочу борбор, Кодекске ылайык аккредитациялоого жатпайт. 

145-берене. Квалифицирленген сертификат 

1. Ушул Кодекске ылайык белгиленген талаптарга шайкештигине бышыктоо алган квалифицирленген сертификат ырастоочу борбордун каражаттарын пайдалануу менен, түзүлүүсү тийиш. 

2. Квалифицирленген сертификат төмөнкү маалыматтарды камтышы керек: 

1) квалифицирленген сертификаттын кайталангыс номерин, анын колдонуу мөөнөтү башталган жана аяктаган даталарды; 

2) квалифицирленген сертификаттын ээсинин – жеке адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын (эгерде болсо), туулган датасын жерин, же болбосо квалифицирленген сертификаттын ээсинин – юридикалык жактын аткаруучу органынын аталышын (фирмалык аталышын), катталган номерин жана катталган жерин жана (же) иш жүзүндө жайгашкан ордун; 

3) санарип колтамганы текшерүү ачкычын; 

4) санарип колтамганы ачкычын, санарип колтамганы текшерүү ачкычын жана квалифицирленген сертификатты түзүү үчүн пайдаланылган санарип колтамга каражаттарын жана ырастоочу борбордун каражаттарынын аталышын, ошондой эле көрсөтүлгөн каражаттардын Кодекске ылайык белгиленген талаптарга ылайыктуулугун бышыктоочу документтин дайын-даректерин; 

5) квалифицирленген сертификатты берген ырастоочу борбордун аталышын жана орун алган жерин, ырастоочу борбордун квалифицирленген сертификатынын номерин жана бул борборду аккредитациялоо тууралуу күбөлүктүн дайын-даректерин; 

6) квалифицирленген сертификатты пайдаланууга чектөөлөрдү (эгерде чектөөлөр белгиленсе); 

7) арыз берүүчү жөнүндө башка маалыматтарды (арыз берүүчүнүн талабы боюнча).

3. Эгерде арыз берүүчү тарабынан ырастоочу борборго, анын үчүнчү жактардын атынан аракеттенүүгө укугун бышыктоочу документтер көрсөтүлсө, квалифицирленген сертификатка арыз берүүчүнүн мындай ыйгарым укуктары жана көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды колдонуу мөөнөтү жөнүндө күбөлөндүргөн маалыматтар кошулат. 

4. Квалифицирленген сертификат улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсү тарабынан белгиленүүчү талаптар формасында берилет. 

5. Арыз берүүчүгө квалифицирленген сертификатты берген аккредитацияланган ырастоочу борборго берилген квалифицирленген сертификат жокко чыгарылган учурда, ошондой эле ырастоочу борбордун аккредитациясы жокко чыгарылган же мөөнөтү бүткөн учурда, арыз берүүчүгө аккредитацияланган ырастоочу борбор тарабынан берилген квалифицирленген сертификат өзүнүн колдонулуусун токтотот. 

6. Квалифицирленген сертификаттын ээси төмөнкүлөргө милдеттүү: 

1) санарип колтамга ачкычынын купуялуулугу бузулду деп болжоого негиздер болгондо, ал ачкычты пайдаланбай жана бул сертификаттын колдонулушун токтотуу үчүн, квалифицирленген сертификатты берген ырастоочу борборго токтоосуз кайрылууга; 

2) квалифицирленген колтамганы квалифицирленген сертификатта камтылган чектөөлөргө ылайык (эгерде мындай чектөөлөр белгиленсе) пайдаланууга. 

146-берене. Квалифицирленген сертификатты берүү 

1. Аккредиттелген ырастоочу борбор квалифицирленген сертификатты берүүдө, төмөнкүлөргө милдеттүү: 

1) квалифицирленген сертификатты алуу үчүн ага кайрылган арыз берүүчүнүн – жеке адамдын өздүгүн аныктоого; 

2) арыз берүүчүнүн – юридикалык жактын атынан чыккан жактан квалифицирленген сертификат алуу үчүн кайрылуу ыйгарым укугуна бышыктоо алууга; 

2. Арыз берүүчү ырастоочу борборго кайрылууда квалифицирленген сертификатты пайдаланууну чектөөлөрдү көрсөтөт (чектөөлөр белгиленген учурларда), ошондой эле ырастоочу борборго арыз берүүчү квалифицирленген сертификатка кошуу үчүн берген маалыматтардын аныктыгын бышыктоочу төмөнкү документтерди, же болбосо алардын талаптагыдай нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн берет: 

1) арыз берүүчүнүн – жеке адамдын өздүгүн ырастоочу негизги документти, же уюмдаштыруучу документтерди жана арыз берүүчүнү – юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү; 

2) чет өлкөлүк мамлекеттин мыйзамдарына ылайык, юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө документтердин мамлекеттик же расмий тилдерге талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн котормосун (чет өлкөлүк юридикалык жактар үчүн); 

3) арыз берүүчүнүн башка жактардын атынан аракеттенүү укугун бышыктоочу ишеним катты же башка документти. 

3. Арыз берүүчү квалифицирленген сертификатты алууда, тилкат берип, квалифицирленген сертификатта камтылган маалыматтар менен ырастоочу борбор тарабынан тааныштырылышы керек. 

4. Ырастоочу борбор квалифицирленген сертификат берүү менен бир эле убакта, квалифицирленген сертификаттын ээсине квалифицирленген колтамганы жана квалифицирленген санарип колтамга каражаттарын пайдалануунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча колдонмо бериши керек. 

147-берене. Санарип архивдер жана санарип архивдер тейлемелери 

1. Санарип архив санарип технологиялык тутум сыяктуу эле анын жардамы менен иштеп чыгылуучу санарип жазмалардын бүтүндүгүн жана өзгөрүлгүстүгүн жана аларга карата чектелүү жеткиликтүүлүктү камсыз кылат. 

2. Санарип архивдерди тейлемесин берүүчү мыйзамдардын же пайдалануучу менен макулдашуунун негизинде, санарип архивке сактоого өткөрүп берилген санарип жазмалардын бүтүндүгүн жана өзгөрүлгүстүгүн, ошондой эле мыйзамдарга же макулдашууга ылайык буга укугу бар жактардын аларга карата жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү. 

3. Пайдаланылуучу технологияларга жараша, төмөнкүлөр санарип архивдердин түрлөрү болуп саналат: 

1) санарип жазмалардын бүтүндүгүн жана өзгөрүлгүстүгү, квалифицирленген колтамгалар же квалифицирленген мөөрлөрдү пайдалануусуз, санарип технологиялык тутумдардын каражаттары менен камсыз кылынуучу жөнөкөй санарип архивдер; 

2) санарип жазмалардын бүтүндүгүн жана өзгөрүлгүстүгү, квалифицирленген колтамгалардын же квалифицирленген мөөрлөрдүн каражаттары менен камсыз кылынуучу күчөтүлгөн санарип архивдер. 

4. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекттери, документтерди архивдик сактоо боюнча аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында, санарип жазмалардын санарип архивдерин уюштурууга же болбосо санарип архивдердин тейлемесинен пайдаланууга укуктуу. 

5. Санарип архивдеги санарип жазмалардын юридикалык маанилүүлүгү, эгерде санарип архивде төмөнкүлөр камсыз кылынса, сактоо мөөнөтүнүн ичинде өзгөрүлбөгөн болуп таанылат: 

1) аны санарип архивке киргизгенден кийин санарип жазманын бүтүндүгү жана өзгөрүлгүстүгү;

2) мыйзамдарга же макулдашууга ылайык буга укугу бар жактардын аларга карата жеткиликтүүлүк мүмкүнчүлүгү; 

3) аны сактоо мөөнөтүнүн ичинде санарип жазма менен жүзөгө ашырылуучу иш-аракеттерди автоматташырылган каттоо. 

6. Квалифицирленген колтамга коюлган же квалифицирленген мөөр камтылган санарип документтер күчөтүлгөн санарип архивдерде сакталышы керек, алар төмөнкүлөрдү камсыз кылуусу тийиш: 

1) санарип документке санарип документти сактоону жүзөгө ашыруучу адамдын квалифицирленген колтамгасын коюуну же анын квалифицирленген мөөрүн басууну; 

2) сактоого берилген санарип документке адегенде коюлган квалифицирленген колтамганын (квалифицирленген мөөрдүн) аныктыгын бышыкоо. 

148-берене. Документтин санарип жуп нускасын сактоо 

1. Документтин кагаз же башка материалдык алып жүрүүчүдөгү, колтамга өз колу менен коюлган түп нускасында адегенде камтылган маалыматты толук көлөмдө кайталаган санарип жазма, анын дайын-даректерин кошуп алганда, документтин санарип жуп нускасы деп 

2. Кодекске ылайык санарип архивде сакталган документтин жуп нускасы, эгерде ээси анын төмөнкү талаптарга ылайыктуулугун бышыктай алса, документтин түп нускасынын ордуна укук мамилелеринин келип чыгышына, өзгөрүшүнө, токтолушуна негиз болуп саналган юридикалык фактыларды ырастайт: 

1) документтин адегендеги кагаз же башка материалдык алып жүрүчүдөгү, колтамга өз колу менен коюлган түп нускасында камтылган маалыматтар, анын дайын-даректерин кошуп алганда, толук көлөмдө документтин санарип жуп нускасында кайталанган; 

2) ал түзүлгөндөн кийин документтин санарип жуп нускасынын өзгөрүлгүстүгү жана бүтүндүгү камсыз кылынган. 

3. Адегенде бир нече өз ара байланыштагы документтерде, кагаз же башка ушуга окшош алып жүрүүчүдө (документтердин пакети) камтылган маалыматтар, документтин бир санарип жуп нускасына кошулушу мүмкүн. Мында маалыматтар документтердин түп нускаларына колтамга коюлган хронологиялык тартипте жайгаштырылышы керек. 

4. Документтин санарип жуп нускасы төмөнкү маалыматтарды камтышы керек: 

1) адегенде документтин кагаз же башка материалдык алып жүрүүчүдөгү түп нускасында камтылган маалыматты, толук көлөмдө жана өзгөртүүлөрсүз (оңдолбогон түрүндө); 

2) документтин түп нускасына колтамга койгондордун ичинен өз колу менен коюлган колтамганын сүрөттөлүшүн;

3) документтин санарип жуп нускасын идентификациялоо жана издеп табуу максаттары үчүн метадайындар. 

5. Документтин санарип жуп нускасын түзгөн жактар, документтин түп нускасын материалдык алып жүрүүчүдө сактоону токтотууга укуктуу. Алардын санарип жуп нускалары даярдалгандан кийин, түп нускада сакталуусу тийиш болгон документтердин түрлөрүнүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Ал анын негизинде түзүлгөн документтин түп нускасынын жоктугунун (жок кылынуусунун) негизинде гана юридикалык күчкө ээ болбогон документтин санарип жуп нускасын таанууга жол берилбейт. 

6. Документтин санарип жуп нускасынын жана документтин түп нускасынын ортосундагы шайкеш келбестиктерде документтин түп нускасы артыкчылыкка ээ болот. 

149-берене. Санарип жазмаларды ишенимдүү сактоо 

Санарип жазмаларды бөлүштүрүлгөн санарип ресурстарда сактоодо, анын ичинде смарт-контракттарды пайдалануу менен, санарип жазмаларды сактоонун эрежелери жана аларга карата жеткиликтүүлүк мындай бөлуштүрүлгөн санарип ресурстун жана (же) смарт-контракттын параметрлери менен аныкталат. 

150-берене. Аткаруу бийлик органдарынын санарип колтамгаларды, санарип мөөрлөрдү, санарип архивдерди пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) аккредиттелген ырастоочу борбор ишин токтоткон учурда, улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсүнө реестрлерди жана башка дайындарды өткөрүп берүүнүн тартибин белгилейт; 

2) квалифицирленген сертификаттарды түзүүнүн жана жүргүзүүнүн, ошондой эле мындай реестрлерден маалыматтарды берүүнүн тартибин белгилейт; 

3) ырастоочу борборлорду аккредитациялоонун, анын ичинде бул ырастоочу борборлор аккредиттелген талаптарды аккредиттелген ырастоочу борборлордун сактоолорунун тартибин текшерүүнүн эрежелерин белгилейт; 

4) алардын санарип жуп нускалары даярдалгандан кийин, түп нускада сакталышы улантылуусу тийиш болгон документтердин түрлөрүнүн тизмегин аныктайт; 

5) квалифицирленген сертификаттын формасына карата талаптарды белгилейт; 

6) санарип колтамга каражаттарына жана ырастоочу борбордун каражаттарына карата талаптарды белгилейт. 

2. Улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсү:

1) ырастоочу борборлорду аккредитациялоону жүзөгө ашырат, анын ичинде бул ырастоочу борборлор аккредиттелген талаптарды аккредиттелген ырастоочу борборлордун сактоолорунун тартибин текшерүүнү жүзөгө ашырат, жана алардын сакталбаганы табылган учурда, бузууларды четтетүү тууралуу жазма эскертүү берет; 

2) аккредиттелген ырастоочу борборлорго карата түпкү ырастоочу борбордун иш-милдеттерин жүзөгө ашырат; 

3) санарип колтамга каражаттарынын жана ырастоочу борбордун каражаттарынын, Кодексте белгиленген талаптарга ылайыктуулугун бышыктоону жүзөгө ашырат, жана мындай каражаттардын тизмегин жарыялайт. 

3. Улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсү сактоону жана төмөнкү санарип жазмаларга карата күнү-түнү тоскоолдуксуз жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга милдеттүү: 

1) аккредиттелген ырастоочу борборлордун аталыштары, даректери; 

2) берилген жана жокко чыгарылган квалифицирленген сертификаттардын реестри; 

3) аккредитациясы жокко чыгарылган ырастоочу борборлордун тизмеги; 

4) аккредитациясы токтотулуп турган ырастоочу борборлордун тизмеги; 

5) иши токтотулган аккредиттелген ырастоочу борборлордун тизмеги; 

6) улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсүнө өткөрүлүп берилген сертификаттарды реестрлери. 

 

18-глава. Мамлекеттик санарип тейлемелер

151-берене. Мамтейлемелерди түзүү жана пайдалануу боюнча укук мамилелери 

1. Санарип тейлемелер мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жана мамлекеттик жана муниципалдык иш-милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн (мамтейлемелер) улуттук санарип экотутумдун алкактарында (улуттук экотутум) берилет. 

2. Мамтейлемелерди түзүү жана пайдалануу эрежелери улуттук экотутум эрежелеринин бир бөлүгү болуп саналат жана Кодекс менен белгиленет. 

3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле юридикалык жактар – экотутумдун катышуучулары мамтейлемелердин берүүчүлөрү болуп саналышат. 

4. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын уюштуруучулук-укуктук формаларына көз карадысыз юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар (керектөөчүлөр) мамтейлемелердин пайдалануучулары болуп саналышат. Пайдалануучулар түрлөрүнө жараша, төмөнкүдөй болуп бөлүнүп айырмаланышат: 

1) өз ара аракеттенүүчү мамтейлемелер, башкача айтканда дайындарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө жана мамлекеттик жана муниципалдык иш-милдеттерди жүзөгө ашырууга катышкан юридикалык жактардын иштеп чыгуусу үчүн арналган мамтейлемелер; 

2) пайдалануучулук тейлемелери, башкача айтканда пайдалануучуларга, анын ичинде жеке жактарга (керектөөчүлөргө) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү мамтейлемелер. 

5. Мамлекеттик жана муниципалдык иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн тартиби, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин, аларды берүүнүн калыптарын түзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык аныкталат. 

152-берене. Мамтейлемелерди түзүүнүн жана пайдалануунун тармактык принциптери 

1. Мамтейлемелер бирдиктүү стратегияларга жана пландарга ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана иш-милдеттердин санарип трансформациялоого жараша түзүлүшү керек (пропорционалдуулук принциби). 

2. Мамтейлемелер улуттук экотутумдуг элементтерине, башка мамтейлемелердин алкактарында пайдаланылуучу санарип дайындардын булактарына жана форматтарына негизделиши, ошондой эле санарип жазмалардын башка мамтейлемелер тарабынан пайдаланылуу мүмкүнчүлүгүн жол берилиши керек (сыйышуучулук принциби). 

3. Адамдын жана жарандын укуктары жана кызыкчылыктары, тейлемелерди пайдалануунун ыңгайлуулугу, алардын керектөөчүлөр үчүн коопсуздугу мамтейлемелерди түзүүдө шексиз артыкчылыгы болуп саналат (керектөөчүнүн кызыкчылыктары принциби). 

4. Мамтейлемелер алардын билимин жана мүлктүк абалын, ошондой эле жаш-курактык жана дене бойлук өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, керектөөчүлөр үчүн мүмкүн болушунча жеткиликтүү болгондой ыңгайда долбоорлонушу жана түзүлүшү керек (жеткиликтүүлүк принциби). 

5. Мамтейлемелердин пайдалануучулары алардын ишенимдүүлүгүнө жана коопсуздугуна, ошондой эле алардын дайындары мыйзамдын негизинде жана аларга ылайык иштеп чыгылышына негиздүү ишенүүлөрү керек (ишеничтүүлүк принциби). 

6. Мамтейлемелер аларга негизделген кызмат көрсөтүүлөр жана иш-милдеттер санарип трансформациялануунун натыйжасында пайдалануучулар үчүн жеткиликтүү болуп калгандай ыңгайда долбоорлонушу керек (жөнөкөйлөтүү принциби). 

7. Мамтейлемелерди пайдалануу тууралуу дайындар, пайдалануучулардын пикирлерин жана даттанууларын кошуп алганда, мыйзамдарга ылайык сакталышы жана мамтейлемелердин натыйжалуулугун баалоо жана аларды үзгүлтүксүз жакшыртуу үчүн пайдаланылышы керек (кайра байланыш принциби). 

153-берене. Мамтейлемелердин керектөөчүлөрү 

1. Мамтейлеменин алкактарында дайындары иштеп чыгылып жаткан жеке адам, иштеп чыгуу жарандын демилгеси боюнча жүзөгө ашырылып жатабы же мамтейлеменин берүүчүсүнүн демилгеси боюнчабы, буга карабастан, ал анын керектөөчүсү болуп эсептелет. 

2. Мамтейлеменин берүүчүсүнүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жана мамлекеттик жана муниципалдык иш-милдеттерди жүзөгө ашыруу максаттарында, ушул Кодексте, мыйзамда же аларга ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда белгиленген милдеттерин (ыйгарым укуктарын) жүзөгө ашыруусу мамтейлемелердин алкагында жекече дайындарды иштеп чыгуу үчүн негиз болуп саналат. Мындай иштеп чыгууга жеке жактын макулдугун алууга жол берилбейт. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жана мамлекеттик жана муниципалдык иш-милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн талап кылынбаган жекече дайындарды мамтейлемелердин алкактарында иштеп чыгууга тыюу салынат. 

3. Керектөөчүлөр өздөрүнүн тандоосу боюнча, аларга жеткиликтүү кандай болбосун ыкма менен мамтейлемелерди пайдаланууга же мамтейлемени пайдаланбоого укуктуу. 

4. Эгерде мамтейлемени берүүгө бир нече мамлекеттик органдар же юридикалык жактар катышышса, мыйзам же ага ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыда мамтейлеменин берүүчүсүнүн укуктарын жана милдттерин конкреттүү мамлекеттик органдын же юридикалык жактын аткарары каралган учурларды кошпогондо, керектөөчү өзүнүн тандоосу боюнча алардын ичинен кимиси менен болбосун өз ара аракеттенүүгө укугу бар. 

5. Керектөөчүлөрдүн мамтейлемелерди пайдаланууга байланыштуу пикирлерди жана даттанууларды түзүүгө укуктары бар. Мамтейлеменин берүүчүсү ага мамтейлемелердин тиркемелери же сайты аркылуу пикирлерди жана даттанууларды жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле керектөөчүнүн анын пикирлери же даттануулары жарыялануусу кереги бары-жогун тандоо мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү. Керектөөчү жарыялоону чечкен пикирлер (даттануулар), керектөөчү аларды жөнөткөндөн кийин бир жумушчу күндөн кечиктирилбестен, мамтейлеменин берүүчүсүнүн сайтына жарыяланышы керек. 

6. Керектөөчү мамтейлеменин берүүчүсүнө мамлекеттик санарип ресурстарда камтылган дайындарды бербей коюуга укуктуу. 

154-берене. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана юридикалык жактардын мамтейлемелерди түзүүгө жана пайдаланууга катышуусу 

1. Мамтейлемелерди түзүү боюнча иштерди, ушул Кодекске ылайык координациялоочу орган жүзөгө ашырат. 

2. Улуттук экотутум чөйрөсүндөгү тармактык жөндөөчү: 

1) мамтейлемелерди түзүүнү камсыз кылат жана аларды эсепке алууну жүзөгө ашырат, мамтейлемелерди (мамтейлемелердин фабрикасын) түзүү жана өнүктүрүү үчүн мамлекеттик санарип технологиялык тутумду түзөт жана эксплуатациялайт, мамтейлемелердин фабрикасынын ээсинин укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашырат; 

2) Кыргыз Республикасынын атынан мамтейлеменин тиркемелеринин жана сайтынын ээсинин укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашырат; 

3) мамтейлемелерди түзүүгө же өзгөртүүгө тийиштүү бөлүктө, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн калыптарын жана административдик реглементтерин иштеп чыгууга катышат; 

4) мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына санарип трансформациялоо процессинде, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү, мамтейлемелерди түзүү, ачык дайындарга жеткиликтүүлүк берүү регламенттерин, калыптарын, жолжоболорунун иштеп чыгууга жана алар менен макулдашууга көмөк көрсөтөт; 

5) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алар ыйгарым укук берген юридикалык жактар үчүн санарип тейлемелерди түзүүгө техникалык-экономикалык негиздемелерге, техникалык спецификацияларга, техникалык тапшырмаларга карата талаптарды иштеп чыгат жана өзүнүн сайтына жарыялайт; 

6) мамтейлемелердин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн аныктайт жана алардын мониторингин жүзөгө ашырат; 

7) мамтейлемелердин санарип туруктуулугун баалоону жүргүзөт жана алардын санарип туруктуулугун жогорулатуу боюнча мамтейлемелердин берүүчүлөрүнүн милдеттүү аткаруусу үчүн жазма эскертмелерди берет; 

8) мамтейлемелерди пайдалануу бөлүгүндө окутуунун усулдуктарын иштеп чыгууга, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жана башка жактардын квалификациясын жогорулатууга катышат. 

3. Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар мамтейлемелерди түзүшөт жана аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ченемдик укуктук актыларында жана ушундай органдардын жана юридикалык жактардын ортосундагы макулдашууларда каралган ыйгарым укуктарына ылайык пайдаланышат. 

155-берене. Мамтейлемелерди түзүү эрежелери 

1. Мамтейлеме түзүү же аны өзгөртүү жөнүндө чечим, мамтейлемени түзүүгө же өзгөртүүгө кызыкдар, улуттук экотутумдун катышуучусу тарабынан кабыл алынат. 

2. Мамтейлеме түзүү жөнүндө чечим төмөнкүлөрдү камтышы керек: 

1) мамтейлемени берүүчүгө көрсөтмөнү; 

2) мамтейлеменин пайдалануучулары жана керектөөчүлөрү жөнүндө дайындарды; 

3) алкактарында мамтейлеме пайдаланылуучу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жана иш-милдеттерге көрсөтмөнү; 

4) аларды пайдалануу менен мамтейлеме берилүүчү санарип технологиялык тутумдар жөнүндө дайындарды; 

5) мамтейлеменин алкагында иштеп чыгылуучу, анын ичинде башка мамтейлемелерди пайдалануунун натыйжасы болуп саналган дайындардын булактарына көрсөтмөнү; 

6) мамтейлемеге карата жеткиликтүүлүк ыкмаларынын сыпаттамасын; 

7) мамтейлемени пайдалануунун натыйжаларынын жана аларды пайдалануунун, анын ичинде башка мамтейлемелердеги сыпаттамасын; 

3. Мамтейлемени пайдалана башталганга чейин, анын берүүчүсү төмөнкүлөргө милдеттүү: 

1) түзүлгөн мамтейлеменин башка мамтейлемелер менен сыйышуучулугун жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга; 

2) мамтейлемелердин фабрикасын пайдалануу менен, мамтейлеменин функционалдуулугун жана санарип туруктуулугун тестирлөөгө жана анын натыйжаларын улуттук экотутум чөйрөсүндөгү тармактык жөндөөчүгө көрсөтүүгө; 

3) улуттук экотутум чөйрөсүндөгү тармактык жөндөөчү тарабынан бышыкталган тестирлөөнүн оң натыйжасында, жөндөөчүгө мамтейлемени эсепке алуу үчүн зарыл болгон дайындарды берүүгө. 

4. Улуттук экотутум чөйрөсүндөгү тармактык жөндөөчү мамтейлемелерди эсепке алуу максатында, улуттук экотутумдун санарип реестрине, ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн дайындарды, ошондой эле төмөнкү дайындарды кошот: 

1) мамтейлеменин санарип туруктуулугун камсыз кылуу үчүн жооптуу жактарды, жана алардын байланыш маалыматтарын; 

2) мамтейлеменин сапатын мүнөздөмөлөөчү көрсөткүчтөрдү (жылына тейлеменин жеткиликтүүлүгүнүн чектик мезгилин, үзгүлтүк болгон учурда тейлеменин жеткиликтүүлүгүн калыбына келтирүү мөөнөттөрүн, ошол эле убакта көрсөткүчтөрүнүн санын); 

3) дайындардын пайдаланылган форматтарын жана дайындарды алмашуу интерфейстерин.  

5. Мамтейлемеге өзгөртүү киргизүүдө анын ээси, жаңыланган мамтейлемени пайдалануу башталганга чейин, ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган иш-аракеттерди аткарууга милдеттүү. 

156-берене. Мамтейлемелер фабрикасы

1. Мамтейлемелер фабрикасы мамтейлемелерди түзүү жана өнүктүрүү үчүн мамлекеттик санарип технологиялык тутуму болуп саналат. 

2. Мамтейлемелер фабрикасы төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылат: 

1) мамтейлеме ээсинин улуттук экотутумдун санарип дайындарынын жалпы мейкиндигине карата жеткиликтүүлүгүн; 

2) аны пайдалануу башталганга чейин мамтейлемени тестирлөөнү; 

3) мамтейлеменин ишинин мониторингин; 

4) мамтейлеменин башка мамтейлемелер жана улуттук экотутумдун алкагында санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин башка объекттери менен өз ара аракеттенүүсүн; 

5) мамтейлеменин өнүгүүсүн жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүүнү.

3. Мамтейлемелер фабрикасынын иштөө эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Эрежеде аткарылышы мамтейлемелер фабрикасы тарабынан камсыз кылынуучу башка иш-милдеттер каралышы мүмкүн. 

157-берене. Мамтейлемени пайдалануу эрежелери 

1. Мамтейлемени пайдалануу эрежелери, тиешелүү мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн административдик регламентинин же мамлекеттик же муниципалдык иш-милдеттердин аткарылышын жөнгө салуучу мыйзамдын бөлүгү катары мамтейлеменин берүүчүсү тарабынан бекитилет. 

2. Мамтейлемелерди пайдаланууда, эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса, пайдалануучулук макулдашуулары түзүлбөйт. 

3. Мамтейлемени пайдалануу эрежелеринде, мамтейлемени пайдалануучулардын бардык категорияларынын укуктары жана милдеттери, ошондой эле мамтейлемени пайдалануунун мүмкүн болуучу максаттарына ар кимдин жетишүүсү үчүн алардын иш-аракеттеринин тартиби сыпаттамаланышы керек. 

4. Мамтейлемени пайдалануу эрежелеринде, пайдалануучунун демилгеси боюнча да, ошондой эле мамтейлемени берүүчүнүн демилгеси боюнча да, мамтейлеменин алкактарында дайындарды иштеп чыгуу мумкүнчүлүгү эске алуусу тийиш. Мамтейлемени пайдалануу эрежелеринде мамтейлеменин берүүчүсүнүн демилгеси боюнча ал жөнүндө дайындарды иштеп чыгууда, пайдалануучунун укуктарынын кепилдиктери каралышы керек. 

5. Мамтейлемени пайдалануу эрежелери мамтейлеменин алкактарында дайындарды иштеп чыгуу тартибинин жана кесепеттеринин сыпаттамасын камтышы керек: 

1) мамтейлеменин алкактарында иштеп чыгылуучу дайындардын баштапкы булактарына, типтерине, жана алардын принципалдарына көрсөтмө; 

2) дайындарды иштеп чыгуунун мүмкүн болуучу варианттарынын сыпаттамасы (алып айтканда, түзүү, жаңылоо, тактоо, өзгөртүү, издөө); 

3) иштеп чыгуунун натыйжасында киргизилүүчү санарип ресурстарга же санарип жазмаларга көрсөтмө. 

6. Тейлемени пайдалануу эрежелери мамтейлеменин берүүчүсүнүн сайтына жайгаштырылат жана тейлемени пайдалануу башталганга чейин сайтта же тиркемеде тейлеменин пайдалануучуларына жеткиликтүү болушу керек. 

158-берене. Мамтейлемелердин тиркемеси жана сайты 

1. Пайдалануучулук мамтейлемелерине карата жеткиликтүүлүк мамтейлемелердин тиркемелери жана сайты аркылуу жүзөгө ашырылат. 

2. Мамтейлемелердин тиркемелери жана сайты төмөнкүлөрдү камсыз кылат: 

1) пайдалануучулардын мамтейлемелер жөнүндө маалыматтарга, аларды пайдалануу эрежелерине, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү калыптарына жана регламенттерине карата жеткиликтүүлүгүн; 

2) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн мамтейлемелерди пайдалануу мүмкүнчүлүгүн;

3) аларды мамтейлеменин алкактарында иштеп чыгуу үчүн, дайындарды, анын ичинде санарип документтерди жана документтердин санарип жуп нускаларын жүктөө мүмкүнчүлүгүн; 

4) пайдалануучулук дайындарын иштеп чыгуунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн жүрүшү жөнүндө дайындарды алуу мүмкүнчүлүгүн; 

5) мамтейлемени пайдалануунун натыйжаларын, анын ичинде мындай алууга мыйзамда тыюу салынган учурларды кошпогондо, мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн натыйжаларын алуу мүмкүнчүлүгүн; 

6) эгерде мыйзамда башкача каралбаса, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө төлөө жана башка милдеттүү төлөмдөрдү жасоо мүмкүнчүлүгүн; 

7) мамтейлемелердин берүүчүлөрүнүн ишине даттанууларды жөнөтүү жана мындай даттануулар боюнча чечимдерди алуу мүмкүнчүлүгүн. 

3. Мамтейлемелердин тиркемелери жана сайты жөнүндө Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Жободо аткарылышы мамтейлемелердин тиркемелери жана сайты тарабынан камсыз кылынуучу башка иш-милдеттер каралышы мүмкүн. 

159-берене. Талаш-тартыштарды кароо 

1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн жана мамлекеттик жана муниципалдык иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун алкактарында пайдаланылуучу санарип тейлемелерге тийиштүү даттанууларды жана талаш-тартыштарды кароо, мамтейлемелердин тиркемелерин жана сайтын пайдалануу менен, улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсү тарабынан жүзөгө ашырылат. 

2. Тармактык жөндөөчү даттануу алгандан кийин, бир жумушчу күндүн ичинде, даттануу алганы жөнүндө мамтейлемени берүүгө катышуучу мамлекеттик органдарга жана юридикалык жактарга кабарландырууга жана алынган даттанууга тийиштүү бардык дайындарды корсөтүүгө милдеттүү. 

3. Тармактык жөндөөчү даттануу алгандан кийин, беш жумушчу күндүн ичинде аны карап чыгат жана даттанууда көрсөтүлгөн маалыматтар бышыкталган учурда, даттануу үчүн негиздеме катары кызмат кылган жагдайларды четтетүү боюнча мамтейлемелердин берүүчүлөрү үчүн аткарылышы милдеттүү болгон жазма эскертмелерди берет. Даттанууну кардоодо тармактык жөндөөчү тейлеменин берүүчүсүнөн зарыл болгон дайындарды суратып алат. 

4. Мамтейлеменин берүүчүсү даттанууда көрсөтүлгөн бузууларды, тармактык жөндөөчүнүн жазма эскертүүсүн алгандан кийин, беш жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө четтетүү үчүн зарыл болгон чараларды көрүүгө милдеттүү. Мамтейлеменин берүүчүсү көрүлгөн чаралар жөнүндө пайдалануучуну кабарландырууга милдеттүү. 

5. Мамтейлеменин берүүчүсүнүн даттануу боюнча же талаш-тартыш боюнча чечимине мамтейлеменин берүүчүсүнүн турган жери боюнча сотко даттанылышы мүмкүн.

 

19-глава. Улуттук санарип экотутум

160-берене. Улуттук экотутумдун архитектурасы 

1. Улуттук санарип экотутум (мындан ары – улуттук экотутум) санарип тейлемелерди, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн алкагында көрсөтүүгө жана мамлекеттик жана муниципалдык иш-мсилдеттерди аткарууга арналган. Улуттук экотутум санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин төмөнкү объекттерин (улуттук экотутумдун элементтерин) түзүүнүн жана пайдалануунун жалпы эрежелерин камсыз кылат: 

1) мамлекеттик (муниципалдык) санарип ресурстарды, мамтейлемелердин тиркемелерин жана сайттарын;

2) мамтейлемелерди жана ишенилген тейлемелерди;

3) мамлекеттик (муниципалдык) санарип технологиялык тутумдарды жана алардын элементтерин; 

4) жерлерди, имараттарды, түзүлүштөрдү, курулмаларды жана башка окшош объекттерди, мамлекеттик санарип технологиялык тутумдардын ээлеринин буларга карата жеткиликтүүлүк бөлүгүндө. 

2. Улуттук экотутумдун элементтерин эсепке алуу Кодекске ылайык, улуттук экотутумдун санарип реестринде жүзөгө ашырылат. 

3. Улуттук экотутумдун эрежелери Кодекске ылайык белгиленет жана өзүнө төмөнкү эрежелерди камтыйт: 

1) улуттук экотутумду өнүктүрүү;

2) улуттук экотутумдун катышуучуларынын өз ара аракеттенүү; 

3) дайындардын булактарын түзүү жана дайындарды иштеп чыгуу; 

4) мамтейлемелерди түзүү жана аларды пайдалануу; 

5) ишенилген тейлемелер жана идентификациялоо тутумдары; 

6) мамлекеттик жана муниципалдык санарип технологиялык тутумдарды түзүү жана пайдалануу. 

4. Координациялоочу орган улуттук экотутумду түзүү жана өнүктүрүү боюнча ишмердикти координациялоону жүзөгө ашырат. Улуттук экотутумду өнүктүрүүнүн жүрүшүндө мамтейлемелерди түзүү жана аларды пайдалануу Кодекстин тиешелүү главасында белгиленген эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат. 

5. Улуттук экотутумдун ээси Кыргыз Республикасы болуп саналат, анын атынан улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсү иш алып барат. 

6. Атынан тармактык жөндөөчү чыгуучу улуттук экотутумдун ээси, мамлекеттик органдар, алардын уюштуруучулук-укуктук формасына көз карандысыз юридикалык жактар, ошондой эле улуттук экотутумдун ээлери (берүүчүлөрү) же алардын пайдалануучулары болуп саналышкан жеке жактар улуттук экотутумдун катышуучулары болуп саналышат. 

7. Улуттук экотутумдун катышуучуларын идентификациялоо жана аутенттештирүү идентификациялоо тутумун пайдалануу менен, Кодекстин тиешелүү главасында белгиленген эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат. 

161-берене. Улуттук экотутумдун принциптери 

1. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин ар бир субъекти, анын эрежелерин сактаган шартта улуттук экотутумдун катышуучусу болуп калууга укуктуу (жалпы жеткиликтүүлүк принциби). 

2. Улуттук экотутумдун элементтери, санарип чөйрөдөгү болумуштардын кесепеттери, элементтердин ар бири үчүн, аларды алмаштыруу же өнүктүрүү жалпы экотутумга терс таасирин тийгизбегендей ыңгайда долбоорлонот жана эксплуатацияланат (модулдуулук принциби). 

3. Улуттук экотутумдун элементтери, конкреттүү санарип түзүлмөлөрдөн жана алардын жайгашкан жерлеринен көз карандысыз иштегендей ыңгайда долбоорлонот жана түзүлөт (булуттуулук принциби). 

4. Улуттук экотутумдун катышуучулары өздөрүнүн керектөөлөрүнө жараша, Кодекстин жоболорун жана улуттук экотутумдун эрежелерин эске алуу менен, өз иштеринде түзүлүүчү жана пайдаланылуучу улуттук экотутумдун элементтеринин курамын аныктоого укуктуу (варианттуулук принциби). 

5. Улуттук экотутумдун ар бир элементинин иш-милдеттери, эгерде бул жалпы улуттук экотутумдун натыйжалуулугун арттыра турган болсо, бир эле убакта улуттук экотутумдун башка элементтери менен аткарылышы мумкүн (параллелдүүлүк принциби). 

6. Улуттук экотутумдун элементтери санарип түзүлмөлөрдүн, дайындар (жазмалар) форматтарынын жана дайындарды алмашуу интерфейстердин укугу үчүнчү жактарга таандык болгон конкреттүү берүүчүгө көз каранды болбошу керек (берүүчүдөн көз карандысыздык принциби). 

162-берене. Улуттук экотутумду өнүктүрүү 

1. Улуттук экотутумду өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү улуттук экотутумду жана анын айрым элементтерин өнүктүрүү программаларына жана пландарына ылайык жүзөгө ашырылат. 

2. Улуттук экотутумду жана анын айрым элементтерин өнүктүрүү программалары жана пландары мамлекеттик (муниципалдык) кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жана мамлекеттик (муниципалдык) иш-милдеттерди жүзөгө ашыруу муктаждыктарын, ошондой эле санарип чөйрөдөгү жалпы кабыл алынган эл аралык практиканы эске алуусу тийиш. 

3. Улуттук экотутумдун катышуучулары өз демилгелери боюнча, аны өнүктүрүүнүн пландарында жана программаларында каралбаган, бирок улуттук экотутумдун катышуучуларынын иштер үчүн зарыл болгон улуттук экотутумдун элементтерин түзүүгө укуктуу. Демилге тартибинде түзүлгөн улуттук экотутумдун элементтери, Кодексте белгиленген тартипте улуттук экотутумдун санарип реестрине киргизилиш керек. 

163-берене. Улуттук экотутумдун катышуучуларынын өз ара аракеттенүүлөрү 

1. Улуттук экотутумдун катышуучулары, анын эрежелерине жана катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууларга ылайык, улуттук экотутумдун алкактарында өз ара аракеттенүүгө милдеттүү. 

2. Улуттук экотутумдун катышуучуларынын өз ара аракеттенүү эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Улуттук экотутумдун катышуучуларынын өз ара аракеттенүүлөрүнүн эрежелери жана андагы кандай болбосун өзгөртүүлөр улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсүнүн эксперттик кеңешинде каралуусу тийиш. 

3. Биротоло акыркы тизмеги улуттук экотутумдун катышуучуларынын өз ара аракеттенүү эрежелеринде белгиленүүчү, акылуу өз ара аракеттенүүлөрдү кошпогондо, улуттук экотутумдун катышуучуларынын өз ара аракеттенүүлөрү акысыз негизде жүзөгө ашырылат, . 

4. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүдө жана мамлекеттик жана муниципалдык иш-милдеттерди жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана уюмдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүлөрү, улуттук экотутумдун элементи болуп саналган санарип өз ара аракеттенүү тутумун пайдалануу менен жүзөгө ашырылат. 

5. Кыргыз Республикасы санарип өз ара аракеттенүү тутумунун ээси болуп саналат, анын атынан улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсү чыгат. 

6. Санарип өз ара аракеттенүү тутумун пайдалануу менен берилүүчү санарип дайындардын тизмеги «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реглдементтери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ыйгарым укуктарын аныктоочу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укукту актылары менен белгиленет. 

164-берене. Дайындарды иштеп чыгуу жана улуттук экотутумдун дайындарынын булактары 

1. Улуттук экотутумдун катышуучуларынын санарип ресурстары улуттук экотутумдун алкагында иштеп чыгылуучу санарип дайындардын булагы болуп саналат жана улуттук экотутумдун санарип дайындарынын жалпы мейкиндигин түзөт. 

2. Улуттук экотутумдун катышуучуларынын санарип дайындардын жалпы мейкиндигинде дайындарды иштеп чыгуу укугу мыйзамдар менен гана чектелиши мүмкүн. Улуттук экотутумдун катышуучусу дайындарды иштеп чыгуу максаттары үчүн, анын ичинде, мыйзамдарда же мындай катышуучунун улуттук экотутумдун башка катышуучулары менен макулдашуусунда белгиленген учурларда, санарип дайындардын жалпы мейкиндигинен өзүнүн санарип ресурстарына жеткиликтүүлүк берүүгө милдеттүү. 

3. Улуттук экотутумдун алкактарында санарип жазмаларды иштеп чыгуу, санарип жазмалардын ээлерин же принципалдарын, иштеп чыгуунун жол берилген максаттарын жана ыкмаларын, санарип жазмалардын форматтарын жана дайындарды алмашуу интерфейстерди, ошондой эле санарип жазмаларды иштеп чыгуу үчүн маанилүү башка мүнөздөмөлөрдү аныктоочу алардын метадайындарын эске алуу менен жүзөгө ашырылат. 

4. Санарип дайындар, алардын форматына көз карандысыз, улуттук экотутумдун алкактарында иштеп чыгууга жатат. Улуттук экотутумдун катышуучулары, эгерде мыйзамдарда жана аларга ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда же улуттук экотутумдун катышуучуларынын макулдашуусунда башкача белгиленбесе, санарип дайындарды иштеп чыгууну өздөрүнүн каалоосу боюнча, иштеп чыгуунун максаттарына жетишүүнү мыкты деңгээлде камсыз кылуучу ошол форматта, ошол ыкмалар менен, аткарымдардын ошондой ирээтинде жүзөгө ашырууга укуктуу. Дайындарды иштеп чыгуу боюнча форматты, ыкмаларды жана аткарымдардын ирээтин тандоодо, улуттук экотутумдун катышуучулары жалпы таанылган эл аралык практиканы эске алууга милдеттүү. 

5. Эгерде мыйзамдарда жана аларга ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук акытларда же улуттук экотутумдун катышуучуларынын макулдашуусунда башкача белгиленбесе, санарип дайындардын жалпы мейкиндигиндеги дайындар ачык дайындар болуп саналат. 

6. Мамлекеттик (муниципалдык) санарип ресурстарды түзүүнүн, актуалдаштыруунун жана пайдалануунун тартибине карата талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Мамлекеттик (муниципалдык) санарип ресурстар жөнүндө, улуттук экотутумдун башка катышуучуларынын санарип ресурстары жөнүндө жана аларга карата жеткиликтүүлүк тартиби жөнүндө маалыматтар улуттук экотутумдун санарип реестрине кошулат. 

165-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык санарип технологиялык тутумдарды түзүү жана пайдалануу 

1. Улуттук экотутумдун курамында республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен курулган, ошондой эле келишимдик негизде пайдаланылуучу санарип технологиялык тутумдар жана аларды биркитирүүчү телекоммуникациялык тарамдар дагы пайдаланылышы мүмкүн. 

2. Мамлекеттик (муниципалдык) санарип технологиялык тутумдун ээси, эгерде мамлекеттик (муниципалдык) санарип технологиялык тутум жөнүндө мындай эрежелер же жобо мыйзамда же алга ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актылар менен бекитилбесе, анын эрежелерин бекитүүгө жана алардын Кодекстин жоболоруна шайкештигин камсыз кылууга милдеттүү. 

3. Мамлекеттик (муниципалдык) санарип технологиялык тутумдарга карата талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. 

4. Мамлекеттик (муниципалдык) санарип технологиялык тутумдар жөнүндө маалыматтар улуттук экотутумдун санарип реестрине кошулат. 

166-берене. Улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсү 

1. Улуттук экотутум менен байланыштуу иштерди жөнгө салуу, жана мындай ишти көзөмөлдөө, ушул Кодекстин 9-беренесинде белгиленген тартипте түзүлүүчү ыйгарым укуктуу орган (улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсү) тарабынан жүзөгө ашырылат. Улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсү, ал өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу жактардан көз карандысыз. 

2. Улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсүнүн жетекчиси өз милдеттерин аткаруу жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн, анын ичинде санарип технологиялыр чөйрөсүндөгү зарыл квалификацияга, тажырыйбага жана илим-билимге ээ болушу керек. 

3. Улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсү төмөнкү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат: 

1) улуттук экотутумдун жана анын айрым элементтерин өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын жана пландарын ишке ашырат; 

2) улуттук экотутумдун элементтерин түзүүгө же өзгөртүүгө тийиштүү бөлүгүндө, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн калыптарын жана администартивдик реглементтерин иштеп чыгууга катышат; 

3) эксперттик кеңештин катышуусу менен, улуттук экотутумдун эрежелерин өнүктүрүүнү камсыз кылат; 

4) трансформациялоо процессинде, анын ичинде мамлекеттик (муниципалдык) санарип технологиялык тутумдарды түзүү, өнүктүрүү жана пайдаланууда жана аларды пайдалануу менен санарип дайындарды иштеп чыгууда, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтөт; 

5) улуттук экотутумдун катышуучуларынын өз ара аракеттенүүлөрүн камсыз кылат; 

6) улуттук экотутумда пайдаланылуучу санарип дайындардын жана жазмалардын форматтары боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат жана өзүнүн сайтына жарыялайт; 

7) улуттук экотутумдун ишинин негизги көрсөткүчтөрүн аныктайт жана алардын мониторингин жүзөгө ашырат; 

8) улуттук экотутумдун санарип туруктуулугун баалоону жүргүзөт жана алардын санарип туруктуулугун жогорулатуу боюнча мамлекеттик (муниципалдык) санарип технологиялык тутумдардын ээлеринин аткаруусу үчүн милдеттүү жазма эскертмелерди берет; 

9) улуттук экотутумду өнүктүрүү жана пайдалануу бөлүгүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды жана башка жактарды окутуунун, квалификакциясын жогорулатуунун усулдуктарын иштеп чыгууга катышат; 

10) Кодексте белгиленген тартипте улуттук экотутумдун санарип реестрин жүргүзөт. 

4. Улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсү өзүнүн жөндөөчү иш-милдеттеринин ачык-айкындыгына жетишүү үчүн, иши жөнүндө жылдык отчетту жана улуттук экотутумдун санарип туруктуулугун баалоонун жыйынтыктарын өзүнүн сайтына жарыялашы керек.  

5. Улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсүнүн төмөнкүлөргө укугу бар: 

1) жеке жактардан жана уюмдардан өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон, анын ичинде мамлекеттик жашыруун сырларга же мыйзам менен корголгон башка маалыматтарды суратууга жана акысыз алууга;

2) мамлекеттик (муниципалдык) санарип технологиялык тутумдардын ээсинен анын санарип туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүусүн талап кылууга; 

3) улуттук экотутумдун катышуучуларынын укугун, анын ичинде жактардын аныкталбаган чөйрөсүнүн укуктарын коргогон доо арызы менен сотко кайрылууга жана сотто улуттук экотутумдун кызыкчылыктарын жактоого; 

4) улуттук экотутумдун эрежелерин бузуу менен байланышкан кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш-жаза ишин козгоо жөнүндө маселени чечүү үчүн ведомстволук таандыктыгына ылайык укук коргоо органдарына материалдарды жөнөтүүгө; 

5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине улуттук экотутумдун эрежелерин, улуттук экотутумду жана анын айрым элементтерин өркүндөтүү пландары, программалары жөнүндө сунуштарды киргизүүгө; 

6) Кодексти бузууга күнөөлүү жактарды административдик жоопкерчиликке тартууга.

6. Улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсү төмөнкүлөргө милдеттүү: 

1) Кодекстин жоболоруна ылайык улуттук экотутумдун эрежелеринин сакталышын жана аларды өнүктүрүүнү камсыз кылууга; 

2) мамлекеттик (муниципалдык) санарип технологиялык тутумдардын ээлеринин Кодекстин жоболорун сактоолорун текшерүүнү үзгүлтүксүз жүзөгө ашырууга жана текшерүүлөрдүн натыйжалары боюнча аткаруу үчүн милдеттүү чечимдерди чыгарууга; 

3) улуттук экотутумдун катышуучуларынын, алардын улуттук экотутумдун алкактарындагы өз ара аракеттенүү маселелери менен байланыштуу суроолор боюнча даттанууларын жана кайрылууларын кароого жана кароонун натыйжалары боюнча, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде аткаруу үчүн милдеттүү чечимдерди кабыл алууга; 

4) мындай чечмелөөлөрдү өзүнүн сайтына жарыялоо менен, жеке адамдардын жана уюмдардын суроо-талаптары боюнча улуттук экотутумдун эрежелерин колдонуу маселелери боюнча чечмелөөлөрдү берүүгө; 

5) улуттук экотутумду өнүктүрүү, мамлекеттик (муниципалдык) санарип технологиялык тутумдарды өнүктүрүү, түзүү жана пайдалануу маселелери боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууга жана жарыялоого, улуттук экотутумдун катышуучулары үчүн келишимдердин, укуктук актылардын жана башка документтердин болжолдуу формаларын иштеп чыгууга жана жарыялоого. 

167-берене. Улуттук экотутумдун алкагында талаш-тартыштарды кароо 

1. Улуттук экотутумдун катышуучуларынын өз ара аракеттенүү маселелери боюнча талаш-тартыш пайда болгон учурда, тараптардын кимиси болбосун сотко чейинки кароо тартибинде улуттук экотутумдун жөндөөчүсүнө кайрылууга милтеттүү. Телекоммуникациялар тармактык жөндөөчүсү мындай кайрылууну ал алынган датадан тартып 2 айдын ичинде карайт. 

2. Талаш-тартышты кароо максатында улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсү кандай болбосун дайындарды суратып алууга укугу бар, аларды берүүдөн баш тартылышы мүмкүн эмес. 

3. Талаш-тартыш улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсү тарабынан төмөнкү учурларда каралууга жатпайт: 

1) эгерде талаш-тартыштын маселеси улуттук экотутумду пайдалануу менен өз ара аракеттенүү болуп саналбаса; 

2) эгерде талаш-тартыш өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу түзүүгө тийиштүү болсо жана улуттук экотутумдун бир катышуучусу экинчисине макулдашуу түзүү жөнүндө суроо-талап жөнөткөн учурдан тартып 3 айдан кем өтсө; 

3) сүйлөшүүлөр процессиндеги акыркы иш-аракеттердин датасынан 1 жыл өтсө. 

4. Улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсү, талаш-тартышты чечүү максатында, өзүнүн чечиминде өз ара аракеттенүүнүн техникалык жана (же) финансылык шарттарын белгилөөгө укугу бар, алар тараптар үчүн милдеттүү. 

5. Улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсүнүн чечими административдик акт түрүндө чыгарылат жана сот тартибинде даттанылышы мүмкүн. 

6. Эгерде улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсү ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттө чечим чыгарбаган учурда, талаш-тартыш чечилген болуп эсептелет, ал эми улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсүнүн жетекчиси, укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык, аракетсиздиги үчүн жоопкерчиликке тартылуусу тийиш.

 

5-бөлүм. Санарип технологиялык тутумдар

20-глава. Санарип технологиялык тутумдар жөнүндө жалпы жоболор

 

168-берене. Санарип технологиялык тутумдарды укуктук жөнгө салуу

1. Кыргыз Республикасында санарип технологиялык тутумдар чектөөсүз түзүлүшү жана пайдаланылышы мүмкүн. Кодекс адамдардын өмүрүнө, саламаттыгына, курчап турган айлана чөйрөгө, менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирүүнү болтурбоо үчүн гана, ошондой эле санарип чөйрөдө санарип технологиялык тутумдарды пайдалануу менен, дарды өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн санарип технологиялык тутумдардын айрым түрлөрүн пайдаланууну жөнгө салат. 

2. Кодекс санарип технологиялык тутумдардын төмөнкү түрлөрүн пайдаланууну жөнгө салат: 

1) телекоммуникациялык тарамдарды;

2) радиоэлектрондук каражаттарды жана жогорку жыштыктагы түзүлмөлөрдү; 

3) мамлекеттик жана муниципалдык санарип технологиялык тутумдарды; 

4) жасалма интеллект тутумдарын. 

3. Кыргыз Республикасында санарип технологиялык тутумдарды пайдалануу менен, санарип чөйрөдө өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгү жалпы кабыл алынган эл аралык практиканын негизинде, Кодекстин тиешелүү главасында белгиленген тартипте камсыз кылынат. 

4. Кыргыз Республикасында жарандыгынан, чыккан өлкөсүнөн же менчигинин формасынан, ошондой эле санарип технологиялык тутумдарда пайдалануучу технологияларынан көз карандысыз, кандай болбосун жактар санарип технологиялык тутумдардын ээлери жана пайдалануучулары боло алышат. 

169-берене. Радиоэлектродук каражаттар жана жогорку жыштыктагы түзүлмөлөр 

1. Радиоэлектродук каражаттар жана жогорку жыштыктагы түзүлмөлөр, алардын арналышына көз карандысыз, башка пайдалануучуларга тоскоолдук кылбагандай, санарип технологиялык тейлемелерди же анын ичинде эл аралык келишимдерге ылайык, Кыргыз Республикасында таанылган санарип технологиялык тутумдарды пайдаланууну кыйындатпагандай же үзүлтүккө учуратпагандай ыңгайда орнотулушу жана эксплуатацияланышы керек. 

2. Радиоэлектродук каражаттар радиожыштыкты ыйгаруу жөнүндө чечимде аныкталган шарттарга ылайык пайдаланылышы керек. Аларды жалпы ыйгарууга ылайык эксплуатациялоочу радиоэлектрондук каражаттарды ээси, башка иштеп жаткан радиоэлектрондук каражаттарга зыяндуу тоскоолдорду болтурбоо жана четтетүү максатында, зыяндуу тоскоолдорду түзүп жаткан өзүнүн радиоэлектрондук каражаттарын өчүрүүгө чейин иштеп жаткан башка радиоэлектрондук каражаттардын ээлери менен өз алдынча аракеттенүүгө милдеттүү. Эгерде радиоэлектрондук каражаттардын ээлери зыяндуу тоскоолдорду четтетүү боюнча чаралардын комплексин өз алдыларынча макулдашышпаса, алардын кимиси болбосун талаш-тартышты телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсүнүн кароосуна өткөрүп берүүгө укуктуу. 

3. Радиоэлектрондук каражаттардын жана жогорку жыштыктагы түзүлмөлөрдүн нурлануулары техникалык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына жана жалпы таанылган эл аралык практикага шайкеш келиши керек. 

170-берене. Санарип технологиялык тутумдардын ээлеринин инфратүзүмгө карата жеткиликтүүлүгү 

1. Санарип технологиялык тутумдардын элементтерин жайгаштыруу, куруу, эксплуатациялоо имараттардын, курулмалардын, электрөткөргүч чубалгы таянычтарынын, темир жолдордун байланыш тарамдарынын, устун таянычтарынын, көпүрөлөрдүн, коллекторлордун, тешкен тоолордун, темир жана автомобиль жолдорунун жана башка инженердик объекттердин жана технологиялык аянтчалардын, ошондой эле бөлүнгөн тилкелердин, анын ичинде темир жолдордун жана автомобиль жолдорунун бөлүнгөн тилкелеринин менчик ээлери же башка ээлик кылуучулары менен келишим боюнча санарип технологиялык тутумдардын ээлери тарабынан жүзөгө ашырылат. Мында менчик ээси же көрсөтүлгөн объекттердин башка ээси, эгерде Кодексте башкача каралбаса, санарип технологиялык тутумдардын ээлеринен бул мүлктөрдү пайдалануу үчүн тең өлчөмдөш төлөм акы талап кылууга укуктуу. 

2. Санарип технологиялык тутумдарды жайгаштыруунун зарылдыгы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, аймактык пландаштырууда жана архитектуралык-курулушту долбоорлоодо эске алынышы керек. Санарип технологиялык тутумдарды жайгаштыруу үчүн имараттарга, түзүлүштөргө жана курулмаларга карата талаптар шаар куруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет. 

3. Жаңы курулуш, кеңейтүү, калктуу конуштарды жана инфратүзүмдүн айрым объекттерин, имараттарды кайра куруу, жолдорду жана көпүрөлөрдү кайра куруу, жаңы жерлерди өздөштүрүү, мелиорация тутумдарын кайра куруу, пайдалуу кендерди иштетүү менен байланыштуу санарип технологиялык тутумдарды кайра куруу жана көчүрүү, курулуштун тапшырыкчысы тарабынан өздүк каражаттардын эсебинен, көрсөтүлгөн объекттердин ээлеринин техникалык шарттары боюнча, колдонуудагы калыптарга ылайык жүргүзүлөт. Ошол эле убакта мындай санарип технологиялык тутумдардын мүнөздөмөлөрүн чоңойтуу алардын ээлеринин эсебинен жүзөгө ашырылат. 

4. Санарип технологиялык тутумдарды жайгаштыруу максаттары үчүн курулган, кайра курулган, капиталдык оңдоодөн өткөрүлгөн жана имараттарга, түзүлүштөргө жана курулмаларга карата бекитилген талаптарга шайкеш келбеген имараттарды жана курулмаларды эксплуатациялоого берүүгө жол берилбейт. 

171-берене. Технологиялык тутумдардын санарип туруктуулугу 

1. Телекоммуникациялардын операторлору жана мамлекеттик (муниципалдык) санарип технологиялык тутумдардын ээлери, өздөрүнө аларга таандык телекоммуникациялык тарамдардын жана мамлекеттик (муниципалдык) санарип технологиялык тутумдардын санарип туруктуулугун камсыз кылууга милдеттүү. 

2. Телекоммуникациялык тарамдар жана мамлекеттик (муниципалдык) санарип технологиялык тутумдар үчүн Кыргыз Республикасынын жер жана шаар куруу мыйзамдарына ылайык коргоо чөлкөмдөрү белгиленет. 

3. Долбоорлоо жана куруу менен алектенген жактар, имараттарды, түзүлүштөрдү жана курулмаларды долбоорлоодо, курууда, оңдоодо, кайра курууда жана калыбына келтирүүдө, имараттарда (түзүлүштөрдө, курулмаларда) жайгаштырылган санарип технологиялык тутумдардын ээлеринен жумуштарды жүргүзүүгө жазуу жүзүндө уруксат алууга жана жумуштар жүрүүчү санарип технологиялык тутумдарды сактоо боюнча бардык зарыл иш чараларды көрүүгө милдеттүү. 

4. Технологиялык тутумдардын санарип туруктуулугун бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга алып келет. Санарип технологиялык тутумдарга карата санкцияланбаган кошулуп алуунун натыйжасында келтирилген зыян, алардын ишине кийлигишүү же аларды бүлүндүрүү, зыян келтирүүчү тарабынан тутумдун ээсине толук көлөмдө ордун толтурулуп берилет.

 

21-глава. Телекоммуникациялык тарамдар

 

172-берене. Телекоммуникациялык тарамдарды укуктук жөнгө салуу 

1. Кыргыз Республикасы телекоммуникациялык тарамдарды пайдаланууну Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин жана телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү эл аралык уюмдардын чечимдеринин негизинде жөнгө салат. Телекоммуникациялык тарамдарга тийиштүү терминдер, эгерде Кодексте башкача белгиленбесе, Эл аралык электрбайланышы бирлигинин документтеринде белгиленген маанилеринде пайдаланылат. 

2. Телекоммуникациялык тарамдарды пайдалануу жана аларды жөнгө салуу телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү эл аралык практиканы эске алуу менен жүзөгө ашырылуусу тийиш. 

3. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кодексте белгиленген талаптарга шайкештикти бышыктоо талап кылынса, эгерде алар талаптардын Кодексте белгиленген эквиваленттүү талаптарга шайкештигин бышыкташса, бул үчүн чет өлкөлүк мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык алынган документтер пайдаланылышы мүмкүн. 

173-берене. Жөнгө салуунун тармактык принциптери 

1. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекттери Кыргыз Республикасында телекоммуникациялык тарамдарды эркин түзүүгө жана аларды пайдаланууга укуктуу (телекоммуникациялардын эркиндиги принциби). 

2. Телекоммуникациялык тарамдарды түзүү жана пайдалануу боюнча ишти жөнгө салуу аларды эксплуатациялоонун үзгүлтүксүздүгүн жана телекоммуникациялык тарамдарды каалагандай токтотуунун же токтото туруунун же аларды эксплуатациялоого кийлигишүүнүн жол берилгистигин камсыз кылат (үзгүлтсүздүк принциби). 

3. Телекоммуникациялык тарамдарды түзүү жана аларды пайдалануу боюнча иштерди жөнгө салуу алардын туруктуу өнүгүүсүн жана жалпы таанылган эл аралык практикага ылайык башка өлкөлөрдүн телекоммуникациялык тарамдары менен өз ара аракеттенүүлөрүн камсыз кылат (өнүгүү принциби). 

4. Телекоммуникациялык тарамдар жана аларды жөнгө салуу, телекоммуникациялык тарамдарды пайдалануу менен өз ич ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүнө ээ пайдалануучулардын санын көбөйткүдөй ыңгайда уюштурулушу керек (өз ара аракеттенүү принциби). 

5. Телекоммуникациялык тарамдардын туруктуу өнүгүүсү жана аларды жөнгө салуунун принциптерин ишке ашыруу, телекоммуникациялык тарамдардын жана алардын элементтеринин сыйышуучулугун камсыз кылган шарттарда гана мүмкүн (сыйышуучулук принциби). 

6. Телекоммуникациялык тарамдарды эксплуатациялоодо жана пайдаланууда берилүүчү дайындардын бүтүндүгү жана кол тийбестиги камсыз кылынат, ал эми телекоммуникациялык тарамдардын ээлери берилүүчү дайындардын мазмунун көзөмөлдөбөөлөрү жана алардын мазмунуна байланыштуу жоопкерчилик тартуулары тийиш (кол тийбестик принциби) 

7. Кыргыз Республикасы алардын менчигинин формасына көз карандысыз, жекебасарлык ишти жөнгө салуу жана болтурбоо, радиожыштык ресурсуна жана номерлөө ресурсуна карата тең укуктуу жеткиликтүүлүк берүү, мындай ресурстарда жазмалардын принципалдарынын кызыкчылыктарын коргоо жолу менен, телекоммуникациялардын бардык операторлоруна атаандаштыктын бирдей шарттарын камсыз кылат жана колдоого алат (басмырлабоо принциби). 

174-берене. Телекоммуникациялык тарамдардын категориялары 

Телекоммуникациялык тарамдар Кыргыз Республикасынын аймагында алардын арналышына жараша төмөнкүдөй үч категорияга бөлүнөт: 

1) адамдардын чектелбеген чөйрөсүнө жалпы жеткиликтүү телекоммуникациялык тейлемелерди берүү үчүн арналган жалпы пайдалануудагы; 

2) жалпы пайдалануудагы тарамдар менен өз ара аракеттенүүсүз, пайдалануучулардын чектелген чөйрөсүнө телекоммуникациялык тейлемелерди берүү үчүн арналган жабык (жеке менчик жана ведомстволук); 

3) алып берүүчү тейлемелерди берүү үчүн арналган телерадиоберүү. 

175-берене. Телекоммуникациялык тарамдарды жайгаштыруу 

1. Телекоммуникациялардын операторлору коомдук муктаждыктар үчүн бөлүп берилген (коомдук жолдорду, жанжолдорду, же башка коомдук жерлерди же курулмаларды кошуп алганда) жер участокторуна карата өтүү (телекоммуникациялык тарамдарды жана алардын элементтерин, ошондой эле телекоммуникациялык курулмаларды куруу, орнотуу, эксплуатациялоо, техникалык тейлөө жана оңдоо) укугуна ээ болушат. 

2. Телекоммуникациялардын операторлору мындай жер участокторунун же курулмаларынын ээлери менен келишимдин негизинде, жерде, имараттарда жана курулмаларда, таяныч түркүктөрүндө, көпүрөлөрдө, өткөргүч түтүктөрдө, жолдордо, коллекторлордо, темир жол тунелдеринде жана башка орундарда түркүктөрдү курууга, орнотууга жана эксплуатациялоого укуктуу болушат. Жер участокторунун, имараттардын жана курулмалардын ээлери үчүн берененин ушул бөлүгүндө каралган келишимдерди түзүү жарандык мыйзамдарга ылайык милдеттүү болуп саналат. 

3. Телекоммуникациялык тарамдарды кандай болбосун курулушу жана эксплуатацияланышы экологиялык коопсуздук талаптарын эске алуу менен жана мындай жумуштар жүргүзүлүп жаткан жердин эстетикалык сапатына зыян келтирүүсүз жүргүзүлүшү керек. Мында берилген өтүү укугуна байланыштуу жеке менчикке келтирилүүчү мүмкүн болуучу зыянды азайтуу боюнча чаралар көрүлөт. Жер участогунда, имаратта же курулмада телекоммуникациялык тарамдарды куруу, орнотуу же оңдоо боюнча кандай болбосун жумуштар аяктагандан кийин оператор өзүнүн эсебинен жер участогун, имаратты же курулманы адепки абалына келтирүүгө милдеттүү. 

4. Телекоммуникациялардын оператору телекоммуникациялык тарамдарды куруунун, орнотуунун, оңдоонун, ошондой эле телекоммуникациялык тарамды эксплуатациялоонун натыйжасында имаратка, жер участогуна же курулмаларга келтирилген зыяндын ордун, бул объекттердин наркынын кандай болбосун азаюусун кошуп, толтуруп берүүгө милдеттүү. 

5. Кыйчалыш учурларда телекоммуникациялардын оператору, мындай оператордун менчиги болуп саналбаган жер участогунда, имаратта же башка курулмаларда телекоммуникациялык тутумдарды калыбына келтирүү жана куроо боюнча жумуштарды жүргүзүүсү зарыл болгондо, оператор жер участогунун, имараттын же башка курулмалардын ээсин өз убагында кабарландырууга бардык күч-аракетин жумшоого жана мындай жумуштарды жүргүзүүгө анын макулдугун өз убагында алууга милдеттүү. Ээсинин макулдугун албоо бул жумуштарды жүргүзүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт жана операторду мындай жумуштарды аткарууда келтирилген кандай болбосун зыяндын ордун толтуруудан куткарбайт. Зыяндын наркы мыйзамдарга ылайык көз карандысыз баалоо комиссиясы тарабынан аныкталат. 

6. Телекоммуникациялардын операторулору, кайда техникалык жактан мүмкүн болсо башка операторлорго кабелөткөргүчтөргө, коллекторлорго, өтүү укуктарына, түркүктөргө жана башка телекоммуникациялык курулмаларга жеткиликтүүлүк берүү жөнүндө макулдашууларды түзүүгө жана аткарууга милдеттүү. Мындай кабелөткөргүчтөрдү, коллекторлорду өтүү укугун, түркүктөрдү жана башка курулмаларды пайдалануучу телекоммуникациялардын кандай болбосун оператору төмөнкүлөргө милдеттүү: 

1) анын менчик курулмалары жана тейлемелери, ошондой эле тутумдарды эксплуатациялоодо, тейлемелерди берүүдө жана көрсөтүлгөн курулмалардын ээси башка иштерди жүргүзгөндө, техникалык же физикалык тоскоолдуктарды келтирбөөсүн камсыз кылууга; 

2) кандай болбосун мындай бөгөттөрдү жана тоскоолдуктарды четтетүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүгө; 

3) жогоруда көрсөтүлгөн бөгөттөрдүн жана тоскоолдордун пайда болуусунун натыйжасында тартылган зыяндардын же башка экономикалык чыгашалардын бардык чыгымдарын толугу менен компенсациялоого. 

 

176-берене. Телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсү 

1. Телекоммуникациялык тарамдар менен байланышкан ишти жөнгө салууну жана мындай ишти көзөмөлдөөнү ушул Кодекстин 9-беренесинде белгиленген тартипте түзүлүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (телекоммуникацияларды тармактык жөндөөчү) жүзөгө ашырат. Телекоммуникацияларды тармактык жөндөөчү аларга карата өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жаткан жактарга көз каранды эмес.

2. Телекоммуникацияларды тармактык жөндөөчүнүн жетекчиси милдеттерин аткаруу жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон, анын ичинде санарип технологиялар чөйрөсүндөгү квалификацияга, тажрыйбага жана билимдерге ээ болууга тийиш.

3. Телекоммуникацияларды тармактык жөндөөчү төмөнкүдөй ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:

  1.  Кыргыз Республикасында телекоммуникацияларды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын жана пландарын ишке ашырат;
  2. телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү эл аралык ишти жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын Байланыш администрациясынын иш-милдеттерин аткарат;
  3. мыйзамдарда белгиленген тартипте телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү өз алдынча жөнгө салуу органдары менен өз ара аракеттенет;
  4. телекоммуникация операторлорунун иши жөнүндө статистикалык жана башка маалыматты чогултууну уюштурат;
  5. телекоммуникация чөйрөсүндөгү лицензиялоо органынын иш-милдеттерин аткарат;
  6. телекоммуникация чөйрөсүндөгү ак ниетсиз атаандаштыкты, анын ичинде телекоммуникациялардын оператору айрым аймакта өзүнүн басымдуу абалын же болбосо бааларды жогорулатууну, же болбосо өзүнүн телекоммуникация тарамдарына кошулуунун кысымга алган шарттарын кыянаттык менен пайдалануусун четтетүү үчүн жекебасарлыкка каршы мыйзамдарда каралган чараларды көрөт;
  7. телекоммуникациялык тарамдардын алкагында колдонулуучу санарип түзүлмөлөрдүн, анын ичинде радиоэлектрондук каражаттардын шайкештигин милдеттүү ырастоону уюштурат;
  8. улуттук стандарттарды аларда техникалык талаптарды жана эл аралык (региондук) стандарттарды колдонуу ченемдерин белгилөө менен иштеп чыгат жана стандартташтыруу боюнча мамлекеттик орган менен бирдикте каттайт;
  9. телекоммуникация операторлорунун телекоммуникациялык тарамдарынын санарип туруктуулугун баалоону жүргүзөт жана анын натыйжаларын жарыялайт;
  10. радиожыштык реестринде жана номерлөө реестринде жазмалардын принципиалдарынын ишинин ушундай жазмалардын шарттарына шайкештигине мамлекеттик көзөмөлдү жүргүзөт;
  11. радиожыштыктарды пайдаланууну жалпы өлчөөлөрдү жүргүзүү, бөлүнүп берилип жаткан радиожыштыктардын техникалык жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн текшерүү, тоскоолдуктарды, санкцияланбаган радиоөткөргүчтөрдү жана жогорку жыштыктагы электромагниттик таркатылуулардын булактарын табуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында радиокөзөмөлдөөнүн мамлекеттик тутумун түзөт, өнүктүрөт жана эксплуатациялайт;
  12. телекоммуникация чөйрөсүндөгү мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды жана башка адамдарды окутуу, квалификациясын жогорулатуу усулдуктарын иштеп чыгууга катышат.

4. Телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүнүн ишин каржылоо бюджеттик каражаттардын эсебинен жана телекоммуникациялардын операторлорунун телекоммуникациялык тейлемелерди берүү боюнча түшкөн каражаттарынын (республикалык бюджетке түшүүгө тийиш болгон толук көлөмүндө, алардын ичинен 40 пайызы телекоммуникациялык тарамды өнүктүрүүгө багытталат) 0,9 пайызы өлчөмүндө алардын ар жылдагы чегерүүлөрүнүн эсебинен, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн, гранттардын, донордук жана башка уюмдардын жардамынын эсебинен жүргүзүлөт. 

5. Өзүнүн жөнгө салуучу иш-милдеттеринин ачыктыгына жетишүү үчүн телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсүнүн иш жөнүндө жылдык отчетту жана телекоммуникациялык тармактардын санарип туруктуулугун баалоонун натыйжаларын өзүнүн сайтына жарыялоого тийиш. 

6. Телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсү төмөнкүлөргө укуктуу:

  1. өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон, анын ичинде мамлекеттик сырларга же мыйзам тарабынан корголуучу башка сырга тиешелүү маалыматты жеке жактардан жана уюмдардан суратууга жана акысыз алууга;
  2. лицензиялык талаптарды сактоо боюнча чараларды көрүүнү телекоммуникация операторунан талап кылууга;
  3. телекоммуникация операторлорунун же телекоммуникациялык тейлемелерди пайдалануучулардын, ошондой эле радиожыштык ресурсундагы жана нумерация ресурсундагы жазмалардын принципалдарынын укуктарын коргоо үчүн, анын ичинде жактардын айрым чөйрөсүнүн укуктарын коргоо үчүн доо арыздары менен сотко кайрылууга жана сотто көрсөтүлгөн жактардын кызыкчылыктарын билдирүүгө;
  4. телекоммуникация чөйрөсүндөгү кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш-жаза иштерин козгоо жөнүндө маселени чечүү үчүн материалдарды тиешелүүлүгүнө ылайык укук коргоо органдарына жөнөтүүгө;
  5. телекоммуникация чөйрөсүндөгү укуктук актыларды кабыл алуу, өзгөртүү же жокко чыгаруу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизүүгө;
  6. Кодексти бузгандыгы үчүн күнөөлүү жактарды административдик жоопкерчиликке тартууга.

7. Телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсү төмөнкүлөргө милдеттүү:

  1. радиожыштык ресурсун жана номерлөө ресурсун пайдалануунун лицензиялык талаптарын жана шарттарын сактоону камсыз кылууга;
  2. телекоммуникация операторлору жана радиожыштык ресурсундагы жана номерлөө ресурсундагы жазмалардын принципиалдары Кодекстин жоболорун сактоосун текшерүүнү дайыма жүргүзүүгө жана текшерүүлөрдүн натыйжалары боюнча милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон чечимдерди чыгарууга;
  3. телекоммуникация операторлорунун жана алардын телекоммуникациялык тейлемелерин пайдалануучулардын даттанууларын жана кайрылууларын кароого жана аларды кароонун натыйжалары боюнча өз ыйгарым укуктарынын чектеринде милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон чечимдерди чыгарууга;
  4. жеке жактардын жана уюмдардын суроо-талабы боюнча Кодексти жана ага ылайык кабыл алынган телекоммуникация чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды колдонуу маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө, мындай түшүндүрмөлөрдү өзүнүн сайтына жарыялоого;
  5. телекоммуникацияларды өнүктүрүү маселелери боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууга жана жарыялоого жана телекоммуникация чөйрөсүндөгү келишимдердин, укуктук актылардын жана башка документтердин болжолдуу формаларын жарыялоого. 

177-берене. Телекоммуникацияларды эл аралык жөнгө салууга катышуу 

1. Кыргыз Республикасы Эл аралык электрбайланыш бирлигинин мүчөсү болуп саналат жана анын төмөнкүдөй негизги документтерин тааныйт:

  1. Эл аралык электрбайланыш бирлигинин Уставын;
  2. Эл аралык электрбайланыш бирлигинин Конвенциясын;
  3. Административдик регламенттерди – Эл аралык электрбайланыштын регламентин, Радио байланыштын регламентин.

2. Телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсү Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык телекоммуникацияларды жөнгө салуунун алкагында төмөнкүдөй иш-милдеттерди жүзөгө ашырат:

  1. зарыл учурларда Кыргыз Республикасынын жыштык ыйгарууларын – ушул жыштык ыйгарууларды жагымдуу корутундусу менен Жыштыктардын эл аралык маалымдама реестрине киргизүү боюнча чараларды көрүү аркылуу эл аралык таанууну камсыз кылат;
  2. жыштык ыйгарууларды башка өлкөлөрдөгү радиоэлектрондук каражаттардын жана жогорку жыштык түзүлмөлөрүнүн ээлери түзүүчү зыяндуу тоскоолдуктардан – Эл аралык электрбайланыш бирлигинин Радио байланыш бюросунун жыштыктары боюнча эл аралык маалыматтык циркулярларды талдоо жана Радио байланыштын регламентине же, эгерде булар бар болсо, радиожыштык спектрин пайдалануу жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууларга ылайык тоскоолдуктарга жол бербөө боюнча чараларды көрүү аркылуу коргойт;
  3. бөлүнгөн радиожыштыктарды жана жыштык ыйгарууларын Радио байланыштын регламентинин жана радиожыштык спектрин пайдалануу жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашуулардын негизинде координациялоо жана (же) өз ара таануу чөйрөсүндө башка өлкөлөрдүн Байланыш администрациялары менен кызматташат;
  4. Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасын Радиожыштыктарды бөлүштүрүүнүн эл аралык таблицасына шайкеш келтирет;
  5. Улуттук номерлөө планын эл аралык уюмдардын чечимдерине шайкеш келтирет;
  6. Телекоммуникация чөйрөсүндөгү кадрларды даярдоону жүзөгө ашырып жаткан тармактын же илимий-билим берүү уюмдарынын адистеринин Эл аралык электрбайланыш бирлигинин конференцияларынын жана изилдөө комиссияларынын ишине катышуусун камсыз кылат.

3.Телекоммуникациялар боюнча эл аралык уюмдардын ишине Кыргыз Республикасынын катышуусу үчүн мүчөлүк төгүмдөр телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсүнүн бюджетинин эсебинен каржыланат.

178-берене. Өзүн өзү жөнгө салуу 

  1. Телекоммуникация операторлору кесиптик ассоциацияларга биригүүгө укуктуу.
  2. Кесиптик ассоциация анын катышуучулары аткарууга милдеттүү болгон документтерди бекитүүгө укуктуу.
  3. Кесиптик ассоциация анын катышуучулары алар аткарууга милдеттүү болгон ассоциациянын документтеринин жоболорун бузгандыгы жагынан мезгилдүү текшерүүнү жүргүзүүгө милдеттүү.
  4. Кесиптик ассоциацияга телекоммуникация операторунун мүчөлүгү жөнүндө, алар кабыл алган шайкештик декларациялары жөнүндө жана ассоциациянын документтеринин ал үчүн милдеттүү жоболорун алар жол берген бузуулар жөнүндө, ошондой эле мындай бузууларды жоюу жөнүндө маалыматтар жалпыга жеткиликтүү маалымат болуп саналат. Бул маалыматтар тиешелүү ассоциация тарабынан өзүнүн сайтына жарыяланууга тийиш.

22-глава. Санарип технологиялык тутумдардын ээлеринин өз ара жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенишүүлөрү

179-берене. Телекоммуникациялардын операторлорунун ишин лицензиялоо 

1. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекти телекоммуникация оператору болуп саналат жана, эгерде ал бир эле учурда төмөнкүдөй үч критерийди канааттандырса, лицензиянын негизинде аракеттенүүгө милдеттүү:

  1. Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жалпы пайдалануудагы телекоммуникация тармагынын же телерадио берүүнүн ээси болуп саналат;
  2. Кыргыз Республикасындагы пайдалануучуларга телекоммуникациялык тейлемелерди ушундай телекоммуникациялык тарамды пайдалануу менен берет;
  3. телекоммуникациялык тейлемелерди берүү үчүн Кыргыз Республикасындагы радиожыштык спектрин, номерлөөнү же инфратүзүмдү пайдаланат. 

2. Телекоммуникация операторунун ишин жүзөгө ашырууну пландаштырып жаткан санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекти лицензия алуу үчүн «Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсүнө кайрылууга милдеттүү. Телекоммуникация операторунун ишине лицензия берилген санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекти лицензия берилген күндөн тартып 2 жылдан кечиктирбестен телекоммуникациялык тейлемени берүүнү баштоого жана лицензиялык талаптарды аткарууну камсыз кылууга милдеттүү. 

3. Телекоммуникация операторлорунун ишине лицензия берүү, ошондой эле аны узартуу, убактылуу токтотуу, калыбына келтирүү, токтотуу, кайра жол-жорболоштуруу «Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат. Телекоммуникация операторлорунун ишине лицензия мөөнөтсүз болуп саналат. 

4. Лицензиялык талаптар Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет жана өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

  1. Кыргыз Республикасынын аймагында телекоммуникациялык тарамга ээ болууну жана аны эксплуатациялоону;
  2. Кодекске ылайык радиожыштык спектрин, номерлөөнү же инфратүзүмдү пайдаланууну;
  3. Кодекске ылайык Кыргыз Республикасындагы жалпы пайдалануудагы тарамдар менен өз ара аракеттенүүнү;
  4. Кодекске ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүнү;
  5. Кодекске ылайык радиожыштык спектрин жана номерлөөнү пайдалануу үчүн акыны которууну;
  6. телекоммуникациялык тейлемелерди берүү боюнча түшкөн каражаттардан 0,9 пайыз өлчөмүндөгү ар жылдагы чегерүүлөрдү.

5. Кодексте жана «Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралгандарды кошпогондо, башка лицензиялык талаптарды белгилөөгө жол берилбейт. 

6. Виртуалдык операторлордун иши алар Кодексте белгиленген тартипте телекоммуникация операторлору менен өз ара аракеттенген шартта лицензия алууну талап кылбайт. 

7. Телекоммуникация чөйрөсүндөгү лицензия көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен Лицензиялоо жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырылат. 

180-берене. Радиожыштыктарды пайдалануу укугуна тооруктар 

1. Телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсү өзүнүн чечиминде коммерциялык жактан жагымдуу радиожыштыктар жагынан тооруктарды жүргүзүүнүн төмөнкүдөй формаларын аныктайт:

  1. эгерде Кодексте белгиленген жөнгө салуу принциптерин ишке ашыруу үчүн радиожыштыктар мыкты инвестициялык долбоорду сунуш кылган катышуучуга берилүүгө тийиш болсо, тооруктар конкурс түрүндө өткөрүлөт;
  2. коммерциялык жактан жагымдуу радиожыштыктарды бөлүүнүн бардык калган учурларында тооруктар онлайн-аукцион түрүндө өткөрүлөт.

2. Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоону кеминде 7 адамдын курамындагы конкурстук комиссия аныктайт, ал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен төмөнкүлөрдүн өкүлдөрүнөн түзүлөт:

  1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин;
  2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин;
  3. Радиожыштыктар боюнча улуттук комиссиянын;
  4. телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсүнүн;
  5. телекоммуникация операторлорунун кесиптик ассоциацияларынын.

3. Конкурстун натыйжаларына жеке кызыкдар болгон жактар (анын ичинде конкурска катышууга арыз берген же болбосо көрсөтүлгөн арыздарды берген адамдар менен эмгек мамилелеринде турган жеке жактар), же болбосо конкурстун катышуучулары ага таасир этүүгө кудуреттүү болгон жеке жактар (анын ичинде юридикалык жактардын катышуучулары (акционерлери), алардын башкаруу органдарынын мүчөлөрү, конкурстун катышуучуларынын кредиторлору болуп саналган жеке жактар) конкурстук комиссиянын мүчөсү боло албайт. 

4. Онлайн-аукциондун старттык баасы төмөнкүлөргө таянуу менен эсептелет:

  1. номиналдын тилкесинин же радиожыштыктардын тилкесинин туурасына (кабыл алуу-берүү);
  2. камтуунун географиялык чөлкөмүнө;
  3. коммерциялык жагымдуулуктун коэффициентине;
  4. эсептешүү коэффициентине.

5. Тооруктарга кирүү үчүн катышуучулар лоттун старттык наркынын 5 пайызы өлчөмүндө кепилдик төгүмүн төгөт. Онлайн-аукциондун кадамы лоттун старттык наркынын 5пайызын түзөт.

6. Кепилдик төгүмү кайтарылууга тийиш:

1) тооруктар болбой калды деп таанылганда;

2) тооруктардын жеңүүчүсү деп таанылбаган катышуучуларга.

7. Тооруктарды өткөтүү датасы жана шарттары телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсү тарабынан белгиленет жана тооруктарды өткөрүү күнүнө чейин 30 календардык күн мурда анын сайтына жарыяланат. 

8. Лот үчүн эң жогорку бааны сунуш кылган жак аукциондун жеңүүчүсү деп таанылат. Инвестициялык долбоорлорду баалоонун жарыяланган шарттарына ылайык мыкты инвестициялык долбоорду сунуш кылган жак аукциондун жеңүүчүсү деп таанылат.

9. Конкурстун натыйжалары протокол менен жол-жоболоштурулат, ага конкурстук комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коет. Онлайн-аукциондун натыйжалары онлайн-аукциондор тутумунун протоклдун күчүнө ээ болгон отчеттук формасынын негизинде аныкталат. 

10. Тооруктар төмөнкүдөй учурларда өткөн жок деп таанылат:

  1. конкурска бир да сунуш берилген эмес же бир да катышуучу онлайн-аукционго катталган эмес;
  2. конкурстук сунуштардын бири да конкурстун шарттарына ылайык келбейт;
  3. онлайн-аукциондун жыйынтыктары боюнча отчеттук форма түзүлгөн эмес;
  4. онлайн-аукциондун катталган катышуучуларынын бири да онлайн-аукцион башталгандан тартып 30 мүнөттүн ичинде старттык бааны көтөргөн эмес.

11. Тооруктардын жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар алар аяктагандан кийин кийинки жумуш күндөн кечиктирбестен, телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсүнүн сайтына жайгаштырылат. 

12. Тооруктардын жеңүүчүсү тооруктардын натыйжалары жарыялангандан кийин 7 банктык күндүн ичинде лоттун баасын төлөөгө милдеттүү. Эгерде көрсөтүлгөн мөөнөттө жеңүүчү бааны төлөбөсө, радиожыштык спектрин пайдалануу укугу экинчи деп таанылган катышуучуга өтөт. Эгерде бааны тооруктардын катышуучуларынын бири да төлөбөсө, тооруктар кайрадан өткөрүлөт. 

13. Тооруктарды өткөрүү тарибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт.

181-берене. Санарип реестрлерди киргизүүдө телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсү менен өз ара аракеттенүү 

1. Телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсү менен өз ара аракеттенүү төмөнкүлөрдүн алкагында жүргүзүлөт:

  1. радиожыштыктарды бөлүү же ыйгаруу жөнүндө, номерлөөнү бөлүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуунун;
  2. жазмаларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн;
  3. радиожыштык спектрин пайдаланууга укукту узартуунун;
  4. радиожыштык спектрин же номерлөөнү пайдаланууга укукту токтотуунун;
  5. санариптик реестрдеги жазманын көчүрмөсүн алуунун.

2. Радиожыштыктарды бөлүү же ыйгаруу жөнүндө же болбосо номерлөөнүн диапазонун бөлүү жөнүндө чечим телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсү бекиткен жана ал өзүнүн сайтында жарыялаган форма боюнча берилген арыздын негизинде кабы алынат. Чечим кабыл алуу жана санарип реестрде тиешелүү жазманы түзүү мөөнөтү төмөнкүлөрдөн ашпайт:

  1. тооруктардын натыйжалары боюнча радиожыштыктарды бөлүүдө – тооруктар аяктаган күндөн тартып 1 күндөн;
  2. калган учурларда радиожыштыктарды бөлүүдө же ыйгарууда – арыз берилген күндөн (анын ичинде электромагниттик наркты камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн мөөнөтүнөн) тартып 90 күндөн;
  3. номерлөөнү бөлүүдө – арызды алган күндөн тартып 15 күндөн.

3. Телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсү арызда көрсөтүлгөн мүнөздөмөлөрү бар радиожыштыктын электромагниттик наркын камсыз кылуу мүмкүн болбогон учурда, ошондой эле эгерде берилген арыздагы маалыматтар анык эмес болуп саналса, радиожыштыктарды бөлүүдөн же ыйгаруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Эгерде чечим тооруктардын натыйжалары боюнча кабыл алынса, анда радиожыштыктарды бөлүү жөнүндө чечим жеңүүчү деп таанылган тооруктун катышуучусунун пайдасына гана кабыл алынат. 

4. Тармактык жөндөөчү тиешелүү реестрдеги жазмага өзгөртүүлөрдү төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтарды алган күндөн кийинки жумуш күндөн кечиктирбестен киргизет:

  1. юридикалык жакта өзгөртүп түзүү;
  2. юридикалык жактын аталышын өзгөртүү;
  3. жеке жактын фамилиясын, аты-жөнүн өзгөртүү;
  4. эсепке алуунун тиешелүү объектин кайра бөлүштүрүү, биргелешип пайдалануу, ажыратуу;
  5. көрсөтүлүп жаткан телекоммуникациялык тейлемелердин мүнөздөмөлөрүн жакшыртуучу жаңы технологияларга өтүүгө байланыштуу радиокызматты өзгөртүү;
  6. радиожыштыктарды пайдаланууга укукту узартуу;
  7. жазууда көрсөтүлгөн пайдалануу шарттарын жакшыртуу;
  8. Радиожыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасына же Номерлөөнүн улуттук планына өзгөртүүлөрдү киргизүү;
  9. эсепке алуунун тиешелүү объектин пайдалануу укугун толугу менен же жарым-жартылай токтотуу;
  10. жазманы түзгөндөн кийин каталар табылгандыгы, анын ичинде жазмаларды түзүүгө же өзгөртүүгө негиз болгон коммуникациялардын тармактык жөндөөчүсүнүн чечими боюнча жазмиадагы дайындар шайкеш болбогон учурда.

5. Эгерде радиожыштык реестриндеги жазмага өзгөртүүлөрдү киргизүү Радиожыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасын өзгөртүү менен, радиожыштыктардын номиналдарын же тилкелерин өзгөртүү менен же болбосо аларды пайдалануунун белгиленген шарттарын өзгөртүү менен байланышкан болсо, телекоммуникациялардын тармактык жөндөочүсү жазмага өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин радиожыштыктардын электромагниттик наркын камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт. Мында электромагниттик наркты камсыз кылуу үчүн акы алынбайт. Бөлүүнүн же ыйгаруунун колдонулушунун мөөнөтү аяктаганга чейин телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсүнүн чечими боюнча башка жыштыктарга өтүүгө байланыштуу жазманын принципиалы тарткан чыгымдар мамлекет тарабынан компенсацияланат. 

6. Жаңы технологияларга өтүүгө байланыштуу радиокызматты өзгөртүүгө жалпы таанылган эл аралык практиканы эске алуу менен жана электромагниттик нарк камсыз кылынганда гана жол берилет. 

7. Радиожыштык спектрин пайдаланууга укукту узартуу тиешелүү жазманын принципиалынын арызынын негизинде жүргүзүлөт. Радиожыштык спектрин пайдаланууга укук төмөнкүлөргө узартылат:

  1. тооруктардын натыйжалары боюнча алынган радиожыштык спектрин пайдаланууга укук узартылганда – укук алгачкы жолу берилгендей мөөнөткө;
  2. калган бардык учурларда – тиешелүү жазманын принципиалынын арызында көрсөтүлгөн мөөнөткө.

8. Радиожыштык спектрин пайдаланууга укукту узартуу үчүн төмөнкүдөй өлчөмдө акы алынат:

1) эгерде радиожыштык спектрин пайдаланууга укук адегенде тооруктардын натыйжалары боюнча берилген болсо – лоттун жыйынтык баасынын 5 пайызы өлчөмүндө;

2) калган учурларда – узартуунун суратылган мөөнөтүнө жараша эсептелген өлчөмдө:

3 жылга чейинки мөөнөткө узартылганда лоттун старттык баасынын 5 пайызы;

3 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө узартылганда лоттун старттык баасынын 10 пайызы;

5 жылдан 7 жылга чейинки мөөнөткө узартылганда лоттун старттык баасынын 25 пайызы;

10 жылга чейинки мөөнөткө узартылганда лоттун старттык баасынын 50 пайызы.

9. Радиожыштык спектрин пайдаланууга укук төмөнкүдөй учурларда токтотулат:

  1. жазманын принципиалы укукту токтотуу жөнүндө арыз менен кайрылганда;
  2. жазманын принципиалынын укугу токтотулганда, анын ичинде юридикалык жак укукту мурастоосу болбостон жоюлганда, жеке жак каза болгондо же жеке жак белгиленген тартипте эмгекке жараксыз деп таанылганда;
  3. укук берилген мөөнөт аяктаганда, аны узартуу жөнүндө жазманын принципиалынын арызы жок болгондо;
  4. реестрде жазманы түзүүгө негиз болгон телекоммуникацияларды тармактык жөндөөчүсүнүн чечимин жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
  5. радиожыштыктарды пайдаланууга укук келип чыккан учурдан тартын эки жылдын ичинде алар пайдаланылбаганда.

10. Номерлөөнү умерацияны пайдаланууга укук төмөнкүдөй учурларда толук токтотулат:

1) жазманын принципиалы укукту токтотуу жөнүндө арыз менен кайрылганда;

2) номерлөөнүн санарип реестринде тиешелүү жазма түзүлгөн күндөн тартып бир жылдын ичинде номерлөөнүн бөлүнгөн диапазону пайдаланылбаганда;

3) номерлөө Кыргыз Республикасынын Улуттук номерлөө  планын бузуу менен пайдаланылганда. 

11. Номерлөөнү пайдаланууга укук номерлөөнүн санарип реестриндеги жазмага тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу номерлөөнүн диапазонунун айрым бөлүгүндө төмөнкүдөй учурларда токтотулат:

1) жазманын принципиалы номерлөөнүн диапазонунун бир бөлүгүнөн баш тартуу жөнүндө арыз менен кайрылганда;

2) номерлөөнүн санарип реестринде тиешелүү жазма түзүлгөн күндөн тартып 2 жылдын ичинде тиешелүү жазмада көрсөтүлгөн диапазондун 20 пайызынан аз көлөмдө номерлөө пайдаланылганда – мындай учурда пайдаланууга укуктан колдонулбаган номерлөөнүн 80 пайызы алып салынат;

3) номерлөө Кыргыз Республикасынын Улуттук номерлөө планын бузуу менен пайдаланылганда.

12. Телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсү санарип реестрдеги жазманын принципиалынын арызы боюнча ага тиешелүү жазмалардын көчүрмөлөрүн кагаздагы документтер же телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсүнүн ыйгарым укуктуу кызмат адамы кол койгон санарип документтер түрүндө түзүүгө жана ага көчүрмөлөрдү берүүгө милдеттүү. Көчүрмөлөрдү түзүү жана берүү мөөнөтү жазманын принципиалынын арызы алынган күндөн тартып беш жумуш күндөн ашпайт. 

13. Санарип реестрлерди киргизүү учурунда өз ара аракеттенүү тартиби Кодекстин талаптарын эске алуу менен телекоммуникациялардын тармактык жөндөочүсү тарабынан өз алдынча аныкталат. 

182-берене. Радиожыштыктарды жана номерлөөнү кайра бөлүштүрүү, биргелешип пайдалануу жана өткөрүп берүү процессиндеги өз ара аракеттенүү 

1. Санарип реестрлердеги жазмалардын принципиалдары төмөнкүдөй максаттарда өз ара аракеттенүүгө укуктуу:

1) өздөрүнө бөлүнгөн радиожыштыктарды же номерлөөлөрдү өз ара кайра бөлүштүрүү;

2) өздөрүнө бөлүнгөн радиожыштыктарды же номерлөөлөрдү биргелешип пайдалануу; 

3) өздөрүн бөлүнгөн (ыйгарылган) радиожыштыктарды же номерлөөлөрдү аларды пайдаланган санарип технологиялык тутумдарды өткөрүп берүү менен бирге өткөрүп берүү. 

2. Эсепке алуунун тиешелүү объекттерин кайра бөлүштүрүү, биргелешип пайдалануу жана өткөрүп берүү жазмалардын принципиалдарынын ортосундагы макулдашуунун негизинде жана телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсүнө милдеттүү кабарлоо менен жүргүзүлөт. Кабарлоого эсепке алуунун объекттерин кайра бөлүштүрүү, биргелешип пайдалануу же өткөрүп берүү максаттарын жана шарттарын сүрөттөгөн макулдашуунун долбоору тиркелет. 

3. Телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсү кабарлоону алган учурдан тартып отуз күндүн ичинде төмөнкүдөй аракеттердин бирин жасайт:

1) онлайн-аукционду өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат (радиожыштыктарды өткөрүп берүүдө);

2) тиешелүү реестрдеги жазмага өзгөртүү киргизет (радиожыштыктарды кайра бөлүштүрүү же биргелешип пайдалануу, номерлөөлөрдү кайра бөлүштүрүү, биргелешип пайдалануу жана өткөрүп берүү учурунда);

3) же болбосо тиешелүү объекттерди кайра бөлүштүрүүгө, биргелешип пайдаланууга же өткөрүп берүүгө тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алат (эгерде объекттерди кайра бөлүштүрүү, биргелешип пайдалануу же өткөрүп берүү максаттары же шарттары Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасына же Улуттук номерлөө планына, ага тете радиожыштыктарды же номерлөөлөрдү бөлүү (ыйгаруу) жөнүндө чечимдерге ылайык келбесе). 

4. Аларды пайдалануу укугу тооруктардын натыйжалары боюнча алынган радиожыштыктарды өткөрүп берүү Кодекске ылайык белгиленген тартипте онлайн-аукцион формасында жүзөгө ашырылат. Тармактык жөндөөчү онлайн-аукционду макулдашуу түзүүгө макулдук менен бир учурда өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат. Радиожыштыктарды ажыратуу жөнүндө макулдашуу онлайн-аукциондун жеңүүчүсү менен түзүлөт. Онлайн-аукциондун жеңүүчүсү радиожыштыктарды пайдалануу укугу ажыратып жаткан жазманын принципиалына лоттун баасын төлөйт, ошондой эле онлайн-аукционду уюштургандыгы үчүн телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсүнө лоттун жыйынтык баасынын 5 пайызы өлчөмүндө акыны которот.

183-берене. Укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү 

1. Изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары соттун чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында болгон санарип технологиялык тутумдарды пайдалануу менен иштетилүүчү санарип дайындарга, анын ичинде телекоммуникациялык сырга кирген маалыматтарга жеткиликтүүлүктү алууга укуктуу. 

2. Маалыматтарга жеткиликтүүлүк ар бир пайдалануучу жагынан ага карата чыгарылган соттук актынын негизинде жана мындай актыда көрсөтүлгөн мөөнөткө өзүнчө берилет. 

3. Санарип технологиялык тутумдардын ээлеринин жана изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органдардын өз ара аракеттенүү тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт. 

4. Санарип технологиялык тутумдардын ээлеринин санарип маалыматтарга жеткиликтүүлүктү берүү менен байланышкан бардык чыгымдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин эсебинен каржыланат. 

184-берене. Виртуалдык операторлордун жана телекоммуникациялардын операторлорунун өз ара аракеттенүүлөрү

1. Виртуалдык операторлордун телекоммуникациялардын операторлору менен өз ара аракеттенүүлөрү төмөнкүлөр каралган макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырылат:

  1. телекоммуникациялардын операторунун телекоммуникациялык тарамдарын пайдаланууга виртуалдык оператордун укугу;
  2. телекоммуникация операторунун виртуалдык операторду пайдалануучулар менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби;
  3. виртуалдык оператордун пайдалануу макулдашуусунун шарттарына карата талаптар;
  4. телекоммуникация операторунун телекоммуникациялык тармагын пайдалануу менен виртуалдык оператордун укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби;
  5. телекоммуникациялык тейлемелердин көлөмүн жана алар үчүн эсептерди эсепке алуу тартиби;
  6. өз ара аракеттенүүнүн жүрүшүндө тараптардын ортосунда жоопкерчиликти бөлүштүрүү;
  7. макулдашууну токтотуунун негиздери жана натыйжалары.

2. Ушул беренеге ылайык макулдашууну түзгөндөн кийин тараптар анын көчүрмөсүн телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсүнө берет. 

185-берене. Телекоммуникациялык тарамдардын өз ара аракеттенүүлөрү 

1. Телекоммуникация оператору телекоммуникациялык тарамдарды пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын башка телекоммуникациялардын операторлору менен өз ара аракеттенүүгө укуктуу. 

2. Телекоммуникациялардын операторунун телекоммуникациялык тарамдарды пайдалануу менен өз ара аракеттенүүсү Кодексте белгиленген тартипте түзүлүүчү өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырылат.

3. Өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууну түзүү жөнүндө суроо-талапты алган телекоммуникациялардын оператору өз ара аракеттенүүнүн шарттарын, атап айтканда, төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен жооп берүүгө милдеттүү:

1) тарамды кошууга тиешелүү техникалык шарттарды;

2) тарамга кошулуу жерлеринин турган жерин;

3) телекоммуникациялык тарамдар боюнча трафикти өткөрүү тартибин;

4) тарамдарды кошуунун жана трафикти өткөрүүнүн наркын жана алар үчүн эсептешүү тартибин;

5) телекоммуникациялык тарамдарды башкаруу тутумдарынын өз ара аракеттенүү тартибин.

4. Эгерде телекоммуникация операторлору алгачкы суроо-талап жөнөтүлгөн күндөн тартып 3 айдын ичинде өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууну түзө албаса, операторлордун ар бири өз ара аракеттенүү жөнүндө талашты чечүү үчүн Кодексте белгиленген тартипте телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсүнө кайрылууга укуктуу. 

5. Телекоммуникациялардын операторлору өз ара аракеттенүү жөнүндө кол коюлган макулдашууну же ага өзгөртүүлөрдү кол коюлган же өзгөртүүлөр киргизилген күндөн тартып бир айлык мөөнөттө телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсүнө берүүгө милдеттүү. 

6. Жекебасарлыкка каршы мыйзамдарга ылайык үстөмдүк кылуучу абалды ээлейт деп таанылган телекоммуникация оператору телекоммуникациялардын ар кандай операторлоруна, анын ичинде өзүнүн аффилирленген жактарына өз ара аракеттенүүнүн бирдей шарттарын белгилөөгө милдеттүү. Жекебасарлыкка каршы мыйзамдарга ылайык үстөмдүк кылуучу абалды ээлейт деп таанылган телекоммуникация оператору үчүн өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууну түзүү милдеттүү болуп саналат. 

7. Өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууга кол койгондон кийин телекоммуникация операторлору бир тараптуу тартипте өз ара аракеттенүүнү толугу менен же жарым-жартылай токтотуп, ошондой эле өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууну буза алат, буга төмөнкүдөй учурлар кирбейт: 

1) өз ара аракеттенүү төмөнкүдөй учурда жарым-жартылай токтотулушу мүмкүн:

- мыйзамдуу күчүнө кирген соттук акт болгон учурда;

- телекоммуникация тармактары боюнча берилүүчү абоненттик номер жөнүндө маалыматтар модификациялоо, тындыруу фактысы жана/же аларды өзгөртүүнүн башка ыкмасы табылган учурда;

-телекоммуникациялардын операторлору менен макулдашылбаган лотереяларды, добуш берүүлөрдү, конкурстарды, викториналарды, сурамжылоолорду, массалык чакырууларды же билдирүүлөрдү таратуу, жарнама маалыматын таратуу фактысы табылган учурда;

2) тарамдар аралык өз ара аракеттенүү төмөнкүдөй учурда толук токтотулушу мүмкүн:

- үч айлык жана андан ашык мезгил үчүн өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу боюнча карыз болгон учурда;

- мыйзамдуу күчүнө кирген соттук акт болгон учурда;

3) өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу төмөнкүдөй учурларда бузулушу мүмкүн:

- телекоммуникация операторунун ишине лицензия токтотулганда же жоюлганда;

-телекоммуникация операторунун иши токтотулганда;

өз ара аракеттенүүнүн алкагында колдонулуучу номерлөө ресурсу толук алып салынганда;

- 60 (алтымыш) календардык күндүн ичинде пайдалануу трафиги үзгүлтүксүз жок болгондо. Мында өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууну бузууну демилгелеген телекоммуникация оператору эсептешүү тутумунун маалыматтарына, 60 (алтымыш) ырааттуу календардык күндүн ичинде пайдалануу трафигинин жок болгондугун ырастаган тарамдар аралык каналдарды жүктөө боюнча маалыматтарга ээ болууга тийиш.

80. Өз ара аракеттенүүнүн бир тараптуу тартипте ашырган телекоммуникация оператору өз ара аракеттенүү токтотулган учурдан тартып кийинки жумуш күндөн кечиктирбестен телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсүнө кабарлоого милдеттүү. 

9. Телекоммуникация оператору өз ара аракеттенүүнүн эки айлык мөөнөтүнөн ашкан өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу боюнча карыздын бардык фактылары жөнүндө телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсүнө кабарлоого милдеттүү.

186-берене. Талаш-тартыштарды кароо 

1. Санарип технологиялык тутумдардын ээлеринин, анын ичинде телекоммуникация операторлорунун өз ара аракеттенүүсүнүн маселелери боюнча талаш-тартыштар келип чыккан учурда өз ара ар кандай тарап сотко чейинки кароо тартибинде телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсүнө кайрылууга милдеттүү. 

2. Талашты тынч чечүүгө жетишүү максатында тараптар милдеттүү тартипте алдын ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана кат алышат. 

3. Телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсү талаш-тартышты сотко чейин кароо жөнүндө кайрылууну ал алынган датадан тартып 2 айдын ичинде карайт.

4. Талаш-тартышты кароо максатында телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсү ар кандай маалыматтарды суратууга укуктуу, аларды берүүдөн баш тартылышы мүмкүн эмес.

5. Талаш-тартыш төмөнкүдөй учурларда телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсү тарабынан каралбайт:

1) эгерде санарип технологиялык тутумдарды пайдалануу менен өз ара аракеттенүү талаш-тартыштын предмети болуп саналбаса;

2) эгерде талаш-тартыш өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууну түзүүгө тиешелүү болсо жана макулдашууну түзүү жөнүндө суроо-талапты телекоммуникациялардын бир оператору башкасына жөнөткөн учурдан тартып 3 ай өткөн болсо;

3) сүйлөшүүлөр процессинде соңку аракеттин датасынан тартып 1 жыл өтсө. 

6. Телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсү талаш-тартышты чечүү максатында өзүнүн чечиминде тараптар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон өз ара аракеттенүүнүн техникалык жана (же) финансылык шарттарын белгилөөгө укуктуу. 

7. Телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсү талаш-тартыштын предметине тиешелүү колдо болгон жана берилген маалыматтарды эске алуу менен талаш-тартыш боюнча чечим чыгарат. Телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсү чечими административдик акт түрүндө чыгарылат жана сот тартибинде даттанылышы мүмкүн. 

8. Эгерде телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсү ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттө чечим чыгарбаса, талаш-тартыш чечилди деп эсептелбейт, ал эми телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсү аракетсиздиги үчүн укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылууга тийиш. 

 

23-глава. Жасалма интеллект тутумдары

187-берене. Жасалма интеллект тутумдарын долбоорлоо, иштеп чыгуу жана колдонуу принциптери 

1. Кыргыз Республикасында жасалма интеллект тутумдары, Кодексте белгиленген учурларды кошпогондо, чектөөсүз долбоорлонот, иштеп чыгылат жана колдонулат. 

2. Жасалма интеллект тутумдарын долбоорлоо, иштеп чыгуу жана колдонуу ыкмалары мындай тутумдардын ээлери тарабынан, жалпы таанылган эл аралык тажырыйбаны эске алуу менен, төмөнкү тармактык принциптердин негизинде аныкталат: 

1) коргоодогу убайларга зыян келтирүү тобокелдиктерин төмөндөтүү; 

2) ачыктык; 

3) түшүндүрмөлүүлүк;

4) көзөмөлдүүлүк; 

5) тактык;

6) ишенимдүүлүк;

7) санарип туруктуулук. 

3. Ушул беренеде аныкталган принциптер, жасалма интеллект тутумдарын долбоорлоо, иштеп чыгуу жана колдонуу боюнча мамилелерди, анын ичинде, жасалма интеллект тутумдарына карата талаптарды аныктоодо, жөнгө салуунун негизин түзөт. Жасалма интеллект тутумдарына карата талаптардын аткарылуусу, ушул беренеде каралган принциптерди сактоону камсыз кылат. 

188-берене. Жасалма интеллект тутумдарын долбоорлоого, иштеп чыгууга жана колдонууга байланыштуу чектөөлөр жана жоопкерчилик 

1. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарына карата, төмөнкү убайларга зыян келтирүү тобокелдигин азайтуу максатында гана, мыйзамдар менен милдеттүү талаптар же башка чектөөлөр белгилениши мүмкүн (коргоодогу убайлар): 

1) адамдардын өмүрү жана саламаттыгы; 

2) адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери;

3) курчап турган айлана-чөйрө;

4) мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгү; 

5) мамлекеттин улуттук коопсуздугу; 

6) коомдук тартип жана адеп-ахлактуулук. 

2. Коргоодогу убайларга максат көздөөчүлүк менен алдын ала билип туруп мыйзамсыз зыян келтирүү үчүн жасалма интеллект тутумдарын долбоорлоого, иштеп чыгууга же колдонууга тыюу салынат. 

3. Жасалма интеллект тутумдарынын ээлери жана пайдалануучулары алардын кооптуулук деңгээлине көз карадысыз, мындай тутумдарды долбоорлоодо, иштеп чыгууда жана колдонууда коргоодогу убайларга зыян келтирүү тобокелдиктерин төмөндөтүү үчүн бардык акылга сыярлык жана зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү жана аны келтиргендик үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. 

189-берене. Жасалма интеллект тутумдарынын кооптуулугун баалоо 

1. Кыргыз Республикасында колдонулуучу жасалма интеллекттин, алардын колдонулуусу коргоодогу убайлар үчүн коркунуч келтирүүчү бардык тутумдарынын кооптуулугу бааланууга тийиш. 

2. Кооптуулукту баалоо жасалма интеллект тутумдарынын ээси тарабынан жүргүзүлүшү керек: 

1) жасалма интеллект тутумдарын долбоорлоодо же ага өзгөртүүлөр пландалганда; 

2) жасалма интеллект тутумдарын иштеп чыгуу аяктаганда же колдонуу же ага пландалган өзгөртүүлөр башталганга чейин; 

3) жасалма интеллект тутумунун ээсине же пайдалануучуга белгилүү болгон жана анын кооптуулугун баалоого таасир эте турган, жасалма интеллект тутумуна же аны колдонуу чөйрөсүндө болуп өткөн кандай болбосун пландалбаган өзгөртүүдө. 

3. Кооптуулукту баалоо, жасалма интеллект тутумунун ээси тарабынан, ал өз алдынча аныктаган усулдук боюнча, жалпы таанылган дүйнөлүк тажырыйбаны эске алуу менен жүргүзүлөт. 

4. Жасалма интеллект тутумунун кооптуулугун баалоонун натыйжалары мыйзамда мамлекеттик жашыруун сырларга киргизилбеген бөлүгүндө жана баалоонун усулдугу жасалма интеллект тутумунун ээсинин сайтына, жөнөкөй жана жеке адамдарга түшүнүктүү формада, ошондой эле ачык дайындар форматында жарыялануусу тийиш. 

190-берене. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдары 

1. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарына, башка ыкмалар менен салыштырмалуу коюлган милдеттерди чечүү үчүн пайдаланылышы кандай болбосун коргоодогу убайларга зыян келтирүү тобокелдигинин (ыктымалдыгы же өлчөмү) деңгээли жогору жасалма интеллект тутумдары кирет, мында жалпы таанылган эл аралык тажырыйбаны эске алуу менен, тобокелдиктерди башкаруу боюнча чараларды кабыл алуу талап кылынат. 

2. Кооптуулугун баалоонун жыйынтыктары боюнча жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумударына киргизилген жасалма интеллект тутуму, мындай тутумдун бүтүндөй иштөө түрмөгү ичинде Кодекске ылайык белгиленген талаптарды сактаган шарттарда долбоорлонушу, иштеп чыгылышы жана колдонулушу мүмкүн. 

3. Тиешелүү чечимди ишке ашырууда же колдонулушу көмөкчү гана мүнөзгө ээ болгон жана коргоодогу убайларга зыян келтирүү тобокелдигин жогорулатпаган жасалма интеллект тутуму кооптуулугу жогору жасалма интеллект тутумдарына киргизилиши мүмкүн эмес. 

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кооптуулугу жогору жасалма интеллект тутумдарына карата төмөнкүлөргө карата талаптарды белгилейт: 

1) тобокелдиктерди башкарууга карата; 

2) кооптуулугу жогору жасалма интеллект тутумдарынын ачыктыкты, түнүндүрмөлүүлүктү, көзөмөлдүүлүктү, тактыкты, ишенимдүүлүктү жана мындай тутумдардын санарип туруктуулугун камсыз кылуучу мүнөздөмөлөрүнө карата; 

3) мындай тутумдар үчүн санарип дайындардын сапатына карата; 

4) мындай тутумдардын техникалык документтерине карата. 

5. Кооптуулугу жогору жасалма интеллект тутумдарынын ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) мындай тутумдун милдеттүү талаптарга шайкештигин камсыз кылууга; 

2) мындай тутумдун бүтүндөй иштөө түрмөгү ичинде Кодекстин талаптарына ылайык тобокелдиктерди башкаруу тутумун киргизүүгө жана кармап турууга; 

3) мындай тутумдун талаптагыдай техникалык документтерин иштеп чыгууга; 

4) анын көзөмөлү алдында турган мезгилде мындай тутумдун иш журналынын сакталуусун камсыз кылууга; 

5) аны колдонуу башталганга чейин мындай тутумдун милдеттүү талаптарга шайкештигин бышыктоого; 

6) мындай тутумдун милдеттүү талаптарга шайкеш эместиктерин четтетүү боюнча чараларды көрүүгө; 

7) Кодекстин талаптарын бузуу менен жүзөгө ашырылып жаткан мындай тутумду колдонууну ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талабы боюнча – токтото турууга, ал эми мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими боюнча – токтотууга. 

191-берене. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын милдеттүү талаптарга шейкештигин бышыктоо 

1. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарын колдонуу башталганга чейин анын ээси, декларация кабыл алуу жолу менен, мындай тутумдун милдеттүү талаптарга шайкештигин бышыктоого милдеттүү. Мындай декларациянын формасы жана анын мазмунуна карата талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. 

2. Декларацияны кабыл алуу санарип документтин формасында баяндалышы, квалифицирленген санарип колтамга коюлушу жана жасалма интеллект тутумунун ээсинин сайтында жарыяланышы керек. Мындай декларация жалпы жеткиликтүүлүктөгү санарип жазмаларга кирет. 

192-берене. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарын пайдалануу 

1. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумдарынын пайдалануучусу төмөнкүлөргө милдеттүү: 

1) аны эксплуатациялоо боюнча колдонмо менен шайкеш пайдаланууга; 

2) мындай тутумду пайдалануу менен иштелген санарип дайындардын релеванттуулугун камсыз кылууга; 

3) бул үчүн зарыл ресурстарды бөлүү жана мындай көзөмөл үчүн жооптуу жеке жактарды аныктоо менен, аны пайдалануу мезгилинде тутумдун ишин натыйжалуу көзөмөлдөөнү камсыз кылуу; 

4) эксплуатациялоо боюнча колдонмону жетекчиликке алуу, коргоодогу убайларга зыян келтирүүгө алып келиши мүмкүн деп болжоого негиздер болгондо, тутумдун ээсин кабарландырууга жана аны пайдаланууну токтото турууга; 

5) анын көзөмөлү алдында турган мезгилинде тутумдун иш журналынын сакталышын камсыз кылууга; 

6) Кодексте каралган милдеттерди аткаруу үчүн, тутумдун ээсинен алынган маалыматтарды пайдаланууга; 

7) Кодекстин талаптарын бузуу менен жүзөгө ашырылып жаткан мындай тутумду колдонууну ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талабы боюнча – токтото турууга, ал эми мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими боюнча – токтотууга. 

2. Жеке адамдардын же башка юридикалык жактардын укуктарынын, эркиндиктеринын же мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушуна алып келүүгө жөндөмдүү чечим кабыл алууда натыйжа алуу үчүн жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумун колдонууда, мындай тутумдун пайдалануучусу төмөнкүлөргө милдеттүү: 

1) өзүнүн сайтына жөнөкөй жана түшүнүктүү формада, мындай тутумдун мүнөздөмөлөрү, анын иш принциптери жөнүндө, ошондой эле тиешелүү натыйжаларды алуунун жана колдонуунун принциптери жөнүндө жалпы маалыматтарды жарыялоого; 

2) мындай чечим менен кызыкчылыктары козголгон жактардын талабы боюнча, аларга мындай тутумду колдонуу менен, аларга тиийштүү натыйжаны алуунун өбөлгөлөрүн жана ыкмасын түшүнүүгө жана текшерүүгө мүмкүнчүлүк түзүүчү маалыматтарды акысыз жөнөкөй жана түшүнүктүү формада берүүгө. 

3. Пайдалануучуга же кандай болбосун башка жакка, жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумунун милдети жүктөлөт, анткени, мындай пайдалануучу же башка жак: 

1) мындай тутумду өзүнүн аты (аталышы), товардык белгиси же башка окшош белгилеме менен жарандык жүгүртүмгө же эксплуатациялоого киргизет; 

2) аны жарандык жүгүртүмгө же эксплуатациялоого киргизгенден кийин мындай тутумдун багытын өзгөртөт, ошого тете мындай тутумга олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизет; 

3) жарандык жүгүртүмгө же эксплуатациялоого жасалма интеллект тутумун киргизет же анын багытын ал жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутуму же мындай тутумдун бөлүгү болуп калгандай ыңгайда өзгөртөт. 

4. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарында каралган учурларда, жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумунун адегендеги ээси, тиешелүү тутумга карата ушул главада каралган милдеттерди аткаруудан бошотулат. 

5. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутумун жеке жана үй-бүлөлүк кызыкчылыктар үчүн колдонгон пайдалануучу, качан мындай колдонуу башка жактардын укуктарын, эркиндиктерин же мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузган учурларды кошпогондо, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-6 пункттарында жана 2-бөлүгүндө каралган милдеттерден бошотулат, көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруу үчүн пайдалануучу жана пайдалануучуга мындай тутумга жеткиликтүүлүк берген жак ортоктош тартышат. 

193-берене. Жасалма интеллект тутумдарынын айрым түрлөрүн колдонууда маалыматтарды ачып көрсөтүү 

1. Жасалма интеллект тутумун долбоорлошкон, иштеп чыгышкан же аларды жеке жактар-керектөөчүлөр менен өз ара аракеттенүү үчүн колдонушкан ээлери жана пайдалануучулары, эгерде бул жагдайдан улам ачык көрүнүп турбаса, акыркылары жасалма интеллект тутуму менен өз ара аракетте болушары жөнүндө кабардар болууларын камсыз кылуулары тийиш. 

2. Сезимерди айра таануу же биометрикалык белгилери боюнча жеке адамдарды классификациялоо үчүн арналган жасалма интеллект тутумунун пайдалануучулары, жеке адамдарды аларга карата ушундай тутумдар колдонулганы жөнүндө кабарландыруулары тийиш. 

3. Ушул берененин биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган милдеттер, жасалма интеллект тутумдарынын мындай иш-милдеттерин долбоорлоого, иштеп чыгууга жана колдонууга жайылтылбайт, аларга карата мындай кабарландыруу, аларды арналыштары боюнча төмөнкү корголгон убайларды коргоо максатында мыйзамдуу пайдаланууга тоскоолдук кылмак: 

1) мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн; 

2) мамлекеттин улуттук коопсуздугун; 

3) кылмыш-жаза укук бузууларын жана кылмыш-жаза куугунтугун табуу, болтурбоо, териштирүү бөлүгүндө коомдук тартипти. 

4. Мындай тутумду дипфейктер үчүн пайдалануучу жасалма интеллект тутумдарынын пайдалануучулары, материалдарынын жасалма келип чыгуусу же өзгөрүүсү тууралуу маалыматты ачып көрсөтүүлөрү тийиш. 

5. Ушул берененин төртүнчү бөлүгүндө каралган милдет, ушул берененин үчүнчү бөлүгүндө каралган корголгон убайларды коргоо максатында мындай сүрөттөлүштөрдү же материалдарды мыйзамдуу пайдалануу же илимий, техникалык, көркөм жана чыгармачылыктын башка түрлөрүнүн эркиндик укугун ишке ашыруу максатында, сабак берүү жана окутуу учурларына жайылтылбайт. 

6. Ушул берененин үчүнчү жана бешинчи бөлүктөрүндө каралган өзгөчөлүктөрдү колдонууга, адамдын жана жарандын козголгон укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн зарыл чаралар кабыл алынган шартта гана жол берилет. 

7. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин алкактарында жасалма интеллект тутумун колдонуу жөнүндө маалыматтар жалпы жеткиликтүү маалымат болуп саналат. Бул маалыматтар жөнөкөй жана түшүнүктүү формада, тиешелүү тутумдардын пайдалануучуларынын сайтында жана улуттук экотутумдун тармактык жөндөөчүсүнүн сайтында жарыяланышы керек. 

194-берене. Өзүн өзү жөнгө салуу 

1. Жасалма интеллект тутумдарынын ээлери кесиптик ассоциацияларга биригүүгө укуктуу. 

2. Кесиптик ассоциациялар анын катышуучулары үчүн милдеттүү документтерди бекитүүгө укуктуу, анын ичинде: 

1) кесиптик этика кодексин; 

2) жасалма интеллект тутумдарынын кооптуулугун баалоо усулдугун; 

3) тобокелдиктерди башкаруу усулдугун; 

4) белгиленген талаптарды аткарууну камсыз кылуучу, жасалма интеллект тутумдарын долбоорлоо жана иштеп чыгуу усулдугун; 

5) санарип дайындарды башкаруу усулдугун; 

6) сапат менеджменти тутумуна карата талаптарды. 

3. Кесиптик ассоциация анын катышуучуларынын ассоциациянын документтеринин алар үчүн милдеттүү жоболорун бузууларына мезгилдүү текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууга милдеттүү. 

4. Жасалма интеллект тутумунун ээсинин кесиптик ассоциацияга мүчөлүгү жөнүндө, ал тарабынан кабыл алынган шайкештик декларациялары жөнүндө жана ассоциациянын документтеринин ал үчүн милдеттүү жоболорун жол берилген бузуулар жөнүндө, ошондой эле мындай бузууларды четтетүүлөр тууралуу маалыматтар, жалпы жеткиликтүү маалыматтар болуп саналат. Ушул маалыматтар тиешелүү ассоциация тарабынан өзүнүн сайтында жарыялануусу тийиш.

 

6-бөлүм. Корутунду жана өткөөл жоболор

195-берене. Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзамдарынын күчүн жоготуусу 

1. Ушул Кодекс күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготот: 

«Электрондук башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

«Электрондук кол тамга жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

«Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

«Жекече мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

«Электр жана почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. 

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынган, ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык күчүн жоготуучу ченемдик укуктук актылар, аларга өзгөртүүлөр киргизилгенче же жокко чыгарылганча, Кодекске карама-каршы келбеген бөлүктөрүндө колдонулушун уланта берет. 

196-берене. Терминдерди пайдалануу 

Мыйзамдарда аныкталган, Кодекстин кабыл алынуусу менен күчүн жоготкон терминдер, эгерде Кодексте мындай башка терминдин аныктамасы камтылбаса, алар күчүн жоготкон учурда мыйзамда белгиленген маанилеринде пайдаланылат. Кодекстин кабыл алынганына байланыштуу күчүн жоготкон мыйзамдарга ылайык аныкталган, башка мыйзамдарда камтылган терминдер, тиешелүү мыйзамда аныкталган маанилеринде пайдаланылат. 

197-берене. Мурда берилген документтердин колдонулушу 

1. Радиожыштык ресурсуна лицензиялар Кодекске ылайык, радиожыштыктарды бөлүп берүү жөнүндө чечимдер болуп эсептелет жана аларда көрсөтүлгөн бардык мөөнөт ичинде колдонулат. Радиожыштык ресурсуна лицензияларды узартуу, кайра жол-жоболоштуруу, жокко чыгаруу Кодексте белгиленген узартуу, өзгөртүүлөрдү киргизүү, радиожыштык спектрин пайдаланууга укукту токтотуу эрежелери боюнча жүзөгө ашырылат. Радиожыштык ресурсуна лицензиялар кайталап тооруктарга коюлушу мүмкүн эмес. 

2. Жыштыкты ыгарып берүүлөргө уруксаттар Кодекске ылайык, радиожыштыктарды ыйгарып берүү жөнүндө чечимдер болуп эсептелет жана аларда көрсөтүлгөн бардык мөөнөт ичинде колдонулат. Жыштыкты ыгарып берүүлөрдү узартуу, кайра жол-жоболоштуруу, жокко чыгаруу Кодексте белгиленген узартуу, өзгөртүүлөрдү киргизүү, радиожыштыктарды ыйгарып берүү жөнүндө чечимди токтотуу үчүн белгиленген эрежелери боюнча жүзөгө ашырылат. Жыштыкты ыйгарып берүүнүн ээсинин каалоосу боюнча жана Кодексте белгиленген негиздер болгондо, телекоммуникациялардын тармактык жөндөөчүсү ыйгарып берүү жөнүндө жалпыланган чечим чыгарууга милдеттүү. 

3. Электр байланышы жаатындагы жана дайындарды берүү жаатындагы иштерге лицензиялар Кодекске ылайык, телекоммуникациялар операторлорунун ишмердигине лицензиялар болуп эсептелет жана мөонөтсүз колдонулат. Электр байланышы жаатындагы жана дайындарды берүү жаатындагы иштерге лицензиялар алардын ээсинин каалоосу боюнча, акысы төлөнбөстөн телекоммуникциялар операторунун лицензиясына кайра жол-жоболоштурулушу мүмкүн. 

4. Электрондук колтамга сертификаттары Кодекске ылайык, санарип колтамга сетификаттары болуп эсептелет жана аларда көрсөтүлгөн бардык мөөнөт ичинде колдонулат. 

198-берене. Санарип технологияларды пайдалануусуз маалыматтарды иштеп чыгуу жана берүү боюнча мамилелерди жөнгө салуу 

1. Санарип технологияларды пайдалануусуз билдирүүлөрдү берүү, тиешелүү ишмердикти лицензиялоо учурларын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбайт, жана жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте түзүлгөн келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат. 

2. Өкмөттүк байланышты пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет. 

3. Санарип технологияларды пайдалануусуз билдирүүлөрдү берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү жактар, кат алышуу, почта, телеграфтык жана башка билдирүүлөрдүн сырларын сактоого милдеттүү. 

4. Санарип технологияларды пайдалануусуз жекече мүнөздөгү маалыматтарды иштеп чыгуу иштеп чыгуунун принциптерин жана незиздерин, субъекттердин укуктарын жана маалымат ээлеринин милдеттерин сактоо менен жүргүзүлүшү керек. 

199-берене. Улуттук экотутумду түзүү 

1. Мамлекеттик маалыматтык тутумдардын жана мамлекеттик маалыматтык ресурстардын ээлери (операторлору) алар жөнүндө маалыматтарды Кодексте белгиленген тартипте, Кодекс күчүнө кирген күндөн тартып беш жылдын ичинде улуттук экотутумдун реестрине киргизүүнү камсыз кылууга милдеттүү. 

2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүдө пайдаланылуучу санарип тейлемелерди пайдалануу эрежелери Кодекс күчүнө кирген күндөн тартып бир жылдын ичинде Кодекске ылайык келтирилиши керек. 

 

7-бөлүм. Кодексте пайдаланылган терминдер (атоолор) жана түшүнүктөр

1. Автоматтык чечим - санарип дайындардын негизинде, санарип дайындарды иштеп чыгуунун натыйжалары кишинин катышуусу жок эле укуктук мамилелер пайда болуусу, өзгөрүүсү же токтоосу үчүн түзүлгөндөй жана пайдаланылгандай болуп кабыл алынган чечим 

2. Санарип документтин автору - санарип колтамгасы же идентификатору санарип документке тийиштүү болгон жак

3. Ырастоочу борборду аккредиттөө - тармактык жөндөөчтүн улуттук экотутумдун Кодекс жана анын негизинде кабыл алынган ченемдик укуктук акты менен белгиленген ырастоочу борбордун талаптарына шайкештигин таануусу 

4. Берүүчү тейлемелер - берүүчү мультиплекстерге теле-, радиоканалдарды пакеттөөнү кошуп алганда, теле-, радиоканалдарды таратуу үчүн гана арналган телекоммуникациялык тейлемелер 

5. Виртуалдык оператор - аны Кыргыз Республикасынын санарип номерлөө ресурсунда же санарип радиожыштык ресурсунда көрсөтүүнүн максаттары үчүн пайдалануучу, бирок Кыргыз Республикасында телекоммуникациялык тарамдардын ээси болуп саналбаган, телекоммуникациялык тейлеменин берүүчүсү 

6. Жекече жазмалардын ээси - өз алдынча же башка жактар менен биргеликте жекече дайындарды иштеп чыгуу максаттарын жана ыктарын аныктоочу, санарип чөйрөдөгү укуктук мамилелердин субъектти 

7. Санарип колтамганы текшерүү ачкычынын сертификат ээси - ырастоочу борбор тарабынан, Кодексте белгиленген тартипте санарип колтамганы текшерүү ачкычынын сертификаты (тастыктамасы) берилген жак 

8. Санарип ресурстун ээси - өз алдынча же башка жактар менен биргеликте ушундай маалыматтык ресурсту түзгөн же мыйзамдын же келишимдин негизинде санарип ресурска жеткиликтүүлүккө уруксат берүү же чектөө укугун алган, санарип чөйрөдөгү укуктук мамилелердин субъекти 

9. Санарип технологиялык тутумдун ээси - өз алдынча же башка жактар менен биргеликте ушундай тутумду түзгөн же болбосо ченемдик укуктук актыга же келишимге ылайык аны эксплуатациялоо укугун алган, санарип чөйрөдөгү укуктук мамилелердин субъекти 

10. Санарип экотутумдун ээси - өз алдынча же башка жактар менен биргеликте санарип экотутумдун эрежелерин аныктоочу, санарип чөйрөдөгү укуктук мамилелердин субъекти 

11. Санарип жазмалардын ээси - өз алдынча же башка жактар менен биргеликте ушундай санарип жазмаларды түзгөн же мыйзамдын же келишимдин негизинде санарип жазмаларга жеткиликтүүлүккө уруксат берүү же чектөө укугун алган, санарип чөйрөдөгү укуктук мамилелердин субъекти 

12. Жогорку жыштыктагы түзүлмө - радионурландыруу аркылуу объекттерге күч менен таасир этүү үчүн арналган түзүлмө 

13. Мамтейлеме - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жана мамлекеттик жана муниципалдык иш-милдеттерди ишке ашыруу үчүн пайдаланылуучу санарип тейлеме 

14. Мамлекеттик (муниципалдык) санарип ресурс- мамлекеттик (муниципалдык) иш-милдеттерди ишке ашыруу же мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү максатындап түзүлгөн санарип ресурс 

15. Дипфейк- бар болгон жүздөр, объекттер, кубулуштар же окуялар менен олуттуу окшоштуктарды көрсөтүүчү жана жеке адамда мындай сүрөттөрдүн же материалдардын аныктыгы жөнүндө жалган элестүү таасир калтырууга жөндөмдүү сүрөттөрдү же укма- же болбосо көрмө материалдарды түзүү же өзгөртүү 

16. Ишенилген санарип тейлеме - санарип чөйрөдөгү мамилелердин пайда болуусун, өзгөрүүсүн же токтотулуусун ырастоого багытталган санарип тейлеме 

17. Идентификатор - кандай болбосун маалымат, анын ичинде, санарип жазмаларды байланыштырууга мүмкүнчүк берүүчү, өз ара жана санарип чөйрөдөгү укук мамилелериниин субъектти менен байланыштыруучу ушундай маалыматты камтыган код, шифр, номер же дарек 

18. Иденттүүлүк - укук мамилелеринде субъекттин өзүнө өзү окшоштугу 

19. Маалымат кара. «Контент»

20. Жекече мүнөздөгү маалымат - идентифицирлөөнүсү мүмкүн болгон же болбосо ошол маалыматтын негизинде, же болбосо жазма ээси жеткиликтүүлүккө ээ же аны алышы мүмкүн болгон ошол маалымат менен башка маалыматтын жыйындысында жеке жак жөнүндө маалымат (анын аныктыгына көз карандысыз) 

21. Инфратүзүм - жерлер (жер участоктору), имараттар, курулуштар, курулмалар жана башка окшош объекттер 

22.Санарип чөйрөдөгү инцидент - санарип жазмалардын толук эместигине, анык эместигине, маанисиздигине же санарип тейлемелердин же санарип технологиялык тутумдардын жеткиликтүү эместигине же иштөөсүнүн бузулуусуна алын келүүчү санарип чөйрөдөгү окуя же иш-аракет, инциденттер 

23. Санарип колтамга ачкычынын квалификациялык сертификаты (квалифицирленген сертификат)- аккредиттелген ырастоочу борбор же аккредиттелген ырастоочу борбордун ишенимди жагы же болбосо түпкү ырастоочу борбордун иш-милдеттерин жүзөгө ашыруучу тармактык жөндөөч тарабынан берилген санарип колтамганы текшерүүнүн ачкычынын сертификаты 

24. Ачкыч - идентификатор тийиштүү болгон жакта бар жана ушундай жакты ал пайдалануучу идентификатор менен так байланыштыруучу кандай болбосун маалымат (код, шифр) 

25. Санарип колтамганы текшерүү ачкычы - санарип колтамга ачкычы менен байланышкан жана санарип колтамганын аныктыгын текшерүү үчүн арналган энбелгилердин кайталангыс ырааттуулугу 

26. Санарип колтамга ачкычы - санарип колтамганы түзүү үчүн арналган энбелгилердин кайталангыс ырааттуулугу 

27. Радиожыштыктарды конверсиялоо - радиожыштыктарды, же алардын бөлүктөрүн  бөлүштүрүүнүн Улуттук таблицасында аныкталган жыштык тилкелерин которуу процесси: 

- өкмөттүк пайдалануу категориясынан жарандык же биргелешкен өкмөттүк жана жарандык пайдаланууга; 

- бергелешкен өкмөттүк жана жарандык пайдалануу категориясынан жарандык пайдалануу категориясына. 

28 Байланыш маалыматы - ал тийиштүү болгон жак менен санарип чөйрөдө байланышуу үчүн арналган идентификатор 

29. Дайындарды конструктивдүү коргоо - алардын пайдалануучуларынын кызыкчылыгына багыттамаланган жана тутумда иштелп чыгуучу санарип жазмалардын жашоо түрмөгүн эсепке алуучу жана анын жардамы менен санарип тейлемелерди берүүчү дайындарды курулмалык технологиялык тутумдардын негизинде коргоо 

30. Контент- кишинин кабыл алуусу үчүн түздөн-түз жеткиликтүү санарип дайындардын (санарип жазмалардын) мазмуну 

31. Координациялоочу орган- Кыргыз Республикасынын санарип трансформациялануу процессинде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, юридикалык жактарды тармактар аралык жана ведомстволор аралык координациялоо ишин жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 

32. Локализация- санарип жазмаларды иштеп чыгаруунун жайгашуучу ордун аныктоо 

33. Метадайындар - ушундай санарип дайындарды идентифицирлөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү санарип дайындар жөнүндө дайындар 

34. Улуттук экотутум - улуттук санарип экотутум 

35. Иштеп чыгуу - жыйноону, жазууну, уюштурууну, түзүмдөштүрүүнү, топтоону, сактоону, ылайыктоону же өзгөртүүнү, жүктөөнү, карап чыгууну, пайдаланууну, берүү, таратуу, алмашуу же жеткиликтүүлүк берүүнүн башка түрү менен ачып көрсөтүүнү, салыштырууну же аралаштырууну, кыскартууну, алып салууну же жок кылууну кошуп алганда, санарип дайындар (санарип жазмалар) менен жасалуучу кандай болбосун иш-аракет (аткарым) же иш-аракеттердин (аткарымдардын) жыйындысы 

36. Иштеп чыгуучу - субъекттер келишимдин же укуктук актынын негизинде санарип жазмаларды иштеп чыгууну жүзөгө ашыруу, санарип технологиялык тутумдарды эксплуатациялоо же санарип тейлемелерди берүү, ошого тете санарип чөйрөдө укуктук мамилелер объекттерине жеткиликтүү жүзөгө ашыруу тапшырылган санарип чөйрөдөгү укуктук мамилелерди субъектти 

37. Жалпы жеткиликтүү санарип жазмалар - мыйзамга, келишимге же ээлик кылуучунун чечимине ылайык жеткиликтүүлүк чектелбеген, санарип, анын ичинде ачык дайындарды камтыган жазмалар 

38. Жалпы жеткиликтүү санарип технологиялык тутум - мыйзамга, келишимге же ээлик кылуучунун чечимине ылайык жеткиликтүүлүк чектелбеген санарип технологиялык тутум 

39. Ачык дайындар - аны кайталап пайдалануу максатында киши тарабынан алдын ала өзгөртүүсүз автоматташтырылган иштеп чыгууга жол берүүчү, машинада окулуучу форматта жеткиликтүү, Интернетте издөө тутумдарында эркин индексирленген санарип дайындар 

40. Тармактык жөндөөчү - Кодексте каралган учурларда, текшерүүлөрдү жүргүзүүнү, уруксаттарды берүүнү жана тийиштүү чөйрөдө субъекттер үчүн милдеттүү укуктук мамилелерди кабыл алууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 

41. Жекече дайындар - жекече мүнөздөгү маалыматтарды камтыган санарип дайындар 

42. Жекече жазмалар - жекече мүнөздөгү маалыматтарды камтыган санарип жазмалар 

43. Жекече ресурстар- жекече жазмалардан турган санарип ресурстар

44. Пайдалануучу - санарип жазмаларга, санарип русурстарга, санарип тейлемелерге же технологиялык тутумдарга карата жеткиликтүүлүк суроо-талаптануучу же же жүзөгө ашыруучу санарип чөйрөдөгү укуктук мамилелердин субъекти 

45. Санарип тейлемени берүүчү - өз алдынча же башка жактар менен биргеликте, пайдалануучуларга санарип тейлеме берүүчү санарип чөйрөдөгү укуктук мамилелердин субъекти 

46. Керектөөчү - киреше алуу менен байланышпаган, жеке максаттарда санарип технологиядан же санарип тейлемеден пайдалануучу жеке жак 

47. Дайындар (жазмалар) принципалы - санарип дайындар тийиштүү болгон (башкача айтканда, дайындар ал жөнүндө маалыматтарды камтыган) санарип чөйрөдөгү укуктук мамилелердин субъекти 

48. Мейкиндиктик дайындар - алардын формасы, турган жери жана касиеттери тууралуу маалыматтарды камтыган, мейкиндиктик объекттер жөнүндө дайындар 

49. Мейкиндиктик метадайындар - аларды идентификациялоо жана издеп табуу үчүн зарыл болгон мейкиндиктик дайындардын мазмунун жана башка мүнөздөмөлөрүн сыпаттап жазууга мүмкүнчүлүк берүүчү дайындар 

50. Мейкиндиктик объекттер - турган жери аныкталышы мүмкүн болгон жаратылыш объекттери, жасалма жана башка объекттер (анын ичинде имараттар, курулмалар) 

51. Коомдук милдеттенме - тармактык жөндөөчүнүн же аткаруу бийлигинин башка ыйгарым укуктуу органынын жеке чечими менен жүктөлгөн белгилүү иш-аракетти жасоо же белгилүү ишти жүзөгө ашыруу милдети 

52. Радиокызмат - белгилүү максаттар үчүн радиожыштык спектрин пайдалануучу радиоэлектрондук каражаттардын тиби 

53. Радио электрондук каражаттар - радио толкундардын жардамы аркылуу   дайындарды, телеметрияларды, радиолокоцияларды, индукциялык типтеги коммуникацияларды берүү\кабыл алуу, ар түрдүү көрсөткүчтөрдү өлчөө үчүн арналган түзүлмө 

54. Бөлүштүрүлгөн санарип ресурс - санарип жазмаларды түзүү жана иштеп чыгуу жалпы эрежелер боюнча жүзөгө ашырылган, башкача айтканда дайындарды иштеп чыгуунун санарип технологиялык тутумдарын пайдалануу үчүн жалып протоколдоруна ылайык, мейкиндикте бөлүштүрүлгөн жана ушундай ресурстун ар түрдүү ээлерине таандык эки же андан көп техникалык каражаттары пайдалануу менен, жүзөгө ашырылуучу санарип ресурс

55. Тобокелдик (санарип чөйрөдө) - санарип чөйрөдөгү ыктымалдуулукту жана инциденттердин кесепеттеринин кошундусу 

56. Сайт - домендик атты же Интернеттеги даректерди  пайдалануу менен идентифицирленүүчү санарип ресурс 

57. Санарип бакуттуулугун тейлеме - анын физиологиялык өзгөчөлүктөрү жөнүндө санарип дайындарды иштеп чыгуунун негизинде жеке адамдын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган тейлеме 

58. Санарип колтамганы текшерүү ачкычынын сертификаты - санарип колтамганы текшерүү ачкычынын ээсине ырастоочу борбор тарабынан берилген жана санарип колтамганы текшерүү ачкычынын таандыктуулугун бышыктоочу санарип документ же кагаз алып жүрүүчүдөгү докукмент 

59. Жасалма интеллект тутуму - санарип дайындардын жана киши тарабынан коюлган максаттар топтомунун негизинде, өз алдынчалыктын белгилүү деңгээлинде божомолдорду, субъекттердин абалына же тышкы чөйрө объекттерине таасирн этүүчү сунуштамаларды жасоого же чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү санарип технологиялык тутум 

60. Жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутуму  - пайдалануу курчап турган чөйрөгө, өмүрдү жана саламаттыкты кошуп алганда, материалдык же материалдык эмес убайларга зыян келтирүү ыктымалдыгын арттырган жасалма интеллект тутуму 

61. Смарт-контракт - санарип жазмаларынын, анын ичинде ЭЭМ үчүн программалардын жыйындысы, анда ушундай түрдө санарип чөйрөдөгү субъекттердин ортосундагы бүтүмдөрдүн шарттарынын бардыгы же бир бөлүгү баяндалат, ал тараптар караган санарип дайындар келип чыкканда, тараптардын катышууларына көз карандысыз аткарылат 

62. Жекече мүнөздөгү маалыматтар менен материалдык алып жүрүүчүлөрдүн менчик ээси - жекече дайындар формасында эмес берилген, жекече мүнөздөгү маалыматтар менен материалдык алып жүрүүчүлөр менчигинде турган жак 

63. Ырастоочу борбордун каражаттары - санарип колтамганы текшерүү ачкычынын сертификаттарын түзүү, сактоо жана берүү иш-милдеттерин ишке ашыруу, ошондой эле санарип колтамганы текшерүү ачкычынын сертификаттарынын ресстрин жүргүзүү  үчүн пайдаланылуучу программалык жана (же) аппараттык каражаттар 

64. Санарип колтамга каражаттары - төмөнкү иш-милдеттердин эч болбогондо бирин ишке ашыруу үчүн пайдаланылуучу шифрлөөчү (криптографикалык) каражаттар: санарип колтамга түзүү, санарип колтамга текшерүү, санарип колтамга ачкычтарын жана санарип колтамга текшерүү ачкычтарын түзүү 

65. Жекече дайындардын субъекти  - жекече дайындардын принципалы болуп саналган жеке жак 

66. Санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекти - Кодексте жөнгө салынуучу мамилелердин катышуучусу, ага жарандар, юридикалык жактар, Кыргыз Республикасы, башка мамлекеттер, ошондой эле мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары кирет. 

Кодексте белгиленген эрежелер, эгерде Кодексте же мыйзамда башкача каралбаса, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын, чет өлкөлүк юридикалык жактардын, чет өлкөлүк мамлекеттердин катышуусундагы мамилелерге карата да колдонулат. Санарип чөйрөдөгү мамилелердин субъекти өзүнүн ишине жараша, санарип жазмалардын ээси, санарип ресурстун ээси, санарип тейлемени берүүчү, санарип технологиялык тутумдун ээси, санарип экотутумдун ээси, пайдалануучу, дайындардын принципалы, иштеп чыгуучусу катары чыга алат 

67. Телекоммуникациялар - телекоммуникациялык тейлеме аркылуу, анын ичинде санарип дайындарга карата жеткиликтүүлүк жолу менен, жүктөлгөн же башка пайдалануучулар тарабынан түзүлгөн  санарип дайындарын алмашуу башка пайдалануучулар менен алмашуу, ошондой эле телекоммуникациялык тейлеме аркылуу башка пайдалануучуларга үн менен кошулуу 

68. Телекоммуникациялык тарам -  телекоммуникациялык тейлеме берүү үчүн арналган, санарип технологиялык тутум 

69. Телекоммуникациялык курулма телекоммуникациялык тарамдарды жана алардын элементтерин (анын ичинде, бирок чектелбестен, базалык станциялар, антенналык-мачталык курулмалар, антенналык-фидердик түзүлмөлөр, линиялык-кабелдик курулмалар) жайгаштыруу үчүн түзүлгөн же ылайыкталган телекоммуникациялардын операторунун инфратүзүмү жана мүнөзгө ээ эмес капиталдык курулуш объектти 

70.Телекоммуникациялык тейлеме башка пайдалануучулар менен санарип дайындарды алмашуу максатындагы пайдалануучуларга жеткиликтүү санарип технологиялык тутумдарды, анын ичинде башка пайдалануучулар тарабынан жзүктөлгөн же түзүлгөн санарип дайындарга жеткиликтүүлүк жолу менен пайдалануу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле телекоммуникациялык тарам боюнча үндүк кошулуулар мүмкүнчүлүгү 

71. Жекече дайындарды трансчекаралык берүү жекече дайындарды башка мамлекеттердин юрисдикциясы алдында турган жазмалардын ээлерине берүү 

72. Ырастоочу борбор санарип колтамганы текшерүү ачкычынын сертификаттарын түзүү жана берүү боюнча иштерди жүзөгө ашыруучу юридикалык жак же жеке ишкер 

73. Санарип бакубатчылык түзүлмөсү санарип бакубатчылыгы тейлемелеринин алкактарында пайдаланылуучу санарип технологиялык тутумдар жана алардын элементтери 

74. Жекече дайындардын агылып чыгуусу жекече дайындарды укук ченемсиз иштеп чыгуунун бир түрү, анын натыйжасында женкече дайындар аларга карата жеткиликтүүлүккө мыйзамдуу негизге ээ эмес жактарга жеткиликтүү болуп калат 

75. Санарип аутенттештирүү ачкычты пайдалануу менен, идентификатор тийиштүү болгон жак менен идентификатордун ортосундагы байланышты бышыктоо 

76. Санарип жазма санарип дайындардын жана алар менен байланыштуу метадайындардын жыйындысы 

77. Санарип идентификациялоо дайындардын приципалы менен ушундай санарип жазманын ортосундагы байланышты белгилөө максатында санарип жазма менен издеп табуу 

78. Санарип колтамга башка маалымат менен санарип формада кошулган жана (же) аны менен логикалык байланыштагы санарип формадагы маалымат жана ал санарип документтин өзгөрүлбөстүгүн камсыз кылуу үчүн жана санарип документтин авторун аныктоо үчүн пайдаланылат 

79. Санарип чөйрө санарип дайындарды, анын ичинде Интернетти пайдалануу менен иштеп чыгуу боюнча коомдук мамилелер 

80. Санарип технологиялык тутум санарип дайындарды иштеп чыгуу үчүн арналган санарип түзүлмөлөрдүн тутуму, ЭЭМ үчүн программалар жана дайындар базалары 

81. Санарип туруктуулук санарип чөйрөнүн абалы, мында санарип чөйрөдөгү мамилелердин объекттерине  карата ишеним жана санарип жазмаларынын толуксуздугуна, аныксыздыгына же санарип тейлемелеринин же санарип технологиялык тутумдардын ишинин бузулуусуна алып келүүчү санарип чөйрөдөгү инциденттердин терс кесепеттерин азайтуу камсыз кылынат 

82. Санарип экотутум санарип чөйрөдөгү мамилелердин субъекттеринин бирдиктүү эрежелер боюнча өз ара аракеттенүүлөрүн камсыз кылуу үчүн пайдаланылуучу, жалпы жеткиликтүүлүктөгү санарип технологиялык тутумдардын, санарип ресурстардын, санарип тейлемелердин жыйындысы 

83. Санарип жарандык ушундай санарип чөйрөнү калыптандыруучу санарип чөйрөнүн алкактарындагы субъекттердин туруктуу укуктук байланышы среду

84. Санарип тиркеме (уюлдук тиркеме) санарип дайындарга карата жеткиликтүүлүк үчүн пайдаланылуучу, электрондук эсептөө машиналары жана башка санарип түзүлмөлөр үчүн программа болуп саналган санарип ресурс 

85. Санарип коомдоштук анын юридикалык статусунун болгонуна көз карандысыз, санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекттери тарабынан, санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин объекттерин өнүктүрүү жана (же) пайдалануу боюнча анын катышуучуларынын милдеттерин жалпы эрежелердин негизинде ишке ашыруу үчүн, алардын демилгеси боюнча жана өз ыктыярдуулук башталышта түзүлгөн, санарип чөйрөдөгү мамилелердин субъекттеринин бирикмеси 

86. Санарип түзүлмө санарип дайындарды иштеп чыгуу үчүн арналган техникалык түзүлмө 

87. Санарип зарыл белгиси санарип дайындарды (көпчүлүк учурларда – экилтик коддун жардамы аркылуу көрүнгөн дайындарды) пайдалануу болуп саналган кандай болбосун кубулушту мүнөздөөчү термин 

88. Санарип архив анын жардамы менен иштелип чыгуучу санарип жазмалардын жана аларга карата чектелүү жеткиликтүүлүктүн бүтүндүгүн жана өзгөрүлбөстүгүн камсыз кылуучу санарип технологиялык тутум 

89. Санарип документ идентификациялоо тутумунун эрежелерине ылайык пайдаланылуучу санарип колтам ганын же идентификатордун жардамы менен өзгөрүлбөстүгү камсыз кылынуучу санарип жазма 

90. Документтин санарип жупнускасы анын дайын-даректерин кошуп алганда, өз колу менен колтамга коюлган, кагаз же башка материалдык алып жүрүчүдө документтин адегендеги түп нускасы камтылган маалыматты толук көлөмдө кайталаган санарип жазма 

91. Санарип ресурс - санарип жазмалардын ирээттелген жыйындысы, анын ичинде санарип дайындарды сактоо жана пайдалануу жана (же) аларга карата жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга арналган дайындар базасы 

92. Санарип тейлеме - дайындарды түзүү, берүү, сактоо жана аларга жеткилитктүүлүктү камсыз кылуу үчүн санарип технологиялык тутумдарды пайдалануу мүмкүнчүлүгү 

93. Санарип дайындар - аларды сактоонун жана берүүнүн формасына жана ыкмасына карабастан, санарип түзүлмөлөрдү пайдалануу менен иштеп чыгуу үчүн жарактуу дайындар 

94. Санарип укук - өзүнө санарип чөйрөдөгү укук мамилелерине жеткиликтүүлүктү жана ага жеткиликтүүлүккө карата укукту белгилөөнү камтыган, санарип чөйрөдөгү укук мамилелеринин объектине укук 

95. Шлюз - дайындарды берүү боюнча жана үн кошулмаларын көрсөтүү боюнча телекоммуникациялык тейлемелердин ортосунда дайындарды берүүнү камсыз кылуучу санарип түзүлмө

96. Электрондук-санарип колтамга кара. «Санарип колтамга»